Тарыхтан чыккан табылга!

jyrgalАдам баласы бул дүйнөдөгү маалыматтын 80 пайызын көз менен алат экен. Тилекке каршы, кыргыз эли өз тарыхына, өз тагдырына, өз келечегине башканын эмес, өзүнүн көзү менен караган учурлар чанда эле кездешет. Айрыкча өлкөбүз өз алдынча жолго түшкөндөн бери кыргызды кимиси каякка гана сүйрөгөн жок? Тарыхчыларыбыздын айрымдары “40 кыздан тараган экенбиз” деп араб илимпоздорунун атайын жазып кеткен идеологиясын кадимкидей актаса – балдарыбыз боз үйдөн чыккан көчмөндөр терс каарманга айланып, орустун жалгыз баатырынан боо түшүп кырылган мультфильмдерди көрүп чоңоюуда. Улут кызыкчылыгынан дин догмасын жогору койгондор өлкөнүн кызыл туусун жерип, кара туунун алдында кимди болбосун курман кылууга даяр турса – дагы бир жагынан ашынган либералдардын түрткүсү менен “жан элим, ишенем сага, жан жерим, ишенем сага” деп, жөнөкөй эле сөздүн төркүнүн түшүнбөгөн массалык маданияттын кокуйлары далай жаштардын аң-сезимин ээлеп калды.

ХХ кылымдан бери жанатан айтылгандай көздөн кирип мээни алган эң күчтүү каражаттардын бири кино өнөрү болуп келатат. Кыргыз киносунда улуттун уңгусуна тереңдеп кирип, кыргызга кыргызча күйгөн саналуу эле чыгармалар бар. Кеңеш доорунда тартылган тасмалардан бул багытта “Бакайдын жайыты” менен “Ак илбирстин тукуму” эске түшөт. Биринде көчмөн жашоодон алыстап отурук дүйнөнүн шартына көнүп келаткан элдин нары карама-каршылыктуу, нары үмүттүү улуу көчү көзгө урунуп, кыргыз мүнөз улуулардын көчү түбөлүк бийикке, жаңычылдыкка умтулган кичүүлөрдүн катары көр дүйнөнүн кызыгына толгон жакага багыт алат. Экинчисинде кыргыздын нукура кулк-мүнөзү, баштан өткөргөн кыйынчылыгы, катаал шартка моюн бербей жашоого умтулган эрки, тегерек-четтеги эл тургай бүтүндөй Дүйнө менен болгон алакасы, жаңылып-жазган таштак жолу, жалпы ичиндеги жалгыздыгы эң сонун берилген. Албетте, кийинки доордо учурдун баш аламандыгын таасын чагылдырып, кабыргасынан коюлган суроолорго астейдил жооп издеген “Айыл өкмөт”, айрыкча “Белгисиз маршрут” сыяктуу кинолор эгемендик жылдарындагы татыктуу табылгалар болду десек жаңылышпайбыз. Бирок улут тагдырына терең кирип, кыргызга кыргыздын көзү менен караган кино чыгармаларынын ичинен сапаттык жаңы тепкичти багындырган тасма “Курманжан датка” болгонун талашуу кыйын.

kurmanjankino

Анткени “Курманжан датка” – түшүнгөн кишиге Алай ханышасынын жеке тагдыры тууралуу гана баян эмес. “Курманжан датка” – биринчи иретте кыргыздын кулк-мүнөзү, асыл сапаттары, тарыхта баскан татаал жолу, өзү бойдон калышы үчүн өз кымбатын курмандыкка чалууга дайыма аргасыз кылган жазмышы, эч кимге окшобогон маданияты, жөн билги наркы, анан албетте, азыр да актуалдуулугун жоготпой келаткан түптүү проблемалары тууралуу эпопея.
Айталык, ташбараң эч качан кыргыздын салты болгон эмес, бирок Кокон хандыгында кеңири тараган адат болгон. Ошондой шартта дин төбөлдөрүнөн коркпой, калыстык үчүн тобокелге барган адамдык сапат – нукура кыргыздын мүнөзү. Жамандан иренжип, акырына чейин жакшыга умтулганы – кыргыздын үмүтү. Колунан келгени колунан келбегенине кыр көрсөтө баштаганы (кызды алып кетип бараткандагы эпизод) – бул да кыргыздын жылкы мүнөзү. Аялы күйөөсүнө кеңешчи болуп, акыл кошкону, керек болсо ордун басканы – кыргыздын илгертен келаткан табигый гармониясы. Эл башына күн түшкөндө күнүмдүк тирешүүдөн өйдө болуп биригип кеткени – кыргыздын байыртан келаткан социалдык иммунитети. Азайып кетсе тууган издеп, көбөйүп чыкса кыйкым издеген адаты –кыргыздын өнөкөтү. Оорусуна карабастан Жантай хан мейман үчүн сыр билгизбей зыңгырап маселе чечип отуруп бергени – кыргыздын нарктуулугу. Азыр эле ат күлүгүн сынашып келатып, “жигит, артка кайт, атаң жакшы эмес” деп Алымбек Шабданга керектүү учурда керектүү маалыматты кесе айтканы – кыргыздын жөн билгилиги. Ар ким өз чындыгын беттеп, “качкан да Кудай дейт, кууган да Кудай дейт” болуп Курманжан качып, куугун этектеп, тагдыр ортодо, өмүр ортодо турганда, бала кезинен таянган жолборс күркүрөп колдоп чыкканы – кыргыздын табышмактуу касиети. Айласы кеткен Алайдын эли мына-мына кетебиз деп келатып эле бир айтылган сөздөн кайра дүрт козголуп муштумга айланганы – кыргыздын күтүүсүз ойгонгон намысы. Күнөө кимде экенине карабай, сөзгө сөлтүк, кепке кемтик болбош үчүн айыпты өз мойнуна алган Камчыбектин тагдыры – кыргыздын улуулугу. Замбиректин огуна карабай алдыга чапкан эрдиги – бир чети мурунтан келаткан кыргыздын энөөлүгү. Бир уядан чыккан бир туугандардын ар башка тагдыр тандап, ар бөлөк Жолго түшкөнү – бул да кыргыздын турмушундагы ушул күнгө чейин келаткан көрүнүштөрдүн бири. Убакыттын өтүшү менен пайда болгон бир гана орчундуу айырма – Абдылдабектин жүрөгүн кошо кеткен жан-жөкөрлөрү жерге таштабай ала келсе, кийин Беделдин ашуусунда калган миңдеген кыргыздардын сөөгү 75 жыл бою көмүлбөй жатты.

Курманжандын курмандыгы – жеке керт башынын гана жүгү эмес. Бул кыргызга тиешелүү, өтө оор жүк. Кыргыз эли канча бир кылымдан бери өзүнүн өзөгүн, өзүнүн тилин, дилин, маданиятын жоготпой, кыргыз бойдон сакталып калышы үчүн гана ар качандан бир качан өзүнүн эң кымбат адамдарын, жагдайларын, көнүмүшүн аргасыздан курмандыкка чаап келатканы келаткан. 1937-жылдары кыргыздын тили үчүн, кыргыздын маданияты үчүн, кыргыздын кызыкчылыгы үчүн атууга кеткен, биринин үстүнө бири ташталып ошол бойдон эгемен заманга чейин жаткан Кызыл Кыргызстандын шейиттери – Кеңеш доорундагы кыргыздын Камчыбектери. Болбосо алар деле эр өлтүрүп эриш бузган эмес эле! “Басмачы” деп өз жеринен же айдалып, же сүрүлүп кеткен, башка жакта жүрүп дүйнөдөн кайткан кыргыз азаматтары – ошол эле кыргыздын Абдылдабектери. Бийликтин адилетсиз турумуна каршы чыгып, аянтта кийиктей атылган, өлкөнүн бүтүндүгү үчүн өз жеринде кордук көрүп кыйналып өлтүрүлгөн кыргыз жигиттери – ушунун баары кыргыздын кыргыз бойдон калышы үчүн чалынган курмандык. Өз эрки менен бүтүм чыгарбаса дагы, ошолордун баарынын тең энелери – өз масштабында элине жан этин сууруп берген абалдагы Курманжандар.
Фильмде кыргызга танапташ башка элдердин кулк-мүнөзүнө тиешелүү эпизоддор да абдан таасын берилген. Ташбараң сценасын эске албаганда да, Музаффар эмирдин жүзүмдү былчыйта баскандай бир адамдын тагдырын заматта садага чапканы, эртең менен дүкөнчирик чапан жаап, кечинде артынан желдет жиберген бийлик төбөлдөрү Кокон хандыгында үстөмдүк кылган сын-сыпаттардан азыноолак болсо да кабар берет. “Хорошо идут” деп чыйт түкүрүп куралына ишенип турган офицер, жергиликтүү салтты билбей келиндин ачкычын чачы менен кошо кесип алган поручик, сууга чечинип жылаңач кирген аскерлер – бул да Борбор Азияга келаткан чоочун күчтүн жышааны болчу.

Фильмде көрсөтүлгөн Курманжандын тагдыры, андагы коюлган маселелер азыр да курчтугун жогото элек. Тескерисинче, балким мезгил өткөн сайын улам жаңы өңүттөн ачыла турган жагы бар. Мурда эки цивилизациянын толкунунда чайпалса да төгүлбөгөн түптүү калк эми үч башка зор күчтүн ортосунда кетип баратат. Кыргыз кыргыз бойдон калабы? Курманжандын тушунда көкүрөктөн сызып, көздөн учкан азыркы мамлекетинин чыныгы баасын билеби? Жумурай-журттун келечеги үчүн бир муштумга биригеби же кокту-колотто ар кимиси кызыл тебетей кийгенине корстон болуп кала береби? Азыркы Абдылдабектер кайрылып келеби? Келсе кыргыз тарапта болобу же барган жеринин малайына айланып Карасакал болуп кайтабы? Биз, тирүүлөр, ушул сыяктуу суроолорго татыктуу жооп бергенге даярбызбы?

Демек, биз ойлоно турган нерселер али көп экен. Мыкты чыгарманын күчү – даяр жоопту бүкүлү бербей, көрүүчүлөрдү ошондой фундаменталдуу соболдорго жооп издете баштаганында. Устатым Чоюн Өмүралиев айтмакчы, ар бир адамдын милдети, мурдагыдан да адамыраак болуп, ал эми биздин шартыбызда – кыргызыраак болуп жашап өтүүдө. Бул фильм ушул өңүтүнөн өз максатына жетти десек болот. Жеке башымда, мени мурдагыдан да “кыргызыраак” кылган бул чыгармасы үчүн жаран катары Садык Шерниязга чын дилимден ыраазычылык билдирем.

Жыргалбек КАСАБОЛОТОВ. Акын, журналист,
Бишкек шаары, «Кыргыз көчү», 09.09.2014.

Соц тармактар:

Добавить комментарий