Улуу Кыргыз державасы жана мамлекеттүүлүк

kaganat

Орто кылымдагы кыргыздар курган саясый биримдикти тарыхчы адистер «Кыргыз мамлекети», «Кыргыз каганаты», «Улуу Кыргыз державасы» жана «Улуу Кыргыз дөөлөтү» деп атап жүрүшөт. Илимде «терминдер туурасында талашпайт, алар боюнча келишилет» дегендей, ар бир изилдөөчү өзүнө жаккан аныктаманы колдонуп келет жана ал автордун көз карашына байланышкан көрүнүш. Анткен менен коомчулуктун тарых илимине болгон кызыгуусу арткан шартта, тарыхый реалдуулук бизден кандай мамилени талап кылат (?) деген суроого жооп издешибиз зарыл.

Ал үчүн адегенде, мамлекет туурасында эндогендик жана экзогендик мамилеге байланышкан маселени талдап алсак. Албетте, башында мамлекетти түптөгөн калк өз өлкөсүн кандайча аташкан деген суроо туулат. Орто кылымдагы кыргыздар өз өлкөсүн «Эль» деп айтышкан. «Эль» термини кеңири маанисинде – орто кылымдагы түрк тилдүү калктар курган мамлекеттик түзүлүштү белгилеш үчүн, ал эми тар маанисинен алганда, ал башкаруу административдик системаны көрсөткөн. Азыркы күндө “эль” термини тилдин тарыхый эволюциясына ылайык өзгөргөнү байкалат. Мисалы, Түркияда жергиликтүү бийлик маанисинде колдонулса, кырымдык татарларда ал ойконимдик аталыш катары белгиленет. Азыркы кыргыз тилинде болсо, ал биринчи маанисин жоготуп, «калк», «эл» жана «уруу» деген мааниде айтылып калган.

«Кыргыз мамлекети» деген аталышты колдонгон окумуштуулар, аны азыркы тарых илими тарабынан чыгарылган термин катары кабыл алышы мүмкүн. Бирок «Кыргыз мамлекети» деген аталыш байыркы кытай авторлору тарабынан киргизилген. Сыма Цянь жана Бань Гунун чыгармаларында кыргыздардын саясий түзүлүшүн «го» термини менен белгилешкен.

Кытай авторлору колдонгон “го” термини туурасында синология илиминде арбын иликтөөлөр жасалган. Кытай мамлекетинде аталган термин эволюциялык маани алган жана тарыхый доордун өнүгүү баскычына жараша ар кандай түшүнүк ташыган. Кытай өлкөсү чет элдик калктардын саясый түзүлүшүн мамлекет түрүндө кабыл алып, аларды «го» термини менен белгилеген. Мындай каттоого империянын түндүгүндө жашаган этностор эле эмес, ал түгүл Рим империясы да кирген.

«Кыргыз каганаты» деген аталыш тарых илиминде кадыресе колдонулуп жана дээрлик бардык окумуштуулар тарабынан кабыл алынган. Анын негизги себеби – орто кылымдагы кыргыз өлкөсүн «каган» башкаргандыктан, илимпоздор ал мамлекетти «каганат» термини менен белгилеп келишет. Анткен менен Кыргыз өлкөсүнүн аталышына тактоо киргизгидей каршы тарыхый фактылар арбын. Алсак, кайсыдыр бир мамлекеттин аталышы бийлик башында турган өкүмдардын титулуна байланыштуу айтылып калганы тарыхта арбын кездешчү көрүнүш. Мисалы, «Франк королдугу», «Русь княздыгы» же «падышалыгы» деген аталыштар бийликтин түрүнө, ошондой эле мамлекетти башкарган өкүмдардын титулуна жараша белгиленип калган. Айрыкча, мындай талап орто кылымдагы мамлекеттер үчүн мүнөздүү көрүнүш болгон.

Борбордук Азиядагы түрк, уйгур калктары курган мамлекеттер да бийликтин формасына шайкеш “каганат” деп аталган. Ал эми Кыргыз өлкөсүнүн бийлик түзүмүн талдай келгенде, буга чейин айтылып келген «каганат» термини туура колдонулуп жүрөбү, болбосо өлкө аталышына тактоо киргизилиши керекпи? – деген суроо жаралбай койбойт. Мындай күмөн саноо, биринчи кезекте, Кыргыз мамлекетинин башкаруу түзүлүшүнө жана өкүмдардын бийлик титулуна байланышкан маалымат түрмөгүнөн улам пайда болот. Кыргыз өлкөсүнүн башкаруучу бийлик аппараты, аны менен бирге өкүмдардын титулу башка түрк тилдүү калктар курган мамлекет түзүлүшүнөн кескин айырмаланган. «Тан шу» жазма булагына караганда, Кыргыз каганатынын мамлекеттик түзүлүшү Кытай империясынын Тан бийлигинин башкаруу аппаратындай уюшулган. Айрыкча көңүл бурчу жагдай, түрк тилдүү мамлекеттердин эч биринде мындай башкаруу бийлик түзүлүшү болгон эмес.

Кыргыз мамлекетинин саясый курамынын айрыкча бир айырмасы, ал мамлекет башчысынын ар кайсыл тилде, ар башкача аталышы. Кыргыздардын руникалык жазма эстеликтеринде мамлекет башкаруучусу «хан», «кан» деп аталат. Кыясы, кыргыздардын сая­сый терминологиясында «хан» термини эң жогорку бийлик башкаруучусун атаган төл сөзү болсо керек. Алар «хан» деген термин менен, мисалы, кытай императорун – Tabgač qan – Табгач кан; тибет ценпосун – Tübüt qan – Түпүт кан деп аташкан.

Ал эми түрк башкаруучуларынын урматына орнотулган Орхон тексттеринде болсо: Qyrqyz) küč (lig) qaγan – кыргыздын күчтүү каганы – деп белгиленет. Кытай даректеринде: «Мамлекет жетекчиси Ажо аталгандыктан, Ажо деп чакырылат» деп айтылат. Айрым кытай булактарында кыргыз башкаруучусу кээде – ван, кэхань – деп да жазылганы маалым. Араб-перс авторлорунун эмгектеринде кыргыз өкүмдары – хирхиз хаканы, деп белгиленет.

Азыркы илимий изилдөө жыйынтыгы көрсөткөндөй, түрк тилдүү этностордун мамлекет башкаруу системасында колдонулган «каган» аталышы жуань-жуандардын лексикасынан колдонууга алынган. Кийин ал түрк жана монгол тилдүү калктардын жогорку мамлекеттик башкаруу титулуна айланган. Каган титулу туурасында мусулман окумуштууларынын талдоо жүргүзүшү илим үчүн айрыкча маанилүү. Мисалы, аль-Бируни «хакан» титулу түрк, хазар жана тогузгуздардын «малик титулу(хан) менен бирдей деп чечмелейт». Ал-Хорезми болсо «хан» аталышы «хакан» термининен пайда болгондугуна көңүл бурган.

Демек, ар бир элдин тилдик өзгөчөлүгүнө жараша кабыл алуу­сунан улам, Кыргыз каганатынын жогорку бийлик ээсинин мансап аталышы ар башкача айтылгандыгы жазма булак маалыматтары аркылуу тастыкталат. Ал эми кыргыздардын жогорку бийлик эгесинин хан деп аталышы түрк тилдүү калк­тар колдонгон “каган” титулуна тең келген терминологиялык белгилөө экендигин эстен чыгарбоо зарыл.

Буга чейин сөз кылган аталыштардан айырмаланып «Улуу Кыргыз державасы» илим адамдары чыгарган жана айрым талаш учугун улай баштаган термин. Тарых илимине «Кыргыз Улуу державасы» деген түшүнүктү академик В. В. Бартольд киргизген. В. В. Бартольд эмне себептен Кыргыз мамлекети «Улуу держава» атала тургандыгын аныктаган эмес. Анткен менен кыргыз тарыхына арналган биринчи илимий изилдөөдө тарыхый терминге каймана маанисинде түшүнүк берилет. Академиктин пикирине ылайык, уйгурлар жеңилгенден кийин Монголиядагы үстөмдүк кыргыздардын колуна өткөн. Ийгилик натыйжасында, алардын мамлекети Орто Азиянын чыгыш тарабындагы алдыга озгон көчмөн державага айланган.

Академиктин бул түшүнүккө байланыштуу айткан дагы бир пикири айрыкча маанилүү. Ал кыргыздардын кыска убакытка уланган саясый үстөмдүгүн чагылдырган эс тутум Монголияда азыркы убакытка чейин сакталып калгандыгын белгилейт. Ошондой эле, башка калктарга таандык маданий мурастар да али күнчө кыргыздарга таандык деп айтылышы, ошол доордун элеси катары баа берет.

В. В. Бартольддун баамында, кыргыздардын Монголияны басып алышы Орто Азия тарыхы үчүн сейрек кездешчү көрүнүш. Мындагы басып алуу саясаты чыгыштан батышка карай багыт алса, кыргыздардын чапкыны тескери майдандан жүргүзүлгөн.

Бартольд колдонгон «Кыргыз Улуу державасы» дээрлик бардык окумуштуулар тарабынан кабыл алынган. Андан бери бул аталышка аныктама берүү аракети новосибирскилик археолог Ю.С.Худяков жана санкт-петербургдук археолог Д.Г.Савинов тарабынан жасалып, калган окумуштуулар академик Бартольд киргизген терминди кайталоо менен чектелип келишет.

Ю. С. Худяковдун пикирине ылайык, «кыргыз тарыхында бул көрүнүш В. В. Бартольд акыйкат белгилегендей, «кыргыздардын Улуу державалык» мезгили болгон. Кыргыздар үчүн узак убакытка созулган уйгурлар менен таймаштагы кыргыз куралынын укмуштуудай жеңиши менен алардын Борбордук Азия талаасынын кеңири аймагын каратып алган жылдыздуу доору эсептелинет. Ушул мезгилге жараша кыргыздар өздөрү туурасында орто кылымда жашаган ар түркүн калктардан турган замандаштарына элес калтырып, алардын тарыхый эрдиктери кийинки тарыхчыларды дайыма кызыктырып келет.

Белгилүү археолог Д.Г.Савинов «Кыргыз Улуу державасы» туурасындагы аныктама Ю.С.Худяков тарабынан айрыкча даана берилгенин белгилеген. Ал көз карашка кошумча иретинде, окумуштуу жазма булак маалыматтары енисейлик кыргыздардын IX-X кк. аралыгында кеңири мейкиндикке жайылгандыгын тастыктайт деген бүтүм чыгарган.

«Кыргыздардын Улуу державасы» туурасындагы аныктама андан ары өнүккөн эмес. Балким, буга эки жагдай себеп болушу мүмкүн. Биринчиден, аталган аныктама тарых илиминде кынтыксыз кадыр – баркы бар академик В. В. Бартольд тарабынан киргизилиши татыктуу роль ойносо керек. Экинчиден, тарыхый түшүнүк Совет мезгилинде пайда болгондугун эстен чыгарбоо зарыл. Албетте, биринчи жагдай субъективдүү факторго байланышкан маселе. Анткен менен кыргыз тарыхы менен түздөн-түз иштеген жалгыз А. Н. Бернштамды эске албаганда, андан кийин көзгө көрүнөрлүк боштук пайда болгон. Экинчи маселе, ал объективдүү коомдук жана саясый өнүгүү теориясын камтыган марксисттик – лениндик методологияга байланышат. Совет мезгилиндеги формациялык өнүгүү идеологиясына жараша альтернативалык теорияларга орун берилген эмес. В.В.Бартольд киргизген «Кыргыздардын Улуу державасы» аныктамасы марксисттик – лениндик методологияга каршы турган. Муну биз убагында Кыргызстан коммунисттик партиясынын жетекчилиги тарабынан сынга алган мисалдан билсек болот.

Асыресе, азыркы тарых илиминде кыргыздардын Улуу державалык мезгили, алардын 840-жылы Уйгур каганатын талкалап, Борбордук Азиянын талаа мейкиндигинде негизги саясый күчкө айланган кези менен белгилөө көз карашы үстөмдүк кылат. Анткен менен Кыргыз каганатынын күч топтоо убактысы андан кыйла эрте башталгандыгын байкайбыз.

Мурат КОЖОБЕКОВ, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин доценти,
тарых илимдеринин кандидаты,
«Кыргыз туусу», 29.08.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий