Калчоро Көкүлов

kokulovm

Калчоро Көкүлов жана анын чыгармачылыгы тууралуу

Ленин районунун (азыркы Ноокен) Сакалды айылында 1953-жылы 26-февралда туулган.

1970-жылы Токтогул районунун Үч-Терек айылындагы М.Горький атындагы орто мектепти аяктап, Нарын гидроэнергокурулуш мекемесинде иштеген. 1971–1976-ж. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинде окуган.

Чыгармачылыгы мектепте окуп жүргөндө башталып, 1970-жылдан ырлары Токтогул райондук «Учкун» гезитине жарыялаган..

1977-жылдан Кыргыз мамлекеттик телерадиокомитетинде иштеп келет.

Алгачкы «Күзгү обон» аттуу ырлар жыйнагы 1982-жылы жарык көргөн.

1991-жылдан СССР Жазуучулар союзуна мүчө.

Кыргызстан ЛКЖС БКнын Ардак грамоталары менен сыйланган.

 

Ырлар

* * *

Бул дүйнө бир нерсени өңүп турат,
Бул дүйнө бирден-бирди бөлүп турат.
Бир күнү чалкып жаткан мухит болуп,
Бир күнү тамчы суу жок, өлүк турат.

Бирөө бар миң жүйөөгө жеңилбеген,
Бирөө бар миңди жесе семирбеген.
Бирөөнүн бир курсагы тойбой жүрсө,
Бирөөлөр шыбагалаш теңир менен.

Акыры мезгил деген сураары чын,
Акырын «не кылдың» деп тураары чын.
Бирөөлөр, төрт муунуна байлык жыйды,
А менин төрт сап ырым кубанычым.

Атайын амал көрүп кесибимди,
Аларга арта албаймын кесиримди.
Ааламдын ак карасы эгиз бүткөн,
Адамбыз анча-мынча иш кечиримдүү.

Мен деле арык толуп агып турдум,
Мен деле канат күүлөп, кагып турдум.
Пейилиме күүгүм түшүп кетпесин деп,
Пенделик ыйманымды жагып турдум.

Бирөөлөр султан болду, чилтен болду,
Бирөөлөр пайгамбарга бир тең болду.
Энчиме буйрубаптыр андай оомат,
Эсен соо эл ичинде жүрсөм болду!

Бул дүйнө бирде коолап, өнүп турат.
Бул дүйнө бир табылып, төнүп турат.
Бир кезек калдыркандай катып калып,
Бир кезек нөшөр болуп, төгүп турат!

* * *

Менин да эртеңим бар, кечээгим бар,
Менин да жаман-жакшы кезегим бар.
Алда ким сурап калса дайынымды,
Алдына жайып койчу эсебим бар.

Жашоодо ары болдум, бери болдум,
Артыгы, агы болдум, кеми болдум.
Бирөөнү чымчык көрүп, асмандасам,
Бирөөнүн басып жеген жеми болдум.

Жаштыктын жигерин нак туталбадым,
Бирде гүл, бирде тикен тутамдадым.
Жакшыга жаным үйүр жүргөн менен,
Жаманга дүрт деп жанып, тутанбадым.

Карабай жакшы менен жаманыма,
Бирөөлөр ашык болду карааныма.
Бирөөнүн ай чырайын аңыз кылып,
Бирөөнүн күйүп жүрдүм жамалына.

Ал эми абай салып карасаңыз,
Азайып жылдан жылга аласабыз.
Акырын алдан кетип, күүдөн тайып,
Акырын биз улгайып баратабыз.

Тиргилик тирүүлүктүн касабы экен.
Тирүүлүк тиргиликтин мазагы экен.
Күн сайын күйүп жүрүү парз болсо да,
Күн сайын күлүп жүрүү — азап экен.

Менин да бүгүнүм бар, кечээгим бар.
Менин да жаман жакшы дешээрим бар.
Атайлап сурап калса кимдигимди,
Алып чыгып, сунуп турчу эсебим бар.

 

* * *

Ыраазымын көбү менен азына,
Ыр издедим, ырдан жыйып казына.
Кезеги төп, эсеби төп, дүйнө экен,
Келип турам алтымыштын жазына.

Бирде түтүн, бирде күйгөн жалынмын,
Бирде тапсам, бирде сурап сабылдым.
Мен тилесем ыр тиледим теңирден,
Мен жаңылсам, ыр деп атып жаңылдым.

Ыр санатым ырдан алыс чыга албайм.
Ыр канатым, ырсыз карыш жыла албайм.
Ыр сурап кел, ыр берип кет болбосо,
Ырдан башка алыш-бериш кыла албайм.

Эсеби дүң азы менен көбүнүн.
Эсенчилик, анан ыр бер теңирим.
Ыр деп жүрүп таң агарып, күн батып,
Ыр деп жүрүп өтүп атат өмүрүм…

 

* * *

Кимдин канча дарманы бар ким билет,
Бирден алып, кайра бирге сүргүлөп.
Дүйнө гана кагып турат эсебин,
Дүйнө зүкүт салып турат дүңгүрөп.

Бирин билсек, бирин билбей шүк болдук,
Бирибизге экинчибиз жүк болдук.
Андан буга, мындан ага жүгүрүп,
Амалы артып, бийлеп турат сүткорлук.

Бирин жыгып, бирин сүрүп тебелеп,
Бирин сөгүп, бирин кагып, жемелеп.
Аалам бүгүн доңшуп турат, көр болуп,
Аалам бүгүн көңсүп турат желелеп…

 

* * *

Ай асмандын сурап турам жемишин,
Акыл ойдун бийигисиң мен үчүн.
Менин кыйын, сага жетип бармагым.
Сенин кыйын, мага түшүп келишиң.

Алдым күүгүм, артым кара мунарык,
Жараткандан жардам күттүм, суранып.
Ай жылдарым өтүп жатат акырын,
Арман гөйгө, азап, шорго чыланып.

Асылдыктын, абаттыктын төрүсүң,
Адалдыктын, адамдыктын демисиң.
Менин кыйын сага чыгып бармагым,
Сенин кыйын мага түшүп келишиң.

Аалам болуп, аска болуп, турушуң,
Азиз нурсуң, акак, бермет, шурусуң.
Айды карап, күндү карап үшкүрүп,
Аргасы жок көргөн күнүң курусуң.

Сенде сымбат, сенде чырай, келишим.
Сен чүрөксүң, сен ак куусуң, перисиң.
Менин азап, сага чыгып бармагым,
Сенин кыйын, мага түшүп келишиң…

 

* * *

Бул жарыктан нээни гана көрбөдүм,
Нечен чөктүм, нечен кайра өрдөдүм.
Ата-баба изи болду басканым,
Ата-баба жолу болду өнмөгүм.

Атам кийген ак калпакты кийбесем,
Атам сүйгөн ала-тоону сүйбөсөм.
Амандыгым айткылачы кайсы олжо,
Адалдыкка азиз башты ийбесем.

Кыяматтык иш кетирсе тирүүлөр,
Кылапаты кыйла жылга билинер.
Карындаштар кантип карап жүзүңдү,
Кантип жүрөм араңарда инилер?!

Кара дилим кара желек ыргаса,
Кара жиним каралыгы ырбаса.
Жабыккандын даба болуп дартына,
Жазган ырым жарык чачып турбаса.

Анда менин баскан жолум ала экен.
Анда менин кылган ишим чала экен.
Айткан сөзүм арык аттап суу кечпейт,
Атаң көрү, адамдыгым алешем…

Эч болбосо эртеңкиге өрнөгүм,
Эш болбосо эл-журтума бергеним,
Азирети андай күнүң көрсөтпө,
Анда менин тирүү туруп өлгөнүм!

 

* * *

Калысы сүйлөп чет жерди,
Карысы сүйлөп бет келди.
Кашайып калып, замана,
Карышкыр болуп кеткенби.

Ажосу сүйлөп жалганды,
Ажысы сүйлөп армандуу.
Алжыган ушул замана,
Ажына болуп калганбы.

Дубаны турбай жаңырып,
Душманы өздөн табылып.
Дуулдап турат кайран журт,
Дубана болуп, ак уруп.

Керүүгө малын жайган бар,
Кеп жебей жүргөн айбан бар.
Келжиреп турган, наалаты,
Келесо балдар пайгамбар.

Акылдын нуру өчкөнбү,
Ар намыс жерде тепсенди.
Аң-дөңдү билбей замана,
Аңгүдүк болуп кеткенби…

 

* * *

Эзилген кезде эзилип,
Эшилген кезде эшилип.
Эртелеп барып бирине,
Энтеңдеп бирде кечигип.

Кысылган жерде кысылып,
Сызылган жерде сызылып.
Бирөөнү кармап олжолоп,
Бирөөнү колдон учуруп.

Шашылган жерден шашылып,
Ашынган жерден ашынып.
Бирине жетип шап кармап,
Бирине жетпей качырып.

Жанчылган жерден жанчылып,
Тартылган жерден тартылып.
Биринин калып чаңында,
Бирөөнү чаңга калтырып.

Үлгүргөн жерден үлгүрүп,
Үлгүрбөй калсам сүрдүгүп.
Энчилеш болуп мен менен,
Эрмешип келет тиргилик…

 

* * *

Колуңду кайрып артыңа.
Тебелей берет, тебелей,
Бутуңду матап мамыга.
Тебелей берет, тебелей.
Сүр кетип бүткөн боюңдан,
Сүйлөсөң тилиң келегей.

Жок десең жаагың карышып,
Аптыга калып, аптыга.
Ак десең акка боор тартып,
Аптыга калып, аптыга.
Чарайна чайнап алгансып,
Чагылган түшөт бактыңа.

Эркиңе койбой эсирип,
Төбөлөй берет төбөлөй.
Эзме кул кылып, өчүгүп,
Төбөлөй берет төбөлөй.
Ээрчиме сөзгө түшкүн дейт,
Эсинен танган немедей.

Дулдуюп турсаң үндөбөй.
Душманың күлөт табалап.
Акыйып турсаң аргасыз.
Амалдуу күлөт табалап,
Жабыгып турат курган жан,
Жабышып турат жаман ат.

Өзүңдү кайрап өзүңө.
Өгөлөй берет өгөлөй.
Өмүрдү салып убайга,
Өгөлөй берет, өгөлөй.
Өрт болуп турат душманың,
Өзүнө жанды теңебей.

Карайлап калсаң капилет.
Кашкая карап күлө бил.
Кемисең бир аз катардан,
Кериле басып жүрө бил.
Кайрыгы катуу бул жашоо.
Кайгуулу катуу бул өмүр…

 

* * *

Дүйнө сен дүйнө болсоң,
Адилет, калыс болсоң,
Бактыга шерик болсоң,
Кайгыдан алыс болсоң.
Сени деп кашкөйлөнүп,
Селпейип жайдак келем.
Дүйнө сен дүйнө болсоң,
Дүңкүйүп калмак белең…
Дүйнө сен дүйнө болсоң,
Март болсоң, кенен болсоң,
Айкашта атам болуп,
Азапта энем болсоң,
Тарта тур тизгиниңди,
Кое тур шашмалыгың.
Биле жүр баш кадырын.

Дүйнө сен дүйнө болсоң,
Сезе жүр ач кадырын.
Дүйнө сен дүйнө болсоң,
Кол тийгис асем болсоң.
Көз жеткис бийик болсоң.
Сөз жеткис көсөм болсоң.
Анда эмне мээнет болуп,
Бүткөнсүң жалаң терден!
Үнүңөн жүрөк үшүп,
Түрүңөн коркот пендең!

 

* * *

Ар нерсенин келет күнү, ай, жылы,
Ар учурдун болот азап, айдыңы.
Бийди бир күн чалып жыгат бийлиги,
Байды бир күн алып тынат байлыгы.

Арыла албай тээ качанкы дартыман,
Аттай албай акак сүйүү шартынан.
Көөдөн менен, көңүл менен жоолашып,
Көр дүйнөнүн түшө албадым артынан.

Бийлигине, байлыгына барбадым,
Бир өзүңү медер тутуп зарладым.
Кара башка кубат болду, дем болду,
Карегиңен бир кагылып алганым…

Азыр чачты ак аралап кар баскан,
Атаң көрү, карылык бар жармашкан.
Бүгүн бирөө таштайм десин асманын,
Бүт дүйнөнү карааныңа алмашпайм…

Ар нерсенин болот азы, арбыны,
Ар учурдун болот кеңи, тардыгы.
Бекти бир күн чалып жыгат бектиги,
Ханды бир күн алып тынат хандыгы…

 

* * *

Сүй деди тагдыр, сүйбөдүм,
Күй деди тагдыр, күйбөдүм.
Буладай сырын чубадым,
Булуттай көчкөн дүйнөнүн.

Кемели кетип толкуган,
Келечек күмөн, жол туман.
Кыйырын ченеп кылымдын,
Кыйсыпыр түшүп олтурам.

Мезгилин турат чиренген,
Мээнетиң турат тирелген.
Ар намыс менен айкөлдүк,
Алп Манас менен бир өлгөн.

Айдыңың калып гүл өнгөн,
Асманың калып түнөргөн.
Адилдик,актык,аруулук,
Айтматов өлгөн күнү өлгөн.

Мезгилди жаадай ийбедим,
Мээленген тушка тийбедим.
Атаңдын көрү, замана,
Атаңдын көрү, дүйнө күн !!!

 

* * *

Жарык төккөн айдай болуп кылайып,
Жашыңызга келбейм дейсиң ылайык.
Кантсе дагы мезгил көк бет неме экен,
Кантсе дагы өмүр барат кыярып.

Айла болбой аяп айткан сөзүң да,
Айла болбой ай-мончоктой кезиң да.
Адебиме, акылыма бой бербей,
Айланчыктап туруп алдым өзүм саа.

Мейли мени ыймансыз деп сындашсын,
Мейли мени ынсапсызга ылгашсын.
Ыр-чыры көп, ызы-чуулуу дүйнөдө,
Ыймандан да, ынсаптан да кымбатсың.

Башка тура башкалардын билгени,
Башка тура бала-чака үй жөнү.
Башкача бир шоола болдуң жаныма,
Башка түргө бөлөп турган дүйнөнү.

Асман сүргөн ак булуттай кылайып,
Агай жакын турбайм дейсиң кыналып.
Мезгил тушап кол-бутумду, эркимди,
Мен өзүмдөн өзүм жүрөм уялып.

Мейли мени акылсыз деп күлүшсүн,
Мейли мени айбирсиз деп күйүксүн.
Ак карасы аралашкан дүйнөдө,
Акылдан да, айбирден да бийиксиң!!!

 

 

* * *

Бардар дүйнө айлындамын азыр мен,
Баарын түгөл айтып берсем сага аны.
Бирок дале эзип күздүн жамгыры,
Бирок дале тытат күздүн шамалы.

Көйгөйү көп күндөн өтүп канча ирет,
Бирин билип, бирин кайра билбедим.
Бирок дале кыйнап турат бир нерсе,
Бирок дале сыздап турат бир жерим.

Жокко жоктой кайыл болуш кеп бекен,
Жок деш болбойт, ичер оокат, үй белен.
Жоктоп калдык жоомарт мүнөз кең пейил,
Жолон деген (Мамытов) акын өтүп дүйнөдөн.

Барга бардай түтүп коюш кеп бекен,
Байып калдык, базарыбыз жаңырды.
Бапа болбос байлыгыңды урдум деп,
Баарын таштап басып кетти Табылды. (Муканов)

Барар жериң тегирмендин ташы да,
Бар өмүрүң баасы мажес тыйындай.
Баш аламан, чакчелекей дүйнөдө,
Басар жолуң кыяматтын кылындай.

Мээнетине түтүш азап турмуштун,
Мезгил чотун кагат калбай жан-алы.
Мени дале эзип күздүн жамгыры,
Мени дале тытат күздүн шамалы…

 

 

* * *

Бул дүйнөнүн болот азап айдыңы,
Бул дүйнөнүн болот аза, кайрымы.
Бекти бир күн чалып жыгат бектиги,
Байды бир күн алып тынат байлыгы.

Арыла албай тээ качанкы дартыман,
Аттай албай ыйык сүйүү шартынан.
Көңүл менен, көөдөн менен жоолашып,
Көр дүйнөнүн түшө албадым артынан.

Байлыгына, бийлигине барбадым,
Бир өзүңдү медер кылып зарладым.
Кара башка калка болду, дем болду,
Карегиңден бир кагылып алганым.

Азыр чачты ак аралап кар баскан,
Атаң көрү карылык бар жармашкан.
Бүгүн бирөө таштап ийсин асманын,
Бүт дүйнөнү карааныңа алмашпайм.

Бул ааламдын болот кеңи тардыгы,
Бул ааламдын болот азы, арбыны.
Бийди бир күн чалып жыгат бийлиги,
Ханды бир күн алып тынат хандыгы…

 

 

АПТАПТУУ АЙЫЛ ЖЕ БАЛАЛЫК ЖӨНҮНДӨГҮ АЙЛАМПА ЫР

Күн тепсеп жүрчүбүз биз,
Кадимки күндү тепсеп шыркыратып.
Аптапта күчөп кайра,
«Жаа тартып», «Мылтык атып».
Кечинде күн кайтканда,
Кайтабыз түнөгөнү,
Коркобуз апабыздын жемесинен,
Кооптонуп, жүрөк «өлүп».
Кайра эле таң атканда,
Тыпыйган жапыс үйдөн чыгар менен,
Күн бизди күтүп турчу,
Сагаалап босогодо.
Иттерге убал болчу,
Иттерге күн дос эмес,
Көлөкө издейт алар,
Кашаадан, там артынан,
Тилдерин салаңдатып,
Акактап жатыш үчүн…

Күн өрттөп тийип көктөн,
Чымчыктар безилдешет.
Суу керек. Суу жок алыс,
Жүгөрү күйүп кеткен…
Биз гана сырттандардай
Жүрөбүз жалын кечип,
Күн кечип шыркыратып,
«Жаа тартып», «мылтык атып».
Өкүлдөйт чоң кишилер,
Өзүнүн иши менен бара жатып.
Көлкүлдөп эрип майдай,
Көлөкө, көлөкө издейт
Аптаптан кара башын ала качып.
Кыштообай арабакеч
Аттарын лаалатып чоң жол менен
Ун тартып өтүп барат.
Ун эмес, жок ун эмес,
Күн тартып өтүп барат.
Анткени ун жок азыр,
Күн, аптап кайда барба.
Чоңдорго жаман эле,
Жакшы эле майдаларга.
Чоң жолду бүтүн ээлеп,
Базарды бүтүн ээлеп,
МТСтин короосунун сыртын ээлеп,
«Чарбалык буюм» деген дүкөндү ээлеп,
Күн кечип чуркап жүргөн шыркыратып,
Күн көкүл балдар элек.

Чоңдоруң кызык болот,
Балдарды мадыра баш, тентек дешип,
Өздөрү бир бошобой жумушунан,
Эрте кеч барып келип селпектешип.
Араң жан күн өткөрүп,
Аптапты сөгүп коюп,
Бир күйүп, бир өрттөнүп.
Тентекти тапкан экен!
Биз билбейт бекенбиз же,
Орозбай ууру экенин,
Зымпыйган Зымыш деген келин менен,
Бөрүгул «Жакшы» экенин.
дегеле тоотуп койбойт,
Дегеле ким экен деп көзүнө илбейт
Ээн калса эзилишип,
Бөрүгул опузалап бизди тилдейт.
Дүкөндү иле коюп,
А бизге бир ууч момпо бере коюп,
«Баргыла, баргыла!»- дейт.
«Кеткиле, кеткиле!» деп шашып коет.
Аскарга айталычы,
Экөөнү эки жерге асып коет,
Болбосо атып коет.

Орозбай куруп кетсин,
Кампадан үрөн уурдайт.
Карагай темир уурдайт,
Айры уурдайт, күрөк уурдайт.
Кыдыйган кампачыны,
Баладай алдап турат.
Күндүзү койдон момун боло калып,
Түнкүсүн бүт кампаны «кармап» турат.
Кодойгон кампачыны көргөн сайын,
Кокуйга бооруң ачыйт.
Кол түртмө арабасын кылдыратып,
Орозбай таң аткыча,
Кампанын теңин ташыйт.

Тентекти тапкан экен,
Биз эмне билбейбизби,
Бозочу Айнакандын,
Почтого көп бараарын,
Почтоонун начальнигин,
Баладай башкараарын.
Алтын тиш ал начальник,
Карабай каргадай төрт баласына,
Бозочу Айнакандын тун кызына.
(күйөөдөн ажырашкан)
Түнкүсүн жылып келип баш багаарын.
Дегеле күжүңдөшүп,
Бала деп теңсинишпейт.
Күн кечип шыркыратып,
Көчөдө биз жүрөбүз.
Айылды алты айланып,
Аңтарып биз түрөбүз.
Ким менен ким урушуп,
Ким менен ким табышты,
Баардыгын биз билебиз…

Аптапта баары башка,
Аскербай күркүрөтүп эгин чабат.
Күндү ээрчип комбайыны,
Күнүнө бир аянттын теңин чабат.
Өхөлөп жүргүнчүлөр,
«Өй шоопур айдасаңчы,
Өрттөнүп кетебиз» дейт.
Өйдөңкү коктуларды бүт кыдырып,
Өскөнбай эшек издейт.
Кетменин арта салып ийинине,
Тажибай алыш бойлойт
Суу издеп жаны чыгып.
Кашкайып баары менен саламдашып,
Зымпыйган Зымыш деле,
Жароокер, ары сылык.
Орозбай куу кекиртек
Күзөтүн бүтүп турат.
Кыдыйган кампачыны күтүп турат.

Аптаптан адам кыйын,
Бир күндү кур шыбага жөнөтүшпөйт.
Ит кана иттик кылып көлөкө издейт…

Айкашып күн менен жер,
Калгансыйт сагынышып.
Чымылдап чуркайбыз биз,
Күн кечип алып учуп.
Күн өпкөн көчө менен,
Ит кана иттик кылып көлөкө издейт,
Эч милдет өтөбөгөн.
А биздин мүдөөбүз бар:
Базарды көрүш керек!
МТСке барыш керек!
Чарбалык дүкөнгө да кириш керек!
Зымышты, Бөрүгулду билиш керек!
Бир чөнтөк момпосуйду алыш керек!
Кыз жандуу агалардын,
Каттарын ташыш керек!
Кыскасы шашыш керек!!!

Күн көкүл балдырыбыз,
Күн өпкөн бир айылдын,
Баардыгын билип турган.
Баардыгын сүйүп турган.
Күн көкүл балдарыбыз.

Бир айыл энчибизде,
Билебиз алма багын.
Уурдайбыз алмаларын.
Чоңдордун жөнү башка,
Аптапты жактырышпайт
Өхөлөп, бирок кандай арга кылмак.
Күн көкүл балдарбыз биз,
Күн көкүл, карга шыйрак.
Аскерден кайтып келген,
Агалар сырын айтып,
Акырын сүрөт берет,
Кат берет, тосуп алып.
Ээсине тапшырабыз,
Эжелеп окуп алып.
Кааласак, базар жакка баш багабыз,
Кааласак, чайкоочуну ташка алабыз.
Кааласак кат беребиз,
Кааласак, кайра жообун апкелебиз.
Акыры иши бизге түшүп турса,
Агалар анан кандай арга кылмак.
Күн көкүл балдарбыз биз,
Күн көкүл, карга шыйрак…
Күн тепсеп жүрөбүз биз,
Кадимки күндү тепсеп шыркыратып.
Аптапта күчөп кайра,
«Жаа тртып», «Мылтык атып»…

Чатырлар ак, көк, кызыл,
Баягы жер тамдар жок тыпырайган.
Мезгилдин өтүшү бул,
Биз эми жигит болдук
Кычырап мурут коюп.
Баягы биздей балдар,
Ойношот чуркурашып.
Кып кызыл закым кечип,
Күн кечип шыркыратып.
От кечип чуркайт алар,
Аптпата бир кебелбей.
Огеле элпек десең,
Кат ташыр кептерлердей.
МТСтин кароолчусун жазгырат да,
Култ коюп кирип барат.
Оголе тентек булар,
Огеле тирикарак.
Жабышып арабага жарганаттай,
Өзөнгө барат булар.
Бир туруп момун болсо,
Бир туруп «каракчылар».
Алманын кароолчусу
Таба албай кыларга айла
Ысыкта ныксырабайт,
Уктабайт булар барда.

Аптапка балкып дене,
Нур тамат көзүбүздөн.
Баягы дүкөн азыр «Супермаркет»
Кампаны көчүрүшкөн.
Орозбай оору болуп,
Төшөктө көптөн бери.
Бөрүгул дале мурап,
Алыштын башын ээлеп.
Эшекти эч ким минбейт,
Айылда машийне көп.
Өзгөрдү дүйнө бүтүн.
Өзгөрбөйт балдар гана,
Күн өпкөн бир айылдын,
Дүпүлдөк жүрөгүндөй.
Жашоонун учугундай,
Өмүрдүн үрөөнүндөй.
Аптапта чуркайт алар,
Чуу түшүп чуркурашып.
Ааламдын көөрүгүндөй,
Күн кечип шыркыратып…

 

 

* * *

Кимге жакшы ким бирөгө жаманмын,
Күүсүн тыңшап, ырын уктум шамалдын.
Мээнетине түтүп жүрөм жүгүрүп,
Менсиз деле чым дебеген замандын.

Бирде күлүп, бирде туруп эчкирдим,
Бирин эрте, дагы бирин кеч билдим.
Тереңдигин сезип атам акырын,
Менсиз деле тегеренчү мезгилдин.

Бирин жыгып, бирин түзөп тургуздум,
Бирин кийрип, бирин сыртка ыргыттым.
Мен бармын деп жолун тостум эрбеңдеп,
Менсиз деле иши жүрчү турмуштун.

Бир түймөнүн түйүп жүрөм түйүнүн,
Бир чийменин чийип жүрөм чийинин.
Мээнетине түткөн болом калп эле,
Менсиз деле гүлдөй берчү сүйүүнүн.

Мен ушинтип күнүн көрөм пенденин,
Мени карап, мени багат эл жерим.
Бир өмүрдө чама чаркым чак болуп,
Бир кышыңа чарык болуп бербедим.

Нени билдим, эмнелерди билбедим,
Кимге безер, кимине азар сүйлөдүм.
Жашап жүрөм этегине эрмешип,
Менсиз деле быш дебеген дүйнөнүн…

 

 

* * *

Кичинекей топусу бар,
Шым күрмөсү кичине.
Кичинекей көзү менен,
Карап калчу кишиге.

Кичинекей колдору бар,
Кичинекей буттары.
Кичинекей, кичинекей,
Кичинекей бүт баары.

Каз-каздаса, жөлөп таяп,
Кичинекей тура алчу.
Кишиликтүү апасынын,
Кибиреген кубанчы.

-Жетет эми көп муңканба,
Көз жашыңды тый, болду!
Кичинекей чарчаганда,
Кичинекей ый болду.

Аман болсо дагы төрөйт,
Күйүт өчөт ай, жылдык.
Кичинекей жүрөк сыздап,
Кичинекей кайгырдык.

Каадасынча казганактап,
Эл келген жок топурап.
Мүрзөсүнө үйүп койдук,
Кичинекей топурак…

 

Соц тармактар:

Калчоро Көкүлов: 1 комментарий

Добавить комментарий