Абдылда Карасартов. «Казак жеңем»

(аңгеме)

Менин бир жеңем казак болчу. Аты – Күлпаш, орто бойлуу, чымыр денелүү, жайдары мүнөз, сөз кезеги келгенде айтар сөзүн бетке айтып, тайманбай сүйлөгөн чечкиндүү келин болчу. Жеңемдин башка абысындары негедир андан айбыгып турушчу. Ал келин болуп келген күндөн тартып, мени «молда жигит» деп айтчу болду. Ичимен: «Мен молдо болбосом, эмне үчүн мени молдо дейт, бала турсам, эмне үчүн жигит дейт» – деп анча деле жактыра бербей ойлоно берчүмүн. Бирок ал жеңе мага аябай жакшы мамиле жасачу. Жеңемдин мени «молда жигит» дегенин ичимен жактыра бербесем да, бирөөгө ачык айткан эмесмин.

Бара-бара жеңемдин мага кылган жакшы мамилесинен улам «молда жигит» деген сөзүнө да көнө баштадым. Башка жеңелерим мени «кичине бала» деп тергешчү. Кийин ойлосом казак жеңемдин мени «молда жигит» дегени тергегени тура. Күлпаш жеңем аябай шамдагай, ишке тыкан, эмгекчил келин. Ал эшикте эркектин, үйдө аялдын жумушун жасайт.

Жайлоого чыкканда:

– Жүрү молда жигит, экеумиз отун алып келейик, сен өгүздүн чүлүгүн устап берсең болганы, калганын өзүм бүтүрөм, – дечү. Мен отун жүктөөр кезде, өгүздүн чүлүгүн кармап берчүмүн. Жеңем чогулган отунду заматта гана өгүзгө жүктөп, үйгө тез эле жетип келчүбүз.

Күндөрдүн биринде жеңем мени төркүнүнө ээрчитип барды. Биз барган күндүн эртесинде той болуп, кечкиси өлөң айтуу болду. Кыз-келиндер менен жигиттер эки-экиден болуп өлөң айтып жатышты. Жеңем да өлөңдү кыйын айтат экен. Ал да бир жигит менен айтыша кетип, жигитти жеңип койду. Анан тамак келип, баарыбыз тамакка отурдук. Бир аял такыячан топ кыздарга:

– Караңдаршы, бул жигитти кайсыңдар унатасыңдар? – деди. Жеңем жылмайып:

– Кай кыз бала саган унайды деп молда жигиттен сурамайсыңдарма? – деди. Угуп отургандар күлүп калышты. Аялдардан бирөө:

– Онда буларды, айтыстырайык, ким өлөңдү жаксы айтады экен, сонан соң көрө жатармыз, – деди. Мен:

– Өлөң билбеймин, – дедим.

Жеңем:

– Өйтүп айтпа, мен саган үйрөтүп кояйынба?

Эшки майын жемеймин,
Таңдайыма катады.
Кишкентай кызга бармаймын,
Татагамды тартады… десең болгону, – деди.

Мен уялып жер карадым. Кыздар кыткылыктап алакандары менен бетин жаап калышты. Отургандардын бардыгы дуу күлүп жиберишти.

Күндөр өтүп, мен чоңоё баштадым. Казак жеңемдин «молда жигит» дегени эми кулагыма жагымдуу угулчу болду. Анын сүйлөгөн сөзү да, иштеген иши да мага кынтыксыз сезилет. Азыр жеңем беш эркек, бир кыздын энеси болуп калды. Жеңемдин бир гана жери – келин болуп келген күнүнөн тартып эле казакча сүйлөп жүрдү. Биз эч кандай эрен-төрөн алган жокпуз. Кээ бир гана тууган-туушкандар: «Келиниңерди кыргызча сүйлөгүн дебейсиңерби» – деп калышат. Апам Калыйча:

– Мейли, казакча сүйлөйбү, кыргызча сүйлөйбү баары бир, сүйлөгөнүндө эмне туруптур, бардык келинден ушул келиним ыймандуу, мен ага казакча сүйлөбө, кыргызча сүйлөгүн деп айта албайм, акжолтой келин, ушул келиним келгенден бери үйгө ырыскы толуп, өнүп-өсүп жатабыз, – деп баарынын оозун жап кылчу.

Бир күнү той болуп, бир үйдө толтура аялдар отурган. Жеңем самоорго чай кайнатып, аялдарга чай куюп жатты:

– Кане, апалар, шай ишип отуруңуздар, – деп улам бошогон чыныга чай куюп сунуп жатты. Төрдө отурган бир кемпир айтып калды:

– Ыя, келин, ушунча бала-чакалуу болгонго дейре, кыргызча үйрөнгөн жоксуңбу, кыргыздын келини болгон соң кыргызча сүйлөсөң боло, – деп.

Жеңем адатынча ага бетке айтты:

– Апа, сиз өпкөлөмей турган боларсыз, үйкени бизде: «Сөз келгенде акеңден кайтпа» деген лакап бар. Мен сиздерге келин болуп келгем, кыргыз боламын деп келгеним жок, келин боламын деп келдим, сүйтседе сендерге бес кыргыз тууп бердим. Оларды сендер казакша сөйлөңдөр, өйткени мен шешең боламын деп айтканым жок, ие айтпаймын. Өйткени алардын акеси кыргыз. Сол сыякты мен казактыгымды танып, кыргыз бол, тилиңди өзгөрт дегендериңиздерге мүлдө косулмаймын. Казакпын, дилим де казак, тилим де казак, не кылсаңдар сол кылыңдар, казир кубалап жиберсеңдер да кете беремин, – деди.

Апам Калича ал кемпирдин айтканын угуп, көпкө дейре ага таарынып жүрдү. Анан жеңеме:

– Балам, эл деген эл экен, ар кимиси ар кандай айтат, айткандар айта берсин, алардын айтканын көңүлүңө албай эле кой, – деди.

Жеңем он эркек, эки кыз төрөдү. Азыр балдарынын бардыгы үйлүү жайлуу. Бирок маркум жеңем казакча сүйлөп, казак бойдон о дүйнө кетти.

Асыл адам эле, көп жеңем болсо да, бир гана казак жеңемдин сүйкүм элеси көз алдымда калыптыр.

Соц тармактар:

Добавить комментарий