Жазуучулар жанданат

jazuuchular

Мындай көрүнүштүн арабыздан кеткенине бери дегенде чейрек кылым өтүптүр. Китепти сүйүп аздектеген окурман менен жазуучунун ортосунда тыгыз байланыш түзүлсүн деген ниетти астына койгон Улуттук жазуучулар союзу 29-август күнү саат 10до эшигин кеңири ачып, китеп көргөзмөсүнө авторлорду чакырып, окурмандары менен ой бөлүштү. Союз ураганы жолугушуу деген нерседен куржалак калган сезимтал адамдар ортосунда кадимкидей жандануу болуп, саамга болсо да ортолору толо түштү.

Азыркы коомдогу болуп аткан терс көрүнүштөрдүн башатынын бардыгы чындап келгенде жумурай журттун руханий жактан ачка калышынан келип чыгууда. Муну алакандай кыргызды кыйратыштын жолу деп Батышы жасадыбы же өзүбүздүн мурунку жетекчилер жасаштыбы, айтып болбойт. Айтор, 23 жылдык эркин өлкөбүздө көптөгөн окуяларга күбө болдук. Завод-фабрикаларды быякка кой, элдин жандүйнөсүн азыктандырган чыгармачыл союздарыбыздын шайы ооп, башка ири өндүрүш мекемелери менен кошо талкаланып кете жаздады. Каатчылык канчалык өкүм сүрбөсүн көкүрөгүндөгү жылт эткен учкундары менен жылынган чыгармачыл адамдар мамлекет, эл-жер деп колдорунан келишинче чыгармаларын жаратып келишет.

Союз тараган соң Сүрөтчүлөр, Жазуучулар, Композиторлор, Театр ишмерлер союздары деген уюмдарды мамлекеттин тирөөчүнө айландыруунун ордуна бюджеттен акча бөлүнбөй өгөйлөндү. Ушуну мурунку президенттер да, депутаттар да терең түшүнбөй жалаң жеке кызыкчылыгынын камын көрүштү. Жыйынтыгында кармана турган ыйык нерселерибиздин көбүнөн кол жууп, кайдыгерликтин сазына терең баттык. Кайдыгерлик, көңүлкоштук деген балекеттен канткенде арылабыз, келечекке карай жаркын жол салып кийинки урпактарыбызга мекенди аманат кылып тапшыра алабызбы деген ой Жазуучулар союзунун астанасын аттап кирген ар бир окурмандын көңүлүндө турду.

Жазуучулар үйүндө өткөн майрамдык иш-чарага ардагер жазуучулар, акындар келишип, окурмандары менен бетме-бет жолугуп ойлорун ортого салышты. Чакан концерттик программадан кийин улуу акындар менен жаш акындар жаңы жазылган ырларынан окушуп, ички сырларын төгүштү.

Акбар Рыскулов, Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы, акын:

— Биздин жаш өлкөбүз улуттук майрамын, эгемендүүлүк күнүн белгилей турган күндүн алдында турганда, Улуттук жазуучулар союзу бул майрамдан четте калууга тийиш эмес. Керек болсо көчтүн башында, жакшы саамалыктардын алдында бололу деп чечтик. Өзүбүздүн калемдештерибизди чакырып алып майрам астында баарлашууну кааладык. Экинчиден, жазуучулар менен окурмандар ар дайым жолукпаса да эмгектери аркылуу тыгыз байланышта болуп турат. Ой-санаалары менен эгиз жүрөт. Мынакей, орто муундагы окурмандардан тышкары жаш окурмандар да келди. Мунун өзү жакшы көрүнүш, жакшы жышаан. Мындан тышкары мектеп окуучулары, бала бакчалардын тарбиялануучулары да келгени бизди кубандырат. Бүгүнкү жолугушуубуз «Жазуучу жана окурман» деп аталат. Союз кезинде жазуучу-акындар ар дайым элет жерлерин кыдырып, жолугушууларды тыгыз өткөрүшчү. Эми ушул салтты кайра жандандырып, карапайым калкыбызды руханий жактан өстүрүүгө дем берсек, өлкөдө да жылыштар болот. Биз материалдык товар өндүрбөйбүз. Биз руханий товар өндүргөндүктөн улуттук аң-сезимибиз кайра жанданып, эл турмушунда кыйла жетишкендиктер болор эле деп ишенем.

Казат Акматов, Кыргыз эл жазуучусу:

— Акбар Рыскулов айтып аткан майрам деген сөздү мен жазуучулардын ичинен биринчи угуп атам. Азыр майрам деген сөз болбой эле жер-жерлерде жаман сөздөр сүйлөнүп, бири-бирибизди коколоп-жакаламайды өнөр көрүп алдык. Кыргыздар «жаман сөз жан кейитет, жакшы сөз жан эргитет» деген. Биз турмушубуздагы жаман эле нерселерди айта бербестен жакшы жөрөлгөлөрдү, жакшы иштерди айтпасак болбойт. Эмне үчүн Жазуучулар союзунда ушундай жыйын биринчи жолу болуп атат? Эгемендик күнүн белгилөөнүн астында туруп, ушул эгемендикти баштаган, айтып чыккан жазуучулар болчу. Жазуучулар деген кыргыз интеллигенциясындагы чындыктын авангарды эле. Чыңгыз Айтматов биздин төрага болуп турган учурларда бардык курч маселелер ушул жерден талкууланчу.

Бул иш-чаранын уюштурулуп атканы абдан жакшы көрүнүш. Эркиндик, суверенитет деген түшүнүк ар бир элдин эңсеген ой-максаты, кыялы. Ушуну да учурунда КДК деп уюштуруп жазуучулар баштаган элек. Мындан ары да чыгармачыл интеллигенциянын ар дайым алдыңкы сапта жүрүшүн тилейм.

Майрамкан Абылкасымова, Кыргыз эл акыны:

— Биз мынабу Жазуучулар үйүнө окууну бүтүп келип эле иштеп калдык. Ашым Жакыпбеков, Омор Султанов, Төлөгөн Касымбеков жана мен болуп чогуу иштээр элек. «Ала-Тоо» журналында отуз жылдай иштеп, ушул жерден улгайып пенсияга чыктым. Кыргыз адабиятынын байрагын «Ала-Тоо» журналы көтөрүп, элдин сүймөнчүлүгүнө айланган эле. Кийин эгемендик алгандан кийин ээнбаштык өкүм сүрүп, бардыгы тескери кетти. Эл китеп окубай калды. Азыр эми кичине жанданып калган окшойт, бизди мектептер, институттар жолугушууларга чакыра башташты. Биздин коом кайрадан жандануу жолуна түштүбү деп ойлойм.

Иш-чарада жазуучулар менен окурмандар ортосунда тыгыз байланыш түзүлүп, жалаң эле адабияттан кеп салынбастан коомдогу талылуу маселелер да талкууга алынды. Жазуучуларга союз убагындагыдай шарттар түзүлбөсө да чыгарган китептерин сатуу иштери кандай болот, жер-жерлерде китеп дүкөндөрү ачылып ишке кирсе элет жергесиндеги карапайым калкка кайрадан руханий азыктарды тартуулаган болор элек дешти. Мындан сырткары коомдук иштер менен бир нече жылдан бери алпурушуп келаткан Орозбек Нусубалиев кайдыгерлик деген көрүнүштөн улам жазуучулар менен жалпы коомчулук ортосундагы байланыштын таптакыр үзүлгөнүн, мамлекеттеги ири объекттерибиз четинен талкаланып жеке кызыкчылыктарга пайдаланып атканын айтып арман кылды.

Орозбек Нусубалиев, Бишкек эркин экономикалык аймагынын генералдык директору:

— Урматтуу агайын-туугандар! Буга чейин жакшы сөздөр айтылып атат. Менин ичимде бир аз таарыныч бар. Биздин интеллигенциянын көрүнүктүү бөлүгү силерсиздер. Тарыхка кайрылганга туура келүүдө. Казат Акматович жакшы билет, мындан туптуура жыйырма эки жыл мурда Кыргызстанда таламайлар башталган. «Ысык-Көл» мейманканасы он бир миң сомго сатылып кеткен. Ошондо мен артынан сая түшүп күрөштү баштаганда, раматылык Түгөлбай Сыдыкбеков аксакал биринчилерден болуп колдоп кайрылуу жазды эле. Ошонун негизинде эки жыл ичинде 1994-жылы коомчулук менен бирге артка кайтарып алганбыз. Андан кийин жыйырма жыл ичинде канча таламайлар болду, канча балдарыбыздын өмүрү кыйылды…

Менин сиздерге бир өтүнүчүм бар. Эски эл көргөзмөсүн билесиздер, ВДНХнын эшиги ачык. Көрүнгөн жагынан таланып атат. Эки жылдан бери сактап калалы деп соттошуп атабыз. Эмне үчүн бир басып келбейсиздер? Эмне үчүн колдобойсуздар? Же эмне Түгөлбай аксакал өтүп кетти, башкаларына кереги жок беле? Алдыңыздарга чыгып ушуну айтып коеюн дедим. Журналисттер сатылып атат. Соттор сатылып атат. Азыр мени президент деле колдогону менен элибиз жыйырма жыл ичинде бузулуп бүтүптүр. Кайдыгерлик каптап алыптыр. Баарыбыз жапатырмак киришип жерибизди кайтарып калалы. Бала кезде адамды адам кылып тарбиялаган, адам болуп жетилүүдө пайдубалын бекемдеген жана патриоттукка үндөгөн сиздерсиздер, урматтуу жазуучулар.

Гүлжан Абыканова, окурман:

— Бул иш-чара жаштарды өстү-рүүдө эң зарыл нерсе деп ойлойм. Биз өзүбүз бала чагыбыздан китеп менен чоңойдук. Балдарыбызды эртерээк китеп окууга үндөсөк өлкөдө да өсүштөр болмок. Себеби азыркы техниканын өнүккөн заманында балдардын көпчүлүгү китепке кызыкпай калды. Адам баласынын турмушунда канчалык заман алдыга кетип, технология өссө да китеп жоголуп кетпеш керек. Мен деле бардыгы баса калып компьютерден окуп атышкан электрондук китептерди окуп көрдүм. Бирок анын эффектиси начар. Окуп бүткөн соң мээде кала бербейт. Ал эми китепти кармап, керек болсо анын жытын жыттап чыгарманын ичине терең сүңгүп киргенде ошончолук жандүйнөң жаркыйт. Китептен окулган чыгарма түбөлүк жүрөгүңдө калат.

Элмира ТӨЛӨКОВА, филология илиминин кандидаты, окурман:

— Жазуучулардын чыгармаларын окуганыбыз менен турмушубузда аларды көп деле кезиктире албайбыз. Ал эми бүгүн авторлор менен кездешип, алардын учурдагы ал-абалы туурасында, алдыдагы пландары жөнүндө маектешип атабыз. Чындыгында эле азыр китептер жакшы өтпөй калды. Мени түйшөлдүргөнү, союз кезиндегидей китептерди өткөрүүнү оң жолго коюп, жазуучуга мурдагыдай олчойгон сумманы карматышпаса да ошондон түшкөн бир бөлүгүн беришсе абдан жакшы болмок. Илгери адабий сынчыларыбыз көп эле. Ошол адабий процессти сынга алгандан кийин жазуучуда кадимкидей жылыштар байкалып турчу. Азыр андай адабий сын деген күргүштөп иштебей жатат. Биз китеп сатуу, окурмандардын санын көбөйтүүнү, анан адабий сын жанрын өнүктүрүшүбүз зарыл.

Данияр ИСАНОВ, сүрөттөр автордуку, “Жаңы Агым” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 09.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий