«Үркүн» тууралуу үч ооз сөз

urkun111

“Үркүн” тууралуу үч ооз сөз айтуудан мурда мен өзүм тууралуу айтып кетүүнү жөн көрдүм. Мен теги кыргызстандык кыргыз болуп, азыркы турушту жергем Кытай Кызыл-Суу облусу, Ак-Чий ооданы, анык айтканда Какшаал жергесинин жашоочусумун. Андай болсо эмне үчүн «үркүн» тууралуу кызыгып, «үркүн» тууралуу кеп салууну каалап калдым? Себеп өтө жөнөкөй: мен ошол биз кеп кылмакчы болуп жаткан «үркүндүн» урпактарынан болом. Көзүмдү ачып кулагым кеп уккудай болгондон тартып эле чоң энем Бурулкан Ыманкул кызынын артында учкашып жүрүп «Үркүн» жомогу кулагыма кыт болуп уюп калган болучу.

Ала-Тоо элинде «Үркүн» аталган бул окуя кытай кыргыздарынын айтуусунда «Качкын» деген аталыш менен белгилүү. Бизде качкын окуясы: башкы качкын, орто качкын, кичи (кичи) качкын деп айтылып келет.

1. Чоң качкын (башкы качкын) 1916-жылдардагы Ала-Тоо жергесинен Кытай Кызыл-Суу жергесине качып барышкандарды атаган болуп, алар качып-бозуп жүрүп, каардуу орус падышачылыгынын ырайымсыз огунан кутулганы менен каардуу табыйгаттын каарына катуу тушугуп, орчундуу качкындар «Каракол», «Бедел» сыяктуу асманга боюн такашкан Ала-Тоонун ашууларында борошого кабылышып, набыт кетишкен. Өлгөндөн калган аз бир бөлүктөрү гана азыркы Кытай Кызыл-Суу жергесине ооп барышкан болсо да жарым фиудал, жарым оторчулуктан кутулалбай турган чин империясынын тушунда Кызыл-Суу жергесине ооп барышкан качкындардын күн алып калуу­су оңойго турбаган. Ала-Тоонун ашууларынан аман-эсен өтүп эл караанына барышкан качкындар барган жеринен байыр алып туруп кала алышпай, ар кимиси ар тагдырга тушугуп жүрүп дале ачтык, оору-сыркоолор айынан ач бел, айры жол, адырларда өлүм таап, шейит кетүүгө аргасыз болушкан. Аз гана бир бөлүк адамдар кагылып-согулуп жүрүп, жерлик элдер менен камыр-жумур болуп жашап калышкан.

2. Орто качкын: бул 1920-жылдарда качып, Кытай Кызыл-Суу жергесине ооп баргандарды жерлик элдер «орто качкын» деп атап калышкан. Орто качкын барган мезгилдерде кырдаал кыйла турукташып жакшыланып калган мезгилдерге туш келген болсо керек, Ала-Тоо жергесинен ооп барышкандар барган жерлеринде байырлап калышкан. Бул топтогулардын башында турганы Даныйар казы, Тесек төрөнү атасак болор. Даныйар казы бир атка минип, бир атка китеп жүктөп алып, Какшаал жергесине баргандан кийин издеп сурап жүрүп залкар манасчы Жүсүп Мамайдын аталары болгон Мамай менен Балбайларды издеп тапканы эл оозунда кеп болуп жүрөт. Тесек төрө болсо үч ага инилүү киши Какшаал жергесине ооп барып, бир жыл тургандан кийин үч бир туугандын эки бир тууганы ал жерде тургусу келбей кайра келген жолуна кетип, үч бир туугандын эң кичүүсү болгон Тесек төрө Какшаал жергеси болгон Какшаал дайрасынын боюн байырлап туруп калат. Бул киши отузунчу жылдарда колго түшүп калып кийин 1944-жылы Шинжаң Иледе үч аймак көңтөрүшү парталап Ысакбек генерал үч аймакта мили өкмөттү кургандан кийин түрмөдөн качкан. Баты үч аймакка барып, мили армыйанын сабына катышып, ар-мыйада зор эмгектерди сиңирип, армыйа ичинде кадыр-барктуу аскер башчылылыгына жетип (бул адам тууралуу “генерал Ысакбек” аттуу романда кеңири токтолобуз), 1949-жылы өлкө тынч жол менен азат болгондон кийин ал киши Какшаал, азыркы Ак-Чий ооданынын акими, андан Кызыл-Суу облусу курулганда Кызыл-Суунун орунбасар обулус башчылыгына жетип, чоң кызматтарды аркалап жүрүп 1989-жылы Үрүмчүдө, өкмөттүн багуусу астында дүйнө салган.

3. Кичи (айаккы) качкын: бул 1930-жылдары Ала-Тоо жергесинен Кызыл-Суу жергесине ооп качып баргандар болуп, булардын башында турган кишилер Жаныбек казы, Айтмаарек, ат-башылык Абдылда болуш, Кулчун, айтылуу казалчы Казыбектерди атаса болот. Сөз бул жерге келгенде чериктер козголоңу тууралуу болмок. Колхоздоштуруу­га каршы чыккандар казалчы Казыбекти бетке кармап, чоң атам Кожомгелди менен Орозонун Какшаалда лөк туугандары бар, буларды бирге ала барсак казалчы Казыбектин казалы менен башка элдер менен тең ата болсок, Кожомгелди менен Орозонун туугандары бизди өз ичине батырып калууга жардам берет дешип Ат-Башыдан Какшаал жергесине үркүп качып барышкан.

Ушундан улам болсо керек улам чоңойгон сайын «Качкын» деген аталыш мен үчүн кызык, ары сырдуу туюлуп жүрүп, эсейип эр тарткандан баштап бул жомокко баш отум менен кирип кетипмин. Мен кичик кезим. Ал кезде унаа менен ойдон тоону карай, кыштоодон жаздоону карай, жаздоодон жайлоону карай, жайлоодон кайра кыштоону карай тынымсыз жүрө турган көчмөн турмуштун аркасында чоң энем Бурулкандын артында учкашып жүрүп угарым «Качкындар» тууралуу жомок болмок. Кетип бара жаткан жерде жол боюнда, адырларда, ашууларда, үйүлгөн таштар көрүнсө эле чоң энем Бурулкандын жомогу жалгашып: «Бул качкындардын шейити, куран окуу керек», – деп айтып, атама куран окуу тууралуу тапшырма бере берет болучу. Анда атам бара жаткан жолунан бурулуп, атынан түшө калып, чөгөлөп үйүлүү жаткан таштарга куран окуп болгондон кийин узак жолдо атам, чоң энем, өз энем ортосунда боло турган жомок дале качкындар тууралуу боло берет болучу. Мен чоң энемдин артында атка учкашып кетип бара жатып кулагым качкындар тууралуу жомокко чапташып, чоң энем артында чапташып кетип бара жатып мейип уктап, узун жолун кыскартып жүрүп, чоң болгонум өзүнчө жомок. Ошондон улам болсо керек «Качкын» деген сөз барган сайын түшүнүгүмө айланып, акыл токтоткондо ойлосом өзүм да качкындын тукуму экенимди билип жетип бул ишке болгон кызыгуум ансайын улгайып барды.

Мен мындай жомокту айтуу аркылуу эмне демекчимин?.. «Үркүн» тууралуу кеп салып «үркүндү» изилдөөдө Ала-Тоо аймагынан эле эмес Керме-Тоо аймагы жаткан Теңир-Тоонун түштүк ыптасында «Үркүн» издерин терең изилдөөгө алынса демекчимин. Азыр ушул күндө да Кызыл-Суунун ар кайсы жерлеринде «үркүн» тууралуу жомок менен «үркүн» издерин кеңири тапса болот. Кызыл-Сууга караштуу ар кайсы жерлердин адырлары, ач бел айры жол, ашууларында жаткан үйүлгөн таштарды көрсө жерлик элдер атынын башын бура тартып, куран окуп: «бул качкындардын шейити», – дешип кала турган адат бүгүнкү күндө да жалгашып келет. Демек 1916-жылдардагы чоң көтөрүлүштө элдер Ала-Тоо жергесинде эле кырылып калбас­тан, Кызыл-Суу жергесинде тентип, качып-бозуп жүрүп, кырылып калышкан. Эң ириси бийик ашууларындагы кыргынды кеп салып, изилдешке туура келет. Чоң качкын жылдары «Бедел», «Каракол» сыяктуу кыргыз-кытай аралыгындагы асманга боюн такашкан Ала-Тоо ашууларында бара жаткан жеринен каардуу борошого кабылып калып, жүктүү унаалар жүгү менен, короолуу кой короосу менен, үйүрлүү жылкылар үйүрү менен, борошого буюккан кишилер үзүк-туурдуктарды жамынган бойдон катуу жүргөн борошонун астында калып, кийин 1930-40-жылдары Какшаалдан Арасырт аталган жайларга мал оторлоткону аталган бийик ашуулардан өтүп бара жатканда муз эрип, муз астында ачылып калган көрүнүштөрдү көрүп ошончо жылдардан бери өз баты жатышкан шейиттерди көрүп калышканын таа азыркыга дейре эл оозунда жомок кылып айтып жүрүшөт.

Мындан эмнени түшүнсө болот? Ошол «Чоң качкын» жылдары муз астына түшүп кетишкен кишилер өз баты ушул күнгөчө жаткан болуусу ыктымал. Эгер биз ушул маселеге өңүт буруп ашууларда муз астында жаткан үркүн издерин изилдей турган болсок, али уйку абалында жаткан мүрдөлөргө ээ болуубуз мүмкүн. Ошондой тирүү жаткан мүрдөлөрдү таба турган болсок аны азыркы техниканын жардамы менен тирилтип, «үркүн» тууралуу тирүү матырыйалга (каражатка) ээ болмокпуз. Ал максатка жетсек үркүн сыры кеңири ачылып азыркы үчүн кызмат кылдырып, «үркүн» тууралуу зор төлөм алууга шарт түзүлмөк.

Сөзүмдүн соңунда айтарым «үркүндү» изилдешти Ала-Тоо жергесинен эле эмес, Керме-Тоо жергесинен, анын ичинде Кызыл-Суу чөлкөмүнөн, асманга боюн такашкан Ала-Тоонун ар кайсы ашууларынан изилдесе улуу үркүндүн сыры толук ачылмакчы дегенди баса белгилеп кетким келет. Бул жерде «үркүн» маселеси эле болуп калбастан «кыргыз элинин тарыхы», «санжырасы», улуу «Манасы» жатат. «Үркүн» изинен кыргыз тарыхы Ала-Тоодон Керме-Тоону карай кеткени көрүнүп калып жатат. Даныйар казы эмне үчүн атка китеп жүктөп кетип калган? Албетте каардуу замандын капшабынан кыргыз тарыхын куткарып калуу үчүн Ала-Тоодон Керме-Тоону карай үрккөндөр менен бирге үркүп кеткен. 1960-жылдарга келгенде Төлөк Төрөкан улуу санжыранын изине сая түшүп Даныйар казынын кеткен изин кубалаганда Какшаалдан катубакыт жергесине, андан улуу чөлдү багыт алып Хотен аймагын карай кирип кеткени анык болгон. Бул кеткен из бизге эмнени түшүндүрөт? Бизге «улуу үркүндүн» изи Ала-Тоодон Керме-Тоого, андан ары улуу чөлгө жеткенин, ал из менен «Кыргыз тарыхы», «Санжырасы», «Манас» өңдүү улуу дөөлөттөр Даныйар казынын изи жаткан аймактарда сакталуу бар, аны изилдеп табыш керек деген маселени бизге анык кылып айтып жатат.

Мамбеткадыр уулу 2014-жыл, 8-аяк оона, Какшаал,
“Кыргыз туусу”, 16.09.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий