«Тирүүлөрдүн кудайы» жашаган Тибетте

tibette

«Санжыра» борборунун директору Асыкбек Оморов баштаган тарыхый-санжыра борборунун экспедиция курамы 2013-14-жылдары кыргыздар жашаган Евразиянын аймактары болгон СУАР, Алтай Республикасы, Тоолуу-Шория, Тоолуу Бадахшан, Хакасия, Бурятия, Тыва, Мажарстан республикалары, Россиянын бир катар шаарлары болгон Барнаул, Томск, Омск, Красноярск, Иркутск, Чита, Забайкалье, Абагайтуй шаарларынан архивдик материалдарды чогултуп келген. Жакында бул илимий-тарыхый экспедиция Монголиянын жана Кытайдын Тибет аймактарында жашаган кыргыздар жашаган жерлерди изилдеп келди. Чогултулган материалдардын негизинде кыргыздын 40 томдук санжырасы 40 млн. сомго илимий багытта жазылмакчы. Бул чоң долбоордун автору жана демөөрчүсү – белгилүү коомдук ишмер Рустам Маманов. Мына ушул сапардан А.Оморовдун аңгеме-чабытын окурмандарга сунуш кылабыз.

Биздин тарыхый-илимий экспедиция курамы ушул жылдын 22-августунда Үрүмчү шаарына учуп барды. Ал жерде аэропортто Кытайда жашаган, кыргыз дегенде ичкен тамагын жерге койгон патриот адамдар Эсентур Макеш уулу жана Мамбет Үсөн уулу экөө тосуп алышты. Биз ошол замат кеч болсо дагы кайрадан жолго чыктык. Үрүмчүдөн чыкканда Турпан шаары аркылуу Бычан району, Сары-Көл, Жети-Кудук («Кызыл-Тоонун оозу» деп аталат), Жан-Булак, Шууту (Шаты), Кумул (Булуңду чыңда, бекемде), Сан-Дао-Линь (Таранчы), Сары-Дөң, Жийделик, Дөрбөлжүн, Дөбөлдүрүк, Эски шаар, Астана базары, Кош-Тикен, Жайүген, Гянь-Су өлкөсү, Ички Монгул автономия району, Гуанши Жуаң зуу автономия району, Тибет Чин-Хай-Ши заңзуу автономия району, Тибет Чин-Хай-Ши заңзу автономия районунун борбор шаары Датуң жана Шиниң шаарларына барып кайра артка тарттык.

Жолго түнү менен чыкканыбыздын да орчундуу себеби бар эле. Анткени Үрүмчүдөн чыкканда жолдо 180 км. аралыкта Турпан шаары жана ойдуңу жайгашкан, ал жер дүйнө жүзү боюнча деңиз деңгээлинен эң төмөн минус – 980 м. деңгээлде, жайкысын аябай ысыган күндөрү +650, +700 ка чейин жетет, түнкүсүн + 380, +420 ка жетет, ошол себептен түн ичинде ал аймактан биз тез өтүп кетишибиз керек эле. Аймак ысык болгонуна байланыштуу Турпандын экинчи аты «Жүзүм мекени» деп аталат. Жүзүм кургатылган атайы имараттардын төрт тарабы тең жарым кирпич менен тешик кылып атайы курулган, шамал кайсыл багыттан соксо туш тарабынан чыгып жүзүмдүн тез кургаганына жакшы шарт түзүлгөн. Аймакта мындай имараттар аябай көп курулган. Турпан андан сырткары жер алдынан чыккан нефть кенине дагы аябай бай. Ал жерде нефтини иштетүүчү завод дагы курулган.

Кытайда экология боюнча иштер жакшы жолго коюлуп, бийлик тарабынан катуу көзөмөлгө алынган, ал боюнча бардык жерлерде үзүрлүү жана натыйжалуу иштерди аткарышат. Кытай аймактары боюнча казылып алынган тоо кен жана иштетилген нефть жерлеринен баштап, жаңыдан курулган жолдордун карьерлерине чейин рекультивация (иштетилген жерлерди калыптандыруу, мал жайытына ыңгайлаштыруу боюнча) иштери эң жакшы жолго коюлган.

Кытай боюнча 22 өлкө, 6 автономиялык район, бир автономиялык республика бар.

Көчмөндөрдөн атайы тосулган Улуу кытай сепилинин 6,4 миң км. түгөнгөн чеги ушул Тибет Чин-Хай-Ши заңзуу автономиялык районунун Жайүгөн шаары болуп эсептелет. Шаар кичинекей, өтө таза шаар. Кытай дүйнөдө ички дүң продукция боюнча карыз болсо дагы экономика жагынан тез өнүгүп жаткан мамлекеттердин бири. Азыркы учурда Кытай Эл Республикасынын председатели Си Цзинпинь коррупцияга каршы катуу иш жүргүзүп жатат, андан сырткары ички жарандар арасында тартипти сактоо боюнча дагы жакшы багыттарды камтыган саясат иштерин баштаган. Эгер ушундай саясат бардык мамлекеттерде жүргүзүлүп, практикалык жактан мыйзам жакшы иштесе, анда элдин күнүмдүк жашоо шарттары дагы жакшырат эмеспи. Бул багытта мамлекеттин чоң чиновниктери көп суммада акча жешип сот аркылуу далилденсе, анда, андай адамдар жазасына бир айдын ичинде атууга кетет. Эгер аз суммада жеп, сот аркылуу далилденсе, анда, андай адамдар 30 жылга түрмөгө сөзсүз түрдө отургузулат. Ушундай катуу мыйзамды биздин эл башкаруучулар дагы колдоп, практикалык жактан катуу көзөмөлгө алынса, мыйзамдын аткарылыш талаптары жакшы жолго коюлуп, элибиздин жашоо шарттары бардык жактан оңоло баштамак.

Жогоруда кыргызча аталган жерлерден кийин Жу-Чень шаарын басып өттүк. Жу-Чень шаары кыргызча «Арак булагы» деп аталат экен. Эмне үчүн мындай аталып калган себеби, суусу күмүш сыяктуу таза болгондуктан, аракты жасай турган сууну ушул жерден алышат.

Тибет аймактарында негизинен көп санда эсептелген жимиңзү, тугезу, хуйзу, ханзу, заңзу уруулары бар. Тибет тоо аймактары эбегейсиз чоң аймакты камтыгандыктан, чыгышынан Кытай Эл Республикасы, ортосунда Индиянын түндүк аймагы болгон Кашмир штаты, батышында Пакистандын түндүгү болгон Гилгит аймактары жайгашкан.

Жайүгөн шаарынан кийин Тибет тоосун таяна баштап, үч бийик ашууларды аштык, ал ашуулар деңиз деңгээлинен 3590 м., 3685 м. жана 3870 м. бийиктикте жайгашкан. Эң бийик 3870 м. бийиктикте ашуу белине келгенде узундугу 2200 м. келген бир жактуу тоо туннелинен авто-унаалар өтөт, ошол туннелден кийин автоунаа жолу ылдыйлай баштап, тоо коктусу бүтөрдө «Кара-Булак» деген болжолдуу 2,5 млрд. метр куб суу сактагычы бар плотинанын бийиктиги 55 м. келген тоо чатында чоң ГЭС курулган. Ушул «Кара-Булак» ГЭСинен кийин кытайдын алты автономиялык райондорунун бири болгон Тибет Чин-Хай-Ши заңзуу автономиялык району башталат.

Датуң шаары «Чинхай Тибет өлкөсүнүн» (Кытайда провинция дегенди өлкө деп аташат) борбор шаары болуп эсептелет, калкынын саны 7 млн., шаар бийик тоо коктусунун ичине жайгашкандыктан шаардын узундугу болжолдуу 80 км., Шаар тоо коктусунда жайгашса да ушунчалык кереметтүү, көрктүү, кооз, бийик кабаттуу үйлөр көп курулган көчөлөрү мелтиреген түз асфальттуу таза. Шаардын ажайып кооздугу кетип бара жаткан адамдын көзүнүн жоосун алат.

Кытай бийлиги тарабынан Чинхай Тибет өлкөсүнө атайын Тарсы тоолуу аймагын 1711-жылы шаарча кылып курууга жер бөлүнүп берилген. Бул жердин бийиктиги деңиз деңгээлине болгону 1380 м., себеби ал жерге башка жактан оорулуу адамдар барган учурда, бийик тоолуу жерге бара алышпайт деген мааниде атайы бийик тоолуу жерден төмөн жакка түшүрүп, тибет ооруканасы үчүн жер бөлүп беришкен. Ал жерге биринчи кезекте бутканаларды курушкан, тегерегине атайы конок үйлөрүн жана бутканаларга керек эстеликтерди жасаш үчүн кол өнөрчүлөр үчүн мастерскойлор, андан кийин чет жакаларына кабат үйлөр курулган. Шиниң чакан шаар калкы 55 миң болуп эсептелет.

Кытайдан барган жалпы буддисттер ал жерге барганда кирүү дарбазасынан атайы ырымдап жерге жатып, чекеси тийген жерге кайра буту менен туруп, улам жатып, денеси менен арыштаган сыяктуу тоо боорундагы жогору жактагы будда храмына чейин барганда, алар буддисттердин бизче айтканда «ажысы» болот. Кытай бийлиги булар үчүн бардык шартты түзүп берген. Бул жер «буддисттердин медициналык борбору» же болбосо «Тарсы Заңсу Тибет элдик ооруканасы» деп аталат. Медициналык борбордо хаюрламалар 30 жыл тибет медицинасын окушат. Ал жерде окугандар такыр үйлөнүшпөйт, эгер үйлөнсө ал жерден биротоло кетүүгө туура келет, оюн-зоокторго, бизчилеп аш-тойлорго такыр барышпайт. Ошондуктан ал жерде 30 жыл окуп андан кийин адамдарды дарылаган үчүн «биз эл үчүн кызмат кылабыз» деген түшүнүк менен жашашат. Ал жерде окуган балдар беш жылда бир ата-энелери менен жолукканга уруксат алышат.

Тоо чөптөрүнүн ар кандай медициналык ооруларга тийгизген таасири боюнча беш жыл, ошол эле чөптөрдөн кандай дарыларды, кайсы ооруга жасаш керек деген багытта төрт жыл окушат.

Ошентип бийик тоо чөптөрүнүн оорулууларга берген таасирин, касиетин ар кыл багытта окуп 30 жыл өткөндөн кийин, анан тамыр кармап оорулуулардын диагноздорун аныктаганга мүмкүнчүлүк алышат. Тамыр кармаган үчүн атайы экзамен беришет. Эгер бир адамдын тамырын кармап туура диагноз коюп, туура дарылардын рецебин жазып беришсе, ошондо гана алар андан ары адамдардын тамырын кармаганга, ооруларын аныктаганга мүмкүнчүлүк алышат.

Ушундай адамдардын тамырын кармап дарыларга диагнозун жазып берген эң башкы тамырчы 82 жаштагы тибет улутундагы Жаши Жаңсу деген Далай Ламанын орун басары болуп эсептелет, учурда ал тургай Далай Ламанын өз үйүндө ушул киши жашайт экен. Ал адамды жергиликтүү адамдар «тирүүлөрдүн кудайы» деп аташат. Анын астынан өткөн оорулуулар сөзсүз сакайып кетишет. Ал киши жазып берген рецепт боюнча сырттан атайы дарыгерлер эки айга жете тургандай кылып дары топтомдорун кытайча жазылган кагаз пакеттерге жана пластмассадан жасалган атайы кутучаларга салып берет. Кагаздын бетинде күнүнө кайсы маалда, качан, канча даанадан, же майда порошок түрүндө болсо атайы кичинекей пластмассадан жасалган кашык менен кайнак суугабы, ысык суугабы, же канча көлөмдөгү сууну салынган дары менен кошо кайнатып, суунун канча көлөмү гана калганда ичиш керектигин толугу менен жазылган пакетке салып беришет.

Мен бул кытайлык туугандарыбыз Эсентур Макеш уулуна жана Мамбет Үсөн уулуна тибеттик кыргыздарга болгон сапарыбызга жана изилдөөдө чоң жардам бергендиктери үчүн жана Жаши Жаңсуга жолуктурган үчүн учурдан пайдаланып ыраазычылыгымды билдирип кетем!

Асыкбек ОМОРОВ, «Санжыра» борборунун директору, тарыхчы, жазуучу,
«Кыргыз туусу», 19.09.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий