Жээренче чечен

(жомок)

Мурунку өткөн заманда өзү чечен, сөзү бекем Жээренче аттуу киши болду. Анын Төлемырза делчү уулу бар экен. «Өмүрүндө чын айтпаган калпычы бала» деп уулу жөнүндө элдин айткан сөзүн Жээренче күн сайын угуп жүрдү. Бир күнү уулун сынамак үчүн, караңгы түндө ээрчитип келатып атасы

— Балам менден көрө көзүң курч эмеспи, асты жагыңды карачы: мага аркарга окшош бирдеме көрүнөт,— деди.

— Ырас эле аркар экен, козусун эмизип турат, — деди уулу.

— Жаның чыккыр, баламдын жалганчы экени чын турбайбы» — деп Жээренче катуу капаланды.

Төлөмырза карга атса «кийик аттым» деп элге мактанат. Бирок колунан эчтеке келбейт. Мунусу элге да, атасына да бүт маалим болду. Бир күнү көпчүлүк элге адатынча дагы калп айтып мактанып калды: «Бая күнү бир кийикти атып жиберсем, огум кулагынын учу менен туягынын учуна тийип, кийигим аман кутулуп кетти»— деди.

Анда Жээренче чечен: «Атаа, баламай, туягы менен кулагын кашынып турган кезинде аткан экенсиңэ» — деди. Ошентип, баласын уяттан куткарып, анан үйүнө келгенден кийин:

— Атаа, жаның чыккан баламай, калпты эпсиз айтып салдың, аны эбине келтире албай эсим ообадыбы. Адам болом десең, мындан кийин эч калп айтпа. Калп сөзүң өмүрүң менен ырысыңа чоң зыян келтирет… — деп, жалгыз баласы жанына тынчы жок, сөзүндө чыны жок, анык жаман бала чыгып калганына ого бетер катуу капаланды.

Бир күнү баласын ээрчитип жолдо келатып:

— Ат жалына казан ас, балам,— деди. Төлөмырза жерге түшө калып, аг)гын жалына от коюп, өрттеп жиберди.

— Эй, балам, ат жалына казан асуу — канжыгадагы тамакты ат үстүнөн жейли деген сөз,— деди атасы.

Дагы бир топ узагандан кийин:

— Балам, узун жолду кыскарт,— деди.

Телөмырза аттан түшө калып, жолду кетмендеп жиберди.

Жээренче чечен:

— Жолду кетмендеп кыскарта албайсьң, балам. Узун жолду кыскарт деген — кызыктуу кеп сал деген сөз. Көп эрмек болуп, жолдун кандай өткөнү билинбей калат. Узун жолду жүрүштүү ат менен кызык сөз гана кыскартат,— деди.

«Минте берсе жалгыз уулум Төлөмырза — мырза да, тукумтуяк да болбойт. Карылардан калган ылакап бар эмеспи: «Аял жакшы — эр жакшы» «Акыл оошот, ырыс жугушат» дейт. Издеп жүрүп, буга эми анык бир жакшы колукту табайын деп ойлоп, Жээренче атты тандап минип, эл аралап кыз издөөге жөнөдү.

Барбаган эли, бастырбаган жери калбай, алты ай чамасында кыдырып жүрдү. Кыз элде көп, бирок Жээренче чечендин издеген кызы эч табылбайт. Элдин баарын бүт аңтарып, капа болуп, кайгы чегип, акыры Жээренче үй жагына кайтмак болду. Балам бактысы жок жаралган экен, ушунча журттан ылайыктуу кыз табылбаганын көрчү» деп келе жатса, айылдан окчун жерде отун кетергөн бир топ кызкелин керүнөт. Ангыча күн жаап жиберди. Келиндеидин алы жеткени музоосуң жетелеп, отунун кетөрө качты. Кыздардын баары үйлөрүн көздөй чымынкуюн чуркашты. Бир кыз музоосун кармап, отунун чапан менен жаап, өзү отуиду далдаа кылып отуруп калды.

— Ээ, балам, тиги кыздар жүгүргөн бойдон үйүнө кетти. Сен эмне себеп менен жаанды тосуп отуруп калдың? — деди, Жээренче.

— Ээ, ата, ал кыздардын төрт зыяяы бар, менин бир зыяным, үч пайдам бар,— деди кыз.

— Пайдаң кайсы?

— Музоом эмген жок, отунум кургак бойдон калды, өзум суу болгои жокмун. Үйгө барганда энем урбайт — бул үч пайдам. Чапаным суу болду — бир зыяным ушул. Ал эми кыздардын музоосу эмди, отуну жана кийими суу болду, ошону менен бирге музоону эмиздиң деп энеси урат… Мына ушинтип, качып кеткен кыздардын төрт зыяны бар.

— Жарадың, балам. Силердин үйүңөр кайсы?

— Биздин үйдү айьглга барсаныз эле таап аласыз, ата. Кырк найзаны кыдырата сайган үй биздики…

Жээренче чечен «издегеним табылды» деп ичинен кымыңдап, айылды бүт аралап жүрүп, бирок үйүн такыр таппай койду. Анан «бул кыз мага табышмак кылып айткан экен, кырк найзасы — үзүгүнөн кырк уугу көрүнүп турган үй чыгар» деп ойлоп, так ощондой үйгө барыЬ түштү.

Атаэнеси жакшы адамдар экен: алынча сыйлап, сылык сүйлөп отурушту. Аңгыча күн ачылды. Отунду көтөрүп, музоону жетелеп, кызы келди. Кыздын аты Карачач дешти. Тамак желип, эл жатар мезгилде, Карачачтын атаэнесине Жээренче сөз баштады:

Менин жалгыз балам бар. Өзүмдүн атым — Жээренче чечен, баламдын аты — Төлөмырза. Балама элден кыз жакпай, атайы кыз издеп чыкканыма алты айболду. Акыры ушул сиздин кызыңызга көңүлүм түштү. Куда болсом, эгер силер эп көрсеңөр, балам экөөнүн бактысы ачылса деген тилегим турат,— деди.

Мунуңуз жакшы кеп. Бирок биз өзүбүз бечара адамбыз, жалгыз кызыбыз бар, а сиз айтылуу Жээренче чечен болсоңуз, балаңыз Төлөмырза элденжурттан кыз жактырбай тандап жүрсө, менин кызым көңүлүнө жакпас бекен, буга жоопту кызым өзү берсин,— деп Карачачтын атаэнеси жер карашты.

— Бул киши алыстан келген азиз конок экен,— деди Карачач,— кызым билет деп мага шылтаганыңар жарабайт. Берер болсоңор, мага шылтоо кылбай эле, абийирдүү кишиге ачык жообуңарды айткыла.

Кыздын сөзүнө Жээренченин ичи жылып, чындап киришти:

— Кана эми, кудагый оозум батып айта албай отурган сөзүмдү балам өзү баштап берди. Карачачтын аты — Акылкарачач болсун, мындан ары бактысы ачылсын. Эл көзүнө көрүнгөндөй болуп куда түшкөнүм жакшы. Салтыбыз, наркыбыз орду менен өтсүн: төөдөн, жылкыдан, уйдан, койдон канча менен келейин? Мына ушуну ачык айткыла,— деди Жээренче.

— Жалгыз кызыбыздын калыңын айтып, башына аркан салгансып, малга кантип айырбаштайм? Калыңкаадасын, жолжобосун эмне кылса кызым өзү билсин,— деди кыздын энеси.

Менин атаэнем бечара киши,— деди Карачач. — Кызын малга сатууга алы келбейт, кызы да малга сатылып барбайт. Карачач кадыркөңүл түз келген жерге барат…

Жээренче ушуну угуп, таң калган бойдон үйүнө кетти. Төлөмырзаны аябай кийинтип алып, Карачачка кайрадан жетти.

«Томаяк Токсон жалгыз кызын Жээренче чечендин Төлөмырза деген уулуна берет имиш!» деп, ал айылда сөз таралды… «Адам ээй, Карачач атасына калың жедирбей, Жээренче чечендин уулуна жен эле барганы жатыптыр. Калыңсыз кыз болсо да, каадасыз кыз болбойт дептир. Барып жеңгетай алып, тоюн жеп келебиз» — дешип, айыл ападагы кызкелиндер чогулуп келишти.

Тойго Жээренче жыгылыштуу болуп, малды арбын союп башьша той башкаруучу коюп, жети күн той берип, сегизинчи күнү Карачачты үйүнө алып кетти. Карачач келгенден тартып, чечендин иши ого бетер оңоло баштады.

Мунун кабары Жаныбек ханга угулду. «Анык жакшы келин экен. Баягы Төлөмырза жок, атайы киши болуп калыптыр» деген сөздү уккандан кийин:

— «Барып келинин көрөйүн» — деп Жаныбек хап келди.

Чечен алынын жетишинче кызмат кылып, Жаныбек.тин келгенине кубанып, коноктоп сый көрсөттү.

Хан келинди көрүш үчүн үстүнө чакыртып алып, өз ичинен: «Мага ылайык катын экен» деп ойлоду.

— Келинге төрт суроом бар. Ушуга сен жооп бересиң — деп Карачачты хан кепке кармады.

— Эби келсе жооп берейин, сурай бериңиз, — деди Карачач.

Тулпарды уйга сатса не болот?
Атты эшекке сатса не болот?
Туйгунду каргага сатса не болот?
Башы ачык катынды нааданга сатса не болот?..

— Так ушул төрт суроомдун жообун таап койгун, эртең кабар алам,— деп Жаныбек хан аттанып кетти.

Буга Жээренче чечен капаланып калды.

— Сиз неге капа болосуз? Жообу табылар. «Хандын пейли бузулса — калкына түйшүк түшөт, ез башына бүлүк түшөт» дептир. Хан Жаныбек арты жакшылык көрбөс, өзүнүн жакынынан өлөр, аман жүрсөңүз, көзүңүз көрөр. Мен аңын сөзүнө жооп берем,— деди Акылкарачач.

Хан Жаныбек эртеси эртелеп келип, сөзүнүн жообун сурады. Камыкпаган Карачач:

— Жаныбек ханым, бузулду заңың, бул кандай жорук, тынчыбаган жаның? — деп сөзүн дагы улантты:

— Тулпар тушунда, күлүк күнүндө: күч бербеген тулпардан сүт берген уй жакшы, чабал аттан чарчабаган эшек жакшы; жаш отундан шыркырап күйгөн куу отун жакшы; канаты жок туйгундан канаттуу карга жакшы… Ханым, менин тапканым ушул, сиздин укканыңыз ушул,— деп Акылкарачач басып кетти.

Хан Жаныбек жеңилип, үйүнө кайтты. Карачачты хан ңантсе да алууну ойлоп, каарын төгүп, Жээренчеге жигитин жиберди.

— Эртең менен Жээренче менин алдыма келсин: ат минбесин, жөө да келбесин, жол менен жүрбөсүн, жолсуз талаа менен да жүрбөсүн! — деп, кандайдыр адам таң каларлык катуу буйрукту берген экен. Жигит муну айтканда, чеченге убайым түшүп, келини менен кеңешти. Акылкарачач атасы Жээренчеге минтип айтты:

— Эртең эрте туруп, текени жука токуп минип, эки жолдун ортосундагы кыр менен барыңыз. Хан суроо сураса: ат же төө минген жокмун, теке минип келдим; жол менен да, талаа менен да келген жокмун, кыр менен келдим деген жоопту бериңиз, ошондо хан Жаныбек сөзгө жыгылат.

Жээренче тепейтип теке минип, эки жолдун ортосундагы кырга кирип, хан Жаныбөктин ордосуна барды:

— Хан, буйругуңду аткарып келдим. Ат же төө мингеним жок, жөө келгеним да жок, теке минип келдим, адам учкаштырбай жеке минип келдим. Жол менен да, талаа менен да келгеним жок, эки жолдун ортосундагы кыр менен келдим. Ханым, каарыңа калган окшойм, азыр кайгылуу сыр, калың чыр менен келдим,— деди.

Жээренченин сөзүн токтотуи, хан мунун алдынз кырк ирик салып: «Кырк күндүн ичинде так ушул кырк ириктин бирин жоготпой, кырк козу туудуруп берерсиң» — деди.

Кыр ирикти илеңсалац айдаи, өзү абдан каиа болуп, Жээренче үйүнө кайтты. Акылкарачач алдынан тосуп чыгып: —Ата, бүгүн койлуу болуп калыпсыз го,— деди.

— Ээ, балам, өлбөгөн жан курусун, каардуу ханды каргыш соксун: ушул ириктердин көзүн бурбай жана бирин да жоготпой, бүт бойдон козулатып бер дейт. Айла барбы, айдап келдим,— деди Жээренче кайгылуу сүйлөп.

— Ата, капа болбонуз, бул арзан иш турбайбы… — деп, кырк күнгө чейин ириктин улам бирин союп, Акьць карачач атасына жедире берди. «Эрте өлгөн кулмун» деп чечен ириктин этин аябай жеп жата берди. Кырк күнү бүткөндөн кийин, хан салтанат менен аттанып, жооп алыш үчүн чечендин үйүнө карай женөп калды.

Хан келөр күндө Карачач отун алымыш болуп, анын жолун тосуп чыкты. Көңүлү кызып калган хан Карачачты көрөр замат бура тартып: — Келиним, өзүн. отун алып жүрүпсүң, ал эми атаң эмне кылып жатат? — деп сурады.

— Өзүм жалгыз бой болгон соң отунга келдим. Ал зми атам болсо, үйдө толгоосу күчөп, азыр эле төрөп койгону жатат — деди Карачач.

— Жаның чыккан Карачач, эркек киши да терөчү беле?! — деп хандын ачуусу келе түштү.

Хан Жаныбек өзүнөзү байлап бергендей болуп, сөзгө жыгылып, үйүнө дагы кайгылуу кайтты. Ал кетери менен Акылкарачач ханга кайтарган жообун кайнатасына келип айтты. «Бул өлүмдөн кутулган экем» деп Жээренче аябай кубанды.

Эртеси хандын дагы бир жигити келип, минтип айтты:

— Хан буйрук кылды: «Отуз күндүн ичинде таштан тарамыш жасап, кумдан өтүк тигесиң».

— Иш кыйын… Таштан тарамыш, кумдан өтүк болчубу? Кулак угуп, көз көрбөгөн балакет эми басты? Көп каарына албай, мынчалык азапка салбай, колунан келип турган мен шордууну биротоло өлтүрүп тынсачы! — деп Жээренче чечен эми жанынан чындап кечти.

Анда Акылкарачач:

— Ата, сабыр кылыңыз. «Сабырдын түбү сары алтыи», Сабыры жок Жаныбек саманын сапырьш, өз калкын кыстап, напсин бузуп жатат. Аман болсонуз, мындан арзан кутуласыз. Мен сизге айтпадым беле:

Адамды шайтан азгырат,
Артык дөөлет мас кылат.
Тумшугуташтай катарда,
Тууганы менен кастыгат.

Жалан, эле биз змес, жандын баарына көзү өтүп, жабыркатып бүттү. Жетимжесирдин ыйлаган үнү жетер, хандын да күнү бүтөр,— деп Карачач атасы Жээренчеге акыл айтты.

Жаныбек чектеген күнү бүткөнге чейин, Карачач өз оокатын кылып жүрө берди да, бир күнү башкача кийинип, түсүн буруп, Жаныбектин алдына барды.

— Таксыр ханым, бечаралык кыйын экен, кумдан өтүк тиктирип жаттым эле, буга таштан тарамыш табылбай койду. Балким, сиздин казнаңызда бардыр, ушуну сурап келдим,— деди.

Мурдагы буйругу эсинен чыгып кеткен Жаныбек хан:

— Сен кандай акмаксың? Жиндисиңби же соосуңбу? Кумдан етүк, таштан тарамыш болчу беле? Калжырабай тезинен жогол! — деди.

Акылкарачач бетине жапкан жаман жоолукту өйдө көтерүп, өз жүзүн көрсөтүп: —Ханым, оюңузга кулдук, сиз тапшырган кум өтүк, таш тарамьцптын камында жүрдүм эле, демек, хандын буйругунан кутулган экенбиз! — деп акырын гана чыгып кетти. Жаныбек анын айтылуу Акылкарачач экенин билип, жерди караган бойдон отуруп калды.

Акылкарачач үйүнө келип, Жээренчеге бүгүнкү окуяны айтып берди. Карачачтын акылына атасы абдан ыраазы болду.

Ангыча хан Жаныбек бурканшаркан түшө жетип келип, Жээренче чечендин колун байлап, Алтай тоосундагы кара калмакка айдап, буга кошуп Толубай сынчынын уулу Миңжашарды, Асанкайгынын уулу Төлөнгүттү жиберди. Калмактын ханы булардын жайын байкап көрүп, үчөөнү үч жерге бөлүп жиберди.

Жаныбек Төлөмырзаны жан ордуна көрбөй жабыркатып, эң эле оор ищке сальш, Карачачты алыш үчүн өз кашына көчүрүп кондурду. Бирок ошондо да Карачтын айласын таппай, ортодо бир жыл өткөрдү.

Акылкарачач жакшы сез аркылуу Жаныбектин өз иниси Бердибекти бузуп:

— Жаныбек эч адамга жакшылык кылбайт, андан көрө агаңды өлтүрүп калкыңа езүң хан бол, — деп аны кепке көндүрдү. Бул кабар астыртадан алыскы туткунда жүргөн Жээренче чеченге угулду.

Кабарды уккандан кийин Жээренче жалпы элине табышмак кылып сүйлөп теменкүчө жооп кайтарды: «Эгиндериңер жакшы чыгып, жакшы бышты деп уктум. Орокчулар шай экен, кыштын арты кандай болот, кышка калтырбай эрте оруп алгыла. Толубай, Токтогул, Асанга кабар бергиле. Сокур кара теке бар, аны сакалынан байлап, көзүн оюп, көлгө салгыла. Болорболбос бычагым бар, мизи курч кестигим бар, унутулуп журтта калбасын» — деп өзүнүн эски ордуна атайы киши жөнөттү. Бул сөз жеткен соң, түйүнүн чече албай, эл аңтаң калат. Акырында «Жээренче чечендин келини Акылкарачач чечер» — деп ага барышып, көпчүлүк андан жооп күтөт. Карачач табышмактуу сөздүн ар бирин чече баштайт:

— «Айдаган аштыгыңар бышты» дегени — душманыңар болушунча болду, толушунча толду, — дегени. «Орокчуңар шай экен, кышка калтырбай оруп алгыла» дегени — мынчадык кайрат кылыпсьщар, эми кол салгыла, орок менен буудайды оргондой кылгыла, — дегени. «Кыштын арты кандай болот?» дегени — Толубай, Токтогул, Асаңга кабар бергиле; алар эл карысы: иштин убагы келди, жаштарга акылын айтсын, — дегени. «Сокур кара теке бар, аны сакалынан байлап, көзүн оюп, көлгө салгыла» дегени — Жаныбек ханды өлтүрүп, сакалын кыркып, көзүн чукуп өзүн көлге салгыла, — дегени. Болорболбос бычагы — Төлемырза; мизи курч к.естиги — мен, Акылкарачач… «Кечкөн журтта унутулуп кор болбосун» дегени — Төлөмырза кепкеңештен четте калып, кемчилик тартпасын, кошуп ала жүргүлө, — дегени… Калк атасы карыялар, кайраттуу эр жигиттер, кара сокурду тезинен жоготкула! — деп Акылкарачач сөзүн аяктады.

Ошондо кепчүлүк Жаныбекти жанчкылап өлтүрүп, Алтайга айдалып кеткен Жээренче жолдоштору менен бүт көчүп келип, чоң той өткөрүп, кеңкесири жана тынчтыкта жашап калышкан экен.

Соц тармактар:

Жээренче чечен: 1 комментарий

Добавить комментарий