“Саяк наме” – саяк уруусунан чыккан билгилерди баяндайт

Республикабыздын социалдык өзөгү – кыргыз эли. Баары өзөктөн жанат. Бул өзү табигый мыйзам. Ушул эске алынбаган шартта абал чийеленишет, ички байланышуулар сакталбайт.

Дүйнөдөгү ар бир элдин өзүнө гана таандык тарыхый калыптанган, өнүгүүсүнө, өз алдынчалыгына өбөлгө болуп турган өзгөчөлүк жактары бар.

Салыштырмалуу аз кыргыз, далай башка элдерге окшоп жок болуп кетпей, ошол аз бойдон нечен миңдеген жылдар бою элдигин сактап, тарыхын улантып келаткандыгынын сыры эмнеде? Бул – биринчиси. Ушул суроого туура жооп, туура түшүнүк калк арасында канчалык? Ушул эки соболдун экөө тең бүгүнкү күндө чоң мааниге ээ болуп туру.

Уруу эмес, улут болуп жашайлы дешет. Бара-бара бир тилге биригип, бир эл-совет эли болуп жашайбыз деген советтик заман өттү, кетти, өчтү.

Эгерде уруу деген ушунчалык эле зыяндуу, кесепеттүү болсо, кылымдарды карыткан кыргыз болбойт эле да. “Уруубузду уят кылба, эл караган бетибиз жер карабасын” деп уруудан чыккан эл жакшылары жалпы журт тагдырын туу тутуп, эч убакта уруу тууганчылык менен чектелип калган эмес да. Жалпы элдик нарк, салт сакталган. Уруу тууганчылыктан өйдөлөй албаган болсо, андайлар четинен өчүп, жок болуп кала бермек. Жалпы кыргыз элдик тарыхый атуулдар ар бир уруудан чыккан. Жалпы элине жасаган кызматы ооздон оозго айтылып, даңазаланып келген. А мунун өзү, кээ бирөөлөр айтып жүргөндөй, элди уруу-урууга бөлүп-жарып араздаштыруу эмес, кыргыздын кыргыз табиятын, элибиздин элдик нарк-насалин таануудагы зарылчылык.

Өткөн жумада эл-журтубузга таанымал, маселенин түпкү жөн-жайын айта билген журналист, публицист Жолдошбек Токоевдин даректүү баян, илимий иликтөө эмгегинин -“Саяк наме” китебинин бет ачар аземи болуп, ага катышкан интеллигент өкүлдөрү тарабынан жакшы ой-пикирлер айтылды.

Бул китепте адаттагыдай саяк уруусунун санжырасы эмес, ушул уруудан чыккан, бүт эл-журтуна ак эмгеги, жөн билгилик жөндөмү, акылмандык асылдыгы менен ардакталган атуулдар баяндалган. Автордун эмгегинин артыкчылыгы ушунда. Азыркылардын акылы барларын ойлондура турган тарбиялык таасири бар.

Китепте Сагымбай Орозбаков, Тайлак баатыр, Куйручук, Карамолдо Орозов, Ишеналы Арабаев, Касым Тыныстанов, ошондой эле 19-кылымда Калыгул олуя менен бирге жашаган бирок унутта калган алп акын, манасчы, комузчу Айтике, жана кыргыздын залкар кыздары Мыскал Өмүрканова, Бүбүсара Бейшеналиева жана башка эл жакшыларынын он төртү жөнүндө айтылыптыр. “Китептин экинчи чыгарылышында дагы улантылат, эмгеги менен элине таанылган дагы далай адамдар жөнүндө сөз болот” деди автор.

Жусуп Абдрахманов ким болгондугу туурасында китепте бир топ кеңири жазылып: “Доорлордун бир доорунда Манас баатыр “Кыргыз!” деп ураан чакырган болсо, Жусуп Абдрахманов дагы ХХ кылымдын башында “Кыргыз!” деп ураан чакырып, өмүрүн сиз менен бизге бул дүйнөдөгү татыктуу жашообузга арнаган” деп бир катар фактыларга токтолуптур.

Аларды билгендер бардыр, билбегендер бардыр, китептен үзүндүлөп айта кетейин, тырмакчага алып, автордун өз сөзү менен.

“Кеменгер Жусуп, улуу державанын тираны Сталиндин эркине каршы мамлекетке эгин төгүүдөн баш тартып, буудайды элдин кампасына калтырып, кыргыз элин ачарчылыктан аман сактап калды…”

Жусуп Абдрахмановдун күндөлүгүнөн мындай мисалдар келтирилген экен: “Эртең менен Борбордук аткаруу комитетинде болдум. Рудзутак менен жолугушуп, кайрадан темир жол маселеси жөнүндө сүйлөштүм. Дублицкийге Москвада чечилүүгө тийиш болгон бир катар маселелер боюнча тапшырма бердим. Ал жакшы кызматкер. Кээ бир кызматкерлер Кыргызстанды ал урматтагандай урматташса жакшы болор эле. Андай болбой жатпайбы. Менин элимдин таалайынын тайкылыгы ушунда”.

“СНКнын бөлмөсүндө демейдегидей эле иштеп жаткам. Күтүүсүз жерден союздук СНКсынын комиссиясынын Токмок темир жолун куруу бир жылга артка жылдырылды деген каргашалуу телеграммасы келип калбаспы. Рыков менен Сталинге нааразылык билдирген шашылыш телеграмма жөнөттүм”. 1928-жыл 4-декабрь.

Жусуп Абдрахмановдун Сталинге жазган жашыруун каттары жөнүндө делип, минтип айтылган жери бар экен, китепте: “1928-жылы жазган катында 1924-жылы москвалык чала кайым адистердин кесепетинен Сүлүктү кени Өзбекстанга каратылып койгондугун, чынында бул кен Кыргызстанга тийешелүү экендиги, кенде иштегендердин улуттук курамында кыргыздар басымдуулук кыларын мисал келтирип, Сүлүктү кенин Кыргызстанга кайтаруу маселесин көтөрөт. Бул кат боюнча маселе оң чечилип, азыркы Сүлүктү шаары жана жер аймагы Кыргызстан тарапка өтөт”, азыр эми Каркыра менен Үзөңгү-Кууш кайда?

Ушул эле 1930-жылдын ноябрь айында жазган катында “Кыргызстан Кытай мамлекети менен чектеш экендигин, ушуну эске алуу менен өлкө башчысы Сталинден Кыргыз АССРин РСФСРдин курамынан бөлүп, Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасын түзүүнү өтүнөт. Кеменгердин бул каты жоопсуз калат. Бирок 1936-жылы Кыргызстан өзүнчө мамлекет болуп түзүлөт”.

Мына ушундай жана башка көптөгөн маалыматтарды ар түркүн булактардан топтоонун, тизмектөөнүн өзү бир кыйла машакаттуу жана окуган кишиге ой жүгүртүүгө, түшүнүк алууга оңтойлуулук түзө турган, биле электерге билдириле турган, тарбиялык таасир жагынан мезгил, заман зарылчылыгындагы журналисттик, публицисттик чоң эмгек, мунун өзү.

Жапонияда “Бир пайызчылар клубу” деген бар экен. Андагылардын ар бири кай жактан кандай киреше түшсө да, анын жыл бою бир пайызын жыйнап, миңдеген, миллиондогон долларга тете акча каражаттарын көңүлүнө жаккан тармакка, мисалы спорт, билим, саламаттыкты сактоо жана башка жактарга алпарып беришет экен, бул менин элимдин өсүп-өнүгүшүнө кошкон атуулдук салымдарымдын дагы бири деп.

“Китеп өзү бөксөрбөй, өзгөлөрдү толтуруп турган алтын кумара” деп кайсы бир акылман айткан тура. Ошол “кумаранын” элибизде кеңири таралашына демөөрчүлүк кылгандардын карааны калыңдай берсин! Журналист Жолдошбектин эмгеги элдин колуна жетишин каражат жагынан камсыз кылган Автандил Кулбараков мырзага терең ыраазычылык.

Кенжалы САРЫМСАКОВ, КР Аксакалдар Кеңешинин мүчөсү, карыя журналист,
“Көк асаба, 25.09.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий