Барчынбек Бугубаев

(1963-2015)

1963-жылы 15-майда Кочкор районундагы Көк-Жар айылында туулган.

1981–1988-жж. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинде окуган.

Эмгек жолун университетти бүткөндөн кийин лингвистика кафедрасында иштөөдөн баштаган.

1990-жылдан «Путь к знаниям» («Билимге жол») гезитинин редактору,

1991–1995-жж. Мамлекеттик Телерадиокомпаниясынын көркөм адабият бөлүмүнүн редактору,

2000-жылдан Чүй университетинде эмгектенген.

Чыгармачылык жолу 1980-жылы «Жаш ленинчи» журналына жарыяланган «Китеп» аттуу ырынан башталат.

1988-жылдан бери Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Кыргыз Республикасынын жаштар сыйлыгынын лауреаты.

Уикипедия

 

Барчынбек Бугубаев жана анын чыгармачылыгы тууралуу

Таңы атпай калган таалайсыз талант

Кыргызга күндөй жансын деп, жаралды Рыспай… Барчынбек!

 

Ырлар

ТАРАЗА

Туугандардын улуусу да, жылуусу,
Бардык ишке пейлин момун кылуучу.
Жакшы жандар билингендей-билгиче,
Жаман жандар бир топ бийик туруучу.

Жазганымдын өзү болсун сынчысы,
Жалгандыкты сүйгөн эмес кыртышы.
Жай олтуруп, комуз ойноп отурса,
Жалаң күүдөн бүткөн окшоп тулкусу.

Алтын байкем башкалардан башка эле,
Адилеттик, чындык иши жакчу эле.
— Мисан — деген эмне?- десем, атакем,
— Перс тилинде «Тараза»-деп айтчы эле.

Тараза бул -Чындык, Теңдик эмеспи,
Табияттан тартуулаган белекти.
Той, майрамда калыстардын башында,
Ыр күү менен көтөрчү эле желекти.

Турмуш өзүн турса дагы сездирип,
Болушунча эрезеге жеткирип.
Жеңем экөө кетип калды дүйнөдөн.
Үч уулду, эки кызды өстүрүп.

Суу аккандай сонун аккан нурунда,
Күү черткенде башка болчу чынында.
Кээде ойлосом..Кочкордогу үйүндө ,
Комуз чертип олтургансыйт бүгүн да.

Учурунда бааланбаса максатың ,
Урпактарың үмүтүңдү актасын.
Таразадай таланттарды байкабай,
Калгандыктан бизди кудай сактасын.

Күргүштөгөн көк теңирден кут алган,
Күү үйрөнүп албаптырбыз биз анда,
Эртең байке сенин ырың угулсун,
Таразадай миң миллион Мисандан!

 

АСАНБЕКТИН БАЛБАН ТАШ!

Калкымда… Канча сыр бар тереңдерде,
Кочкордо, Жылуу-Булак деген жерде.
Көрсөңүз, көп-көк гүлү бир таш жатат,
Козголбой, кыйын балбан дегендерге.

… Жаштыкта көңүл бурбай көпкө деле,
Омоктуу ой-санаасыз көздөр эле.
Карылар мага ташты көргөзгөндө,
— Атаңдын балбан ташы,- дешкен эле.

Айтышкан-бакыт көргөн эмгегинен,
Бакыбат бата тийген эл-жеринен.
Уланган уулдары улуулукка,
Кур болбой Кудайымдын бергенинен!..

Айтышкан, айыл элин баккандыгын,
Эмгекчил… а күрөштө чапчаңдыгын.
Көтөрүп элдин духун, эл жигерин,
Калбааты болгон дешет башкарманын.

Эл билип… балбан болуп… ташкөтөрүп,
Эл бакса… Кудай берген өзгөчөлүк.
Баарыңа узак өмүр, соолук каалайм,
Бар болсун, баарыбызды бак көтөрүп.
А менчи? Мен ыраазы тагдырыма
Чындыкты жүргөн болсом так көтөрүп!

 

«БАЛБАН-ТАШ»

Балбан Таш Жылуу-Булакта,
Жапжалгыз калган убакта.
Иса байкем Көк-Ташты,
Апкелдирген бу жакка.

Эрдик да бул иш чыныгы,
А балким элдин ырымы..
Жакалай күз да жетиптир ,
Жакага элдер көчүптүр,
Балбан-Таш жалгыз калганын.
А байкем байкап сезиптир..

Чоң трактир жалдаптыр,
Күчтүүлөрдү тандаптыр,
Баарылап ташты салышып,
Тегирменге айдаптыр.

Мага да ошол кез жакчу,
Тегирменде көп жатты..
Теңтуштар күчүн сынашчу,
Тегеректеп Көк-Ташты.

Тарыхы кызык анын да,
Ташка көп көрүп камылга,
Ал жерден байкем көчкөндө ,
Алып келдирген айылга.

Бул эрдик уулдук парызын,
Аткарган анык карызын.
Ыраазы болом байкеме,
Көк-Ташын билип тарыхын.

Балбан-Таш өзү чындык да,
Тарыхы элге сыймык да,
Көпчүлүк дайым кошулат.
Көк теңир айткан буйрукка,
Көк жалдар Иса байкемдей,
Көбөйө берсин кыргызда!

Ааламды кудай башкарат,
Аталар жолу такталат.
Эл үчүн элдин тарыхы,
Эзелтен бери сакталат.
Эртеңки күндөр кечээки,
Тарыхтан бери башталат!

 

ТЕРДИКБАЙ БААТЫР БАЯНЫ

(Болгон окуя)

Керемет го, тоолордун бул турганы,
Болгон ишти боолгойм журтумдагы.
Карт тарыхтын ким кандай айта алмакчы,
Балким ойлуу жылмайган ууртундагы.

…Мейкин талаам үстүңдөн ким өтпөгөн,
Бороон тийген ак шамдай тилек менен.
Эми астыңда эч нерсе болбогондой,
Баатыр жатат кара жал жүрөк менен.

Өкүл кылса өткөнгө журтум мени,
Өткөндөрдөн айтпаска мүмкүнбү эми.
Кандай сырды кимдерге аян кылат,
Карт тарыхтын кайрадан күрсүнгөнү.

…Тоготпойт – деп тектүү хан Карыпбайды,
Көндүрүүгө тартипке арстанды.
Бир жигити, — Карыпбай күтүүдө – деп,
Тердикбайды хандыкка алып барды.

Хан байкабай сабырдан алыстаган,
Баатырсың сен бийиктен дабыштаган.
Салган салык кечикти ошон үчүн,
Бүт айлыңдын үстүнөн салык салам.

Өзү алыс болгон дейт эл бузгандан,
Айт – дегендей сөз күттү Тердикбайдан.
Мал, жер, байлык, айкөлдүк, калыстыгы,
Тердикбайда негизги эрдик калган.

Ачуу бийлеп… сабырды андан ары,
Бирөө жетип көк жалды кармабады.
Токтоно албай карт баатыр учуп жетип,
Карыпбайды жаака тартып алды.

Кылым оошот… жыл оошот айлар кетет,
Чындык калат, эл калат жалган кетет.
Тердикбайга теңелбей сабыр кармап
Карыпбай хан үндөбөй калган дешет.

Даана көргөн жуукту – алыстарды,
Айкөлдүгү чакырган жарык таңды,
Калкым эстейт бүгүн да урмат менен,
Канат кандын тукуму Карыпбайды.

Эрдик барбы чынында мындан өткөн
Андан бери… кыйла көп жылдар өткөн
Бир кездеги курчтугун моюнга алып
Карыпбайды Тердикбай сыйлап өткөн…

Карыялар ар түркүн маек курат
Сабак болсун! – дегендей бир ой сунат
Ханга дагы… элге да …баатырга да…
Сабырдуулук керегин айтып турат…

Быйыл барып көп жерди араладым,
Туулган жерим Кочкордун талааларын.
Тактай берем айтармын бир окуяңды,
Тарых жактан өзүңө таянайын.

Дары-тузуң далайдын табын бурат,
Дайраларың асманды чагылдырат.
Шаар жактан кусалуу сени эстесем
Шамалыңдын шарданы сагындырат…

 

АКСАКАЛ

Ойго алып Калем-найзаны,
Ойдогу сөздү айталы.
Аксакал баатыр баяны,
Алдына элдин тарталы…

Канча адам болду ааламда.
Калемдин болуп залкары,
Эл үчүн өткөн өмүрлөр,
Эсиңе салат арчаны…

Билбейби? Жаштар билеби?
Билгенди айта жүрөлү.
Айтылуу баатыр Аксакал,
Эгиздин болгон түгөйү…

Саяктар болсо жолу узак,
Сатирик дагы болушат.
Төрөлгөн үчүн биринчи,
“Аксакал” атын коюшат.

Тың-чыйрак өсүп башынан,
Өткөн соң улан жашынан.
Аксакал кийин далайды,
Аңтара сайган атынан…

Атам да – анда көргөм дейт,
Айылга биздин келген – дейт.
Айылдын кичүү-улуусу,
Абыдан көңүл бөлгөн – дейт.

Аксакал шашпай конуптур,
А Чымбай эки ирик союптур,
Аксакалды көрсөк деп,
Боз үйгө элдер толуптур,
Далысы эңкөө… көзү көк…
Даңкайган баатыр болуптур.

Байзактын сөзүн укчу экен,
Баарысын бирдей утчу экен.
Чоңдугу төөдөй эрлерге,
Чочубай эле чыкчу экен.
Он-он беш жолу сайышып,
Оюна койбой жыкчу экен.

Жумгалдын экен баласы,
Бүркүттөй күчтүү канаты.
Намысын сактап элинин,
Найзага түшкөн карачы?
Тактасак, өткөн кылымда,
Найзанын болгон… Манасы!

…Жолугуп жолдон бир кары,
Жобурап жатты кыйланы.
Мына бу биздин чоңдордун,
Көп болсо экен ыйманы.

Көп ишин уктум кыйланын,
Көңүлгө алсак чын жагын.
Акчасын бурдап жесе да,
“Жебесе”, ынсап – ыйманын.

Чоң болуп, чоң-чоң тойгондор,
Чогултуп байлык соргондор,
Чор таман “тапкан – нанды жеп”
Чындыкты кошо бурдабай…

Аясаң боло калкыңды…
Деп айтты кары акырын,
Дээринде чынга жакыным.
Деги эле сыйлаш керегин…
Деңиздей элдин асылын.

Эл айтса ага бар себеп,
Эрчиткен ойлор канча көп.
Куш болуп жүргөн жандарга,
Кудайым мээрим салса – деп
Айтышат – ушул күндөрдө
Аксакал келе калса – деп
Калкымда жүргөн жегичтин,
Карынын жара сайса! – деп

Кыял да болсо айтасың,
Калыска үмүт артасың.
Журналист курбум кесиптен,
Жумалап түйшүк тартасың.
“Аксакал…” – журналисттерди…
Адамзат теңдеп чайкасын,
Чыга бер улам күрөшкө,
Чындыктын алып найзасын!..

Найзанын калем болгону,
Нар атан – “кош коом” орноду…
Аксакал баалап калемди,
Арбагы балким колдоду…

Кызык да кыйла мазмуну,
Кыргыздын баскан жолдору.
Кайрылгым келет тарыхка,
Калемди кармап колдогу!

 

АЗАМАТ

Карыбас тарых тоолорунан ары ашып…
Кайта эстелип жүрөктөрдү канатып.
Кытайды да көрүп келдиң кыргызым,
Азаттыкты, эркиндикти талашып.

Үркүн жылы… кетпес жүрөк толтодон,
Курчалгандар далай жанды мойсогон.
Ошол жерден азыр дагы түнүндө,
Жер астынан үн чыгат – дейт онтогон.

Канча адамдар кош айтышкан өмүргө,
Чүй боорунда… Ысык-Көлдүн жээгинде.
Ал кезекти көз алдыма келтирип,
Акыл эсим, онтоп турат кээ бирде.

Эскерүүгө айландырган күлкүңдү,
Эл тарыхтын эстебеске мүмкүнбү?
Кабыргасын кайыштырган канчанын,
Кандай гана жан унутат үркүндү…

Кыргын болуп, апаат болуп кыйла жан,
Кыргыз үчүн кайың тал да ыйлаган.
Бейшенбектей азаматтар бар экен,
Бабалардын сөөктөрүн жыйнаган…

Эстеликти… элдин калып сообуна,
Орнотулган Сары-Өзөндүн Боомуна.
Бир кездеги каргашаны эстетип,
Бир толкутуп алган өңдүү тоону да.

Ырахматын алып келдиң далайдын,
Ал кезекке мен да сендей караймын.
Кыргызымдын кыйын кезин эстесем,
Кыраан жаштар көп болушун самаймын.

Асман жердин ортосунда тирелип,
Манас духу турат экен түбөлүк.
Баатырбектей курбуларың жанында,
А биз ойдо ниет менен сүрдөдүк.

Ишиң менен өлгөндү бир тирилттиң,
Атуулдукту аркалаган жигитиң.
Саякатың Ала-Тоого жарашып,
Саяпкери боло бергин күлүктүн.

(Азамат – казакча, атуул патриот делет. Биз деле атуулду, азамат десек боло берет…)

 

БАКЫБАТ ДОСУМ ШАРШЕНИМ!

Агылып суудай ортодон,
Кайрылбас жылдар өтүптүр.
Капыстан уктум… а мезгил,
Атаңды алып кетиптир.

Карайлай түштүм аны угуп,
Карааны турду жаңырып.
Ыппысык жаздын күнүндө,
Ызгаарга турдум кайыгып…

Өз атам бүгүн өлгөндөй,
Өкүрүп элдер көмгөндөй.
Эсимде… анда… Оо досум,
Жаныма өзүң келгендей.

Башкача болуп буулугуп,
Заманам – жаным куурулуп.
Акыры аман келгенсийм,
Ак бороон кечип буюгуп…

А жылдар өттү карачы?!
Асылдын асыл баласы,
Албетте, сенде деп ойлойм,
Адамкерчиликтин “Манасы!”

Кажыба, айтсам көңүлдү,
Ден-соолук, узак өмүрдү.
Жакшынын жакшы балдары,
Жактырам, тууган-тегиңди…

Баралбай жүрдүм кантейин,
Бакыбат досум Шаршеним.
Өзгөчө бакыт тилеймин,
Өмүрүң болсун алпейим!..

Соц тармактар:

Барчынбек Бугубаев: 2 комментария

  • 09.04.2016 в 22:06
    Permalink

    Barchynbek Bugubaev yrlarynyz maaniluu, korkom, sapattuu eken, siz azamatsyz!!! sizge den-sooluk, iwterinizge iygilik, Sizdin jeke yr jyinak kitebiniz barby? kaisyl jaktan alsam bolot?

    Ответ
    • 03.11.2016 в 12:38
      Permalink

      Кайран гана Барчынбектин ырларын интернеттен издесем, азганак гана ыры бар экен. 🙁 Кимде бар болсо бөлүшсө эң жакшы болот эле.

      Ответ

Добавить комментарий