Кыргыздын чен бирдиктери

Башка эл катары эле кыргыз элинин дагы нечен кылымдан бери колдонулуп келген чен бирдиктери болгон. Тилекке каршы, Кеңеш ѳкмѳтү бийликке келгенде элибиздин башка маданий байлыктары менен кошо эле чен бирдиктери да ѳзгѳрүүгѳ дуушар болуп, 1918-жылы азыркы кездеги биз колдонуп жүргѳн чен бирдиктерге ѳтүү жѳнүндѳ чечим чыгарылып, 1927-жылы эски чен бирдиктерин колдонууга биротоло тыюу салынган. Ушул чечим менен кыргыз элинин маданиятына дагы бир чоң сокку урулган. Кѳптѳгѳн чен бирдиктер колдонуудан чыгуу менен бирге элдин эсинен чыгып кеткен. Чанда гана, кээ бир чен бирдиктер кѳпчүлүктүн эсинде калган. Ошентсе да бактыбызга “Манас” эпосубуз бар. Эпос кыргыз элинин улуу руханий байлыгы жана кыргыз элинин тарыхынын, маданиятынын түрдүү жактарын изилдѳѳдѳ бирден бир бирдиктер жѳнүндѳ кѳптѳгѳн маалыматтар жолугат. Кыргыздын чен бирдиктери: узундук, салмак, аянт, кѳлѳм, убакыт, сан болуп бѳлүнүшѳт.

 

1. Узундук, бийиктик чен бирдиктери:

Таш – болжол менен 8 чакырым (км) аралык.
Кез – бир колдун учунан экинчи колдун колтугуна чейинки аралык, 105 см.барабар.
Сере – болжол менен 5-6 см.барабар.
Бута – жебенин учуу аралыгы. 60 метрден 100 метрге чейинки аралык.
Зар – бийиктик (калыңдык) чен бирдиги. Болжол менен 28 см.
Кары – кѳкүрѳктүн ортосунан сунулган колдун манжасынын учуна чейинки аралык. Болжол менен 1 метр.
Кулач – эки колду кергендеги колдордун учтарынын ортосундагы аралык. Болжол менен 1,50- 1,70 см.барабар.
Кере кулач – тѳштү кере тарткан кулач.
Эли – сѳѳмѳй же башка манжалар калыңдыгы. Кѳбүнчѳ кара малдын эттүүлүгүнѳ карата айтылат.
Укум – болжол менен 1-1,5 см.
Сѳѳм -манжанын үчтѳн бир бѳлүгү.
Карыш – алаканды кергендеги бармак менен ортондун учтарынын ортосундагы аралык. Болжол менен 18-20 см.
Кылдай – ѳтѳ эле ичке.
Кыпындай – кѳзгѳ кѳрүнѳѳр-кѳрүнмѳксѳн.
Бычак мизиндей – бир нерсеге бычак менен салгандай ичке.
Таман – тѳрт элини билдирген (кара малдын эттүүлүгүнѳ карат айтылат).

Ат чабым – 25-30 км.аралык.
Тай чабым – болжол менен 3 км.
Кунан чабым – 8-10 км. аралык.
Тапан – адамдын таманынын узундугу. Болжол менен 25-30 см.
Тизе бою – адам тизесине чейинки бийиктик. Болжол менен 0,5 м.барабар.
Тушардан – жылкынын тушамышына чейинки бийиктик.
Кереге бою – киши боюндай бийиктик. болжол менен 1,60-1,80 м.
Укурук бою – болжол менен 3 м.бийиктик.
Аркан бою – болжол менен 4-5 м. бийиктик.
Муунга ченеп ѳлчѳѳ –
Бакса –
Кой кѳчтүк – 6-8 км.аралык.
Козу кѳчтүк – 4-5 км.аралык.
Чакырым – адамдын үнү жеткен жер. “Чакыр” деген сѳздѳн. 1 км.аралык.
Конолго – ат жүрүшү менен конуп ѳтѳ турган аралык. 50-60 км.
Күн жүрүш – эртең менен кечке чейинки жол жүргѳндѳгү аралык. Ат менен 50-60 км. Жѳѳ -30-40 км.
Шашкелик жер – күн чыккандан тартып күн шашке болгонго (жалган түшкѳ жакын мезгил) чейин жѳѳ же атчан ѳтүүгѳ мүмкүн болгон аралык.

 

2. Салмак чен бирдиктери:

Батман – 4 пуддан 16 пудга чейин, кээде 6 пуддан 12 пудга чейинки оордук ѳлчѳмү.
Пуд (бут) -16,38 кг.
Жың – 500 гр.
Чексе (ир) – 5-6 кг.
Мыскал (ар.) -4,5 гр.
Сер (зер) – батмандын кырктан бир бѳлүгү.
Чейрек – кайсыл бир ѳлчѳмдүн тѳрттѳн бир бѳлүгү.
Кадак – 409,5 грамм.
Кап – 4,8 пуд.
Кап орто – каптын жарымы.
Челек – 12 метр.
Бир кесим эт-1-1,5 кг.
Байса-100 данага барабар.
100 байса-3 кг.
1 чакса-6 кг.
1 нимшек-12 кг.
1 шимек-48 кг.
О.э. кумшекердей куюлчаак оокаттарды кыпындай,таруудай,тырмактын агындай,бир чымчым ,бир ууч,бир кочуш,бир кашык,бир чойчок,бир аяк деп ченешкен.

 

3. Кѳлѳм бирдиктери:

Бир ууч – эки алаканга толо.
Кочуш – бир алаканга толо.
Кичинекей –кочуштан азыраак.
Тырмактын агындай – сѳѳмдүн жарымы.
Бармактай — бармактын кѳлѳмүндѳй.
Чыпалактай – чыпалактын кѳлѳмүндѳй.
Чымчым – үч манжанын учу менен алынган кѳлѳм.
Бир кесим – бир кесилген эт.
Баштык – 10-12 кг бата турган кѳлѳм.
Кап -4-8 пуд бата турган кѳлѳм.
Тулуп –
Этек – адамдын этегине бата тургандай кѳлѳм.
Ороо – дан жыйгандагы кѳлѳм, болжол менен
Табак – бир табакка бата турган кѳлѳм.
Челек – 12 литр бата турган кѳлѳм.
Бир кулак суу – сугат учурунда колдонулуучу кѳлѳм. Бир шакаптан (арык) ашпаган суу.
Напым –
Айчал бел – ичке бел. Аялдын сымбаттуулугунун белгиси.
Тай кап-тай боюна ченеп тигилген кап.Бир батман деп дагы аталат.
Кой кап-кой боюна ченеп тигилген кап.
О.э.коломду дагы куржун,баштык,этек,ороо,сабаа,конок,коокор,сугат сууну кулак деп эсептешкен.

 

4. Жер (аянт) ѳлчѳмү:

Теше – 1,6-2 га жер.
Танап – бир жагы 60 кез болгон чарчы аянт.
Алакандай – адамдын алаканындай жер.
Үй ордундай – боз үйдүн тигилүүчү ордундай жер.
Тезтам – алакан менен манжаларды бириктиргенде бата турган ѳлчѳм.
Билектей – адамдын билегиндей.
Сандай – адамдын санындай.
Ѳгүздѳн белиндей – аты айтып тургандай орточо огуздун белиндей ченем.
Жоондугу кылдай – ѳтѳ эле кичине.
Батман – 10-12 теше жер.

 

5. Убакыт бирдиги:

Кѳз ирмем – ѳтѳ кыска убакыт, “Кѳз ачып жумганча” деп да айтылат.
Чай кайнам – 15-20 минутага барабар.
Эт бышым – 2-3 саатка жакын.
Бээ саам – 2 сааттык убакыттын аралыгы.
Күн бою – күн чыккандан батканга чейин.
Эртеден кечке – таң аткандан, түн киргенге чейинки убакыт.
Түнү бою – түн киргенден таң атканга чейин.
Жума 7 күн.
Жарым ай – 15 күн.
Ай -30-31 күн.
Чейрек – 3 ай (жылдын тѳрттѳн бир бѳлүгү)
Жыл – 12 ай.
Мүчѳл – 12 жыл.
Чейрек кылым – 50 жыл.
Кылым – 100 жыл.
Доор – 2100-2200 жылга барабар.

 

6. Сан бирдиктери:

Ондук- 10 аскерден турган топ.
Элүүлүк – 50 аскерден турган топ.
Жүздүк – 100 аскерден турган топ.
Миңдик – 1000 аскерден турган кошуун.
Түмѳн – 10 000 аскерден турган кошуун.
Сансыз, эсепсиз, жер жайнаган – 100 000 аскерден ашык кошуун.
Бир басым – 3 чүкѳ (упай оюнунда колдонулат).
Үчү – 5 чүкѳ (ордо, тогуз коргоол, чатыраш оюндарында колдонулат.
Пул – акча бирдиги.
Дилде – беш сом наркындагы алтын акча.
Мүрү – 5 тыйын.
Чака – майда тыйын, жезден жасалган.

Омурбек Асан Уулунун Фейсбуктагы баракчасынан алынды

Соц тармактар:

Кыргыздын чен бирдиктери: 1 комментарий

Добавить комментарий