Эки талант баш кошсо…

“Жазуучу Нурбүбү Бөдөшова 55 жашка келип калыптыр”… дегендерин калемдештерден укканымда, бул мезгилдин адам баласы үчүн ушунчалык тез, атылган октой болуп өтүп жатканына ого бетер ичим кайыша түшкөнсүдү. Ичимден: бизди мезгил өзү эле көк желкебизден ныгыра басып жүрүп отуруп, анан эле жөргөмүштүн желесиндей болгон карылыкка алып барып, матап салат турбайбы… деген да ойго кеттим.

Так ушул өмүр, жашоо туурасында бизге чейин эле канчалаган даанышмандар өз аныктамаларын какшап айтып, канчалаган ойчулдар, акын- жазуучулар жазып, обончулар сыздап ырдап келбеди дейсиң!..

Арийне ушул – өткөн эле кылымдын 1980- жылы Талас облусу уюшулуп, облус­тук телерадио комитетинде иштеп жүргөнүбүздө бизге бармактай- бармактай болгон эки- үч кыз ушул багытта – журналистикалык адис­тиктери боюнча тажрыйба алуу үчүн иштегени келишиптир. Ошолордун бири – так ушул чертмектин тепкесиндей болгон Нурбүбү эле… Нурбүбүнүн үнү да жок, сөзү да жок, өзү менен өзү жүргөн, тамашалуу же кызык сөз болуп калса, жылдыздуу ары момурайган жүзүнө жараштыра, оңбу же солбу көзүн жумар- жуммаксан кыла ууртунан күлүп койгону болбосо, андан ак же көк деген сөз чыкчу эмес.

Ошентип, аны 55 жашка келиптир дегенди укканымда, ошондогу өткөн жылдар, анан дагы анын так ушундай турган- турпаты көз алдыма тартыла түшкөнүн кара!

Андан бери эчен жылдар өтүп, 2011- жылы ал мага кол жазмаларын – аңгемелер жыйнагынын эки түрмөгүн берип: “Ушуларды китеп кылып чыгарганы жатат элем, карап бересизби?” – дегенинен, макул болуп, ошол эки китебине тең көз жүгүртүп редакциялап бергеним бар. Негизи буга чейин эле анын аңгемелерин райондук, облустук, республикалык кадыр- барктуу гезит- журналдардан окуп, анын чыгармаларына ичим жылып жүргөн болчу…

Мисалы, Нурбүбүнүн “Кожейке”, “Аязга айланган аалам”, “Ак чыны”, “Сүтак”, “Кудалардын купуя сыры” ж.б. көпчүлүк аңгемелеринде турмуштан алынган же турмушка өтө окшош окуялар көп кездешет. Дагы эле кездеше берери ыктымал. Адам баласынын турмушуна жакын же турмуш чындыгы жалаң эле биздин элдин гана эмес, кең аалам алдында – Жер үстү, Күн алдында жашап жаткан кайсыл гана элдин – улуттун болбосун баштарынан кечирип келген же кечире берүүчү окуялар. Демек, анын кыялкеч жазуучулук кыялы да так ушул темаларды чарпып өткөнүнө күбө боло алат. А мүмкүн, кыялкеч жазуучу ушуга эгиз болуп өткөн окуя­ны өз кыялы менен көркөмдөп жеткириши дагы мүмкүн эмеспи. Биздин так ушундай так кесер пикирибизге анын тамсилдеп жазган “Ак чыны” аттуу аңгемесиндеги окуянын чечилишинен мисал келтирели:

“…Эки- үч күн өткөн соң, бул үйгө кирип- чыккан адам көзгө чалдыкпагандан чочулашкан кошуналары, дарбазаны эптеп ачып, ашканадагы бошоп калган газ баллондорун, анан арабасынан ооп жыгылчудай тейде катып калган Акылды жана жерде көмкөрөсүнөн түшүп жаткан Касиетти көрүп жакаларын карманышты”.

* * *

– Азыр бул үйдөн айланып өтүшөт. Туугандары, энеси да “койчу, өздөрүнө буюрбаган дүнүйөнү” деп, бул үйгө келбей, каттабай да коюшкан, – деп бүтүрдү сөзүн Гүлнара. Жана эле көзүмө заңгырап көрүнүп турган эки кабат үйдүн шаңы өчүп, көөдөнүмдү муздак сезим аралап кетти. (“Түйүлдүк”, 18- бет).

Ушуну менен Нурбүбүнүн чакан аңгамеси аяктайт. Негизи автордун “Ак чыны” аттуу аңгемесинин кыскача мазмуну төмөнкүчө: Автордун Акыл аттуу каарманы бүгүнкү заманыбызга маш жашаган шофер жигит үй- бүлөсүн былк эттирбей багуу үчүн кара жанын карч уруп иштейт. Аялы Касиет менен жалгыз баласы ак мээнет менен эптеп салган эки кабат үйүндө билгенин кылышып, эки- талтаң… Акыл машинеси менен алыскы сапарда жүрүп, жол кырсыгына кабылып, эки бутунан ажыраган мунжу болуп калат. Коляскада отуруп калган шордуу Акыл көз кор молого айланып, башта тапкан дүнүйөсү менен гана ынтымакта турушкан үй- бүлө акырында бири- бири менен ит, мышыктын жашоосуна айланып, аялы арак ичип кетип, жашоо- турмушту тайкы билген баласы чырлуу үйдөн чыгып, дарексиз жоголот.

Аягы – биз автордун ушул “Ак чыны” аңгемесинен алып, мисал келтиргенибиз менен окуя аяктайт. Демек, Акыл менен Касиеттин ортосунда эч кандай сүйүү – же болбосо жылуу мамиле болгон эмес. Үй- бүлөнү кармап турган нерсе – Акылдын таап келген тутам- тутам гана акчасы… Бул үй- бүлөнү ошол гана байлык кармап турган… Аңгеме биз андан бир үзүм алып, мисал келтирип тамсилдеп жазгандай аяктайт. Нурбүбү чыгармаларынын дээрлик баарысын автордук баяндоо менен жараткан. Жазуучу тарабынан мындай ыкма ар бир чыгармасында орду- орду менен пайдаланылып, ишенимдүү. Анын мындай ыкмасы, өзүнүн чеберчилигинин, артыкчылыгынын гана пайдасына чечилип, автор өз чыгармаларында чоң утуш гана алууга жетишкен…

Ырас, Нурбүбүнүн жазган аңгемелеринде каармандарын сүйлөшүү жолу менен да берип, автор чыгармасында өз максатына жеткен аңгемелери дагы бар. Бирок, андай аңгемелери аз санда көрүнгөнсүйт.

Биз жогоруда кеп кылып кеткендей, Нурбүбү аңгемелеринин көбүндө макалдап эмес, лакап ыкмасы менен жазат. Бизге чейин­ки эле чыгарма жазган классик жазуучулар, болбосо акын, драматургдар чыгармаларында дагы так ушундай ыкманы – лакап ыкмасын пайдаланышкан. Чыгарманын же оозеки чыгармалардын дагы бир бутагы болгон тамсилди жаратуучу же жаратман андай чыгармаларын тикелей эле тамсил деп атап, чыгармаларынын соңунда угуучуларына, болбосо, окуучуларына ошол жараткан тамсилин өздөрү чечмелеп беришкен. Автор тарабынан чечмеленбеген, бирок түшүнүктүү тамсилдер дагы кездеше берет. Ал эми мындайды Нурбүбү Бөдөшованын чыгармаларынан гана эмес, бүтүндөй жазмакерлердин чыгармаларынан кездештирүүгө болот. Тилекке каршы, биз жогоруда кеп кылгандай, алар өздөрү лакап же тамсил ыкмасында жазышканын өздөрү дагы биле беришпейт. Ачыгын айтканда макал менен лакаптын айырмасын айра билишпей келишкен жазуучуларыбыз дагы жок эмес, бул өкүнүчтүүсү…

“Түйүлдүк” китебиндеги “Сүтак” аттуу чакан аңгемеде Гүлсана аттуу кемпир күйөөсү Эрматтан эрте ажырап, чиедей калган Замир менен Камил аттуу уулдарын эч нерседен кем кылбай, кара жанын карч уруп, эрезеге жеткирет. Улуусу Замир ошол кездеги Советтик Армиянын катарына чакырылып, кызмат мөөнөтү бүтсө да, энеси менен иниси Камилди ойлоп да койбой, туулуп- өскөн Ата- Журтуна кайрылып кайтпай, тескерисинче: “Апа, мен ушул жакта калдым. Биздин взводдун командири Алексеевдин кызына үйлөндүм. Азырынча айылга барганга шарт жок. Күзүндө барабыз”, – деп, куш тилиндей кагазга кабарын жазып, келинчеги экөөсү үйлөнүү тоюнда түшкөн сүрөттү салып жибериптир (“Түйүлдүк”, 25- бет).

Андан ары автор: Эне жүрөгү… Уулум күзүндө келинчеги менен келет, – деп болгон мыдырын мыкчып отуруп, күз эмес, жаз, жайды өткөрдү. Ошентип, уулун күткөн жылдар катарлашып өтө берди. Уулунан кат менен кошо небересинин сүрөтү келди. Кийин, улам кат- кабар сээлдеп, эми почточу аны көрмөксөнгө деле салып, өтүп кетчү болду.

Колундагы Камиличи? Чынын айтуу керек. Кээде “ушунун барынан жогу!” – деп, пендечилик кылып кесир сүйлөйбүз”… (ушул эле бет). Эненин эси жок Камили дагы апасы менен кер- мур айтышып, жашы элүүгө чыккыча үйлөнбөй, карыган энени ээн үйгө таштап, баш оогон жакка дарексиз кетип жоголот…

Ушул аңгеменин аягынан дагы бир мисал келтирели:

“Гүлсана түшкөн машине айылдан узай берди. Өзүнө тагдырлаш адамдар менен табигаттын күз, кыш, жаз, жай деген төрт мезгилин узатып – Гүлсана эне дале Карылар үйүндө. Ырас, курсагы ток, кийими бүтүн, санаасы да жоктой сезилет. Антсе да, ал күтүп жүргөн “Сүйүнчү, уулуң келди, келиниң келди, неберелериң”… деген сөздү али кулагы эшите элек. А бирок, кыялында күнүгө келин алып, күнүгө сандыгын ачат. А, кулагына “Сүйүнчү, сүйүнчү” деген үн кадимки сүтак деген кичинекей куштун үнү сымал жаңыра берет… жаңыра берет. Эненин жүрөгү сүтактын көмөкөйүнө айланып баратабы? Андай болсо, чындап сайрачы сүтагым…” (29- бет) деп, автор карыган эненин ак сүтүн берип, алпештеп чоңойткон уулдарынан алигүнчө үмүтүн үзбөй, күтүп жүргөн таттуу, ары кайгылуу күндөрүн жазып, окуучуларына лакаптап жазганы көрүнүп эле турат…

Нурбүбүнүн экинчи китеби “Нике кайып” деп аталып, китептеги “Жалгыздык”, “Сүйүү куну”, “Жинди”, “Нике кайып”, “Жапан өрүк” ж.б аңгемелери дагы автордун жогорудагыдай жазуучулук ыкмасынан айныган эмес. Тес­керисинче, окурманды улам кийинки чыгармаларына азгырып жүрүп олтурат.

Чыгарма жаратуунун татаал, кыйын, түйшүктүү, ары жооптуу жолунда атайын заң- мыйзам жок. Тескерисинче, так бүгүнкү учурубузда көпчүлүк “жазмакерлерибиз” муну эске албай “мен чоң нерсе жаратып салдым” дегенчелик пикирде өздөрүн эң жогорку деңгээлде көтөрүп жүрүшкөндөрү менен, болбогон бир нерселерди – чампалап жүрүшкөндөрүн көрүп, өзүңдү- өзүң ыңгайсыз абалга калтырууга аргасыз да болот экенсиң…

Жазуучу Нурбүбү Бөдөшева “Тагдыр” деген жалпы аталыштын алдында “Түйүлдүк” жана “Нике кайып” аттуу 1- жана 2- китеп кылып чыгарган дээрлик аңгемелеринин каармандарына бооруң ачыйт, болбосо аргасыз жиниң келет. Тескерисинче, анын ар бир аңгемесин окуп жатып, көбүнчө сүйүнүп калган учуруң дагы болот. Бул Нурбүбүнүн жекече чыгармачылык дараметинин керемети.

Жумабек ТОКТОГАЗИЕВ, жазуучу

 

АК ЖҮРӨГҮМ

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, таланттуу акын Карбалас Бакировго

Алтымыштын ашуусунда бир кызыл от

Азгырылтып, ырларга арыш керип
Аргымактай К.Бакиров!
Сүйбөйсүң көлөкөнү, булуттарды,
Сүйөсүң аппак карды
кышындагы.
Гүлдөрдү көктөмдөгү,
терезелер тушундагы.
Анан да сүйөсүң сен
талааларды… чексиздикти.
Мизиндей бычактын курч деп түздүктү.
От болуп жанасың аа,
Чымынды кондурбаска
Чындыктын канатына
далбаластап,
Атыңдай карбаластап
Ак жүрөгүм!
Жашартууга өмүрүн карт бирөөнүн
даяр болуп.
Көңүлүңө ырларың аяр конуп,
Өйдөсүнбөй жакшылыкта,
Өзүңдү өзүң эч билбейсиң.
Бакан оозго
Баладай көп кирдейсиң…
Бирок да поэзия –
Ачып ийип асманыңды,
Жылдыздарга көтөрүп каштарыңды,
Желге таштап,
Желкеңе ооп бараткан чачтарыңды,
Бүт турпатың ырга айланып,
Сени сүйгөн шамалдай
Шуулдап басканыңды
жасалмасыз, сагындым мен.
Достор бар жарык жүргөн,
Достор бар жабык күлгөн…
Жок эмес кадыр билген.
Арылалбай жүрөгүңдө бүлүгүңдөн,
Ырдын пири мингизген күлүгүңдөн,
Түшпө досум!
Сени коштоп турат бийик,
Поэзия- улуу кошун!

Бактыгүл ЧОТУРОВА, “Кыргыз Туусу”, 26.09.2014- ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий