Нурлан Калыбеков

Аксы районунун Аркыт айылында 1973-жылы 21-сентябрда туулган. 1988-жылы Аркыт 8 жылдык мектебин, 1990-жылы Таш-Көмүр шаарына караштуу №6 И.В.Панфилов атындагы орто мектебин бүтүргөн.

1990–1992-жж. “Бишкек почтампта” слесарь оңдоочу, “Кыргызсоодакурулушмонтаж” башкармасында, Кыргызавтомаш заводунда жумушчу болуп эмгектенген. 1996-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин Журналистика факультетин, 1998-жылы “философия” багыты боюнча магистратурасын бүтүргөн соң, Кыргыз мамлекеттик университетинин Дин таануу кафедрасында окутуучу, ага окутуучу болуп эмгектенген.

Алгачкы ыры 1990-жылы “Ленин жолу” гезитине жарыяланган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жаштар сыйлыгынын лауреаты. Республикалык Жолон Мамытов атындагы, Казакстандын Мукагали Макатаев жана Габит Мусрепов атындагы адабий сыйлыктардын ээси.

Ырлары орус, казак, азербайжан тилдерине которулган.

А.Осмоновдун “Ата журт”, Ж.Мамытовдун “Издейм сени”, Т.Кожомбердиевдин “Мен тоолордун уулумун” аттуу китептерин түзгөн.

Учурда чыгармачыл жаштардын республикалык «Нурборбор» бирикмесинин төрагасы болуп эмгектенет.

1996-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.

“Уикипедиядан” алынды

 

Нурлан Калыбеков жана анын чыгармачылыгы тууралуу

Нурлан Калыбеков, акын, эл аралык «Нурборбор» чыгармачылык академиясынын президенти: «Кыргыз адабиятын мындай кой, кыргыз мамлекети сакталып калабы?»

 

 

Ырлар

АЖАЛГА

Мен сени күткөм жаш туруп,
Жанчканда тагдыр башка уруп.
Эмнеге келдиң кечигип,
Азапты баштан кечирип,
Агарып эми турганда,
Теңирге жүзүм бурганда.
Кайт эми артка, кайтып бар,
Бүтө элек али кызматым…
Сурады дегин туз татым-
Дагы да жердик өмүрдөн!
Өмүрдөн эмес көмүлгөн,
Өмүрдөн КУТУ төгүлгөн!
Өмүрдөн АККА чөмүлгөн!
Азапты болду, бербе де,
БАК менен жанын демде де,
Тынчтык бер жүрөгүнө де,
Каруу бер билегине де!
Кордукка болду, чыдабайт,
Так айткын, түз айт, чындап айт.
Болбосо баарын бүтүрүп,
Кол шилтеп, уруп, түкүрүп,
Чакыртпай келем деди де,
АКТЫГЫН берем деди де,
Каралар АКТЫ жеди де,
Чындыкты жалган жеңди де!!!

 

МАЙ

Жабалактап жаады кар,
калды мына күндүн көзү бекилип,
бул не деген чекилик.
Мандалактар маңкайган…
көрчү түсүн шалпайган,
розалардын кулак-мурду кызарып,
үшүп калды капырай,
майдын күнү борошо уруп жатыр, ай.
Кышты майга жылдырбачы табият,
Үлбүрөгөн гүлдөрдү
калтырбачы таманында өтүктүн,
ансыз деле мээни тешип өтүп миң,
кыштын өткөн азабы.
Жүрөгүм суук, үйүм суук,
үтүрөйгөн түрүм суук,
кездер болгон чырагы өчкөн үмүттүн.
Болду, болду жетишет,
табият да үшүп турат мага окшоп,
үшүбөсүн башкалар,
болду жааба башка кар.
Майыштырып май күнү,
жаздын белин сындырбачы табият,
ансыз деле сынып бүттү бул дүйнө,
суук кабар, суук сөздөн айтылган.
Жетет, болду борошо,
кайткын, кайткын, кайт ылдам.

 

АПАМ ЖАНА МЕН

Мен бала элем, апам анда жаш эле,
Бирок, бизге тагдыр боору таш эле.

Кайда барса ийик түшпөй колунан,
Ат баштыктай мен да, түшпөй жонунан.

Кумурскадай чарчабаган, тынбаган,
Үй оокатын жалгыз өзү тыңдаган.

Кайраты зор тоону ордунан жылдыраар,
Оо, ал тургай мезгил белин сындыраар,

Көөдөн көзү көрө билген, дили курч,
Макалдатып сүйлөй билген,тили курч,

Сөзгө дагы, бөзгө дагы маш эле,
Апам анда гүлкайырдай жаш эле.

Жашыл дүйнө жаштыгында чарк уруп,
Чөптөр бийлеп, таштар дагы каткырып

Тураар эле, бирок биздин дубалдан,
Көздөн, сөздөн, балким кара дубадан,

Онтогон үн чыгаар эле жаңырып,
Асман, жердин мейкиндиги тарылып.

Күн тийбеген тескейдеги үйгө окшоп,
Үй кабагын турчу муңдуу күү коштоп.

Атам сулап жатаар эле төшөктө,
Тамак бууган муң бар эле өзөктө.

Кандай күнгө кабылгам мен, катыгүн,
Оору менен алпурушуп аттигиң,

Сыртта эркек, үйдө аял болдум не?
Бешенеме кара жылдыз кондуң не?

Оору эмес, ооруп көпкө жаткандар,
Нагыз ооруу, ооруу жанды баккандар,

Ыйлап алчу, кээде ушинтип бышактап,
Кош тизесин колу менен кучактап.

Деген менен кайраты мол жан апам,
Тагдырына бий, болуштай, хан апам.

Жерди кармап турган өңдүү огунан.
Касиети обочо эле тобунан,

Бирок, аттиң мезгил ийрип ийигин,
Алды акыры өз колуна бийлигин.

Бербейт кайра, жалынсаң да бербестир,
Кайран жаштык асылсаң да, келбестир.

Карылыктын жүгүн артып жонуна,
Таяк берип, мээнет кетпес колуна,

Боюн аштап, ийип койду эңкейтип,
Сынын алып, тишин күбүп кемшейтип.

Апам тургай, менден учуп каакымы,
Каш какканча өттү жаштык закымы.

Ошол күндөн, ушул күнгө агылып,
Онтогон үн, кейиген ый жаңырып,

Аба жетпей, араң-араң дем алып,
Өмүрүмдүн күлгүн кезин жеп алып,

Күн тийбеген жарыгы жок жол басып,
Онтоп, кейип келе жатам шор басып.

Мезгил өзүң, оңдо, менин катамды,
Атамдан соң, мен карыттым апамды…

Мен бала элем, апам анда жаш эле,
Бирок, бизге тагдыр боору таш эле.

 

АЛА-АРЧАДА

Кызык эле, бу тагдыр, кызык эле,
Ортобузда бир сезим ысык эле…

Ыр жазчубуз экөөбүз, сырдашчыбыз,
Көкүрөктө катылган сырды аччыбыз.

Мен Алыкул, ал болсо Айдай болуп,
Эки бети албырып Айдай толуп…

Келээр элек акындын кабырына,
Суктанып да, кейип да тагдырына.

Чырайына суктанып көргөндөр да,
Турушчу эле көрүнөн өлгөндөр да.

Куруп калган өңдөнүп башка жерлер,
Кезикчү жер, арасы муздак көрлөр…

Муздак көрлөр, Күнгө да жибибеген,
Ысып турчу махабат деми менен.

Байкап карап тургандай арбактар да,
Жарк-журк этип от жанчы нар жактарда.

Муздак көрлөр үйүбүз болгучакты,
Муздак ажал алкымдан соргучакты.

Ысык сезим ортодо жанат — деппиз,
Ысык сезим түбөлүк калат — деппиз.

Келечекти куруппуз кыял менен,
Жан болбоптур кыялың тый, ай — деген.

Жеп койду бейм, тилекти ач арбактар,
Күнөө кимде, келечек, мезгил актаар.

Көрүстөндө канатын жайган сезим,
Көрүстөндө көмүлгөн кайран сезим.

Келем кээде, жалгыздык жанга батат,
Айдайы жок, Алыкул жалгыз жатат.

Калам мен да, бир күнү жер алдында,
Айдайы жок жатамын көр алдында.

Буйрубаган бир сүйүү жер үстүндө,
Буйрумакпы катыгүн жер астында.

Каякта бул дүйнөнүн баш, аягы?
Өзүмдү таппай, көзүм кашаябы?..
Келатам жарык кууп мен өмүрдө,
Өңдөнүп тирүүлүктүн машаягы.

 

АВТОПОРТРЕТ

Кимсиң өзү,
кайдан келдиң, баратасың каякка?
Сен үчүн бүт, баары эски,
керектөөдөн чыгып калган кудайлар,
жок, сенде түк идеал.
Бутуң бокто жүргөн менен
ойлоносуң көк менен,
асман менен жашайсың,
жашагандар жер менен
ырыскыңды жеп жатышат чокулап.
Деги кимсиң?
Жалгыздыкты жактырган,
жакпайт сага жүргөн жандар топурап,
кеткиң келет дербиш болуп жер кезип,
чыккың келет Гималайдын башына,
тооп кыласың
Шаман сымал Ата-Журттун ташына.
Жаткың келет кээде,
түбөлүккө топуракты жазданып,
карманасың өзүңдү,
ыйлап ийе ташташыңа аз калып,
көзүң чалса тентип калган жандарды.
Деги сенде ар барбы?
Арам тамак бектер менен хандарды
жылаңачтап айдактап,
келет сенин кең көчөнү айланткың.
Теңдегиң бар жөн койсо,
тектүү менен тексиздерди
таразанын ташына.
Эч ыраазы болбойсуң,
күндөгү ичкен ашыңа,
жакпайт сага көр дүйнөнүн оокаты,
жалтыр-жултур буюмдары көздү алган.
Жакпайт сага жол башчылар из салган,
жүргүң келбейт изи менен алардын.
Кудайды да издебейсиң, көктөн сен,
баш ийбеген эч кимге,
өз билгенин бербеген бир, көк бет сен.
Деги кимсиң,
Качан, кайда житесиң?

 

АНТ…

Эмне болду?
Кызыл этим муштумдай,
кайра-кайра ооруйсуң.
себеби не айтсаңчы?
Канаттууга кактырбай,
тумшуктууга чокутпай,
ушунча жыл келдим эле бапестеп.
Канчалаган душмандардын жебеси,
көзөп өткөн кезде да,
кетчү элең го айыгып,
сенин тыз-тыз эткениң,
бүт денеме бара жатат жайылып.
Амансыңбы чырагым,
экөөбүздүн жүрөгүбүз бирге эле,
же, болдубу сага жаным бирдеме.
Сен өзүңдү сакта, сакта,
калсам да мен түгөнүп,
кыяматта калса дагы,
асман өлүп, күн өлүп,
сен жаныңды сактооң керек түбөлүк.
Бирибизди, бирибиз,
эч бир жанга ыраа көрбөс жан элек,
жок дегенде бирөөбүз,
аман-эсен жүрөлүк.
Эсиңдеби, биз антташкан айлуу түн,
Жаратканга берген учур күбөлүк:
Сүйүүдөн башка сүйүү жок,
сенден башка сүйүүм жок…
Антты бузуп, күбөлүктөн кайттык не?
А болбосо ыйык сөздү айттык не?
Кыйнаганы кызыл эттин муштумдай,
каргышы бейм Жараткандын бизге айткан.
Жараткандын заты сөздөн, сүйүүдөн
турат — дешчү билгилер.
Сөздөн кайтпай, барктап алсак сүйүүнү,
жашоо башка болот беле, ким билээр…
табиятка каршы иш кылдык, демек биз.
Сезип турам сенин да,
балапандай кызыл эт,
жүрөгүңдү кыйнап койду Кудурет.
Чала бизге,
нике кайып берсе дагы батасын,
басып кеттик туш-тушка,
кур намыстын чийининен чыга албай.
Оңдоо кыйын бүткөн иштин катасын,
күнөөлөрдөн ооруйт адам баласы,
ошондуктан мен да ооруп,
сен дагы ооруп жатасың.
Анттан кайткан каргыш алат,
бата албайт.

 

ЧӨККӨНДӨ

Жеп алдым өмүрдүн жарымын,
Көрбөдүм бакыттын жарыгын.
Уурдалды алтындай жаштыгым,
Отуздун боюнда карыдым.

Бу тагдыр ушундай катаалбы?
Төрөлдүм, бербедиң батаңды…
Кудайды кармасам таяктап,
Оңдогун демекмин катаңды.

Тамыры зак жеген тагдырдын,
Көчөтүн суу куюп жандыргын,
Шактарын жая албайт, келет, өх,
Бүркүттөй өзүмдү жарга ургум.

Көңүлдүн түбүндө жара бар,
Өмүрүм чала жан, жарадар.
Бабалар журтуна көчкүм бар,
Мен кетсем канар, ээ, табаңар?..

Жашоонун маңызын түшүндүм,
Үзүгү экенмин түтүндүн.
Мээримге зар болуп жашадым,
Келүүдө өмүрдү бүтүргүм.

Максатым бар эле бараандай,
Жашагым келчү эле адамдай.
Закымдар соңунда сандалып,
Өзүмдү калдымбы таба албай.

Каргыш бар же өзүм жаманмын,
Калдымбы астында тамандын.
Санаалар курт сымал жанды оюп,
Саргайдым өңүндөй самандын.

Жашагым келчү эмес изи жок,
Изим жок, издечү кишим жок.
О дүйнө, бу дүйнө өмүр сүр,
Кудайга баары бир, иши жок.

Жеп алдым өмүрдүн жарымын,
Көрбөдүм бакыттын жарыгын.
Уурдалды алтындай жаштыгым,
Отуздун боюнда карыдым.

 

БҮТҮНДҮК

Мен такыр бул дүйнөнү,
бөлбөймүн ак карага,
бул дүйнө турат мага бүтүндүктөн,
агылып түшкөн нурлар бу түндүктөн,
баарына тийет тегиз.
Төмөндөн Көктү көздөй,
сызылып сызат жарык.
Бөлгөндөр ак, карага бул дүйнөнү,
агың ак, а караң, караңа бар,
бейишти самагандар бейишиңе,
тозокко жарагандар тозогуңа,
бар, бара бер.
Мага жок ысык, суугу,
мен турам бүтүндүктөн,
нур түшкөн тээ түндүктүн
астында, үстүндөгү
жарыктын жолу кызык.
Жараткан боюу кызык.

 

ЧАЛГЫЛА

Өзүмө — өзүм батпайм,
ички отум алоолонуп көктү серпет,
оолугуп, жээлигемин,
акылым бууркандап ашып — ташат.
Бу мезгил кайда шашат?
Күнүңкү ишим бүтпөйт,
бүтсө да маңызы жок,
таң атат, иңир кирет,
уктасам уйкум канбайт.
Жайылып олтургум жок дасторконго,
карылар кеп кылчу эле:
Кармалат кайран өмүр дасторкондо.
Жоо кууп келаткандай,
чуркаймын кай жакадыр,
бир мүнөт тыным алсам,
оокатым өтпөөчүдөй сезилгенсийт.
Тыпырап бутум жерге тийип тийбей,
жүрөмүн, жүрөм чуркап,
жаткансып өмүрүмдү бирөө уурдап.
Мен шашам, мезгил шашат,
кечээки ой максатым,
эскирди кайра бүгүн,
кечээки текке кеткен кайран күнүм.
Сооп иш кылсам эгер, эртең менен,
башканын сыйын көрөм түш оогондо,
бирөөнү сөктүм эле,
жаңы эле кетти ашатып башка бирөө.
Менин, мээм жетпей койду,
силерге берем суроо:
Убакыт неге мынча тез өтүүдө?
эмне үчүн мезгил мага өчөшүүдө?
убакыт чалмасыбы чагылгандын?
Чалгыла 0771121840

 

УЙКУ

Күндө кечте өлөм мен.
Жаным учуп арбактай,
саякаттап көз көрө элек,
бут баса элек жерлерди,
чыгам, бирден кыдырып.
Учурашам жандар менен
бейтааныш,
таанышымдай санаалаш.
Аралаймын токойлорду
эң бир кооз,
талдар менен сүйлөшөм,
мас боломун буркураган,
чөп, гүлдөрдүн жытына,
мастыгымды таркабасын
деп тилейм.
Кайберендер алып чыгып
аскага,
жылдыздарды алперип,
тагат бирден чекеме.
Мемиреген белгисиндей
тынчтыктын,
көпөлөктөр бий бийлет.
Оолуктурган оюм жок,
токтоп калып акылым,
жаным жыргайт тек гана.
Учам, учам ойт берип,
жарык жанган жылдыздай.
Ай шооласы астында,
Ай селкинчек тебебиз,
Ай көкүлдөр шыңкылдап,
дирилдетет жанымды.
Каакым сымал жанымдын
жеңилдиги керемет,
ак пахтадай жанымдын
жумшактыгы шумдук эй.
Чырр — дей түшкөн саат үнү,
албарстыдай басканда,
кетем чоочуп ойгонуп.
Оорлошкон денемди,
сүйрөп алып кетет мээм,
тирилемин тирилик…
Мээ азабы башталат.

 

ЗАМАНА

Менин жолум белгилүү,
абийир менен өтөп бүтүп
жандык аманатымды,
башатыма баруум керек оозанган.
Түшүнбөймүн силерге,
Неге жашап жүрөсүңөр бу жерде,
жыйып эле жатасыңар
көр дүйнөнүн бок сагын,
сатасыңар бирин койбой
досту, жарды, эл, жерди.
О Жараткан кечире көр пендеңди.
Наристени ал тургай,
касапчыдай союп алып,
бөйрөк, боор, жүрөгүн
сатышууда деп уктум.
О Жараткан, о Кудай,
билбей жатат дарегиңди буларың,
билсе эгерде, Сени да
талап алып, тоноп алып, сатышмак,
үлүш тийбей калса кокус,
бирин — бири атышмак.
Калбай барат жер бетинде ыйыктык,
тили менен ысымыңды айтышып,
сени коюп күрөөгө да күбөгө,
сатышууда ыйманын.
Жүрөктөрүн ээлеп алды Иблис,
Жер бетинде Сен жоксуң,
олтурасың очоюп өз тагыңда,
түшчү жерге, десеңчи өзүң бир деме.
Жомок кылып айттырбастан,
болоор кыяматыңды,
эртелетсең боло, бол эй тезирээк!
Же, Сен эмне,
асманга эле жооп берип,
жердин бетин башкарабы башкалар,
жерди эмне кагаз бийлеп калганбы?
Кетирүүдө мезгил менин аргамды,
чүнчүп бүттүм сатылган бул заманда.
Сөздөн айлан, эй дүйнө,
оозум барбайт сүйлөөгө.
Жаша кагаз, жашыл кагаз, көк кагаз!

 

КА — ГЫ — ЛАЙ – ЫН

— Ата — деймин.
— Я, балам — дейт.
— Сенин эле балаңмын ээ, э ата.
— Ии, балам, менин эле баламсың,
Кагылайын, ок, ка — гы — лай — ын.
Түшкө кирет жарыктык,
өзгөрбөгөн баягы эле, турпаты,
кара жердей балбан дагы, кенен да.
Баягы эле, турушу, камырабас, кенебес,
баягы эле, момундугу кой оозунан чөп албас.
Добушу да, акырын чоочутпайын дегенсип…
Шап асылып мойнуна,
жыттап алам сагынычым таркатып.
Бурр — дей түшүп,
тирүүлүктүн жыты келет мурдума.
Жүр, балам — дейт, кеттик эски кыштоого,
аары карап келебиз.
Сынык кулак эшегине учкашып,
Көк колотту көздөй жөнөп кетебиз.

Ызылдатып чагып калат аарылар,
Сууга жөнө, сууга чурка — дейт атам.
Чыга келем шишип, көөп, чулчуюп.
— Ээ, балам — дейт — аарынын,
балы ширин болгон менен уусу ачуу,
уусун берет биринчи,
бал кадырын билсин — деп.
Турмуш дагы аарыдай,
уусун дагы, балын дагы таттырат.
Адам болом десең эгер, өмүрдө,
иштерман бол тынчыбаган аарыдай…
Борс, борс күлүп, акыл айтат жарыктык.
Күүгүм талаш үйгө кирип келебиз,
куру келбей отун, чөптөн өңөрүп.

Кайран атам мээриминин чеги жок,
эшегине берет жем, чөп кастарлап.
Дасторконго ороп койгон апамдын
жапкан нанын уурдап берет, ал тургай.
— Эшегиңе кашек берсең болбойбу,
не бересиң убал кылып ак нанды —
деп апакем калат, анан чырылдап.
— Ак боз атым минип жүргөн кез өткөн,
араба айдап, бала ташып, сүт ташып,
тушуңдагы тиги бала бакчага,
азыр менин жоргом ушул боз эшек —
камырабай күңк этет.

Кайран асыл атам ай, асылдыгы ченде жок.
— Макулуктун күчү адал да, сүтү арам,
бирок анын, касиети зор түбүндө.
Эшек минип жүрсөң кокус түшүңдө,
кетпес дөөлөт конот алтын башыңа —
деп — сүйлөнүп, сылап коёт башыман.

Эсил кайран атам ай…
Кирет түшкө, кез-кезде,
аары карап күн кечке,
сынык кулак эшегине учкашып,
кээде отун, кээде чөптөн өңөрүп,
Көк колоттон келе жаткан болобуз.
— Ата — деймин,
— Я, балам — дейт,
— Сенин эле балаңмын ээ, э, ата,
— Ии, балам, менин эле баламсың,
— Кагылайын, ок, ка — гы -лай — ын…

Соц тармактар:

Добавить комментарий