Бердибек Жамгырчиев

1987-жылы Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районуна караштуу Ак-Терек айылында туулган. Кусеин Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык Университетинин Кыргыз филологиясы факультетин аяктаган.

2013-жылдын “Мыкты жаш акыны” наамынын ээси. Республикалык “Айтыш” коомдук фондунун алдында түзүлгөн “Калемгер” адабий клубунун мүчөсү.

«Жүрөктө калган бир ысым» аттуу китептин автору.

 

Бердибек Жамгырчиев жана анын чыгармачылыгы тууралуу

Чындык сөзүн айтпаса, акындыктан не пайда

Бердибек Жамгырчиев: “Мактоолорду жоопкерчилик катары кабыл алам”

 

Ырлар

ТАЖАДЫМ БУ ШААРЫҢДАН…

Бишкектен эмне таптым..Ылайга теңдеш актым.
Балалык аруулуктун, Баардыгын жерге чаптым…

Тажадым бу шаарыңдан, Күмөнмүн учаарымдан.
Көрүнөө уттурганым, Көп болду утаарымдан.

Чаңында куру жолдун, Чачылган шуру болдум.
Жасалма сезимдердин, Бир топ жыл кулу болдум…

Жалганга эленбеген, Жан элем элеңдеген.
Эңсөөлөр таза болчу, Көөдөндө тереңдеген.

Кыйнадым кылдай жанды,Кыялдар жылбай калды.
Үйрөндүм кара күчкө, Жасалма жылмайганды.

Үйрөндүм кас болгонду, Жибибей таш болгонду.
Ары жок махабатка, Темтейип мас болгонду.

Үйрөндүм алдаганды, Моюнга албаганды.
Түңүлгөн жүрөгүмө, Үмүттү жалдаганды.

Үйрөндүм арамдыкты, Чүрүшкөн сараңдыкты.
Көөдөнүм жукаргыча, Уюттум жалаң кытты.

Күйүткө чөккөндү да, Ичкенди, чеккенди да.
Үйрөттү ушул шаарың, Чындыкты тепкенди да..

Тешилип баш калканым, Жешилип жаткан чагым.
Табигый жан-дүйнөмдүн, Чыгардым таш-талканын.

Бири көк, бири жерде, Шаар жагат кимиңерге?..
Жанчылып тачка түрткөн, Агамын инилерге.

Дүйнөмдүн кулап туусу, Кетпеди кулак чуусу.
Көлчүккө айланды бүт, Көңүлдүн булак суусу.

Ээн-эркин талтактайбыз, Чолоосуз шалтактайбыз.
Соодалап жан-дүйнөнү, Намыс же ар таппайбыз.

Ичкеним берекесиз, Багытым көлөкөсүз.
Кепичин сүйрөп жүрөт, Келечек кебетесиз.

Каректи кара чалып, Кайдадыр барат алып.
Жарыкты издеп келгем, Айылдан аласалып.

Көралбай асманымды, Көө кылдым жаш жанымды.
Ошондо сезсем эмне, Жарыктан качканымды…

Бу шаардын саратаны, Куйкалайт жараканы.
Кан какшап сурайм тагдыр, Кайрып бер аласаны.
Ал:
Тоолордун ыйык жели, Апамдын алаканы…!

 

БУУЛУККАНДА

Түйүлгөн кабагымдан күн коркуп түнөрчүдөй,
Тагдырдын дөңсөөлөрү таманда түзөлчүдөй.
Толкундай артка кайтпас жалтанткан анык сүрүм,
Тоолорду тамырынан бошотуп жиберчүдөй.

Жандуунун баары калды артымда балакайлап,
Жапжалгыз мага таандык катуу күч барат айдап.
Жонумда арстандар…жол улап кете бердим,
Жолумдан чыккан ташты жөн өтпөй жара чайнап.

Өрт баскан токой өңдүү качырап колу-бутум,
Өзөктөн сууруп салдым өмүрдүн болумушун.
Көздөрүм чарт үзүлүп чыкчудай чанагынан,
Каалабайм ушундайда душмандын жолугушун..

Ажалдын уусун ичип душмандын каны тургай,
Тукуму Кан Манастын буулугат дал ушундай..!

 

ЭРГИГЕНДЕ…

Сени ойлосом кыялдар келет түркүн,
Сезимимде ачылган демек гүлсүң.
Караңгыдан жарыкты бөлүп турган
Карачачтай көрөгөч кеңешчимсиң.

Сени ойлосом капалык качат менден,
Сенсиз билбейм кантип мен жашап келгем.
Жамалыңдан жаркыган ак таң келип,
Жарык күнүм айланып батат сенден.

Жаштык менен чыгарчу бүтүм көптүр,
Жан адамың келчү жол күтүлбөстүр…
Жадырашып далайлар жүргөн менен,
Жан-дүйнөмдү сенчелик түшүнбөстүр.

Мен бир жанмын сүйүүгө бат эргиме,
Мага болуп келесиң а сен күбө.
Кудай сени энчилеп берген окшойт,
Караан бол деп ыр жандуу апендиге…

 

БАШКА ЧЫКПА ЭМИТЕН…

(тамашалуу ыр)

Жокко чыгып сүйүүдөгү антыбыз,
Жоголууда күндөн күнгө баркыбыз.
Алгач жаңы сөз беришкен күндөрдө,
Ар убакта сый болот деп калчубуз…

Чамасы жок ишеничтин коргону,
Чачыратты сезим деген ордону.
Ажылдашчу аял менен эр эмес,
Азыр жаным кыз жигитпиз болгону…

Ашыкча чыр махабатка чек коёт,
Андайларды майда адамдар деп коёт.
Билесиңби эркектердин көп жашын,
Билдирбестен аялдары жеп коёт.

Сен бүркөлсөң менде кайдан жан тынмак,
Сендикмин деп турсан кана жаркылдап.
Кичи пейил мамилеңди көргөзчү,
Кийин деле жетишээрсиң аңкылдап.

 

СЕН АДАМСЫҢ

Сен адамсың, жарты эмес бир бүтүн,
Сезгин, тапкын бар бакыттын үлгүсүн.
Тумандан да көрсөк болот жарык нур,
Туура кармап бу турмуштун дүрбүсүн.
Калп дүйнөгө казык болуп не керек,
Калса калаар жакшы сөзүң бир күкүм.

Сен адамсың, акыл-эстүү жансың да,
Сенек болуп тирүүлүккө жанчылба.
Аздыр-көптүр кайгы үчүн кайыгып,
АДАМ деген дарегиңе камчы урба.
Үйүп алып көөдөнүңө боштукту,
Үмүтүңдү таштандыга калтырба.

Сен адамсың, жапыз болуп тепселбе,
Сезим өлүп калбаш керек эч сенде.
Таңгалдырып басып кеткин кулабай,
Тагдыр келип так жүрөккө тепкенде.
Көзүң барда ак дил менен жан үрө,
Көөдөнүңө “АДАМ” данын сепкенге.

Сен адамсың, кенен атта, тушалба,
Сен адамсың, так жебедей уч алга.
Келечегиң жатпаш керек оролуп,
Келечексиз кайгы, санаа, кусаңда.
Каалайм сага нур жолдорду адамзат,
Кана эмесе тагдырыңдан ут анда!!!

 

ҮМҮТ ЖАНА КЫЯЛ

Эңгиреген боштукту туяр менен,
Эбак эле үмүттү тыяр белем..
Жалган дүйнө жарыгын токтоткуча,
Жашайт тура адамдар кыял менен.

Кыял деген ушунча күлүк белем,
Кылым доорун заматта сүрүп келем.
Жетеги жок өмүрүн көп учурда,
Жеңет тура адамдар үмүт менен.

Күн табына жанымды кумарлантып,
Күндөрүмдү үмүткө куралдантып.
Кыска жолдон максатка жетүүчүдөй,
Кыялдардын күүсүндө турам балкып.

 

БЫКШЫГАН СЕЗИМ

Быш-ш деп анан жалп өчкөндөй ысык чок,
Ортобузда кымындай кызык жок.
Сүйүүбүздө энергия болбосо,
Жашайбызбы электрден күтүп ток?

Сезимдерди муздаткычка тоңдуруп,
Кыялдарды жалбыракка кондуруп.
Эптеп эле аргасы жок жүрөбүз,
Эңкейишке өңгүл-дөңгүл жол куруп.

Чын жүрөктөн байланыш жок биз күткөн,
Чымын жандар тажадыбы бир жүктөн?
Маарасына жете албаган кашаңдай,
Максатыбыз ашпай койду киндиктен.

Башты ийип, болбогон бир жүйөгө,
Батпайлычы улам-сайын күнөөгө.
Мен чыгынып үйлөнөйүн башкага,
Сен чыгынып тийип кетчи күйөөгө!

 

АК КАРГА АРЗУУ

Ай-ааламдан угулуп жанылыктар,
Ак кар менен бир келген жанылык бар.
Тамшандырган сулуудай көз талдырат,
Табияттын өзү да жамынып кар.

Ак кар билсең арналчу сөзүм аппак
Ашыгымдай сага да сезим аппак
Өзөгүмдөн ыр чубап турса дагы
Өмүр бою бүтө албайм сени мактап

Эзилген жок жан дүйөм жөн жеринен
Эргип күткөн махабат сенде билем
Жазыла элек ырлардын пири болсоң
Жашырмакмын өзүңдөн эмнени мен?

Убактыңды уурдатып жөн өткөрбө
Мээримиң чач, үлгү бол бөлөктөргө
Оюң таза, жасалма мүнөзүң жок,
Ошондуктан жакынсың бөбөктөргө.

Уяңдык бар айталбас сүйкүмүңдө
Улуулук бар байкалбас бүртүгүңдө
Ак кар сенде сыйкырдуу муза жашайт
Жашоо нурун боёгон түркүн үнгө.

 

ЖҮРӨКТӨ КАЛГАН БИР ЫСЫМ

Жалынга ороп күчөтүп күндүн жылышын,
Дүйнөмдү ээлеп акылдан алып тымызын.
Душманга дагы багынбай турган жүрөктү,
Багынтып алды жанымды эзген бир ысым.

Санаага батпай бейкапар жүргөн кезимде,
Жүрөктү эзип, бүлүктү салдың сезимге.
Ак куудай жүзүң ансайын көзгө элестеп,
Оюмда сенсиң эртеби мейли кечинде.

Өмүрдүн дагы аткансыйт сен деп ак таңы,
Сен үчүн окшойт мөңгүнүн эрип акканы.
Сезимдер курчап жарыгы жанган жашоодо,
Сенделип ”сен” деп көралбай калдым башканы.

Сүйүүмдү сезсең өңүнөн кетпес арчадай,
Жашаймын сен деп кумарым сенден таркабай.
Ажалым жетип акыркы саатым калгыча,
Сүйөөрмүн жаным, сүйөөрмүн сени чарчабай.

Жалынга ороп, күчөтүп күндүн жылышын,
Дүйнөмдү ээлеп акылдан алып тымызын.
Ак таңым болуп, жашоомо жарык нур берген,
Жүрөктө калды, жүрөктү эзген бир ысым…

 

ГЕНИЙЛЕР БАЙКАЛБАЙ ЖҮРҮШӨТ

Генийлер көзгө да көрүнбөйт,
Аларга көңүл эч бөлүнбөйт.
Кейитип жүрөгүн бекерге,
Керексиз ойлорго чөмүлбөйт.

Генийлер жөнөкөй кийинет,
Кыйналат, миң өлөт, тирилет.
Жалтырак жамынып жашабай,
Жарык нур көргөнгө сүйүнөт.

Генийлер өмүрү жутунбайт,
Чоң тойсо чокчоңдоп кутурбайт.
Жалганга жармашпайт, бир гана,
Жан дүйнө байлыгын утурлайт.

Карааны көрүнбөй сыйдын да,
Генийлер көнүшөт ый-муңга.
Акмактар асылып ийнине,
Ар дайым калышат шылдыңга.

Табышмак өмүрдү сүрүшөт,
Жалындап, от болуп сүйүшөт.
Биз менен бир жашап жатса да,
Генийлер байкалбай жүрүшөт.

Кепинге чындыкты жашырып,
Келебиз жалганга баш уруп.
Генийди таптакыр көралбас,
Демек биз пендебиз макулук.

 

ЖАЗДЫ СҮЙӨМ

Жаз желинде кыялкеч жорук бардай,
Жазсыз калаар махабат толукталбай.
Сүйүнөмүн Жаз келсе жаным туйлап,
Сүйгөнүмө күтүүсүз жолуккандай.

Жаздын жыты таасирдүү бир башкача,
Жашоо, үмүт, жан дүйнө, дил башкача.
Сугун артып тирүүлүк турган өңдүү,
Сулуулардын келбетин нур каптаса.

Мурдагыдан көбөйүп жакындыктар,
Мурунду өрдөп табигый атыр жыттар.
Жаркып күндө жаныңды эс алдырган,
Жаз айында бүтпөгөн асылдык бар.

Кайгы-муңдар капкайда унут калып,
Капыс келген сезимдер бүлүк салып.
Карайлаган каректер ойноп кетет,
Кадам сайын жаркырап үмүт жанып.

Сүйүнүчтөн, сүйүүдөн жаш тамчылап,
Жүрөктөрдөн ыр эмес дастан чыгат.
Кыздай болуп билгизбей амалданып,
Кылыктанат жаз жели чачтан сылап.

Жүрөгүмдү жылыткан ызгаардагы,
Жүдөп турган күнүмдү сызган дагы.
Жамалында жасалма күлкүсү жок,
Жазды сүйөм айрыкча кыздан дагы.

 

АППАК КАРЫМ

Коюу чаңда калганда максаттарым,
Күттүм эле өмүрдүн аппак карын.
Эми минтип апапак кыш кечинде,
Жүрөгүмдү жаткансыйт каптап жалын.

Сүйгөнүмдөй назиксиң аппак карым,
Сезем сенде сыйкырдуу аптап барын.
Кайталангыс музага бөлөп жатты,
Сезимдерге себелеп баш бакканың.

Сени көрүп жашоого канып турдум,
Эңсөө күчөп эрээркеп калыптырмын.
Кусалыктан куурулуп турган кезде,
Жан дүйнөнү тазартып жарык кылдың.

Элестетип кебездей түспөлүңдү,
Сезсең керек санааркап күткөнүмдү.
Жапыздыктын жарчысы боло көрбө,
Анткени сен бийиктен түшпөдүңбү…

Аруулукту өзүңдөн жасагансың,
Булганбаган табигый таза жансың.
Аппак бойдон эрибей туруп тургун,
Сени көрүп пенделер тазалансын!

 

Соц тармактар:

Бердибек Жамгырчиев: 1 комментарий

Добавить комментарий