Мелис Маматжанов, жаш акын

mamatjanuulu
– Мелис мырза, канча жашыңыздан бери калем кармап, ыр жазуу менен алексиз?

– Сегиз жашымдан тарта ыр жазуу менен алышып келем. Эмне себептен ыр жазып калдым деген суроонун жообун бүгүнкү күнгө чейин таппай келем. Азыркы күндө поэзия, ырсыз өзүмдү элестетүү кыйын. Себеби, поэзия менин жан- дүйнөмдүн бир бөлүгүн түзөт десем да жаңылышпайм.

– Жаш акын катары эмнелерге түйшөлүп жүрөсүз?

– Жер жарылса акын жүрөгү аркылуу өтөт эмеспи. Учурда дүйнө жүзүндөгү согуштар түйшөлтсө, кыргыз элинин туш-тушка тарап, ар кайсы өлкөнүн мигранттарына айланышы ойлондурбай койбойт. Жакында ушул темаларга сүңгүп кирүү оюмда бар.

– Өзүңүздү толук кандуу «акынмын» деп айта аласызбы, атаандаш катары кимдерди эсептейсиз?

– Мен өзүмдү акын деп айтуудан алысмын, балким, жөн гана акындыкка талапкермин. Жашоо өзү атаандаш эмеспи, баары эмгектенишет. Ким кандай жазаарын убакыттын өтүшү менен тарых далилдейт эмеспи.

АПАКЕМДИН АЛМАСЫ

«Амансыңбы, айланайын кичинем?
Алаксытып койбодумбу ишиңен.
“Эмне берип жиберейин?» дегенде,
“Мээримиңиз керек” деймин ичимен.

Күйпөлөктөп кыйшык байлап жоолугун,
Күндө эстеп жатса керек жооругум.
Дүйнөдөгү таттуулардын ичинен,
Наныңыздын даамын таппай оорудум.

Салганыңыз келди жарып булутту,
Сезимиме чачылгандай тунук суу.
Өмүрүмдү узартчудай сезилди,
Өрүк кагы, таза балы, куруту.

Сагынычтан көтөрүлүп кан басым,
Суудай ууртап жуткум келди жармасын.
Апакемдин тийген үчүн колдору,
Айылымдын жуубай жедим алмасын.

 

ТҮЙҮЛДҮКТӨГҮ АРМАН

Үлпүлдөгөн сөөгүм уудан катат, ээ,
Үндөйүн дейм тилим чыкпай жатат, ээ.
Таза аба келип турат дем алгым,
Түтүн эмес, тамак берчи, Апаке!

«Ирибеген» бышкан сүткө тойсомбу,
Ичиңизде катаңызды жойсомбу.
Түйүлдүктө чирип бара жаткан соң,
Тышкарыга чыкпай эле койсомбу.

Жабыштырып калдыктарды териме,
Жетпей барат мээримиңиз демиме.
Өгөй бала болсо мейли түшүнөм,
Өз уулуңду уулаганын эмине?..

Жатам алсыз жарыктыктан түңүлбөй,
Жалбырактай шамалына күбүлбөй.
Тартпа, тартпа, өчүп барам, оо апа,
Тамекинин жерге түшкөн күлүндөй.

 

КОШУНА КЫЗ

Жаныбызда турса да толтура кыз,
Жалгыз сага баарыбыз кол сунабыз.
Бүктөлбөстөн эсимде турасың, ээ,
Балалыгым сүйлөткөн кошуна кыз.

Жылдар менен кошулуп көчөбүзбү?..
Жылаңайлак чаңытып көчөбүздү.
“Жетишет” деп апабыз урушса да,
Жолдор гана бөлбөөчү экөөбүздү.

Минип алып чырпыктан аргымакты,
Сунар элем гүл кылып жалбыракты.
Көктөн учкан чагылган коркуталбай,
Караңгы түн араңдан ажыратчу.

Кайталанып жүрөктүн өнөкөтү,
Тең узарды жаштыктын сөлөкөтү.
Күндөй болуп жылуулук берер эле,
Түшүп турган үйүңдүн көлөкөсү.

Эх, чоңоюп эрдиңден эрдиң кетпей,
Эсти бузуп унутууга эрким жетпей.
Бирибизден бирибиз узап кеттик,
Биз экөөбүз сындырган селкинчектей.

Бакыт күндөр кайрадан орносо экен,
Балдарыбыз биз сымал ойносо экен.
Үйлөрүбүз кошуна турса дагы,
Жүрөгүбүз кошуна болбосо экен.

 

КОНОК КЫЗ

Конок болуп сен айылга келгенде,
Көлөкөмдү сыйдыра албайм кең жерге.
Катыгүн ай, чай салганды унутам,
Коломтодо сууну алып демдерде.

Тууганыңдын келген сайын үйүнө,
Теректер да тосуп алат жүгүнө.
Тиктеп туруп кирпигиңди какканда,
Тазарат, оо, айыл эмес дүнүйө.

Сүйүүм таза актыгындай чынынын,
Соолуктурат дене бойду кылыгын.
Чакасына сузуп алар бекен деп,
Сууга таштайм жүрөгүмдүн сыныгын.

Чечилбеген теңдемедей баш катып,
Жүрөгүмдү шоопур кылдын башкартып.
Корком, корком, кокусунан эмкиде,
Келбесе деп ак жоолугун пас тартып.

Күндөр өтүп күйгөн шамдай өчөрбүз,
Көкүрөктө ойлор толду көтөргүс.
Колуңду ээй, сунчу мага конок кыз,
Конок болуп биз да өмүрдөн өтөрбүз…

Колуңду ээй, сунчу мага конок кыз,
Конок болуп биз да өмүрдөн өтөрбүз..
Өзөгүңдү каптап кирип өкүнүч,
Өрттү кийин кыйын болот өчүрүш.

 

АТА ЖУРТ

Колтуктап турса тоону коктуларын,
Көөдөнгө угутумду толтурамын.
Көкүрөк тоскум келет шамалына,
Көйнөктүн түймөлөбөй топчуларын.

Сууларың – каным, чуркап тамырыма,
Суу болуп тургум келет жамгырыңа.
От кетсе Ата Журттун жүрөгүнө,
От кетет менин дагы тагдырыма.

Үшкүрсөң капталыңа сүртүп колум,
Үшүсөң чечип берем жыртык тонум.
Чийилип тамандарым тешилсе да,
Чынында артык мага жыртык жолуң.

Күрмөмдү илип алып ийиниме,
Көз жетпес бийигине тигилем, ээ.
Өлкөмдү алаканга салып алып,
Өбөктөп калсам дагы жүгүрөм, ээ.

Уйкума түндөрүңдү тушап жатып,
Убакыт учкуч сымал учат шашып.
Өлсөм да, оо Ата Журт, бөлүнбөйбүз,
Турпагын менен жатам кучакташып.

Турпагын менен жатам кучакташып…

 

«М+Т»=?..

Чуркап ойноп жүгүрсөм да кой менен,
Чайкап турчум элесиңди ой менен.
«М+Т» барабар деп сүйүүгө,
Дубалдарга жазар элем бор менен.

«Тапшырмамды» аткарсам да көчүрүп,
Таңчу дайым экөөбүздү көпчүлүк.
Араң жазсам ток урчудай калтырап,
Аркасынан салар элең өчүрүп.

Андан бери канча жамгыр куюлду,
А жазуулар өчпөөчүдөй туюлду.
Аруу, таза сезимдерим, эх аттиң,
Апалардын чачтарындай суюлду…

Башка кыздан ачылса да чекем миң,
Бир өзүнө жетпей калып кекендим.
Дарбазаңа жазамын деп ысымын,
Жүрөгүмө жазып алган экенмин.

Караңгыда көрсө дагы көз көптү,
Кургур турмуш мыйзамына көздөттү.
Ошондогу « + » деген белгини,
Тагдыр азыр « — » кылып өзгөрттү…

Ошондогу «КОШУУ» деген белгини,
Тагдыр азыр «АЛУУ» кылып өзгөрттү…

 

УЙКУГА КАЙРЫЛУУ!

Түтөттүм үмүтүмдү чычалага,
Түйшүктөр бош койгула! Тушап алба.
Оюмду бүгүн ырга айлантайын,
Оо, уйку, кирпигимди ушалаба.

Ой терем — бышкан өңдүү өрүк күбүп,
Олтурам калем менен көбүк сүрүп.
Уктабай санаа тарткан кыргызыма,
Уйкуму берейинчи бөлүштүрүп.

Бук болот жетим сымал ырсыз жаным,
Баратат желе басып турмуш таңын.
Удургуп чарчадыңбы пикеттерден,
Уйкумду алчы, менин Кыргызстаным.

Басканча мүрзөлөрдүн тепкичтерин,
Түйүлгөн түйүнчөктү чечишермин.
Тирүүлүк барда эмгек жаратайын,
Түбөлүк уктаганга жетишермин…

Тирүүлүк барда ЫРЛАР жаратайын,
Түбөлүк уктаганга жетишермин.

 

СЕНСИЗ…

Сенсиз карек көрбөй кирпик ирмемин,
Санаа турат көңүлүмдө бир менин.
Туйбай келем жада калса өзүңсүз,
Тунук күндүн жер бетине тийгенин.

Сенсиз сезип кусалыктын бардыгын,
Сагынычтан өзгөргөнсүйт тагдырым.
Түн уйкумда карааныңды акмалап,
Терип жүрөм түштөрүмдүн калдыгын.

Сенсиз оюм бир чекитке топтолбой,
Сүйүүм күчөйт атылуучу октордой.
Адамзаттын катарында болсом да,
Ар бир күнү жашап келем жоктордой.

Сенсиз боштук пайда болуп денемде,
Сүзүп жүрөм аба жетпей тереңде.
Көздөр көрбөй теребелде жандууну,
Кулак укпай айлангансыйт кереңге.

Сөздөрүмдүн чындыгына ишен дейм,
Сезимдеги азаптарды кишендейм.
МЭЭСИЗ деле жашарыма көз жетет,
СЕНСИЗ жашап кетериме ишенбейм.

 

КАРЫЛАР ҮЙҮНДӨГҮ КАЙГЫ…

Мээримин берген эле түйүп сүткө,
Кемирет көкүрөгүн күйүт түптө.
Каралдым мени багат десе керек,
Качандыр жатканыңда түйүлдүктө.

Чыгалбай кусалыктын камагынан,
Чарчаган үндөр чыгат тамагынан.
Эсти жеп, кең көчөгө таштагыча,
Энени өпсө боло таманынан.

Соккон жел сооротконсуп аяп турат,
Буттарын өткөн күндөр байлап турат.
Чебере жетелөөчү колдорунда,
Чириген жалгыз гана таяк турат.

Карылык башкарууда гүл өмүрдү,
Көөдөндө угутубуз түгөнүүбү?..
Таштайбыз буюм өңдү эски болгон,
Төрөгөн үчүн эне күнөөлүүбү?..

Тунарган көз айнегин үмүт басып,
Турмуштун татаалдыгын үйүп жатып.
“Оо, балам”, — дейт экен го ата байкуш,
От менен баратса да күйүп жатып.

Сиңирип көкүрөккө бата демин,
Сезимсиз балдарыңды ката дейин.
Оорубай өмүрүңдү өткөрө көр,
Ордуна балдарыңдын ата дейин,
Ордуна кыздарыңдын апа дейин…

 

БӨЛҮНБӨЙЛҮ

Эзелки кадамдарды өйбөгүлө,
Эки көз. Бирин сокур көрбөгүлө.
Кыргыз бул – согуп турган жалгыз жүрөк,
Суранам тең экиге бөлбөгүлө!!!

Суу деле тамчы болсо акпайт тура,
Күн деле жарты болсо батпайт тура.
Бүркүт да сынган канат менен учпайт,
Бир бутум майып болсо баспайт тура.

Көөдөндү жукартпайлы кашып жатып,
Кербейли кучактарды ажыратып.
Суудайбыз чыныдагы толо болгон,
Албайлы кокусунан чачыратып.

Айткыла, ортобузда бөлүк барбы?..
Аруулайм Нарындагы өбүп карды.
Түн бою Ысык Көлдү ойлоп жатсам,
Түш көрөм Баткендеги өрүкзарды.

Бүктөлүп жүрөбүзбү бырыш сымал?..
Бириксек… Курч болсо да кылыч сынар.
Ала Тоо жалгыз бизде бөлүнбөйлү,
Анткени, кыргызсынар, кыргызсыңар!!!

Эртең кеч эң жакшысы бүгүн ойгон,
Урпакка барабызбыкүкүм бойдон.
Каныбыз сөөгүбүздөн ажырабай,
Кантсе да өлгөн жакшы бүтүн бойдон!!!

Жүрөктөр денебизден ажырабай,
Жашоодон өтөлүчү бүтүн бойдон….

 

ЭГЕМЕНДИК

Жүргөн менен турмушту жемелеп мен,
Тегирмени тагдырдын тегереткен.
Жолборс эле..Ок тийип далысына,
Жатат өлкөм туралбай керебеттен.

Пикет, митинг тынчтыкты булгап өткөн,
Саясаттын деминен кургап өпкөм.
«Чоңдор «гана ойноочу аянчадай,
Чолок шымчан томсоруп турат өлкөм.

От казанда дымыйбыз кайнап чыкпай,
Ойду — тоону сүйлөйбүз майнап чыкпай.
Сүттөй болуп башчылар ирип жатат
Түптүү элди көтөрчү каймак чыкпай.

Канаттарын бутуна катып алып,
Коррупцияны баладай асырадык.
Алакандай эл болуп турсак дагы,
Асмандагы жылдыздай чачырадык.

Жулунгандай туткабыз эшиктеги,
Таманыбыз тикенди кечип келди.
Үйүп санаа энелер жүрөт четте,
Үнүн укпай уулунун бешиктеги.

Чындык чыгар жалганга тигилүүчү,
Мезгил келер муштумдай биригүүчү.
Сазга баткан мекенди өйдө тартчу,
Манас чыгар кыргызга тирилүүчү.

Түпкүрдөгү угутту желеледик,
Түк калтырбай дүйнөнү тегерендик.
Мейкиндикке тараган кыргыздарды,
Мекенине кайтарчы эгемендик.

Ата Журттан алыста жүргөндөрдү,
Ала Тоого кайтарчы эгемендик.

«Де-Факто», 31-август 2014-ж.

Мелис Маматжановдун башка ырларын бул жерден окуй аласыздар.

Соц тармактар:

Добавить комментарий