Кулдун баласы менен Зымырык-куш

(жомок)

Илгери-илгери бир хан болуптур. Анын сыйкырдуу Зымырык-кушу болуптур. Күндө хандын кулагын сүйүнтүп дүйнөдө эмне болуп атканын айтып берчү экен.

Бир күнү Зымырык жоголуп кетет. Жигиттерин издөөгө жиберсе ханга таппай кайра кайтышат.

Анда хан элди чакырып,- «ким менин Зымырык-кушумду тапса, байлыгымдын жарымысын берем» -деп сөз берет.

Бул кабар бир кембагалдын баласы Бекжалга да жетет. Колуна бир таяк менен мылтыгын алат дагы жолго чыгат. Күнү-түнү Зымырыкты издеп жол жүрөт. Бир күнү келатып алты аркарга жоолугат. Аларды көргөн Бекжал мылтыгын алып чыгып атайын дегенде.аркарларкишиче сүйлөп: «Биз адамбыз, атпа бизди»-деп жалынышат. Бекжал таң калып, «эмнеге аркарга айланып алдыңар эле?» десе, «Биз да бул жол менен келатып жолдун боюнда турган ак боз үйгө кирип дасторконго оурганбыз. Ал жакта тамак-ашты озз тийээр менен аркарга айланып калдык. Сен сак бол!»-дешет.

Бекжал алардын тилин алып жанагы ак бозүйдү көрүп ичине кирет. Дасторконду көрөөр замат аркарлардын сөзүн унутуп калат. Жерге отураар менен бир кемпир пайда болуп Бекжалдын бетине топурак ыргытат. Ошол замат Бекжал эчкиге айланып эшикти көздөй жүгүрүп чыгат. Эшиктен чуркап баратып бир ак сарайга келет. Аяктан бир сулуу кыз чыгып «бул адам окшойт, менин оңбогон энем айбанга айладырган окшойт» — деп, жерден топуракты алып, бир дуба окуп эчкини көздөй ыргытат. Эчикинин белине тийээрде эле Бекжал кайрадан адам кейпине келип кыз менен сүйлөшөт. Кыз Бекжалды ак сарайга киргизип, дасторконго чакырат.

-Бул жолго эмне чыктың эле, -деп сураса, «Зымырыкты издеп таппай жүрөм, мага жардам бере аласыңбы? -дейт.

Ага жетиш оңой эмес, бул жактан ичке жол башталат, ал бир бийик чынарга алып келет. Чынардын чокусу асманга чейин жетет. Чокусунда каракуштун уясы бар. Жыл сайын балапандарды басып чыгарат, бирок аны ажыдаар жеп коет. Эгер ажыдаарды өлтүрсөң, сапарыңды улантасың. Чынардан кийин ашуу бар, анда өтүш үчүн жүз кетет. Ашуудан кийин чытырман токойду токсон жылда өтөсүң. Токойдон кийин деңизди көрөсүң. Ал деңизден сүзүп өткөнчө сексен жыл өтөт.

-Мен кеттим, -деп Бекжал даярданып баштайт. Баланын кайраттулугу кызга жагып, жардам бергиси келет.

Бакка жеткенден кийин жашынып кал. Ажыдаар жакындаганда, атсаң болот. Жакшы мээлеп, башка ат, ошондо өлтүрө аласың. Өлтүргөнүн көргөн каракуш сенин жакшылыгың үчүн каалаган жерге алып барат.

Бекжал алкышын айтып кыз менен коштошот. Баягы чынардын жанына келип ажыдаарды күтүп жашынып калат. Айткандай эле Бекжал башка атып ажыдаарды үчкө бөлүп өлтүрүп салат.

-Эй, жигит, бул жакка чык! — деген үндөр угулат. Үстүн караса, балапандар чакырып атыптыр.

Чынар чокусуна чейин чыгып Бекжал балапандарды көрөт. Ажыдаардын башын алып жогору чакты көздөй чыгат. Түштө чыгып баштап, уяга  араң кечинде жетет. Уяга жеткенде, балапандар:

-Эми биздин канатыбыздын астына жашын, эртең апабыз учуп келип көз жашын төгөт. Ал сага жамгырджай болуп көрүнөт. Канаттын какканда чоң куюн башталат, чынарга отураарда талдын чокусу жерге үч жолу тийет. Сен эчтекеден коркпо.

Эртеси таң атып, күн чыгат. Бир кезде асманда бороон-чапкын болуп, катуу жамгыр башталат, тоолордун башынан кой менен тең таштар тоголонуп, катуу шамал башталат. Бул алп-каракуш келди.

Балапандарын тирүү көрүп куш сүйүнүп кетет:

-Силер эмнеден аман калдыңар? -деп сурайт.

-Энеке, биринчи жамандыктын себебин көр,-деп ажыдаардын башын көрсөтөт.

-Эми жакшылыктын себепкерин көрсөткүлө, -дейт алп-каракуш.

Ошондо балапандар Бекжалды көрсөтөт. Көрөөр замат Бекжалды кармап алып жеп салайын дейт.

-Бул бизди өлүмдөн куткарды, тийбе! -деп балапандар Бекжалга болушат.

-Мейли, жакшылыкка жакшылык менен жооп берейин. Кааалаганыңды сура,-дейт алп-каракуш.

-Мени ашуудан өткөрүп, чытырман токойдон, улуу деңизден өткөрүп Зымырыкты тапканга жардамың керек,-деп Бекжал өтүнүчүн айтат.

Алп-каракуш бир жакты карап-ыйлап, бир жакты карап күлүп, айтат:

-Сен айткандай болсун, мени үч күн күт. Мен өзүмө жолго тамак-аш камдайын,-деп учуп кетет. Кайра келип алп-каракуш алтымыш элик, алтымыш семиз аркарды ала келет. Бекжал малдарды союп куржундарга салып коет.

-Эми жолго чыкканда, көзүңдү жум, ачсаң башың айланып жерге кулап түшөсүң. Эгер оң жактан сени карасам -эт бересиң, сол жактты карасам -суу бересиң-дейт.

Бекжалды өңөрүп алып асманга учат. Кээде оң жакты, кээде сол жакты карап, узак сапарын улантат.

Бир күнү алп-каракуш «жерди карасаң» -дейт.

-Жердин бети кашардай көрүнөт дейт Бекжал.

-Демек ашуудан өттүк, дейт куш.

Дагы учуп көзүн ачса, жаанын учундай көрүнөт, дейт ал. Токойдон аштык-деп алп-каракуш айтат.

Үчүнчү жолу караганда — жердин бети такыр көрүнбөй калат.

Ошондо куш — «деңизден да өтүптүрбүз»-дейт дагы, жерге түшө баштайт. Түшөөрдө куш оң жагын карайт, эт жок калганынан Бекжал өзүнүн оң санын кесип берет.

«Жол бою жакшы тамактандырдың, бирок акыркы жолку эт эң даамдуу болду, эмнеге?»-деп сураса, «ал менин саным болчу» -деп жооп берет.

Алп-каракуш ыраазы болуп калат.

— «Бул шаардын ханышасы тарабынан уурдалган. Ага көптөгөн арстандар, жолборстор, карышкыр, аюуулар кызмат кылат.

Азыр шаарга барып ханышанын колунан алтын билеригин чечип, жолду көрсөткөн кыздын колуна тагып, ага үйлөн. Коркпо, жаныбарлардын баары адам, учурда баардыгы уктап жатат. Эми тезирээк бар, мен сени үч эле күн күтө алам»-деп куш айтат.

Шаарга кирип куш айткандай баарын жасайт. Үчүнчү күнү уктап аткан ханышанын колунан билерикти чечип, жанындагы Зымырыкты алып алп-каракушка минип кетейин десе, жаңы учуп бараткан болот. Бирок Бекжалды көрүп жерге түшүп асманга учуп кетет. Баягы чынарга учуп келип Бекжал алп-каракушка алкышын айтып, Зымырыкка минип учуп кетет.

Үчүнчү сарайга келип кыздын колуна билерик тагат. Билерикти алгандан кийин кыз «Эми сен менен өмүрүмдүн аягына чейин болом»-деп Бекжал менен кошулуп ханга жөнөшөт. Көлгө келип бир аз эс алайын десе, хандын эки уулу аң уулап журүптүр. Зымырыкты көрөөр менен байлыксыз калабыз деп коркуп, Бекжалды сууга түртүп жиберишет. Колуктусун да өлтүрүп коелу деп, жанына келсе, ак-кууга айланып сууга сүзүп кетет.

Зымырыкты алып эки хандын уулу аксарайга жөнөшөт.

Хан эки уулу Зымырык менен келатканын көрүп эки шаардын ээси кылып, чоң той берет. Зымырык болсо ошол замандан баштап унчукпай калат. Күнүгө хан Зымырык эмне айтат деп тыңшаса, Зымырык үн чыгарбай коет.

Бекжал колуктусу менен шаарга келип хандын сарайына киргенде эле Зымырык суйлөп баштайт.

-Мени куткарган ушул жигит, хандын балдары жалган сүйлөдү,-деп айтат.

Хан Зымырыктын сүйлөп калганына кубанып, Бекжалдан чындыкты билет. Шаарга Зымырыкты Бекжал тапканы жөнүндө кабар бат тарап, баары өз калыбына келет.

Зымырык Бекжалды көргөндөн кийин кайра сүйлөп ханга дүйнөдөгү жаңылыкдарды илгеркидей айтып калат экен.

Соц тармактар:

Кулдун баласы менен Зымырык-куш: 1 комментарий

Добавить комментарий