Абдырахман палбан баяны

…CCCРдын аскер бөлүктөрүнүн бирине келип жаңыдан кызмат өтөй баштаган азият жоокердин эртели кеч сереңдеп өзү жалгыз чуркап, турникке тартынып, кара терге түшө тынбай машыгып жүргөнүн көптөн бери байкап жүргөн офицер бир жолу кечинде кошо чуркашып анан эс алып турушканда тийиштик кылып: «Воин, как насчет борьбы? Не хочешь со мной побороться?» деп калбаспы сынамакка. Кең далылуу, эки ийнине эки жигит кенен отургудай алп тулкулуу, жалаңкат жука майкечен бул орусту Абдырахман өзүнө окшогон жоокердин бири дедиби, айтор сөөлөт сүрүнөн жазганбай туруп шак эле «давай» деп күлмүңдөп жооп кайтарып маңдайына тикелене калат. Бастек бойлуу, бул чымыр азиат чынында эле мурда күрөшкө түшүп жүргөн неме өңдөнөт, өңү кадимкидей сурдана түшүп, заматта чеңгел салып ийчүдөй бүкүрөйө түшүп өзүн тооруп калганын кара! Адегенде эле көтөрө чаап, же алдына баса бүктөп, эрдемсинген шаштысын кайтарып салсам деген офицердин бара-бара өзүнүн мазеси качты, жаш жоокердин тарам–тарам болуп кеткен темирдей булчуңдарын жанатан элес албаган экен, темир биякта калсын, уютулган коргошундай болгон бу немени кайсыл ыкмага салса да такыр жыга албай шайы ооду. Ошо кездеги бекерпоз салдаттын баары анүстүнө жабалактап келип кармашып калган экөөнү жардана курчап алышкан; алардын көзүнчө уят болгусу келбеген офицер бир кезде болгон күчүн жыйнап туруп жоокерди жерден көтөргөнүн бир билет, анан эле келип анын жамбашына кантип илинип калганын өзү да байкабай калды, көзүнө асман жер заматта аңтарылып кетип, бир оокумда эсине келип караса, чалкасынан түшүп көктү карап жатып калган экен! Жоокер болсо жылмая күлүп, аны өйдө тургузмакка колунан тартып эңкейип турат, ордунан турду эле, белинен кыса кучактап туруп өйдө көтөрүп көтөрүп койду. Бул жеңилген атаандашка карата болгон азиялык урмат экенин баамдаган офицер мырза утулуп калса да ичи жылый түшөт, формасын кийгенден соң кайра чакырып алат да: «Как фамилия?» десе тиги какая калып: «Рядовой Момунов Абдырахман!» деп жооп кайтарат. Ошондон көп өтпөй эле бир күнү казармага бейтааныш лейтенант келип Абдырахманды штабка ээрчитип кетет. Көрсө катардагы жоокер Абдырахман Момунов менен күрөшкөн алиги орус бакыйган майор, эркин күрөш боюнча CCCР спортунун чебери, анан да спорт ротанын командиринин өзү турбайбы!

…70-жылдардын аягы болсо керек эле. Оштун айтылуу Навои паркындагы өткөн бир чоң күрөштө баш калыстын милдетин аткарган Пазыл аттуу аксакал заңкылдаган жоон үнү менен: “Бул жолку күрөшкө атактуу Зөхридин палван атайын ат арытып Өзбекстандан келиптир. Бул кишиге татыктуу  атаандаштар жок болгондуктан, көптөн бери эч ким менен бел кармаша элек. Салмагы 120 килограмм. Бою 185. Атактуу палбандын Абдырахман үкөмдүн белин бир кармасам деген ниети бар экен. Кана, Абдырахманжан, буга кандай дейсиз?” деп жарыя айтып калды. Абдырахман эч бир буйдалган жок, ордунан ыргып турду да отурган калың элден бата алган соң атаандашына жакындап баратып, биз жакты жылмайып бир карады да көзүн кысып койду (ушундай адаты бар эле). Бул “Эч кабатыр болбогула” деген белгиси. Эки балбан бир азга бел кармашып турган соң пилдей болгон Зөхридин палбан кокусунан качырып, Абдырахманды көтөрүп кетти да чимирилтип кирди, оңго ыргытты, солго ыргытты, Абдырахман болсо ыргыткан сайын жерге буту менен түшөт. Зөхридин палбан улам башын чайкап коет, мунусу таң калганы эле. Ошентип көтөрүп айландырып ыргыта берди, ыргыта берди. Акыры алдан тайып баратканын сездиби, же таймаштын узактыгынан жадап кеттиби, айтор дагы бир жолу чимирилтип туруп жерге урганда Абдырахман көз илешпеген учурда буту менен түштү да ошол замат төөдөй болгон Зөхридин палбанды жамбашка алып туруп өзүн шилтеп жиберди! Зөхридин палбан мунун кандайча болуп кеткенин түшүнүп түшүнө албай акыры араң ордунан турду. Ошентип эч ким таймаша албай жүргөн Зөхридин палбандын уламышын Абдырахман заматта түтүндөй тараткан.

1974-75-жылдары Абдырахман өзүнөн жыгылып, бирок реванш алам деп келген атактуу палбандардын дээрлик баардыгын кайрадан жыгып, атагы алыска тарап кетти. Самбистмин, борецмин, каратисмин, штангистмин дегендер да Абдырахман менен далай жолу бел кармашып көрүштү, бирок алардын бири да ага туруштук бере алган эмес.

Урматтуу окурманым, бул эки баян белбоо күрөшүнүн (борьба на поясах) легендасы, Орто Азия жана Казакстандын 7 жолку, Кыргызстандын 12 жолку чемпиону, алыскы Баткендин Лейлегинен чыккан кыргыздын патриот уулу, жылдызы жанып турган чакта көралбастардын колунан мезгилсиз мерт болгон маркум Абдырахман Момунов жөнүндө жакында жарыкка чыккан китептен үзүндүлөр. Тагдырга айла жок экен, аттиң армандуу, бейоопа дүйнө… Кыргыздын кылымда бир жаралган кыраан уулдарынын бири Адырахман палбан бул жалган жарыкта болгону 31 гана жыл өмүр сүрдү, ичээр суусу күтүлбөгөн жерден бейубак, кырчын курагында үзүлдү. Дүбүртү катуу чыккан даңктын даңканында бараткан чагында жылдызы сүнгөн аянычтуу тагдырынын айтылбаган көп табышмак сырларын өзү менен кошо кара жер койнуна биротоло ала кетти…

Атактуу адамдардын өлүмү дайыма жумбак күдүк сырлар, имиштер менен коштолуп келген эмеспи, көзү өткөнүнө канча болсо да кунфу чебери Брюс Линин, поп музыканын падышасы Майкл Жексондун ж.б. атактуулардын өлүмдөрүнүн сырлары алигүнчө ачылбай келет (ачылбайт да). Даңкы кыргыз казакка, тажик өзбекке бирдей дүңгүрөгөн Абдырахман палвандын да ары трагедиялуу, ары сырлуу өлүмүнөн соң эл арасында тынбай айтылып келаткан жоромол-божомолдор алиге дейре арбын; биз алардын бирин да окурманга акыркы чындык катары таңуулагыбыз келбейт, ошентсе да атактуу кумирдин жылдызын жарык жашоодон беймаал учурган айрым бир эл оозундагы түкшөмөл себептерди атай кеткибиз келет. Маселен, айрымдар Абдырахман палван өзүнүн эбегейсиз даңкын көтөрө албай калган пенделигинен, жаштыгынан улам ушундай кырсыктуу, каргашалуу жазмышка кириптер болгон дешсе, башка бирөөлөрү Абдырахман палвандын артынан убагында далай айчүрөк келин-кыздар тукум алып калалы дешип чуркашкан, алардын ичинде кудуреттүү облустук партбосстордун жана алардын айлана тегерегиндеги ири кызматтык адамдардын да жубайлары, кыздары болгон имиш. Палвандын өлүмү демек, бирөөлөрдүн андан өч алуусу катары бааланышы да ыктымал окшобойбу. Мындан башка да түркүн түкшөмөлдөр толуп атат. Баса, палвандын мерт болгон денесин ачып көргөн (вскрытие жасаган) дарыгер тери менен анын астындагы май катмардын ортосунда сөөмөй жоондугуна жетип жетпеген бир кабат тарамышты көргөн экен дешет! Чындыгы болсо бул адамдардагы сейрек учуроочу көрүнүш.

* * *

Канткен күндө да кудай таала пенденин чекесине жазып койгон буйрук тагдыр кынтыксыз аткарылат эмеспи, аны башка нукка буруп кетүүгө же буйтап өтүүгө пенде байкуштун алы жетпейт, турмуштун мыйзамы ушул, маңдайына чийилген тайкы тагдырдан Абдырахман да кыйгап өтүп кеталган жок… Атаганат, ушундай шер жигиттин аркасында тукумун улаган эркек туяк калган жок деген зээнди кейиткен үшкүрүк калды эл ичинде; арийне, бул кейиш негиздүүдүр, бирок артында калган чырактай үч кыз перзентинен же алардын балдарынан качандыр бир кезде таятасынын даңктуу жолун улаар татыктуу небере–жээн жарыкка келип калгысы бардыр балким…Каниет кылаарыбыз – ысмы уламышка айланган балбандын калың калк арасында жаркын элеси, күрөштөрү калды… Эли тирүүнүн өзү тирүү деген кептин улуу мааниси ушунда…

Абдырахман палбан жөнүндө буга чейин элдин, күрөш ышкыбоздорунун гана оозунда айтылып келгени болбосо, ал жөнүндө ушу кезге чейин не бир даректүү макала, не бир баян же тасма тартылган эмес, мезгил учкан сайын атактуу балбандын ысмы кечиримсиз унутулуп бараткандай. Кай бир жылдары Москва Олимпиадасынын чемпиону, айтылуу оор атлетчи Каныбек Осмоналиев агабыз Кыргызстандын спорт тармагын башкарып турганда Лейлекке барып кеткен эле. Ошондо күрөш ышкыбоздору, калың коомчулук Абдырахман балбандын жаркын элесин республикалык деңгээлде түбөлүккө калтыруу боюнча бир нече сунуштарын айтышкан, Осмоналиев мырза да аны макул көрүп, блокнотуна көп нерселерди чиймелеп кеткен экен, чоңдорго жеткирейин деген убадасын бекем берген. Бирок атактуу агабыздын кадыр-баркы атамекендик бюрократияга, чиновниктердин кайдыгерлигине алы келбеди шекил.

Абдырахман палбан айтылуу айыл Кара-Дарыянын (Сузак) кулуну, Орто Азиянын жана Казакстандын 12, Кыргызстандын 25 жолку чемпиону, маркум агабыз Ибрагим Узаков (Тапанча палбан) менен кезинде ийиндеш ага-ини болуп, эл дуулдаган нечен шаңдуу, сүрдүү доораларда кыргыздын намысы үчүн кара терлерин аянбай төгүшкөн, күрөш дегенде жанын  берген ышкыбоз кыргызга да, тажикке да, өзбек, түркмөн, казакка да бирдей сүймөнчүктүү уулдардан болушкан. Булардын ысымдарын көп кыргыз биле бербегени менен кошуна республикаларда жакшы билгендери, урмат менен атагандары таң калдырат. Баса, Ибрагим аке Узаков жөнүндө да буюрса, мыкты китеп жарыкка чыккан турат, учурда а киши туурасында материалдар чогултулуп атканын эскерте кетейин.

Кыргыздын бул улуу эки күрөш чеберинин тагдырлары кай бир даражада окшошураактай сезилет мага. Абдырахман жашында жайраса, Ибрагим аке деле бул жарыктан 70 жашка жетпей кетти, атагы таш жарып турса да каат заман, кайдыгерлик а кишини да аяган жок, жумушсуз жүргөн, унутта калган кездери болду. Акын агам Шайлообек айткандай, кыргыздын өз элине манап болгон мансаптуу уулдары спорт тармагы тургай, ага Ибрагимдей эмгеги сиңген инсандарды эстеп да койбоду.

Бахтияр ШАМАТОВ

P.S.Абдырахман палбан жөнүндөгү китепти сатып алып окугусу келгендер китептин авторуна кайрылса болот (0771 74 12 18). Китептин наркы – 100-150 сом.

“Башат.kg, 31.07.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий