Жеӊилүүнү билбеген “Кара жаак Калык”

kalyk

Өткөн чак келечекке керек, бүгүнкү күн кечээкини ачып берет” демекчи, өткөн, учур, келээр мезгилдер адам баласынын тарыхында ажырагыс бир тутум катары каралат. Кыргыз элинин тарыхында өзүнүн, коомдук-маданий мурастарын калтырган кандай гана инсандар өтпөгөн. Акыл-эсти байытып, тереӊдетүүнүн ишенимдүү бир жолу — тарыхтын саргарган барактарында катылган ой-берметтерди аздектеп үйрөнүү. Учурда төкмөлүк, жазгыч, акындык өнөрдү эриш-аркак тизгиндеп келген “Кара жаак” аталган кыргыздын көрүнүктүү акыны Калык Акиевдин жарык дүйнөгө келгендигине 130 жыл болду.

Кылымдарды карыткан элдик оозеки чыгармачылыктын алкагындагы салттык  лирикалык, дидактикалык ырларга айланып кубулган ар түрдүү формалар, төкмө акындык чеберчиликтин, чечендиктин күчү аркылуу кубулжуган. Кыргыз улутунун төкмө-акындык өнөрү изилдөөчүлөр тарабынан феномен катары бааланганы айтылып жүрөт. Төкмө акындын каада-салтты тереӊтүшүнгөндүгү, айлана-чөйрөнү эстетикалык кабылдоосу, психикалык таасирдүүлүгү коштолуп сөздүн наркы, баркы менен ыргакта пайдалануу чеберчилиги кереметтүү көрүнүш. Эч кандай даярдыксыз, тематика тандабастан көргөн-билгендерди акыл ой-туюмунан өткөрүү жана ошол эле мезгилде дастанчылык, күүчүлүк, обончулук шыкты синкреттештирип аткаруу теӊдешсиз кесипкөйлүктү талап кылат.

Кыргыз элине гана эмес, коӊшулаш казак элинин да акындар поэзиясында салмактуу орду бар, табият тартуулаган өнөрү менен урмат-сыйга ээ болгон Калык Акы уулу элибиздеги төкмө акындарыбыздын алдыӊкы сапта тургандарынын бири. Кыргыз  эл баатыры, жазуучу Т.Сыдыкбеков Калыктын ири төкмөлүгүнөөзү күбө болгондугун мындайча баяндаптыр: “Узун-Агачта бир чоӊ той болуп, казактар Жамбылга сындуу ат мингизишти. Казактын отуздай акыны келген экен, алар атты сыпаттап, мактап ырдап киришти. “Сиз да ырдасаӊыз кандай болот?”- десем: — Ырдайм! — деди. Кыргыздын Калык деген акыны чыгат деп айттырып чыгардык. Кайран Какем, казактын акындарынын оозунан сөздүтартып алгандай эле болду. Калык аттын сынын, баатырга — канат, адамга — жөлөк болуп, күч берчүнегизги касиеттерин, эми укмуштай таасын кылып, сүрөтүн тартып салды. Анын ырына баары таӊберип тамшанышты, макташты. Мен ошондо акындарга канат бүтүрө турган шарт керек экенин билдим.”

Бул окуяга байланыштуу Ысмайыл акын да, Калыктын “кара нөшөрдөй” төгүп, Жамбылдын тоюнда казак акындарына карата таамай айткан курчтугун сыймыктануу менен эскериптир.

Жамбыл көрүп жактырган,
Токтогул менен бастырган.
Тоорушам деген ырчынын
Тогузун жалгыз шаштырган.

Эч нерседен жалтанбаган Калык акын, Эшмамбетти, Айдаралыны жеӊгендигин да айта кеткенибиз ылайыктуу. Калык чукугандай сөз тапкан, жеӊилгенди билбеген, таланты ташкындаган чыныгы акындардын бири экендигин Осмонкул акын мындай сүрөттөгөн:

“Калык буура, мен тайлак,
Качып турам жалтайлап.
Каарына калганда,
Какем, жутуп коет бир чайнап…”

Кезегинде Калык акын да Токтогул, Жеӊижок, Эшмамбет, Жаӊыбай, Кара Курман деген алп акындарды ээрчип, алардан айтыштын, алым-сабак айтышуунун сырларын үйрөнөт. Өзгөчө көп кырлуу, салттуу өнөр айтуучулук, жаратуучулук, дастанчылык, комузчулук Калык акынга Токтогулдан жугушса керек.

Жазгыч акын катары Калык “Курманбек”, “Жаныш-Байыш”, “Кедейкан”, “Шырдакбек”, “Карагул ботом”, “Ак Мөөр”, “Бир Асыл” ж.б. көптөгөн чыгармаларга жан киргизип, ар тараптан байытып отурган. Демек, Калык акындын өз стили жаралып, ал ар тараптуу өнүккөндүгүн айта кетүү туурадыр.

Устаты Токтогулдун ырчылык, төкмөлүк, комузчулук өнөрүнө, адамгерчилигине да өз учурунда туура баасын берген. “Баскан жол” автобиографиялык мемуардык чыгармасында турмуштук ачуу чындыкты туура чагылдыруусу, өзү көрүп, аралашып калган ырчылардын ички дүйнөсү, кулк-мүнөзүтуурасындагы оюн адилеттүү баяндоосу эле күжүрмөн эмгек.

Өзү дагы устат ырчы катары бир канча шакирттерди даярдаган. М: Осмонкул, Алымкул, Токтоналы, Ысмайыл, Каракунан, Сарыкунан, Токтосун ж.б. Ал эми Калык акындын чоӊ комузчу болгондугун, анын элдик күүлөрдөн тарта Ниязалы, Айдаралы, Токтогул, Коргол ж.б. комузчулардын күүлөрүн далөзүндөй аткара билгендигинен көрүүгө болот. Өзү аткарган эпос, дастандарга ар түрдүү обондорду чыгарган.

Жыйынтыктап айтканда, Калык акындын келечек үчүн калтырган бай мурастары, анын чыгармачылыгы кыргыз адабиятында өзүнүн ордун, салмагын ээлеп, үлгү болуп кала берет деген ишенимдебиз.

Замир Алымкулов, философия илимдеринин кандидаты,
Марс Осмоналиев, И.Арабаев атындагы КМУнун окутуучусу
«Кутбилим», 31.05.2013-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий