Жумабек Медералиев: Бизде мыйзамды кыргызча жазган адистер жок экен

Учурда жазылып аткан мыйзамдардын дээрлик бардыгы расмий тилде жазылат. Аны жазгандар да орус тилин алып жүрүүчүлөр эмес, биздин эле туугандарыбыз — орусча билген кыргыздар. Андыктан көп учурларда мыйзамдын түп нускасында түшүнбөгөн жагдайлар болот. Мындай пикирин «Кабар Ордодо» болгон «Мамлекеттик тилдин изденүү, калыптануу маселелери» аттуу талкууда Жогорку Кеңештин котормо жана редакциялоо бөлүмүнүн башчысы Жумабек Медералиев билдирди.

«Мен алыс барбай эле кечээ бизде болгон окуяны айтып берейин. «Жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө» деген мыйзамга алымча-кошумча киргизилди. Орусчасы «О информации персонального характера». Бул жерде «персональный» дегенди жеке деп которгон. Бирок, «жеке» деген сөздү укканда эле анын орусчасы «личний» болот деп ойлойбуз. Бирок, бул сөз «жекече» деп которулушу керек болчу. Ошондуктан биз которуп гана отура бербей, эл кыдырып, калк арасында кеңири колдонулуп кете турган же колдонулуп аткан сөздөрдү табышыбыз керек. Эң жакшысы, мыйзам чыгарууда котормодон качып, мыйзамдарды кыргызча жазууга өтүшүбүз керек. Ошондо гана жогорудагыдай каталар болбойт»,- дейт ал.

Ал өз сөзүндө орус тилинен кыргыз тилине которулганда оригинал менен котормо окшош болсун деген талап коюларын белгилеп өттү. «Кээде жөндүү деле, жөнсүз деле сүйлөмдүн ичинде канча сөз турса кыргызчасында да ошончо сөз болсун деп талап кылынат. Мындай ыкма тилдин ички мыйзамына туура келбей калат»,- дейт ал.

Медералиев азыр мыйзамды кыргызча жазгыла деп талап коюлуп атканын, бирок, мыйзамды кыргызча жаза алган адистер жок экенин белгилейт. «Мыйзам жазып жүргөн адистердин көпчүлүгү орус тилдүүлөр. Орус тилдүүлөр дегенде эне тили орусча болбогон кишилер. Бирок мен алардин билимине шек келтиргим келбейт. Бирок алар бары бир эне тили орусча болгон кишилердей жаза албайт. Башыбызды ташка ура бергенден эч нерсе чыкпайт. Бүгүнкү күндөн баштап таза кыргыз тилинде мыйзам жаза турган адистерди даярдоого киришүү керек. Аларды тандап алып, максаттуу түрдө башташ керек. Аларга юристпруденциясынан тартып, социалдык маселелерге чейинки нерселерди үйрөтүү кажет»,- дейт ал.

, «Кабар ордо», 01.10.2014.

Соц тармактар:

Добавить комментарий