Улуттук оюндардын өзөгү – «Манаста»

salburunchular

Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндарына туура бир апта убакыт калды. Мамлекеттик бийик деңгээлде уюштурулуп жаткан оюндарды утурлап, 4-сентябрда Чолпон-Ата шаарында «Салбуурун» фестивалы башталмакчы. Биз «Салбуурун» федерациясынын төрагасы, күрөш боюнча спорттун чебери, КРнын эл агартуусунун отличниги Алмазбек Акунов менен ат жалында маек курган элек.

– «Салбуурун» фес­тивалына кимдер катышмакчы?

Тайган, алгыр куш, жаа атуу жана жорго таптоо менен алпурушкандар өз-өзүнчө уюм эле, ушулардын бардыгынын башын бириктирген «Салбуурун» кыймылын баштадык. 2006-жылы Тоң районунда алгачкы республикалык фестивалды өткөрүп, ошондон бери оюндарды жер-жерлерде байма-бай өткөрүп келдик. 2010-жылы расмий түрдө федерация болуп катталдык, 2012-жылы Республикалык улуттук спорттун түрлөрүн өнүктүрүү борбору салбуурунду спорттун улуттук түрү катары аккредитациядан өткөрдү.

«Салбуурун» федерация­сы 2010-жылдан бери «IAF» уюмуна (Бүткүл дүйнөлүк кушчулар жана жырткыч канаттууларды коргоо боюнча ассоциация) мүчөбүз. Фестивалга ошол ассоциация­нын президенти, ЮАРлык Адриана Ломбард, ошондой эле Катар, Дубай, Сауд Арабиясынын кушчулар уюмдарынын президенттери, Казакстан улуттук оюндары ассоциациясынын президенти Кайрат Сатыбалдынын келишин күтүп жатабыз. Келечекте «Салбуурун» фестивалын мамлекеттик деңгээлде өткөрсөк деген ойдобуз. Маданият, туризм жана маа­лымат министрлигине, Курчап турган чөйрөнү коргоо мамагенттигине программабызды берип, кайрылганбыз. Буюрса, алардын өкүлдөрү «Салбуурун» фес­тивалын көрүп, мындан ары колдоо көрсөтөт деп ишенебиз. Азыркы учурда Кыргызстанды чет өлкөлөргө жакшы жактарыбыз менен тааныттырышыбыз керек болуп жатпайбы.

Федерация болуп катталгандан бери «Салбуурун» эл аралык фестивалы быйыл Чолпон-Атада экинчи жолу өткөрүлүп жатат, былтыр Катар, Ирландия, АКШ, Голландия, Казакстан, Грузия, Өзбекстан, Түркия мамлекеттеринин салбуурунчулары катышса, быйыл 20дан ашык өлкөдөн салбуурунчулар келет. Бул жолу фестивалды Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөрүп жатабыз. Фестивалдын Кыргызстанда өткөрүлүшүнүн мааниси мамлекетибиз үчүн өтө чоң. Былтыр эл аралык статуска ээ болгонбуз. Быйыл фестивалдын географиясы кеңейди, Австралиядан башка бардык материктен адамдар келишет. Келечекте «Салбуурунду» Көчмөндөр оюндарынын ичине киргизүү керек деп ойлойм.

– Улуттук оюндарга кы­зыгууңуз качан башталды?

– Унут болуп бара жаткан салбуурун оюндарын кайра жандандырууну Жараткан менин чекеме жазыптыр. «Манас» китебин 2 класстан баштап окуп, жан-дүйнөм Манас­ка сугарылып, мектептен Манас айтып жүрүп, «Салбуурундун» өзөгү ошол кезден түптөлдү. 1974-жылы алгач колум кармаган «Манас» китебин бүгүн да сактап, аздектеп, үйүмдүн төрүнө коюп койгом. Бир кылымдан бери унутулган салбуурун мурда кыргызда атадан балага уланып келе жаткан салттык оюн эле.

– Салбуурунга азыркы учурда улуттук оюндардын кайсылары кирет?

Бүгүнкү күндө бекитилген эрежеси бар салбуурун оюндарынын түрлөрүнөн «Бүркүт салуу» «Куш салуу»» Тайган агытуу» (тайган жарыштыруу, тышкы сыпатын сыноо), «Жаа тартуу» (Теке бутаны жөө туруп атуу, ат менен чаап бара жатып атуу) комплекстүү мелдештери өткөрүлөт. Эреже боюнча, бир салбуурунчу мүмкүнчүлүгү болсо, оюндун бардык түрлөрүнө катыша берет, бирок жеңүүчүлөр ар бир түрү боюнча өз алдынча аныкталат. Негизги идея – «Мээлей алып боо тагып, Ит агытып куш салып, Кермек тагып жаа атып, Салбуурундап жер чалып», – деп «Манаста» айтылгандай, ар бир салбуурунчу илгеркидей аңчылыкка тиешелүү бардык маселелерди билгени туура.

Ал эми Көчмөндөр оюндарынын программасында 11-сентябрда Кырчын жайлоосунда Салбуурун көрсөтмө оюнун уюштурабыз.

Инвестиция тартуунун ыңгайлуу жолу

Орунбек ШАРШЕЕВ, Нарын облусу, Жумгал району, Баш-Кууганды айылы:

– Мурда мен зоотехник болуп иштеп жүргөн жылдары Көлмө жайлоосунда жылда күзүндөсү малчылардын майрамы өткөрүлөр эле. Ага алдын ала даярданчубуз. Мындай маданий иш-чаралар жа-маатты ынтымакташтырып, биримдүүлүккө өбөлгө болчу. Чолпон-Атада өткөрүлүүчү көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндары деле мына ошо сыяктуу, бирок кеңири алкактагы маданий-спорттук иш чара. Менин жекече пикиримде – бул ички жана тышкы инвестиция тартуунун ыңгайлуу жолу. Спорттук жамааттардан тышкары көптөгөн спорт күйөрмандары, туристтер келишет эмеспи. Демек, бул – көл аймагынын экономикасынын өнүгүшүнө көмөк, келерки жылда туризмди өркүндөтүүнүн өбөлгөсү.

Тилибиз, дилибиз, улуттук оюндарыбыз да бир

Тлеухор БОШУМОВА, Кыргызстан элинин ассамблеясынын тутумундагы Кыргызстан казактарынын ассоциациясынын төрагасынын орун басары:

– Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндарынын Кыргызстанда өтө тургандыгына биз дагы кубанып жатабыз. Серепчилердин айтымында, кыргыз командаларына № 1 атаандаш Казакстандын командалары болот окшойт. Анткени, казак эли да көчмөндөр оюндарын салт катары урпактан-урпакка сактап өткөрүп келет. Оюндардын аталышы гана башка болбосо, мазмуну бирдей. Мисалы, көкбөрү – көкпар, эр эңиш (оодарыш) – аударыспак, күрөш – күрес, жаа атуу – жамбы атуу, тыйын эңмей – теңге илүү ж. б. Экинчиден, Чолпон-Атадагы көчмөндөр оюндары кыргыз менен казактын бир тууган экендигин бул жолу дүйнөлүк мейкиндикте тастыктамакчы.

Назарбек БАЙЖИГИТОВ, «Кыргыз Туусу», 02.09.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий