Теңир

Бүгүн бизде теңирчиликке кызыккандар көбөйдү, атүгүл аны дин кылып каттаткысы келгендер пайда болду. Ушундай өтүнүч менен коомдук-илимий ишмерлердин жоон тобу президентке кайрылды. Демилгечилер «Манас» эпосун, башка кенже дастандарды теңирчиликтин ыйык битиги, окуу китеби боло алат деп ырасташты. Иштин бул өңүтүнө кийинки макалада кайрылалы, адегенде «теңир» сөзү өзү кайдан чыккан, анын түпкү уңгусу, узун тарыхы жана таржымакалы кандай, азын-оолак териштирип көрөлү.

Акыркы он жылда байыркы ушул түшүнүккө байланышкан түгөнгүс түкшөмөлдөр айтылды, алардын баары айныбас акыйкаттай таңууланды. Быйыл эле теңирчилердин бири бу сөздү «чексиздик» маанисинде чечмеледи, бирок эч кандай танык, далил келтирген жок. Ага чейин кай бир «озук чыкма» (продвинутые) каркыбарлар аны «тең+гир» кылып экиге бөлүп, байыркы бабалардын арбай дүйнөсүнө тең кирүү (ровно войти в мир духов предков) таризинде түшүндүрүп, бу «табылганы» теңирчилик боюнча өздөрүн «адис» эсептегендер колдоп-коштоп келишти. Жаңы ачылыштай ташбыйкатталган башка «жаңылыктар» да аз эмес.

Шарт эле айта кетели: кыргызда «гир» деген дегеле сөз жок, ал тек гана уланды мүчөнү, болгондо да анын жандуу эмес, жансыз түрүн билдирет (мис: жерге киргир, тукумуң кургур, арбак ургур ж.б.). Орусча «войти» кыргызча «кир» эле болот, башка формасы жок. Махмуд Кашгаринин атактуу лугатында деле «кир» деп катталган. «Теңир» сөзү бир гана орус тилинде «тенгир» болуп айтылат, калган бардык түрк, алтай, монгол тилдеринде бу сөз ар түрдүүчө – тенгри, тенгери, тегри, дээр, тура, тангара, тэнгэр, тэнгэри, тэнгри, тэнгэр, тер ж.б. формада жолугат. А эгерде «теңир» сөзүн ушунчалык эле бөлчөктөш зарыл болсо, анда ал байыркы түрк тилинде тең-ир – «тең киши» же «тең эркек» (ир, эр, ар) дегенди билдирмек.

Бизге минтип жомоктон жомок чыгарыштын зарылдыгы жок. Эмнеге дегенде дүйнөлүк түркологдор, чыгыш таанымчылар (востоковеды) арасында бу сөзгө, анын маани-маңызына тиги же бул өлчөмдө кайрылбаган авторлор аз болгон. Биз алардын баарын эмес, олуттуу учурларын гана эске салып өтмөкчүбүз.

Атап айтканда, он миң жылдан ашуун тарыхы бар алтай кубар тилинде (праязык) taŋgiri – ант, кудай дегенди билдирген. Кийин, болжол менен биздин заманга чейинки V миң жылдыкта бул тил тарамдала баштайт, бирок анын бардык үч – батыш (түрк-монгол), орто (тунгус-манжур) жана чыгыш (япон, корей) – салаасында тең taŋgiri тиги же бу формада сакталып калган. (Starostin S.A., Dybo A.V., Mudrak O.A. Etymological dictionary of the Altaic languages. Leiden, Brill, 2003).

Теңир хунндарда (сюнну) кадимки эле «кудай» дегенди билдирген, көктү алар «ченли» дешкен. (Ch»eng-li ku-t»u shan-yu – көктүн уулу шанүй. Gerard Clauson. An Etymological Dictionary of pre-thirteenth-century Turkish. Oxford: Clarendon Press. 1972). Биздин заманга чейинки 165-жылдар чамасындагы кытай документтеринде түрктөр кудайды «таңри» деп айтары көрсөтүлгөн (Религии мира. Энциклопедия. М., 1996. Т. 6.). Арадан миң жылдай өткөн соң – 921-922-жылдары арап саякатчысы Ибн Фадлан өз сапарын баяндаган жазмаларында көчмөн түрктөр «бир таңри» деп айтышарын белгилеген (Путешествие Ахмеда Ибн-Фадлана на реку Итиль. Казань. 1992).

Бу жерде башка да ондогон илимий, тарыхый дарек наамаларды келтирсек болмок, бирок жогорудагы маалыматтар жетиштүү деп ойлойбуз.

«Таŋri» сөзүнүн түпкү мааниси, баштапкы жаралыш формасы – этимону – кандай болгону тактала элек, бери эле дегенде бул жагынан изилдөөчүлөр арасында бир беткей пикир жок. Айрымдар аны кадимки эле «таң» менен байыркы египеттиктерде Күн кудайынын атын туюнткан «ра» айтымынын кошундусунан жасалган болуу керек дешет. Бирок муну ынанымдуу таныктар менен алиге чейин эч ким далилдеп бере элек. Учурунда Л.Гумилев так мааниси табылмайын «таңрини» ушу бойдон калтырган жөн болорун, аны түкшөмөлгө салып которуп койгондобу термин тууралуу ар түрдүү жалган түшүнүктөр жайылып кетерин эскерткен.

Тарыхчынын айтканы келип, азыр «элдик лингвистиканын» (folklinguistics) өкүлдөрү маселени опоңой эле чече салып жүрүшөт. Мунун биздеги мисалдарын өйдөдө айттык, ал эми башка жактык «билермандарга» келсек, алар хунндарда жана эртеги (прото) түрктөрдө «таң» – көктү, асманды, «ри» – киши, адам дегенди туюнткан, экинчи уңгу азыркы түрк тилдеринде «эр» (ир) түрүнө өтүп айтылып калган дешет. Ошондо taŋri «көктүн кишисин» же «ыйык кишини» билдирип, кийин – «Көктөгү Ата» маанисин алган имиш. Биринчиден, «таң» не хунндарда, не эртегитүрктөрдө «көк» (асман) болуп айтылган эмес, толук омоним иретинде ал орто кылымдарда, мисалы, Махмуд Кашгариде бир канча мааниде катталган. Экинчиден, эр (ир, ар) азыркы замандагы эмес, дал ошо эртеги (болжол менен б.з.ч. III-II кылымдар) түрктөр доорунда кеңири таралган аталымдар. Ал эми «ри» морфемасына келсек, ал эч жерде кезикпейт. Бери эле дегенде хунндар менен эртеги түрктөргө, алардын тилине кайрылган изилдөөчүлөрдүн (М.Кастрен, Н.Аристов, К.Сиратори, П.Пельо, О.Мэнчен-Хелфен сыяктуу ысымдардан тартып азыркы А.Дыбого чейинки авторлордун) бири да бу сөздү жолуктурган жана белгилеген эмес.

Экинчи бир «элдик лингвисттер» taŋriни байыркы индоевропалыктардын «тан» түшүнүгүнө алып барып байлап, аны да «асман» маанисинде чечмелешет жана ушу таризде арий түркүмүндөгү элдерге кеңири таралган деп ырасташат. Бирок санскритте асман — дью, набха делинет, ал эми «тан», «Тан» таптакыр башка маанини билдирет. (Кызыккандар карап көрүшсүн: Кочергина В.А. Санскритско-русский словарь: около 30000 слов. М. 1987; Monier-Williams, Sir Monier. A Sanskrit-English Dictionary: Etymologically and Philologically Arranged With Special Reference to Cognate Indo-European Languages. Oxford University Press, USA. 1920).

Ушу жерде Гордон Холмес Фрейзердин көлөмдүү бир макаласына көңүл бура кеткибиз келет. Ал тарыхчы же лингвист эмес, миссионер болгон, АКШдагы индеецтердин диндерин жана тилдерин (на-дене, атабаск ж.б.) иликтеген. Макалада Кудайдын эң баштапкы аталыштарына кызыгып, алар кайдан чыкканын, кандай өзгөрүүгө учураганын бардык континенттердин мисалында кеңири изилдеп, бир катар негиздүү маалыматтарды келтирген.

Адам баласына тил бүткөндө анын баштапкы сөздөрү эки же үч тыбыштан куралганы белгилүү. Алардын ичинде та, ти, те, ди, де, ба сыяктуу эң эзелки уңгулар (морфемалар) универсалдуу мүнөздө болуп, бардык элдерге кеңири таралган. Аларды Фрейзер америкалык индеецтердин тилдеринен да тапкан жана муну алар континентке эски дүйнөдөн кыйла кийинки доорлордо ала кеткен деп эсептеген.

Бу морфемалардын баары жарыкчылык ааламды жараткан күчкө жана асманга тиешелүү болгон. Маселен, шумерлердеги «дингир» (дигир, димир) эки уңгудан – «ди» (искриться, блестеть) жана «гир» (молния, вспышка) дегенден турат. Түрктөр көктү Ти-гирформасында да айтышкан, ар үч жылда жай айларында ага багыштап курмандык чалып турушкан. Түштүк-Тынч океан чөлкөмүндөгү аралдар тутумунда кудайдын бир аты Тангароа делинет, бул полинез жана меланез тилдеринин ички мыйзамдарына багыныңкы форма. Ху Да (азыркыча кудай) аталымынын эң баштапкы варианты Гути болгон, ал гутийлердин башкы кудайын билдирген. Ангилистердеги »год», немистердеги »готт», даниялыктар менен шведдердеги »гуд» жана башка ушул сыяктуу аталымдар »ху да» айтымынан келип чыккан. Орустардагы «бог», авестадагы «бага», богем (бем) тилиндеги «бух» байыркы Индиядан тараган. Эзелки жазмаларда «Куркус (орто-батыш Индия) табынган кудайдын аты Баг же Ваг Део» болуп айтылат. Кытай тилинде бу жагынан эки термин жаралган: биринчиси – Шанг Ти (жогорку, улукти), экинчиси – Тиен (асман). Хан оолатчылыгынын (династия) байыркы сөздүгүндө »тиен» мааниси боюнча »улуу» дегенди билдирген (Кудайдын баштапкы аттары. – The Gentile Names of God. Baker Book House. 1975).

Фрейзердин бул иликтөөсү, арийне, көмөкөйдөн үн чыгарганга, акыры барып сүйлөгөнгө мүмкүндүк берген анатомиялык органдар адамзат тукумунда бери дегенде 250 миң, ары барганда 500 миң жыл илгери пайда болгонун жоромолдогон моногенез теориясына, приматологияга, тилден мурда адамда ойлоо жөндөмү жаралганы жөнүндөгү көз карашты кайра жанданткан рекурсия (Michael Corballis.»Recursive Mind: The origins of human language, thought, and civilization». Oxford University Press, USA, 1991; «The evolution of language». Annals of the New York Academy of Sciences. 2009) концепциясына тикелей тиешеси жок, бирок дүйнөдөгү бардык тилдер түбү бир же эки уядан тараган деген көз карашты карманышкан лингвисттердин (италиялык Альфредо Тромбетти, америкалык Джозеф Гринберг, россиялык Сергей Старостин, чехиялык Вацлав Блажек ж.б.) аңытын ырастайт. Ушул мааниде алганда taŋgiri сөзүндөгү уңгулар – ta, gir – арийлер менен шумерлерге чейинки доорлордон калган субстраттар болушу ыктымал. Мисалы, санскриттеги »та» (ант), шумерлердеги eme-gir (өз тил) сыяктуу айтымдар ушундай ойго түртөт.

Айтмакчы, теңирчиликтин бардык баскычтарын ташпиштеп чыгып, аны дүйнөдө эң биринчи пайда болгон ишенимдерге кошкон немец тарыхчысы Герхард Дөрфер (Gerhard Doerfer) taŋri ички түзүлүшү, айрыкча үнсүз -nr- тыбыштарынын айкалышы жагынан, дегеле жалпы түспөлү боюнча түбү түрк сөзү эмес деп эсептеген (Караңыз: О языке гуннов. Зарубежная тюркология. Вып. 1. М., 1986).

Иши кылып, илимде азыр бир нерсе гана анык: taŋri алтай кубар тилиндеги taŋgiri айтымынан таралган, ал эми taŋgiri кандай түшүнүктөрдөн куралганы, анын эң баштапкы формасы жана этимону кандай болгону али так белгисиз, болгону ар түрдүү жорум-жосмолдор гана бар. Алардын бири – Фрейзердин пикири, ал бизге кыйла ынанымдуу кыяз калтырат.

Эсенбай НУРУШЕВ, «Кыргыз туусу», 23.09.2014-ж.

Соц тармактар:

Теңир: 1 комментарий

Добавить комментарий