Күрүчтүн пайдалуу баалуулуктары жана бышыруу ыкмасы

kuruch

Дегеле, күрүчтү жөн эле майлуу кылып басып жебей, анын пайдалуулугун да карайлы.

Албетте, ар бир кожойке ашканада адамдын табитин ача турган даамдуу тамактарды жасагысы келет. Тамак канчалык даамдуу, майлуу жасалган сайын, анын ден-соолукка зыяны ошончолук кєбүрөөк экенин эч ким билгиси да келбейт. Себеби, куурулган, майлуу тамактардын көбү даамдуу, бирок мындай даам анчалык пайдалуу эмес. Андыктан адамдын ден-соолугуна пайда алып келип, ашыкча салмак кошпой, тескерисинче салмакты бир калыпта алып жүрүүгө боло турган күрүчтүн пайдасын билели.

Күрүч

Бул азыкты көпчүлүк учурда коюу тамактарда пайдаланаарын баарыбыз эле билебиз. Бирок, аны куурулган азыктар менен аралаштырып жегенден көрө, бир аз өсүмдүк майын, мала туз кошуп сууга эле бышыруу ден-соолукка эбегейсиз пайдалуу. Күрүчтүн адамдын организминде сиңимдүүлүгү да мыкты, ал крахмалга, белокко бай, ар кандай витаминдер, минералдык заттар көп.

Аны кантип даярдоо керек?

Күрүчтү даярдоодон мурда аны таза жууп алган оң. Мискейге суу же эттин шорпосун куюп, ал кайнагандан кийин жуулган күрүчтү салып, кайнатуу керек. Кайнап жаткан күрүчтү бир нече жолу аралаштырып койсо болот. Аны канчалык кайнатуу керек экенин ар бир кожойке өздөрү көз болжолу менен билишет. Анын үстүнө күрүчтүн эрте же кеч бышуусу алардын сортуна да жараша болот. Эгер бири-бирине жабышпай, чачырап бышканын кааласаңыз күрүчтүн суусу андан эки эсе көбүрөөк болушу шарт. Мисалы, бир табак күрүчкө эки табак суу куюу керек. Негизи күрүчтү куурубай, кайнатма кылып бышыруу пайдалуу. Куурулбай, кайнатылып бышырылган күрүч диета кармаган адамдардын баардыгына сунушталат.

Күрүчтү көп жеген адамдын энергиясы ашып-ташып, сергек болот. Ал адамдын ичегисинин иштешине да мыкты жардам берет. Адамдын канындагы кантты, теридеги кан айланууну, кан басымды бир калыпта кармап, жүрөк жана дизентерия оорусун алдын алат.

Кызыл, өзгөн күрүчүнү пайдасы

Кызыл күрүчтү бизде «Өзгөн күрүчү» деп аташат. Бул күрүч актарга караганда витаминдерге абдан бай жана ден соолукка да пайдасы зор. Мисалы, аялды климакс учурунда ар кандай оорулардан сактайт, эмчек рагын алдын алат. Анүчүн күрүчтү жумасына 2-3 жолу кайнатма түрүндө жеп турушу керек. Андан тышкары кызыл күрүч адамдагы холестеринди азайтып, арыктатат жана кайра семиртпейт.

Күрүчтүн курамындагы баалуу элементтер:

Күрүч татаал углеводдорго бай. Ал биздин булчуң ткандарына энергияны тынымсыз агылып турушун шарттайт. Күрүчтүн курамындагы углевод 78 %га чейин жетет.

Күрүч А, С жана В тобунун витаминдерин өзүнө камтыйт. В тобунун витаминдери нерв системасын бекемдейт. Ошондой эле алар организмдеги азыктандыруучу заттардын энергияга айлануу процессинде негизги ролду ойнойт. Чачтын, тырмактын абалы да бул витаминдерден көз каранды эмеспи.

Күрүчтүн 7-8 %ын белок түзөт. 100 грамм күрүчтө 4,1 грам белок болот. Башка дан өсүмдүктөрүнөн айырмаланып, күрүчтүн данында айрым адамдарда аллергияны чакыруучу глютен аттуу белок жок.

Күрүчтө туз дээрлик жок. Ал калийге бай. Бул минерал организме башка азык заттар аркылуу келип, түшкөн туздун деңгээлин нейтралдаштырып турат. Ошондой эле күрүчтө фосфордун, цинктин, темирдин, кальцийдин жана йоддун көп өлчөмү камтылган.

Күрүчтө клетчатка көп деле эмес 3-4 %. Ал эми организмдин клетчаткага болгон муктаждыгын жашылчалар менен толтуруп алууга болот.

Күрүчтүн тарых-таржымалы

* Дүйнөдө күрүчтүн жети миңден ашык түрү бар

* Байыркылар күрүчтүн да адам сыяктуу ички дүйнөсү бар, эгер ага туура эмес мамиле кылсаң жооп берүүгө туура келет деп эсептешкен.

* Бир килограмм күрүч өстүрүүгө беш миң литр суу керектелет экен.

* Жапон автомобилинин «Тоуота» аттуу аталышы түшүмдүү күрүч талаасы дегенди түшүрдүрөт.

* Кытай, Жапония, Индия, Индонезия сыяктуу өлкөлөрдө күрүч бир гана азык эмес, ал бул өлкөлөрдүн маданиятынын жана цивилизациясынын бир бөлүгү. Анан да аны Кудайдын белеги, жашоонун символу деп эсептешет.

* Айрым өлкөлөрдө жаңы үйлөнгөндөргө ийгилик, бакыт каалоо менен күрүч чачуу салты жашайт.

* Жапон окумуштуулары күрүч бир гана ден-соолукка пайдалуу эмес, анын эске тутууну жана акыл-эсти да жакшыртарын айтышкан.

Андыктан ар бир кожойкенин ашканасында күрүчтүн болгону, андан көбүрөөк пайдалуу тамактарды жасоону сунуштайт элек.

Назгүл Калмамбетова, «Кабар ордо», 18.09.14

Соц тармактар:

Добавить комментарий