«Жарышка түшсө жел менен, жаактуу пенде жеңбеген» Барпы апыз

Barpy
Кыргыз акындары менен Барпы апыз ортодо

Теңдешсиз төкмө, философиялык-этикалык ырлары менен жалпы кыргызга таанымал болгон Барпы Алыкул уулунун 130 жылдыгына карата Улуттук китепкананын Сейрек жана өзгөчө баалуу кол жазмалар бөлүмүндө «Гүлзар бактын булбулу» деген аталышта китеп көргөзмөсү өтүп жатат. Көргөзмөгө акындын китептери, анын чыгармачылыгы тууралуу жазылган эмгектер, эскерүүлөр, изилдөөлөр, башка тилдерде чыккан ырлары ж.б. экспозициялар коюлган. Жалпы эле быйылкы жылы коомчулугубуз Барпы апыздын мааракесин белгилемекчи. Биз да ошого карата төмөнкү макаланы жарыялайбыз.

Барпы Алыкул уулу 1884-жылы азыр эми Жалал-Абад облусуна караган Сузак районундагы Ачы деген айылда туулган. Атасы Алыкул, чоң атасы Шамурза да жарды жашаган, Барпы да жашынан Мадалы, Назарбай, Ысакбай сыяктуу бай адамдарга жалданып, алардын малын багып, дыйканчылык иштерине каралашып, ошол эле кезде ырдап да жүргөн. Атасынан бир катар ырларды үйрөнөт, «Залим хандар азабы» деген сыяктуу ырларды элге айта баштайт, өзүнүн абалын ырга салат, он жашында кадыресе акын катары таанылат. Ал комуздун коштоосу жок эле, ичкилик кыргыздарына мүнөздүү абан менен төгүп ырдаган.

Октябрь төңкөрүшүнөн кийин Жалал-Абад кантонуна караган Чанген айылдык кеңешинде төраганын орун басары болуп, дыйкандар комитетинде төрага болуп иштейт, колхоздун уюштурулушуна көмөктөшөт. Ушул мезгилде «Улуу агам — Ленин», «Бул ырдын аты — Октябрь», «Партия» аттуу ырларын чыгарат. 1929-жылы катуу ооруп, ошондон кийин эки көзү тең көрбөй калат. Акын диний адамдарга жакын болуп жүрүп, алардын айрымдарынын бузукулук иштерин көрүп-билген жана алар тууралуу «Алдамчы эшен», «Сукмолдо», «Мадалы ажыга», «Эмчилерге», «Эмне бар бул жерде», «Сопу» дегендей ырларын чыгарган. Ал сүйүү ырларын өзгөчө эргүү менен эл алдына алып чыккан, андан чыгармаларынын катарында «Буракжан», «Мырзайым», «Арзыкан», «Мөлмөлүм», «Гүл кыздар», «Ак жылдыз», «Лөлүкан», «Гөзал кыз», «Кара көз», «Ак дилбар», «Тартип», «Дилбарым», «Өзгөчөм», «Алтын» жана башка ырлары азыркы күнгө чейин эл оозунан түшпөй келет. Акындын тагдырында Токтогул менен жолугушуусу чоң окуя болгон. Ал көптөгөн акындар менен айтышып, бул жанрдын классикалык үлгүлөрүн калтырган. Анын айтуусу боюнча элдик фольклордун «Кулмырза жана Аксаткын», «Жалайыр жалгыз» сыяктуу мыкты дастандары жазылып калды. Көзү азиз болсо да, көкүрөгү менен баарын көрүп-билген.

«Шамал», «Ажал», «Адам», «От», «Дүнүйө», «Айт, айт, десе», «Ала-Тоо көрккө келбейт эл болбосо» деген сыяктуу философиялык ырлары анын ой жүгүртүүсүнүн кенендигин, кыргыз сөздөрүн мыкты колдоно билерлигин далилдейт. Осмонкул Бөлөбалаев ага «Жарышка түшсө жел менен, жаактуу пенде жеңбеген» деп баа берет. Өзү болсо «Ак кымкаптан тон албайм, ак күмүштөн сом албайм, ар кимди барып бир мактап» деп айткан. Ал жаштарды жакшылыкка насааттады, махабаттын улуулугун ырдады, байлыктын адам көзүн караңгылатар касиетин сөз менен айтып берди. Анын Чыгыш поэзиясы менен терең тааныш болгондугун ырларынан даана көрөбүз, тилинин жатыктыгы, аваздуулугу, лексикалык байлыгы — анын чыгармачылык бөтөнчөлүгүнүн бир жагы болсо, экинчи жагы ал чөл кыргыздарынын оозеки чыгармачылыгы менен фарсый, араб диний-таалимчил жана көркөм адабияттарынын эки булагын өз өнөрүндө кайра иштеп чыккан да, угармандарына сунуш кылган. Барпы Алыкулов таалим-тарбияга түздөн түз үйрөтүүчү дидактикалык маанидеги ырларды көп чыгарган. Анын ырларын жазып алуу 1943-жылдан башталат. 1947-жылдан СССР Жазуучулар Союзуна мүчө катары кабыл алынат. 1949-жылдын 9-ноябрында Фрунзе шаарында ооруканада каза болуп, сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат. Анын ысымын Жалал-Абаддагы областтык филармония, Бишкек, Ош шаарындагы, Сузак районундагы мектептер, туулган айылы алып жүрөт.

Согуш учурунда Кыргызстанга келип, кыргыз адабиятын изилдеген М.И.Богданова Барпы апыз менен кезигишип, ырдашып жүргөн тогуз ырчы тууралуу мындай маалыматтары берет.

1. Бекназар — уруусу кыпчак. Өзбекстандын Ворошилов району, Кош-Төбө кыштагында.
2. Ботобай — Ноокат районунан.
3. Ташмат — уруусу төөлөс, Жаңы-Ноокат районунан.
4. Алим Токтор уулу — уругу кесек, Сүлүктүдөн.
5. Орозаалы — тээке, Ош районунан.
6. Көр Чокобай — сарык.
7. Нишан — уругу кыпчак, Чөкө-Дөбөдөн, «кэттэ акын, Барпы акындын устазы».
8. Арзыбай — уругу бөрү, Оштун үстү жагында.
9. Казыбай — Арык үстүндө.

Барпы тууралуу мындай пикирлер айтылат:

«Кыргыздан чыккан Барпы ырчы
Кыйланы жеңген алп ырчы
Томого кийген бүркүттөй
Той берген жерде шаңшычу.
Көр болгон менен, ыр жазган
Көздүүнү артка калтырчу.
«Мөлмөлдү» андай айта албайт
Жыйылып келсе жалпы ырчы» (Б.Сарногоев)

«Кыйындыкты тез билген,
Кысталышта сөз билген-
Ак таңдай асыл акындан
Калышпайсың. Барпы ырчы.
Ар дайым болсун оюңда:
Акындык салтың оңунда-
Aрыштайсың, Барпы ырчы» (Жеңижок)

«Сокур да болсо, сөзү бар.
Сөздөрүнүн көзү бар» (Т.Шабданбаев)

«Тоголок Молдо, Барпылар
Толкуган деңиз чеги жок» (Р.Шүкүрбеков)

Абдыкерим Муратов, “Zaman Кыргызстан” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий