Замир Эралиев: Cүймөнкул Чокморов адамдын асылы эле

chokmorov8

z_eralievСоюз учурунда дөө-шаа актерлор менен иштешип калган белгилүү режиссер Замир Эралиев менен белгилүү адамдардын кызыктуу тагдырлары тууралуу маек куруп келебиз. Бүгүн кыргыздын дагы бир залкары Сүймөнкул Чокморов тууралуу сөз кылмакчыбыз.

Сγймѳнкул менен алгачкы жолугушуу

1970-жылдар эле мен Москвадан жаңы кайтып келгем. Ошол учурда «Ысык-Көлдүн кызгалдактары» фильми тартылып жаткан учур экен. Бул фильмге менин жеңем Гүлсүн Мамашева да роль жараткан. Тайкем Бообек Ибраев фильмдин режиссеру Болот Шамшиев менен тааныштырды. Ал мени жардамчы катары дароо эле 2-3 күндөн кийин жумушка алды. Сүймөнкул байке менен алгач ошондо тааныштым. Менин таңгалганым: байке мени өмүр бою таанып жүргөн адамындай кабыл алып, жанына алып алды. Съемка 8-9 айга созулду. Биз алты ай «Жууку» деген жайлоодо чогуу бир үйдө жашадык. Съемка болбогон бош күндөрүн Сүймөнкул байке табигаттын кучагында сүрөт тартуу менен өткөрчү. Бир күнү «Жаш режиссер» деп менин да портретимди тартты. Ошондо качандыр бир сиз тууралуу фильм тартам десем ишенбегендей күлүмсүрөгөн. Тагдыр экен. Арадан 16 жыл өткөндөн кийин 1986-жылы «Сүймөнкул Чокморов» деген документалдуу фильм тарттым. Ал 50 минуталык фильмди тартуу, баш-аягы бир жылдай убакытка созулду. Мунун баарына кайран кыргыздын чыгаанынын айыкпас дартка кабылып калганы себепкер эле.

«Эки бөйрөгү иштебей, элүүдөн ашык операцияны башынан кечирди»

Ушул жашка келгени Сүймөнкул байкедей сабырдуу, чыдамдуу, оор басырыктуу адамды кезиктире элекмин. Ички дүйнөсүнө сырткы келбети төп келген адамзаттын асылы эле. Оорунун айынан тирүүлүктүн тозогун тартты. Баш-аягы элүүдөй операцияны башынан кечирди. Эки бөйрөгү иштебей калды. Алгач аралыктары узак болсо, кийинчирээк операциялар тез-тез кайталана баштады. Бир күнү Москвадагы, бир күнү Ташкенттеги бөйрөк борборуна учуп барчу. Тамырларын кескилетип канын тазалатчу. Мурун кан куюлуп жγргѳн жери жакшы болбой, кайра башка жеринен кескиленчγ. Акыркы күндөрү денесинен тамтык жок кыйма-чийме кесике толду. Бир күнү «Оорунун айынан аябай кыйналасыз го» деп суроо узатсам, башынан өткөн бир окуяны айтып берди. «Олтурсам эле өзүнөн-өзү тарамыштарым тартылып, эки бутум бүгүлө баштады. Аялым менен баламды чакырдым. Экөөлөп бутумду тартышса жазылып кетти. Мен бир түйүлгөн боюнча жазылбай кала тургансып чочуптурмун» деп камарыбай айтып берди. Ооруп жаткан кезинде ичи тарсыйып чоңоюп кетти. Ичин тештирди. Бир чакадай ириң менен кан чыкты. Дагы бир кызык жагдай эки бөйрөгү жок адамдар ашып кетсе 5 жыл жашачу. Сүймөнкул байке бекемдиги, жашоого болгон тырышчаактыгы менен 15 жыл жашады. Башка адам болсо тирүүлүктөн, тирүүлөй тозоктон эчак чарчамак. Чаалыкмак. Жашоодон качып кетмек. Мен билген көп эле адамдар бар. Бир аз жаны кыйналып баратса эле жарык дүйнөгө жараткан ата-энесине, кудайга нааразы болот. Сүймөнкул байкеден бир жолу да мындай сөздү эшитпедим.

Сүймөнкул Чокморовдун арманы

Сүймөнкул байке жөнүндө фильм тартып, анын акыркы жылдарында жанында көп болдум. Экөөбүз узакка сүйлөшүп олтурабыз. «Сиз ооруп калбаганда эмне деген каармандар жаралмак» десем, «анда мени Кыргызстандан таппай калмаксыңар. Чехиядан, Германиядан, Япониядан, Москвадван бир айда сөзсүз бир чакыруу келет» деп айтканы бар. «Кыргыздын кыйын режиссерлору тарткан кинолорго тартылдыңыз, өзүңүзгө ыраазысызбы?» деп сурасам, «эң кыйын деген режиссерлор Т.Океев да, Б.Шамшиев да менин толук мүмкүнчүлүгүм ача алган жок. Мен ыраазы болуп, ачылган бир да кино жок», — деди. «А тирүүлүктө эмне арманыңыз бар? десем, «комедияда ойнобой калдым, ошол менин арманым, комедияны катырат элем» дейт. Өзүнүн айылындагы бир чал эшекти казык менен чапкылап жүрүп, эшек чалдын жанына келгенде кантип кыйшайып өтүп калаарын, чынжырга байланган кыргыздын арык итинин башын көтөрүп, үрсөмбү же үрбөй эле койсомбу, үрсөм күчүм кетип калат деп башын көтөрүп кайра жатып калганын көрсөттү. Аялды туураса аял, чалды туураса чал болуп калчу.

Акира Курасованын өкүнүчү

Ал кинодо беш дөө-шаа адам Чокморов тууралуу пикирлерин билдирет. Алар дүйнөлүк актерлор Донатос Банионис, Армян Жигарханян , Алимхан Раев, Чыңгыз Айтматов жана Төлөмүш Океев. «Чокморовсуз кыргыз киносун элестете албайм» дейт Чыңгыз Айтматов. Килейген СССРдин биринчи актерлорунун бири Жигарханян «Чрезвычайный комиссарга» чогуу тартыла баштаганда бул адам сүрөтчү болсо кантип, образга кирээр экен деп кыйналып тургам. Эң сонун ойноп кетти» дейт. Анан дагы Акира Курасованын «дүйнөлүк алдыңкы орунда турган он актердун бири Тосиро Мифуне менен Сүймөнкул Чокморовду бир киного тартсам арманым болбос эле.

Чокморов менен Мифуне. Окшоштуктарын айтпа!
Чокморов менен Мифуне. Окшоштуктарын айтпа!

Сүймөнкул кудум ат үстүндө төрөлгөндөй, ат үстүндө олтурганы керемет» деп айтканы бар. 50 минуталык ал фильмдин премьерасы, байкенин көзү тирүүсүндө Москвадагы бөйрөк борборунда болду. Фильм бүтөөрүнө он минуттай калганда байкени карасам ыйлап олтуруптур. Бул мен үчүн анын мага болгон ыраазылыгы экенин туюп олтурдум.

Нурманбетова Жамиля, «Жаңы Агым» гезитинин кабарчысы,
“Кабар ордо”,  27.08.14

Соц тармактар:

Добавить комментарий