Кайнене менен мамилени кантип калыпка салуу керек?

Сүрөт http://www.azattyk.org/ сайтынан алынды.
Сүрөт http://www.azattyk.org/ сайтынан алынды.

Бул суроо бардык келиндердин түйшөлткөн суроосу болсо керек. Кайненемдин кантип көңүлүн алам? Мага болгон муздак мамилеси канткенде өзгөрөт? Мындай ой баса-турса тынчтык бербей жатса анда төмөнкү кеңешке кулак түрүңүз. Кайненени жаман көрөөрдөн мурда балким каталык сизден кетип жатканын талдап көрөөрсүз.

Жылуу мамиле ортодогу жараканы оңдойт

Кайсы бир убакта бир кыз турмушка чыгат. Бир үйдүн жалгыз баласы болгондуктан кайнене менен жашап калышат. Экөөнүн кыялы бири-бириникине карама-каршы болгондуктан үйдөн ырк кетип күндө уруша чыгаруу адатка айланат. Кайнене менен жашоо оңой болбосун түшүнгөн келин анын көзүн тазаламакчы болот. Келин сураштырып отуруп элдик дарыгерди таап ага уу жасап берүүсүн өтүнөт. Дарыгер ага чөптөрдөн уу жасап берип эки ай бою аз өлчөмдө тамагына кошуп берүүсүн тапшырат. Уу аздан берилип отуруп кайненесин келини өлтүргөнү билинбей калмак. Дарыгер үйдөгүлөр кокус кийин сенден шектенип калбасын кайненеңе азыртадан жакшы мамале жасап ага тамакты таптап бер, бирок ууну кошуп койгонду да унутпа деп табыштайт. Тапкан акылына куштар болуп келин ошол күнү тамакты баптап жасап ууну кошуп бере баштайт. Дарыгер кеңеш кылгандай мамилесин да өзгөртүп, күлүп-жайнап кайненесинин көңүлүн ала баштайт. Убакыттын өтүшү менен кайненесинин да каары жоголуп, келинине өз кызындай мамиле жасаганга өтөт. Үйдө баягы ызы-чуунун бири жок. Экөөнүн урушу токтогонун көргөн күйөөсүнүн да көңүлү ток. Арадан эки ай өтөт, баягы уу түгөнөт. Келин өзүнүн кылыгына өкүнүп дарыгерге жөнөйт. Ыйлап, апама берген ууну анын канына тазалап салчу дары бериңиз деп жалдырайт. Ошондо дарыгер «Кызым, ал уу эмес жөн гана пайдалуу дары болчу. Ал даарынын эч кандай уусу жок. Чыныгы уу, жек көрүү сенин оюңда, жүрөгүңдө бар эле. Сен кайненеңе жакшы мамиле кылгандан баштап ал уу тарады. Жүрөгүң да тазарды. Экөөңөр эми чыныгы эне-бала болдуңар» деген экен.

Кайненеңиз кайсы түргө кирет?

Кыргызбы, оруспу, өзбекпи, африкалыкпы айтор психологдор атайын изилдөө жүргүзүп кайнененин төрт түрүн аныктап чыгышкан. Тилин табыш үчүн адегенде кайнене кайсы түрүнө кирээрин аныктап алып анан ошого жараша дарыны колдонуш керек.

Курбу-кайнене- жаш, турмушта тажрыбайсы жок келинине мыкты кеңешчи. Өтө жабышып, курулай тажата бербейт. Керектүү учурда жакшы энцклопедия. Андан ашканын сырларынан баштап эркеке кандай мамиле жасоо керектигине чейин билсеңиз болот. Адатта мындай кайненелер тамашакөй, ачык-айрым келишет. Эгер ушул түрүнө туш болсоңуз сиздин бактыңыз тоодой.

Атаандаш-кайнене- Тапкан-ташыганын, жаштыгын баласынын тарбиясына жумшап ага дээрлик бүт өмүрүн арнаган эне. Мындай кайнененин түрү жалгыз бой аялдарда көп кездешет. Ага бүт өмүрүн арнаса анан кийин кайдан-жайдан жаш келин келип анын үйүнө ээлик кыла баштаса ал үчүн кыйын кырдаал жаралат. Келинине болгон кыжыры күчөп ага атаандашканга өтөт. Баласынын көзүнчө басынтып, бул үйдө ким кожейке экенин баса белгилегенген да кайра тартпайт. Келинин кылган оокатына, баскан-турганына оңой менен ичи жылыбайт.

Тыңчы-кайнене – Жаш жубайларды аңдыгандан тажабайт. Келини эмне кылып жүрөөрүн шимшилегенди адатка айландырат. Уул-келини эмне тууралуу сүйлөшүп жатканын тыңшап туруу ал үчүн катардагы көрүнүш болушу мүмкүн. Мындай кайнененин эч кандай зыяны деле жок. Болгону жогорудагыдай жоругу келин үчүн абдан эле жагымсыз.

Ишкер-кайнене – карьераны биринчи орунга койгон келин менен иши жок кайнене. Ач кулактан тынч кулак деген кайнене кири жуулдубу, баласы тамак ичтиби, үй жыйналдыбы көп деле кызыкдар эмес. Келин мындай учурда өзү кожейке катары толук эркиндикте болот. Кайненем эмне дейт деп заарканбай каалаган тамагын жасап оокатын кыла алат.

Кулагыңа күмүш сырга!

*  Энеде күйөөгө тийген балам жакшы, анан аны өстүрүп тарбиялаган мен жаман болуп каламбы деген таарыныч күч болот. Жолдошуңузду сүйсөңүз кайненени да ошондой деңгээлде жакшы көргөндү үйрөнүңүз. Мейли тыңчы, атаандаш, жеткен каарду болсун. Ал сиздин жолдошуңузга татыктуу тарбия берди. Жок дегенде ошонусуна ыраазы болуңуз.

*  Өзүм билемдике салып анын үйүнө ээ болуп кайненени төргө отургузганга шашпаңыз. Кээ бир кайнене тиричиликте кошо кармашып оокат жасашат. Бирөөгө жагат, экинчи келин илешпей отура бербейби деп жаман көрөт. Унчукпай анын берген жардамын жакшы кабыл алыңыз. Тескерисинче жакшылап байкап, кайненеңиз кандай оокат кылып жатканын көрүп үйрөнүп алсаңыз да болот.

*  Кайненеге чын жүрөктөн жакшы мамиле жасап ага белек бергенди адатка айландырсаңыз болот. Ар кандай кеңеш сурап аны менен мамилени тыгыз кармаганга аракет кылыңыз. Эгер бөлөк жашасаңыз бат-бат телефон чалып ден-соолугунан, жашоосунан кабар алып турган да ашыкча болбойт.

*  Апаң ушинте берет, мен сүйлөсөм эле жактырбайт деген сөздөр жолдошуңуз үчүн эң жагымсыз нерсе. Сизди кандай сүйсө апасын да сизден кем эмес жакшы көрөөрүн эстен чыгарбаңыз. Кулагынын кужурун алып кайненеңизди жамандай берсеңиз акыры ал экөөңүздүн бирөөсүн тандоого аргасыз болот. Анча-мынча кайненеге болгон таарынычты ичке жутуп ортодо жолдошуңузду чайнабай эле койгон оң.

*  Кыргызда «төркүнүңөн сөз ташыбай төш ташы» деген жакшы сөзү бар. Кайненени өз апаңызга жамандап, ага арманыңызды айтып наалыганда өзүңүз үчүн эки зыяндуу нерсе табасыз. Биринчиси, апаңызда ашыкча санаа, кудагыйына болгон жек көрүү өсөт. Экинчиси, эртели-кеч ал сөз ортого чыкса кайненеңиз сизди мурдакыдан да жаман көрүп калат. Андыктан өз үйүңүздөгү уруш-талаш, кайчы пикирлер сыртка «саякаттап» кетпей ошол жерде калганы туура.

Кандай кайнене, кандай келинсиз?

Шахрезада АСКАРОВА, ырчы: «Келиниме үйрөтө турган нерселер кө-өп…»

— Келиним Динаранын биздин бүлөгө аралашканына төрт жылдын жүзү болду, өзү 1987-жылы, Ысык-Аталык төрөлгөн. Бир уул, бир кызым бар эмеспи. Жалгыз көрөөр көз келиним. Башында келин-уулум Астанада иштеп жүрдү, азыр келишип, мени менен чогуу жашап жатышат. Түрк элинин «Листопад» деген сериалын көрөбүз да, ошондо кайнене-келиндин мамилеси сонун чагылдырылган. Биз да тамашалап бири-бирибизди «Листопаддай» болбойлу деп күлүп калабыз. Өзү жаш, жоош. Үйдө кыла турган укмуш деле көп жумуш жок, бирок үйрөтө турган нерселер көп. Тамашалап күлүп: «эми колума келдиң, сага кайнене болойун» деп калам. Айткым келген маселелерди тамашага салып, кинолорго салыштырып, же болбосо «баягынын келини мынтиптир, сен анте көрбө» деп калам. Динара да «ой, не-ет мам» деп көп айтат. Мага караганда өзүмдүн апам тартипке катуурак, «каякка баратасың, эмнеге баратасың» деп тескеп турат. Мен апамдын ары-бери жагынан чыгып: «Апа, кой эми булар төрт жыл алыста жүрүштү, сырын билгиче көп катуу кармай бербе» деп тыйып турам. Менин келиним өзүмө окшоп жоош, биздин үйдө демократия, «кто рано встал, тот пошёл» дегендей эле кеп…Кудайга шүгүр Эмир, Радмир деген эки неберелүү кылып отурат, БГУда окучу, турмушка чыккандан кийин окуусун таштап койгон, балдары чоңойсо кайра улантат го.

Гүлшайыр Садыбакасова,КРдин Эл артисти: «Өгөй кайненем өгөйлүгүн кылган жок»

— Мени жолдошум Кызы-Кияга алып барды. Өз апасынын көзү өтүп кетип, кайнатам экинчи аял алган экен. Ал кезде атым таанылып калган кез эле. Ырчымын деп жатып албай эртең менен эрте туруп оокаттын бүт жасачумун. Ал жакта кудайдын куттуу күнү эле күрүч бачып жей беришет экен да. Мен барганда кесме шорпо жасап, эртеси кайра бешбармак жасап бергем. Ошондо кайнатам ушинтип жумшак тамак жасап жесе деле болот тура деп төбөсү көккө жете мактаган. Кайненемдер менен көпкө турган жокпуз. Бирок мага жасаган жылуу мамилеси өзгөргөн жок. Кийин деле катышып, келип-кетип турчубуз.

Мээрим Мураталиева, ырчы: «Жасалма жагынганды билбейм»

— Кайненемдин алты келини бар. Алтообузду бири-бирибзден бөлбөй баарыбызга бирдей мамиле жасайт. Бир да жолу кыр көрсөтүп жаман сөз айтып шагыбызды сындырган жок. Мен ачык-айрым адаммын. Жакканды жакты, жакпаса жаккан жок деп эле айтып салам. Кайненегеби же башкасынабы жасалма кошоматтануу деген менде жок.

Алина Жетигенова, ырчы: «Балдарыма эмес келиниме жан тартам»

— Бири-бирибизге жагынуу дегенди билбейбиз. Апам шаарда өскөн заманбап аял. Оюбузду бири-бирибизге ачык эле айтып салабыз. Мага кандай мамиле жасаса, мен да ошондой мамиле кылганга аракет жасайм. Негизгиси алдабаганга аракеттенем. Кайненем келатат деп эле эптеп-септеп бир нерсени бүтүрө салбайм. Жетишпесем, «жетишпей калдым» деп эле айтам. Бирок, дайыма кайненемдин маанайына карап турам. Кайнежелерим менен да мамилем дурус. Буюрса, мен балдарыма жан тартпай, келиндеримдин таламын талашып, ошолор менен жакын мамиледе болгонго аракеттенем. Ошондой болсо кайнене менен келиндин ортосунда кер-мур айтышуу деген болбойт деген ишенимдемин.

Анара Дүйшөналиева, “Кабар ордо”, 12.09.14-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий