Мирлан Самыйкожо

Ырлар

КҮЛГҮН ЖООЛУКЧАН

Көсөп жанды көңүл ооруткан,
Көйгөйлөрдөн жаңы соолуксам…
Күүгүм күнгө кошуп узатты,
Күлгүн көйнөк, күлгүн жоолукчан.

Кусалыктын күбүп кунарын,
Көзүмдү албай карап турамын.
Куп жарашат экен өзүңө,
Көйнөгүңдөй күлгүн курагың.

Такыр болбойт эми жолугуум,
Талкаландым, кайра соолудум.
Татынакай жарашат экен,
Турмушуңдай жаңы жоолугуң.

Көчө бойлоп басып буралдың,
Караанымды катып туралдым…
Көөдөндү өрт каптап турса да,
Көргөнүмө бирок кубандым.

Көсөп жанды көңүл ооруткан,
Көйгөйлөрдөн жаңы соолуксам…
Күүгүм күнгө кошуп узатты,
Күлгүн көйнөк, күлгүн жоолукчан.

 

БОЛДУ ЭМИ…

Таарынбай тагдырыма көнөйүнчү,
Таалайсыз талаасына жөнөйүнчү.
Таң калбай анын жансыз, муздагына,
Таш көрсөм тагдырлаш деп өбөйүнчү.

Жалтанбай жалгыздыкка барайынчы,
Жашоону жар кырынан карайынчы.
Жасалма сырдашканча силер менен,
Жамгырды жолдош кылып алайынчы.

Бүгүн мен баарыңардан бөлүнөйүн,
Бугумду булутка айтып төгүлөйүн.
Бузуку жандар менен көрүшкөнчө,
Булакты күзгү кылып көрүнөйүн.

Болду эми бул ордумдан козголоюн,
Балааңардан кутулуп бош болоюн.
Бүк түшкөн арзыматка жолдош болбой,
Бурганак бороон менен дос болоюн.

 

 

ТҮШҮНГҮЛӨ

Талкалап, сындыргыла бүлүндүрүп,
Таңы аткан таалайымдын гүлүн күбүп.
Баарыңар бирден тарап таарынгыла,
Бар болгон душманымды сүйүндүрүп.

Болду эми, туңгуюкка кептегиле,
Болду эми, болушунча тепсегиле.
Болбосом, болбой өзүм калайынчы,
Болбогон пенделикти чектегиле.

Жемелеп мейли жерге жекиргиле,
Жүрөккө чоң жаракка кетиргиле.
Кадырды кантип жасап алмак элем,
Камкордук кыла албасам кечиргиле.

Көксөгөн максатымды бүтүргүлө,
Көккө учсам көмөлөтүп түшүргүлө.
Көр тирлик азабынан арыла албай,
Көкүрөк ыйлаганын түшүнгүлө.

 

ЧАКЫРЫК

Амансыңбы, Ала тоолук тулпарлар?
Ата журттан алыс учкан шумкарлар.
Көөдөнүңдө көлкүлдөгөн сагыныч,
Көзүңөрдө кусалык бар? муң-зар бар.

Сурайсыңар мекен жайын келгинден,
Силер үчүн тоо жыттанып келдим мен.
Каалаганча кыркып, кесип калгыла,
Керек болсо кыргыз деген белгимден.

Жыттагыла, моокумуңар канганча,
Тиктегиле, карегиңер талганча.
Сурагыла, айыл, талаа, калааны,
Сүйлөшкүлө жүрөгүңөр жанганча.

Жолдор жатат жолоочуну алып барган,
Тоолор турат тоолуктарга калыптанган.
Суулар агат мезгил менен жарышып,
Тууңар турат мурас болуп сакталган.

Айылыңар калган ошол боюнча,
Апаң жүрөт күтүп жолдун боюнда.
Атаң болсо жер сугарып, арык чаап,
Айры, күрөк, кетмени бар колунда.

Жерлер калган жетимсиреп айдалбай,
Жылкың жүрөт жылгаларда байланбай.
Алма, өрүгүң жатат жерде чачылып,
Малың турат маалы менен жайланбай.

Бүгүн, эртең какшап күндө айтканча,
Бүркүт кайра мекенине кайтканча.
Жору айланып сагызгандар шакылдап,
Журтуңарды жутпаса экен капканча.

Өзгө келип өртүн жагып жатканда,
Өнөктөш жок өртүнө суу чачканга.
Өбөктөгөн кейипке кетип бараткан,
Өлкөң бүгүн өтө муктаж жаштарга.

Уулдар кетти өз жеринде атылып,
Улам кайра жерлер жатат сатылып.
Урпактардын келечегин жоготуп,
Ушул бойдон кетебизби чачылып?

Москва, 2014

 

ЛОНДОНГО АРНАЛГАН ЫР

Көрдүм мен бул аралды, курчаган деңиз жаткан.
Качанкы мезгилдерди багынткан, тарых баткан.
Шаңкайган көчөлөрүн көрүп анан, шартына көнүп анан.
Шаар ичин араладым, Шекспир, Байрон баскан.
Ооба мен бир белгилүү аралдамын,
Оодарып жүрөм азыр,
Олчойгон бадалдарын, оргуган шамалдарын.
Тааныбай карап өтүп баратамын,
Тарыхый имараттан тараган адамдарын.
Эзелки аттары бар, эс алчу парктары бар,
Эрбейип тарам-тарам болуп өскөн,
ээн жерге толуп өскөн бактары бар.
Жандарын кыйнай бербей, жаш төгүп ыйлай бербей,
Жакшылап жашаганга шарттары бар.
“Ватерлоо”, “Викториядай”, адашсаң таап алгыдай,
Жашыл, көк, кызыл сызык, метросу шарак-шарак тынбай сызып,
Мезгилден кечиктиргис, мазакка кезиктиргис жактары бар.
Кыскасы Европа элиндемин, кадимки Королева жериндемин,
Кыш түшүп кар жаабаган Британиянын, кармадым согуш көргөн темирлерин.
Теримди тешип, көсөп аралатып, тээтиги байыркыга аралашып,
Телмирип ойго батып, Темзанын жээгиндемин!

Лондон, 2012-ж

Соц тармактар:

Мирлан Самыйкожо: 1 комментарий

Добавить комментарий