Айырмач

aiyrmach

«Айырмач токуп, малга артып, кайра көчтү эл шашып»
(А. Үсөнбаев).

Бул — жыгач буюму, ээрдин бир түрү.

1). Кичинекей балдар (4—6 жаштардагы) атка минүүгө өбөк. Аны көчмөңдү турмушта өзүнчө тай кунанга мингизүүгө көнүктүрүүгө атайын токулган ээр. Айырмачтын кашы менен артын бирдей кылып, бири-бирине кайчылаш аштала жасалат. Ат үстүнөн бала жыгылбашы үчүн мунун капталдарына туурасынан баланын балтырын кыспагыдай жалпак жыгачтар бекитилет. Айырмачтын үстүнө көпчүк салынат. Үзөңгү ордуна тебүү үчүн көбүнчө териден же кийизден кооздоп жасалган темингиси болот. Айырмачтын кайчылашып ашталган бети кол жеткидей кооздолот. Усталар ага жыгачка таандык оюм-чийимди түшүрүшөт. Ал оюм-чийим, адатта, чагаракталып, «кочкоректенип» кетет. Чийимди каалга бетиндей тереңдете баспоо керек. Буга түшкөн жыгач оюму «ит куйруктанып», «бармак боочу» сыяктанып, көпчүк-көрпөчөдөн анын кашы койкоюп көрүнүп турат. Зергерлер бул токулгуга да күлдүрө күмүш чабышкан. Ээрдин алдыңкы жана арткы гана кашы минтип кооздолушу зарыл.

2) Алдыдагы жана арт жагындагы тик жыгачтарын бири-бирине кайчылаштырып жасайт. Бул — унаага кийиз салып токуп жүк артууга ылайыкташкан ээрдин (ыңырчактын) бир түрү. Көчмөңдүү турмушта минтип ээрдин ар кандайына узануу абдан өнүккөнүн тарых музейлериндеги экспонаттар далилдеп турат. Илгери чабылган айырмачка кичине жошо сүртүп коюшчу. Ал ак жыгачтын өңүн өзгөртүп, кир көтөрүмдүү кылган. Атайын сырдап койгондой буюмдун өңүн ачкан. Азыр аны урунгандар өтө азайды. Мал киндиктүү элет жерлеринде эле ташынып-көчүүдө анча-мынчалар токубаса, кийинки муундар муну музейден гана көрүп калышты. Айырмачты эми өнөрканаларда өзүнчө буюм же белек катары чыгаруу зарыл.

«Айбат», 25.08.2014

Соц тармактар:

Добавить комментарий