Енисей жазма эстеликтериндеги мамлекеттүүлүк идеясы

enisei_jazuu

Биз, кыргыз эли, Азия чөлкөмүн мекендеген эңбайыркы түптүү элдердин урпагыбыз, түрк маданиятынын түптөлүшүнүн башатында турганбыз жана тарыхта өз улуттук тамгасын жараткан алгачкы элдердин бирибиз, дүйнө маданиятынын асыл кенчи болгон теңдешсиз улуу «Манас» дастанын жаратканбыз, ошондой эле кезинде байыркы кытай, араб, парсы, грек, тибет элдери менен өз ара достук мамиле түзүп, тең ата жашаганбыз жана тээ илгерки заманда эле өндүрүш маданиятын алгачкылардан болуп өздөштүрүп, коңшу элдерге темир эритип, чоюн уютууну үйрөтүп келгенбиз.

VII кылымда жазылган Енисей жазма эстеликтери аркылуу элибиздин жазма маданияты 1300-1500 жылдык тарыхка ээ. Жалпы саны 570тен ашкан байыркы Орхон-Енисей жазуу эстеликтери 3 түрк мамлекеттеринин Көк Түрк каганатына, Уйгур каганаты жана Кыргыз каганаты доорлоруна таандык.

Бул руникалык эпиграфикасын илимий изилдөө XIX кылымдын аягында башталган. Ал жазма 1893- жылы 25-ноябрда даниялык лингвист Вильгельм Томсен тарабынан чечмеленген. Алгачкы чечме­ленген сөз – Теңир (Кудай) деген сөз болгон. Жаш таланттуу окумуштуу Н.Усеевдин «Енисей жазма эстеликтери» (Бишкек, Турар. 2011) аттуу китепти жакында барактап отуруп, мындан дээрлик 1300 жыл илгери ата-бабаларыбыз мамлекеттүүлүк тууралуу бийик ой жүгүртүүсүнө сыймыктандым.

Енисей жазма эстеликтери өзүбүздүн ата-баба­ларыбыз тарабынан жазылган тексттер катары өтө маанилүү. Бул жазма эстеликтерде «мамлекет» эл деген сөз менен берилип, «ыйык» деген мааниге келген теңири сөзү менен сыпатталган. Демек, ата- бабаларыбыз мамлекет курган, анын наркын терең түшүнгөн, эл, мамлекет үчүн жанын кыюудан кайра тартпаган.

Уюк-Тарлактагы жазууда:

1. Эсил кайран мамлекетимден, колуктумдан, элимден, кайрандарымдан, алтымыш жашымда (айрылдым, каза болдум).

2. Атым Эл Тоган Тутук. Мен ыйык мамлекетиме (кудайдын) элчиси элем, алты уруу элиме бек элем.

 

Уюк-Аржандагы жазууда:

1. Досторумдан, уулдарымдан ажырадым (каза болдум).

2. Мамлекетиме (кызмат кылышка) жетиштим (тарбияландым).

3. Эр эрдигим, үйүм, аттиң ай.

 

Уюк-Турандагы жазуу:

1. Ак өргөөдөгү ханышама, өрөөндөгү уулдарыма, аттиң ай, кайрандарыма, аттиң ай, тойбодум, (алардан) айрылдым, жакын­дарымдан, туугандарымдан, аттиң ай, айрылдым.

2. Алтындалган кемерди (наамды билдирген кемерди) белиме байладым. Ыйык мамлекетиме тойбодум, кайрандарыма, аттиң ай.

3. Мен Үчин Күлүг Тиригмин, ыйык мамлекетимде (элиме) кызматчымын.

4. Алтымыш үч жашымда (бул дүйнөдөн) айрылдым (каза болдум), Эгүк-Катун жеримден айрылдым.

5. Ыйык мамлекетиме, кымбаттуу уулдарыма, кандай (өтө) чебер уулдарыма, алты миң жылкыма, калайык калкыма, атактуу туугандарыма, кайрандарыма, байкебайларым эрлерге, көп эрге, уул эрге, күйөө балдарыма, кыз-келиндериме тойбодум, кайрандарыма, аттиң ай.

(Менин атым) Өз Йиген Алп Туран. Алты уруу элден он алты (жашымда) мамлекетим-канымдан айрылдым (каза болдум).

Асмандагы күнгө, жердеги мамлекетиме тойбодум.

 

Элегештеги жазууларда:

Каным-мамлекетимден, кайрандарымдан, аттиң ай, каным-мамлекетим кайран, аттиң ай, (алардан) айрылдым.

Уруңу Күлиг Ток Бөгү Теркенге атам бек эрдем үчүн бирге барды.

Калайык калкым кайраттан, мамлекет мыйзамдарын таштаба (бузба). Аттиң ай, кайран мамлекет-каным.

Мамлекетимдин урматына аскер болуп жоокерлик кылбаганым (калган) жок. (Мисалы) Чибилигде (болуп өткөн), бир согушта (душмандын) сегиз эрин өлтүрдүм.

Мамлекетимдин утушуна (жеңиши үчүн) азып калайын, айрылайын (каза болоюн). Барс жылында эле. Жалкыйын (айрылайын).

Төрт аяк жылкым, сегиз аяктуу байлыгым (бар эле). (Ошондуктан) Муңум жок эле.

Туугандарымдан, жакындарымдан, ыйык атымдан, аттиң ай, калайык калкымдан айрылдым, аттиң ай, мен!

Мамлекетимден беш жолу (жортуулга) чыгып-келдим, эр эрдемим үчүн.

Бег Таркан Өге Тиригмин. Кайран мамлекетим-каныма тойбодум.

(Мен) Күлиг Чигши, Уруңу Чигши мамлекетиме…

тө(рт) уулум, ханышама тойбодум.

…жыйырма жашта мамлекетиме (кара болдум, эрезеге жетип эр ат алдым).

 

Чаа-Холдо

I. Ом Огдаш элиме кызмат кылдым, акылман өгеме (премьер-министриме) кызмат кылдым, туугандарыма кызмат кылдым, (булар менин) эр эрдемим.

(Мен) эр эрдемим (атуулдугум үчүн) мамлекетиме кызмат кылдым. Ыйык мамлекетимден, жакшы туугандарымдан айрылдым.

II. Ыйык мамлекетиме, баштагы (бийликтеги) бегиме тойбодум, кайрандарыма.

IV. Ыйык мамлекетиме, баштагы (бийликтеги) бегиме тойбодум, кайрандарыма. Төрт жашымда атасыз калдым (атамдан ажырадым).

VII. Кутлуг Чигшимин. Айыгышкан согушта…

Калайык калкымдан, аттиң ай, кайрандарымдан, мамлекетимден, кайрандарымдан (айрылдым).

XI. Эр эрдемим (атуулдугум), жерим (мекеним) үчүн өлдүм,

Ач то… Исиг Ынал мамлекетиме, бегиме тойбодум.

Отуз тогуз жашымда мамлекетим үчүн өлдүм.

 

Означенное

I Мамлекетим, каным, кайрандарымдан айрылдым, алтын кемерден айрылдым.

 

Очуры

…а мамлекетиңиз үчүн иштеп өрөөн жана сарайлар, аттиң ай, кайран…

 

Оя

Мамлекетиме тойбодум, кайран мамлекетим…

Уруум, элимден айрылдым.

 

Алтын-Көл

I. 1. Жердеги барс тегиме (уруума), эрдемдүүлүгүмө (баатырдыгыма) тойбодум.

2. (Аң-улоодо кийик) атканда көзгө атар элеңиз, (күрөшүп) утканда күчтүү элеңиз, Элиг Бөрт Опа Барс, (сенден) айрылдым, аттиң ай!

3. Бабабыз Умай бегибиз биз бир тууган алп эрлердин денесин алты кылбадың (өлтүрбөдүң), күлүк аттардын денесин үч кылбадың (өлтүрбөдүң). Аттиң ай, күзөтчүлөрүмдөн, сакчыларымдан айрылдым, (аркы дүйнөгө) тандалып кеттим мен.

4. Он ай ташыды (көтөрүп жүрдү) апам, алып келди (төрөп берди) мамлекетиме. Эрдем (баатырдык) үчүн мен эрлештим (эрезеге жеттим).

5. Мамлекетимдин өкүтүнө калың жоого кайтпастан (качпастан) кол салып каза болдум, аттиң ай!

6. Инилериңизге, агаларыңызга инген жүгү оор кайгы, жүк түшүрдүңүз (жүктөдүңүз).

7. Эр эрдем (баатырдыгым) үчүн, ини-агаларым кудуреттүү болгон үчүн түбөлүк ташымды тургузушту.

8. (Биз) төрт бир тууган элек, бизди Эрклиг (жер асты кудайы) айырды, аттиң ай.

9. Алтун-Соңа черинин кийиги арт, (токойго батпай) ташы, (аткени, сени) ата турган Опа Барсым айрылып кетти, аттиң ай!

II. Мамлекетимден төрт (жолу жортуулга) чыгып келдим, эрдемим үчүн Инанчу Алп Саңун (мен).

 

Уйбат

I. (Сиз) эрдик үчүн мамлекетиңен Кара Канга барып, элчи (болуп) барып (кайра кайтып) келбедиңиз бегибиз.

II. (Мамлекети)нен үч жолу (жортуулга) чыгып келди.

(Согуш)та кайран эр эки уулу менен бирге өлдү.

III. … Ил Чор мамлекетине к… (кызмат кылды) эрдиги үчүн жоголду (каза болду).

Бир жашымда атакемден айрылдым. Атасыз бу… (чоңойсо да) кудуреттүү (болгон) байкебайым.

(Мен мамлекетимдин) уруңусу элем, ынанчу элем.

Мамлекетиме, каныма тойбодум. Эрлеримден, иниме-байкелеримден солдум (каза болдум).

 

Ташеба

Эр (баатырдык) атым Анар Атач. Күн мамлекетимдин атагы бар. Алтын…

 

Хемчик-Чыргакы

Мамлекет кызматына тарбиялаганым аскер талапкерлери жок. Эшим генералым кайда? Эр саноо не болот (ким аскерлерди тар­биялайт)?

 

Бай-Булун

Бир туугандарым, эрлер (мени) эңгиреп ыйлап жоктошту. Ийги таш, Кем дарыясы, түбөлүк жер Эңиндиме тойбодум.

Өз жерим, ыйык жерим кайрандарга (тойбодум). Кайран элим-каным, күн-ай анна эстигүн жерим эмне көрүнөт?

 

Кызыл-Чыраа

I. Элимден, уулдарымдан, аялымдан

Элимден кырк эки жашы(мда), кайранымдан (айрылдым, каза болдум).

II. Айыгышкан согушта баатырмын, качкан кийиктерде (атууда) мергенчимин. Ыйык мамлекетиме пайдам (душмандын) тогуз эрин өлтүрдүм.

Мамлекетим-каным, кайрандарга тойбодум. Күн-ай жаман абалда, аттиң ай,

Туугандарымдан-бир боорлорумдан, аттиң ай, айрылдым, кайрандарымдан, Йүз Күмүл элимден, аттиң ай, айрылдым.

 

Кежелииг-Хову

Туугандарым-бир боорлорум, кайрандарыма, уулдарым, кыздарыма, ак-карам (асыл таш-бодо малыма), кайран жүз элүү эриме, кайрандарыма (тойбодум).

 

Телээ

Мамлекетим, кайранымдан, ак өргөөдө ханышам кайранымдан (айрылдым, каза болдум).

(Мен) Эгүне Тутук эр эрдиги үчүн мамлекетиме кызмат кылдым.

 

Сужи

1. Уйгур жеринен, Йаглакар кандан келдим.

2. Кыргыз уулумун. Буйла Кутлуг сот.

3. Мун. Кутлуг Бага Таркан Өгенин буйругумун (сотумун).

4. Атагым, бийлигим күн чыгышка, батышка.

5. Тийди (жетти, жайылды). Бай, бардар элем. Мал короом он, жылкым сансыз эле.

6. Иним жети, уулум үч, кызым үч эле. Үйлөндүрдүм уулдарымды.

7. Кызымды (турмушка) калыңсыз бердим. Устатыма жүз эр, турак бердим.

8. Жээндеримди, неберелеримди көрдүм. Эми өлдүм. К…

9. Уулдарым, эрлердин арасында устатыбыз сыяктуу болгула, канга кызмат кылгыла, кайраттангыла.

10. Улуу уулум с…а (согушка) барды (кетти).

11. (Ошондуктан аны) көрбөдүм р…м уул.

 

Абакан

Эрдемдүү мамлекетинде тойбоду, Төлес Алп Тутук байкесине тойбоду мыкты теркен кайран, аттиң ай, кандай кайгы.

 

Тува

Ыйык каным-мамлекетим, кайрандарымдан айрылдым.

Төрт тууганым кайрандардан айрылдым.

Д. 1. (Менин) эр атым Көк Тириг. Кайрандарымдан, туугандарымдан, кайрандардан, уулдарымдан, аялымдан айрылдым.

2. Мамлекетим-канымдан, кайрандарымдан, эр эрдемим, Токуз Огдамдама жерим, кайрандан.

3. Жети ич (тууган) досумдан, кайрандардан, курдаштарымдан, кайрандардан (айрылдым).

4. Досторум, кымбат баалуу эмне? (Мен өлтүргөн) алты эр(ге таандык) балбалдар.

 

Хербис-Баары

Мамлекет аскери үчүн үч туткун эрди кол(го түшүрдүм).

Мамлекетим-каныма, асман сыяктуу (ыйыктар)ыма, аттиң ай, тойбод(ум).

Эркек туугандарым, үч жакыным, кыз (ургаачы) туугандарым, үч жолдошума тойбодум, (бул) кандай муң!

 

Ортаа-Хем

… мечин (маймыл) жылы мамлекетимден (айрылдым).

 

Эл-Бажы

(Мен) мамлекетте кадырлуу адам сыяктуу элем (кадыр-барктуу элем).

Мамлекетиме бирге өлгөн эр (мамлекетим үчүн өлгөн эр),..

(Абалы) начар мамлекеттин кымбаты элем, алп элем.

 

Ийме

Ыйык мамлекетиме, эр эрдемим (эр эрдигимдин) үчүн (аркасында) Уйгур кандан (согушуп) бери келдим.

Ыйык мамлекетте төрөлүптүрмүн. Мамлекетимде көтөрүлдүм (эрезеге жетип, чоңойдум).

 

Демир-Суг

(Мен) Саңун Тутукмун. Кудуреттүү (болгонум) үчүн (мамлекетим жана каным сенин) мыйзамдарыңды аткардым.

 

Хемчик-Бом

Он жети жашымдан (баштап) жортуулдадым (жортуулга чыга баштадым). Мамлекетиме тойбодум, кырк эриме тойбодум, улууларыма, кичүүлөрүмө (улуу-кичүү жакындарыма) тойбодум. Журт…

 

Баян-Көл

Мамлекетимдин урматына төзүмдү (колдоочу тотемимди) таптым. Атам, акылман бегим тапкан кырк кудуреттүү … тууганымды таштабадым (колуман чыгарган жокмун).

Каным-мамлекетим, аттиң ай, кайрандарыма, кандай өкүнүчтүү, тойбодум.

 

Уюк-Оорзак

I. Мамлекетиме тапканым (пайдам), эрдемим (эрдигим), (душмандын) он беш эрин өлтүрдүм.

III. Ыйык мамлекетим, Алтай йабгусу (башкаруучусу), ханышам, уулдарым, кайрандарыма (тойбодум).

Ыйык мамлекетимден (айрылдым).

 

Ээрбек

1. Он жети жашымда мен ыйык мамле­кетиме кара болдум (эр ат алып эрезеге жеттим), (бирок ага) тойбодум, аттиң ай, (муну) эске тут.

2. Ак өргөөдөгү ханышама тойбодум, аттиң ай, кандай муң, өрөөндөгү уулдарыма тойбодум, аттиң ай, кандай муң.

3. Балалык атым Йерлиг Чор. Ыйык мамлекетимден (жортуулдарга бир канча жолу) чыгып-келдим. (Ошентип алган эр атым (баатырдык атым) болгон) Төлес Алп Тутук атыма тойбодум.

4. Көк теңирде кайран күн-ай (бар) экен, күрөң жерде кайран мамлекет-кан (бар) экен, тойбодум, аттиң ай, кайрандарга.

5. Мамлекетиме, калкыма тойбодум, аттиң ай, кайрандарыма, улууларыма-кичүүлөрүмө (улуу-кичүү жакындарыма) тойбодум, аттиң ай, кайрандарыма.

II. Күрөң жердеги мамлекетим-каныма, кайрандарыма, аттиң ай,

туугандарыма, аттиң ай, кайрандарыма, тойбодум, аттиң ай.

Так төбөдө (кыл чокуда, өмүрүмдүн так толгон учурунда согушта жолдошторум менен) бирге түгөндүм (каза болдум).

 

Шанчи

Өз мамлекетин баштап ээрчитти (башчы болду). Мамлекетим элчилигине жүрүп (жолго чыгып), Бешилке жеттим, эр эрдемим (эрдигимдин) үчүн (арка­сында)…

Жериме-суума (мекениме), кайрандарыма, элиме, кайрандарыма (тойбодум).

 

Кая

Каным мамлекетимдин түбөлүк ташы (эстелиги) Кара-Сеңирде.

 

Ак-Йүс

Мамлекетим-канымдын мыйзамдарын бул жерге орноттум.

 

Кара-Йүс

Ач (элинин) аскер баңы (башчысы) анттуу (антын тутуп) өл(дү).

Эшитмейинче (укмайынча) барып Ач (эли) арасында (ким тартип орнотот).

Түбөлүк аска…

Андай (деп эшитип (угуп), Бай атам мамлекетти жаратып (тартипке салып), мамлекеттин көп баатырлары (жоого даяр болду).

 

Жазма эстеликтердеги жогорудагы ойлордон кийин төмөнкүдөй тыянакка келүүгө болот.

Биринчиден, ошол доордогу адамдар үчүн мамлекеттүүлүктү куруу, сактап калуу, коргоо – эң негизги идея болгон. Мамлекеттүүлүк аң-сезими бийик болгонун айгинелейт. Мамлекетке кызмат кылуу ыйык парз болуп эсептелген. Мамлекеттен айрылуу өлүмгө тете болгон.

Экинчиден, мамлекет «эл» деген түшүнүк менен бирдей каралган. Башкача айтканда мамлекет болсо эл болот.

Үчүнчүдөн, бир тууган, үй-бүлө жана урук-тууган мамилеси мамлекеттен бийик турган эмес. Тескерисинче, мамлекеттин келечеги үчүн алар дайым курман болгондугу көп айтылат.

Төртүнчүдөн, жылкы, күлүк аттардан ажырагандыгы айтылат. Бирок жылкы – мал-мүлк катары эмес, согушта эң керектүү жандык (же курал, унаа) катары сүрөттөлөт.

Бешинчиден, мал-мүлк, оокат-дүйнө эмес, улут үчүн эң зор байлык – бул элдин эркиндиги экендиги айтылат. Эл эркин мамлекет учурунда гана бактылуу боло алат деген тыянак ой айтылат.

Демек, бул айтылган ойлор азыр XIII кылымдан кийин да актуалдуу жана кийинки муундарга сабак болот. Бүгүн саясатчылар үчүн да осуят боло турган көп жагдайлары бар.

Каныбек ИМАНАЛИЕВ, Жогорку Кеңештин депутаты,
саясат таануу илимдеринин доктору,
«Кутбилим», 30.04-08.05.2013-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий