Оң тескери таасирлерге жыш заманда жашап атабыз

7-Saryimsakov1

Эл башчыларынан баштап ар бирибиз ойлоно турган маселе көп. Бай тарыхыбыз, байыркылыгыбыз, салттуу, тектүү, сөз кадырын туу туткан элдик нарк дөөлөттөр, кыргыз элдик түбү түптүү баалуулуктар гана өз нугубузда өнүгүүбүзгө өзөк болуп, азыркы атайылап жасалып аткан айла – амал азгырык таасирлерге турмуштук берүүгө мүмкүндүк түзүлөт.

“Мыйзам менен башкарылса эл сестенчээк болот, салт менен башкарылса ыймандуулук калыптанат” (Конфуций). Мыйзам жана мыйзамдуулук канчалык зарыл болсо, салт жана салттуулук да ошончолук зарыл.

Карыялык – адам баласынын жашоосундагы өзгөчө курак. Карыялык каада нарк жаш курак менен кошо келбейт, ар бир адамдын бүт өмүр сапарында калыптана турган нерсе. Демек, мунун өзү – мамлекет, коом, коомчулук, жалпы эл журт тарабынан элибиздин элдигин сактоо максатында ойлонуштурула турган маселе. Азыркы төрөлүп аткан ымыракайлардан, мектепте, окуу жайларында билим алып аткан, иштеп аткан, ищсиз жүргөн, ар кандай таасирлерге берилип аткан уул кыздарыбыз, аманчылык болсо, баары карыйт. Ошондо кыргыздар, кыргызстандыктар эмне деген эл болор экен? Бул маселе ушу баштан эске алынып, идеялык, идеологиялык деңгээлде аракеттер жасалбаса болбойт ко. Ушул зарылчылыкты көздөп, өзүбүзчө далай ирет кеп – кеңеш куруп, “Форум” илимий – өндүрүштүк комплексине канатташ жерге бозүй тигип, жоон топ карыялар: “карыялык кадыр баркты кылыбына келтиришибиз керек” деп иш баштаганбыз, 2009 – жылы июнь айында. Ал эми 2010 – жылы 19 – майда тийешелүү министрлик тарабынан расмий каттоого алынган “Кыргыз Республикасынын Аксакалдар Кеңеши” делип (каттоо номери:111 980 – 3301 – 00). Эмне деген иштер жүргүзүлдү, кандай маселелер көтөрүлдү алар туурасында мурда жазуу жүзүндө айтылган кабарланган. Улантыла турган иштердин тизмеги жана шарттык зарылчылыктар:

Республикабыздагы, жер – жердеги, карапайым калк арасындагы элге жүзү жарык, сөзү өтөмдүү, кадыр – барктуу карылардын дарегин топтоп, алардын ар бири менен ишкердүү байланышта болуп, мүмкүн болгон жерлердин бардыгында уюмдаштырылган иш – чаралар жүргүзүлүп, карыялык нарк дөөлөттөрдү кайрадан кабылына келтирүү көздөөгө алынган түпкү максатка багытталган иштер жүргүзүлмөкчү;

Балалык курактан баштап кыргыздардын, өлкөбүздө эриш – аркак жашап аткан бардык эл өкүлдөрүнүн уул кыздарында “Мен да бир кезде карыймын, ошондо ким болом, эл арасында урмат сыйга ээ боло аламбы” деп, “абийириңди жашыңдан сакта” деген сезим негизинде калыптангыдай, өнүккүдөй таалим – тарбиялык идеологиялык иш – чаралар коом, коомчулук турмушунда терең калыптаныш керек. Бул өзү ар тараптуу өтө чоң маселе. Мектеп, коомчулук колго ала турган маселе.

Өлкөбүздүн социалдык өзөгү кыргыз  эли. Өзөгү күчтүүнүн өсөрү күчтүү. Бул деген – табигий мыйзам ченемдүүлүк. Кыргыз журтчулугундагы карыялык каада нарк элибиздин элдигинин өзөгү болуп келгендиги эске алынып, республикалык деңгээлде, облус, район борборлорунда, айыл кыштактарда ийине жеткире атайын даярдыктар көрүлүп, конференция, ар кандай жолугушуулар түрүндө кеңири иш – чаралар өткөрүлүп, маселеге жалпы элдик маани берилгидей абалга жеткирилиш керек.

Мүмкүн болушунча айыл жерлеринде, район, облус борборлорунда, Бишкек жана Ош шаарларында атайын жай жагы караштырылып, колдон келсе  чакан имарат курулуп, карылар чогулуп баарлашып тургудай шарт тузүлсө, анын өзү түпкүлүктүү иш болор эле. Улгайган кезде ой чубактап ой бөлүшөрү жок жалгызсыраган абал болбогон шартта гана карялык курак коомчулукта, эл журт таламында өз ордун элөөсүнө шарт, негиз түзүлөт.

Манас дүйнөсү баш болгон кыргыз элдик тарыхий нарк дөөлөттөр жана азыркы абал, бүгүнкү күндөрү болуп аткан элибизге жат көрүнүштөр аналитикалык деңгээлде айтылып, себептери чечмеленип, ушул жагынан калк арасында идеологиялык иштер жүргүзүлүп, буга көптү көргөн көптү билген кадырлуу карыялар катыштырылып, элибиздин, коомубуздун таламына, келечегине төп келген коомдук пикир калыптандыруу өтө зарылчылык мааниге ээ.

Азыркы мамлекет башчылык ой максаттар, иштер коомчулук тарабынан колдоого алынып аткандыгынын маанисин түшүнгөндөр, түшүнө албагандар, түшүнө электер, каршылык көрсөткөндөр – мунун баары бүгүнкү абал, баары салыштырылып аткан мезгил, учур. Менчиктештирүү мезгилиндеги, 2003-жылдан баштап өткөрүлгөн референдумдардагы, президенттик, парламенттик шайлоолордогу, бийлик чөйрөсүндөгү эл, дил бузарлык тескериликтер түбөлүк улантылышы мүмкүн эмес. Мурдагы Советтер Союзундагы республикалардын бардыгындагы сыяктуу эле өлкөбүздө өз алдынчалык чыныгы изденүү, тазалануу, келечекке түздөнүү башталгандыгына каршылык көрсөтүп аткан күчтөр өчөт, өчпөй койбойт. Эл керегине жараган эр азаматтар карыган кезде карыялык кадыр барк күтүп, эл алдында жүзү жарык, айтса сөзү өтүмдүү болуп келген. Бул деген улуу сөз, улама сөз кылып эртели кеч эл арасында айтыла турган маселе. Мамлекеттик түзүмдөрдө болобу, бизнес чөйрөсүндө болобу, бийликтик жетекчилик кызматтарда болобу, кай жерде ким гана болуп иштебесин карыган кезде жаманатты болуп, эл оозунда кеп-сөзгө калбайын деген сезим көңүлдө тургудай кеңири иш-чараалар жүргүзүлмөкчү.

Кыргыз Республикасынын Аксакалдар Кеңеши делип расмий каттоодон өткөн төрт жылдык мезгил аралыгында эл, коом, өлкө келечегине тийешеси бар кандайдыр бир жагдайларга байланыштуу жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу ой сунуш пикирлерибиз айтылып келди жана улантыла бермекчи. Эл, коом, өлкө келечеги билим жана тарбия маселесинде. “Бардык элдердин жыргалчылыгы – балдарды тарбиялоодо” деген сөз бар. “Балдарыбыз – келечегибиз. Туура тарбияласак – бактылуу карылыгыбыз. Жаман тарбияласак – шорубуз, көз жашыбыз, башка адамдар, өлкө алдында кечирилгиз күнөөбүз” (А.С.Макаренко). Калайык калкка үрөн болуп себиле турган маселелердин эң башкысы ушул. Үй-бүлө, мектеп, адистик билим окуу жайлары, коомчулук, коомдук чөйрө, батыштын жана башка жактардын азгырык таасирлери, кыргыз элдик нарк-насил – мунун баары ойлонуштурулуп, териштирилип терең айтыла турган, эл журтубуздун көңүлү бурула турган, коомчулуктун коштоосуна алына турган, эл арасында түшүнүктөр калыптандырыла турган заман зарылчылыктары катары колго алынып, коомдук иштер жүргүзүлө турган маселелердин өзүнчө бир топтому. Бул боюнча атайын программалык негизде системдүү иш-чаралар жүргүзүлөт, калкыбыздагы карыялык каада наркка түздөлүп.

Соңку жыйырма жылдан ашык мезгил аралыгында коом, өлкө, эл турмушунда болгон, болуп аткан өйдө-төмөндөрдүн баары – жакшы жаманды айырмалаган,  ачыктаган, көргүлө, билгиле, кимдин ким экендигин тааныгыла, абалыңарды билгиле, кайсы бир байыркы акылмандардын бири: “Ызырынба, ыйлактаба, түшүн” дегенчелик сабак. Наалыма сөз майнапсыз. Сөз күчү – таамай жүйөдө. Коомдогу абалды, президенттик, мамалекеттик деңгээлде көрүлүп аткан иш аракеттерди жакшылап чечмелеп таасирдүү айта ала турган топ түзүлүп, аларга атайылап методикалык кеңештер берилип, теле-радиого чыгарылып жана эл арасына жер-жерлерге жиберилип турса, мунун өзү үзүрлүү жакшы иш болмокчу. Аксакалдар Кеңешине бул чоң аброй алып келмекчи. Кыргыз элдик карыялык нарк катары үлгү, өрнөк болуп бермекчи.

Карыялык куракта жашоо жагдайы башкача. Өзүн толугу менен тигил же бул коомдук ишке багыттоого мүмкүнчүлүк чоң. Улгайган кезде өзү менен өзү болуп калган жаман. Эл, коом турмушундагы ар-кандай маселелерге карылардын катыштыгы болгон шартта, ошонун өзү – көңүлгө кубат. Аксакалдар Кеңеши делип уюмдаштырылып, расмий каттоого алынып жүргүзүлүп аткан иштердеги түпкү максат – кыргыз элдик карыялык кадыр баркты калыбына келтирүү, мамлекеттик башчылык, коомдук колдоого алынуу.

Кенжалы Сарымсаков, «ЖАНАЗЫК»

Соц тармактар:

Добавить комментарий