Таштанбек Чакиев

Таштанбек Чакиев жана анын чыгармачылыгы тууралуу

Бишкекте акын жана котормочу Таштанбек Чакиевдин “Өзөн жээгиндеги үй” аттуу котормолордон турган поэтикалык жыйнагы жарык көрдү

Таштан Чакиев, акын, жазуучу котормочу: «Чыгармачылык бокстай, машыкпасаң ногдаунга кетесиң»

 

Ырлар

БЕЙТААНЫШ КЫЗГА

Ээрчишип, эзилишип баратабыз,
Сыр катып, өңчөй сырлар жаратабыз.
Бир басуу бактысынан тартынчыктап,
Бутуңдан бутум барат кадам алыс!?

Ушинтип, акыл-айран, айла кетет,
О, бул күч — кыз алдында кайда кетет?!
Бута атым алыстаймын бир кылчайсаң,
Кызарып, бетим дуулдап, бутум сенек!

Кызбурак, кагылайын, кызгалдагым,
Агаңдын абалы ушул — кызга жакын?!
Эс кирип, картайганда эм болсун — деп,
Элесиң уурдап алып, ырга салдым.

Кызбурак, кайда болбо аман жүргүн!
Эсиңде калаар, балким, калбас бул күн?!
Кызбурак эсен-аман жүрсө экен-деп,
Токудум жебесинен ырды күндүн.

 

БЕГИМАЙ ЫР ТҮРМӨГҮНӨН

* * *

Көңүлдө көп ойлонуп сага келем,
Көңүл түз, о Бегимай сага-деген.
Жашоодо көп жакшылык бар го? — дечи,
Күттүрүп не күттүрбөй келип, кеткен.

Ошонун бири арзыбас жалгыз сага,
Сен – жашоо, багыт берчүү жалгыз мага.
О, Бегим не кылганың, не дегениң,
Жообуңду күтө берип, кетти арга.

О, Бегим! — жакын жүрүп, сен алыссың,
О, Бегим! — көөдөй түн да, сен жарыксың!?

 

* * *

Коңгуроо күмүш шыңгыр күлкүң сенин,
Күйүттүү угасыңбы акын кебин.
Сүйүүдөн кайт болгондо агаң көөнү,
Күн болуп, чыктың кайдан жаркып, Бегим?!

Өмүрдө миң кубулат адам көөнү,
Сүйүү бар бейиш кыла турган көрдү.
Жалгыздык жанга арачы боло албады,
Жарыксың тоо башында күткөн мөңгү.

Бегимай, таш алдында гүлдү кара,
Бегимай, ың-жыңы жок түндү кара!

 

* * *

Эзилип жаным барат сени дегдеп,
Элесиң жанга Бегим болду эрмек.
Дүйнөң ай, бир сырдуу күч болсо гана,
Сүйүүмдү сага алпарып койчу теңеп.

Непадам, сен да жүрдүң мени самап,
Үзүлгөн ойду ойго чүргөп, жамап.
Анда эле айлантары чын ааламды,
Сагыныч, күтүү, арман жана азап!

О, Бегим! — жарыгысың өчкөн шамдын,
О, Бегим! — жамалысың атчуу таңдын.

 

* * *

Гүл өсөт тоо койнунда жапан жалгыз,
Күн тиет, мээрим төгөт, бирок алсыз.
Күйүттүү өмүрүмө кулак төшө,
Бегимай, деп ойлобо: “Кандай арсыз!”

Махабат көңүлүмө тарткан парда,
Көп ойлоп, таппай келгем бирок арга.
Мен бүгүн окшошомун тоо койнунда,
Куласа, суу чыкпаган кумдак жарга.

Бегимай, “Жар куланып суу болбойт” — дейт,
Бегимай, “Жалгыз өлсө чуу болбойт” — дейт.

 

* * *

Күмүш жибек өңдөнөт олоң чачың,
Күмүш Айга окшошот ийме кашың.
Жолуктуң да, оюмду ойрон эттиң,
Жоготконум билдиңби минтип башым!?

Эргигенин ал антип канымдын айт,
Эзилгенин ал антип жанымдын айт.
Садагасы Бегимим, тынч алайын,
Эң болбоду арзышкан жарыңды айт!?

Айтчы жашоо маңызы Бегим неде,
Таң атат да, Күн батат анан неге?

Түрмөктөгү калган ырларды бул жерден окуса болот

 

Котормолор

Роберт Бернс

ЫР

Аял алсам деп жүрөм,
Мейли жакшы, жаманын.
Аял болсо болгону,
Чечет элек калганын.

Семиз, мейли же арык,
Эң башкысы күйөөсүз.
Мейли суру келишкен,
Биз түнкүсүн сүйөбүз.

Мейли эгер жаш болсо,
Катарында басармын.
Картаң болсо эртерээк,
Кара кийип жатармын.

А кааласа төрөсүн,
Балалуу үй базар да.
Төрөбөсө эң жакшы,
Эркинирээк басарга.

Сүйсүн мейли аракты,
Ичкен оозго жарашат.
А ичпесе, эң жакшы,
Көбүрөөгү мага ашат.

 

ТАЖААЛ АЯЛ ТУУРАСЫНДА ЫР

Аялым берип азапты,
Өлчөөсүз жедим таякты.
Мойнуңа минет андыктан
Катуурак койгун талапты.

Табамын деген бакыт жок,
Күндөр жок окшош жомокко.
Тажаткыр катын башымды,
Жашымдан тыкты тозокко.

Ошентсе дагы, үмүт чоң-
Жетемин деген жеңишке.
Тозокту көрүп мында мен
Кетээрмин эми бейишке.

 

Саади

* * *

Байланбагын эч качан тирүү адамга, башкага,
Эч кейибе бул аалам эңшерилип жатса да.

Жаша, ырда, сүй анан ташта сага айтарым,
Куру кыял, санааны алысыраак жактарга.

Билгин; кызыл мандалак тиги жыты аңкыган,
Жалгыз эмес жаралган мобу алпейим бакчада.

Неге мынча кокуйлап, мекиянга окшойсуң?!
Кетпейт белең кептердей көтөрүлүп асманга.

Аңга окшойсуң анан да торго түшүп, шорлогон,
Булбул болуп сайрагын, окшобогун каргага!

Эшектердин туягы жердин алды мазесин,
Жашоо өтөт ушинтип, өксүк менен арманда.

Андан көрө сулуунун ар бирине көңүл бөл,
Сүйбө бирок берилип, жүрөк оттой жанса да.

Жибек кийип көйкөлүп, көңүлүңдү бурбасын,
Ойноп-күлгүн, бирок да, жүрөк турсун аскага

Окшоп дайым кебелбей. Чүпүрөк да жыртылар,
Билгин досум маңызы бу жашоонун башкада.

Күйүт болор өмүрүң өз күнүңдү унутуп,
Жүгүн артсаң эгер сен чоочун жандын аркаңа.

Дал ошондой өкүттүү махабат да, күч менен
Жаралгандан байланган колу-буту арканга.

Ооба, ырас, мен дагы келем жүгүн көтөрүп,
Жараткандын өзгөчө бу түйшүгүн аркама.

Досту күткүн кол берсе, чын дилинен ийилип,
Дос эместер маш болот жаның сууруп алганга.

Бөлүшпөсө кайгыңды мүшкүл башка түшкөндө,
Андай адам турмушта чыны менен наадан да!

Эгер досуң ашыңды тозуп алса, таш менен
Бааңды бергин эртелеп, достук деген каадаңа.

Анан турса күйпөктөп, дайым мактап өзүңдү,
Анда эле жакаңды бекемирээк карма да,

Жаратканга тобо кыл, өмүр өтүп кетпесин,
Куру бекер чарпылып, өксүк менен арманда.

Кашабаңга койуңду кайтарткандай болбогун,
Ууру колу маш болот оокат кытып алганга!

Өтүп кетчүү жыргалга азгырбагын жаныңды,
Жабыр тартса бул өмүр, келбейт эч ким жардамга.

Жети өлчөп анан кес, ар бир ишти аярлап,
Адам көөнү-сугалак, ачкөздүккө алданба!

Наадандарга ишенип, иш кылганың-өлгөнүң,
Чындык күйөт чыркырап, жалган оту жанганда.

Көпөлөктөй калдактап, учкан чырак айланып,
Жаман ойлор ойрондойт жонго камчы салганда.

Көптү көрүп анан мен үйлөп ичтим айранды,
Капысынан оозум бу сүткө күйүп калганда.

Кыларың не айтчы дос, тумандатып оюңду,
Көр дүйнөнүн кумары толук бийлеп алганда.

Анда эле туткунсуң көгөндөлүп бараткан,
Ой-мүдөөңдүн бардыгы чырмалышып арканда!

Өзүм менен пикирим жүрдү өзүмдүн келишпей,
Келдим туруп чечимге, шайтан алгыр, анан да,

Көөнүн бастым сулуунун: — Кайыр кош! — деп бир күнү,
О, махабат жутпадым сени чаңкоом канганча.

Ал соңунда мага айтты: — Бу кылганың жарабас!
Махабаттан болобу кымбат нерсе жалганда?!

Демек өзүң сүйүүгө арзыбаган бирөөсүң,
Артка кайтмак эмес дос, ажал келип алса да!

Билгенсиң да миңдеген тикенекти кармарың,
Роза гүлдү ажайып тандап алып жатканда.

Кантип аны үзмөксүң тикенегин кармабай,
Кантип четте калмаксың кеп— сөз болбой нааданга?!

Сүйүү үчүн кара жан садагага чабылсын,
Тагдыр сени ал үчүн так чекеге атса да.

Айдай жарык бермекпи тобу менен биригип,
Сансыз жылдыз жымыңдап, тиги түнкү асманда?!

Акча, байлык барысы колдун гана киридир,
Жашоо-бакыт экенин сезет зирек жан гана.

Анан дагы ушак сөз— ууга тете биле жүр,
Сүйүү гана толкутар өмүрүңдү наздана.

Айталбаймын ашыктын көтөргүн!-деп кыялын,
Отурбагын сен дагы кыялыңды жаздана.

Зирек адам эч качан божомолдоп жашабайт,
Жообу даяр сурасаң, мейли кечте, таңда да.

Сары майга жеталбай “сасык!” — деген мышык көп,
Баса калып жээр эле эгер жерге тамганда!

Март адамдын колунда болсо чачып жибермек,
Ошондуктан ал окшош кирип турган дайрага.

А сен Саади, керемет чоң байлыктын ээсисиң,
Ал керемет байлыктан кулпурууда айлана.

Казалыңдан а көрө окуп жибер сыйкырдуу,
Жан кирүүдө тигинтип жансыз турган Айга да!

 

Анна Ахматова

* * *

Өзгөлөрдү унуткандай мени да,
«Унутам!» — деп бир кайрылып койбодуң.
Жээрде аттын ыйлай-сыктай жалбарып,
«Жыгылат!» — деп туягына ойлодуң.

Же болбосо, көзү ачыкка барат да,
«Сурайт» — дедиң дубаланган тамырдан.
Анан дагы жиберет деп күттүң го,
Жоолугумду кошуп башка салынган.

Шайтан алсын, сени билсең эгерде,
Качып менден эч болбогун убара.
Ант беремин биз жамынган түн менен
Бир кездерде баткан балкып кумарга.
Кайрылбасмын, оюңа да келбесин —
Мына мендик темирден бек убада!

 

СОҢКУ КЕЗДЕШҮҮ ЫРЫ

Оң колго кийип мээлейин,
Сол колдун анда алыпмын.
Билгенмин сен да түйшөлүп,
Күткөнсүң мени ашыгым.

Тепкичтин билчүүм үчөөнү,
Ал анда көптөй туюлду.
Өлөлү бирге, келгин! — деп,
Шыбыры күздүн угулду.

Анан да айтты: “Куу турмуш,
Балача мени алдады”.
Мен айттым: “Секет кетейин,
Көрбөдүм мен да пайданы!”

Акыркы ирет кездешүү,
Ыр менен ушул коштолду.
Үзүлүп мезгил, кетилип,
Убайга салар окшоду.

 

КАМЧЫЛАП КҮЙӨӨМ УРГАНДА…

Кош өрүм камчы колго алып,
Эр сөрөй сабап таштады.
Өзүңдү күттүм түн боюу,
Чыракдан — шерик. Караңгы

Суюлуп, анан таң атып,
Айылда тирдик башталат.
Өттү түн дагы өзүңсүз,
Көзүмдөн ысык жаш тамат.

Өзүң деп келип дүйнөгө,
Өзүң деп өтүп баратам.
Арзышкан жаның барбы же,
Айлап да, жылдап сагынткан?

Мен сени кантип жашырам,
Көөдөндү эзген муң-кайгым?
Келип кет күткөн сагыныч,
Тартпайын чексиз убайым.

Дагы да башка котормолорду бул жерден окуй аласыз

 

Соц тармактар:

Добавить комментарий