Асылбек Бегалиев, балетмейстер: «Тойлордо өзбектин, грузиндин бийлерин шакылдатып бийлегенче «Кара жоргону” бийлегенибиз жакшы»

Биз маектеше турган балерон Асылбек Бегалиев, убагында кыргыздын Бүбүсара Бейшеналиева, Айсулуу Токомбаева, Рейна Чокоева сыяктуу ж.б. корифейлери менен иштешип, кыргыздын маданиятын өстүрүүгө салымын кошкон. Ал 1934-жылы Сокулук районундагы Бос-Бөлтөктүн алдындагы Орок айылында Бегалы байдын уулу Рахманбектин үйүндө жарык дүйнөгө келет. Бирок, чоң атасы Бегалыны Октябрь ыңкылабы кыйгап өтүп кулакка тартылат. Анын кесепетинен Рахманбек бай-кулактын тукуму делинип, колхозго мүчө боло албай кедейчиликтин айынан көзү өтүп кетет. Жаштайынан жетим калган Асылбек турмуштун татаал сыноосунан өтүп, кыргыздын маданиятына салым кошкон, мыкты бийчи, балетмейстер болуп чыга келди. Төмөндө Асылбек Бегалиевдин өмүр жолу, кыргыздын балетине, бийине болгон ой-толгоолорун окуй аласыздар.

– Асылбек Рахманбекович, жаштайыңыздан турмуштун оор соккусуна кабылган экенсиз. Кимдин колунда чоңойдуңуз?

– Убагында чоң атам атактуу байлардын бири болгондуктан Октябрь революциясында кулакка тартылып кетет. Анын айынан атам Рахманбек колхозго мүчө боло албай же тиешелүү жер үлүшүн ала албай итке минген кедейге айланат. Ошентип жүрүп оор турмуштун азабынан мен бир жашка толгондо  бул дүйнө менен кош айтышып кете берет. Апам болсо убагында өзүбүздө малай болуп жүргөн кишиге турмушка чыгып, андан бир балалуу болот.  Өгөй атам кой кайтаргандыктан анын ордуна бутума өгүздүн терисинен чарык кийип алып, кой кайтарып чоңойдум. Өгөй атам согушка кетти, апам оор турмуштун айынан чынын айтканда, ачкачылыктан каза болуп калды. Анан эки жаш бала талаада калдык. Айла кеткенде экөөбүздү туугандарыбыз эки жакка алып кетти.

– Балетке кандайча кызыгып калдыңыз эле, бул тармакка аралашып калууңузга ким себепкер болду?

– Кызыл-Аскерден 4-класска чейинки мектепти бүтүргөн соң, башка окуй турган жерим жок 5-классты тентип жүрүп окудум. 6-классты кайдан окуйм деп турганда  Балет училищасы туурасында угуп калдым. Бактыма жараша ал жака барып сынактан өтүп кеттим. Чынын айтканда, училищага интернатта жашаш үчүн жана №5 лицейде окуш үчүн эле келгенмин. Андан 3-классты аяктаганымда Чолпон балетине стажировкага кирдим. Ошондон баштап театр эмне экенин түшүнүп кызыгып кеттим. Окууну бүтө элек жатып балдардын жетишсиздигинен театрга артист кылып кабыл алышты. Өзүңүздөр билгендей бул абдан татаал кесип.  Анткени, медициналык жактан алганда 45 мүнөттүк сабакта ар бир бийчи 6 аттын күчүн жумшайт.

– Училищаны бүткөндөн кийин Москвага барып окууга өтпөй калган экенсиз, андан кийин каякта иштедиңиз?

– Бурат Монголиянын театрында артисттер жетишсиз экенин угуп, ошол жакта иштеп калдым. Ал жакта 3 ай иштеген соң, аскерге чакырылып, Чита шаарында милдетимди өтөдүм. Аскерде да бийлеп көнүп калган жаным горнизондо да аскердик ансамбль түздүм. Аба мектебин бүтүп Ташкентке которулуп ал жактан да бий ансамблин, Шымкентке которулганда да ансамбль түзүп иштеп жүрдүм. Шымкенттеги ансамбль азыркыга чейин бар. Аны менен 1957-жылы дүйнөлүк студенттердин фестивалына катышып, лауреат болдум. Аскерден келгенден кийин мамлекеттик бий ансамблинин жетекчисине жардамчы болуп бардым. Филармония 1963-жылы республикалык чыгармачылык борбордун бий бөлүмүнүн жана концерттик бөлүмдүн жетекчиси болдум. Андагы  2 жылдык студияга да кошо жетекчи болдум калдым. Ошол жерден 45 жыл ичинде Султан Каримов, Айчүрөк Иманалиева тартып, деги койчу мурунку муундун өкүлдөрү азыркы эл артист, эмгек сиңирген артисттердин баары окушкан. Азыркыга чейин студияда иштеп келем. Мен көбүнчө артист болуп эмес жетекчилик кызматтарда жүрдүм. 20 жылдан бери Маданият министрлигинде иштеп, маданиятты көтөрүүгө салымымды кошуп келем.

– Кандай сыйлыктарга ээ болдуңуз?

– Ошол мезгилден ушул кезге чейин кандай гана сыйлыктар болбосун баарын алдык. Ардак грамоталарын, искусствого эмгек сиңирген ишмер ж.б. Буюрса, 80 жылдыгыма карата “эл артисти” наамы берилгени жатат.

– Айтсаңыз, бүгүнкү күндөгү опера балет театрынын абалы кандай? Сизди канааттандырабы, алар кайсыл жагынан аксап жатат?

– Бул өтө татаал суроо. Театрдын абалы, өзгөчө бий жанры өтө начар абалда. Албетте, баарын начар дегим келбейт, бирок  Советтер Союзу урагандан кийин айлык маянанын аздыгынан окууну бүткөн, көзгө көрүнгөн балдар-кыздарыбыздын баары четке чыгып кетти. Азыр деле кетип жатышат. Артисттер жетишпейт. Бир убакта балеттин трупасына 72 кишиге штат бар болчу, азыр 30дан ашпай калды. Мисалы, «Жизель» коюп атса трупа толтура сахна бийлеши керек эле. Балериналардан отузу бир чыкканда эле бийлеп чыгышы керек. Союз мезгилинде балет боюнча Кыргызстан алдыңкы орунда болчубуз. Бекеринен Союзда эркектерден биринчи жолу Чолпонбек Базарбаев Советтер Союзунун эл артисти болгон эмес. Керек болсо Орто Азиядан мындай чыкпаптыр. Аялдардан болсо дүйнөгө даңкы чыккан Бүбүсара Бейшеналиева, Айсулуу Токомбаева, Рейна Чокоева дегендер кимдер эле.

– Азыркы күндө бизде артисттерди тарбиялай турган мыкты балетмейстер барбы?

– Азыр эми Осмонов Маратты башкы балетмейстер кылып коюшту. Ал али жаш, быша элек бала болчу. Балетмейстер болуш үчүн кыргыздын тээ илгерки тарыхынан бери билиши керек. Нечен жылдан бери кыргыздын балети коюлбай калды.

Эң акырында «Айчүрөк», «Акмөөр» опералары коюлган, андан кийин токтоп турат. Мына, искусствобуз. Аларды койгонго каражат жок, коюш үчүн канчалаган костюм тиктириш керек да. Көп нерсе каражатка келип такалат.

– Ошол эле мезгилде коомчулук театрды башкача кабыл алат. Бул деген коомчулуктун аң-сезимине жараша болобу же театр коомчулуктун көңүлүнө төп келбей жатабы?

Негизи жаңы эч нерсе жок болуп жатат. Элди кызыктыруу үчүн жаңы спектаклдер, жаңы артисттер чыгып турса жакшы болмок. Мисалы, бир эле Чолпонбек Базарбаев атындагы училищабыз бар. Ал жактан бүткөн балдар бир сыйра чыгышат да, дипломду алып каалаган жагына тарап кетип жатышат.

– Бий жөнүндө сөз болуп жаткандан кийин жакындан бери катуу чыгып жаткан «Кара жорго» бийи жөнүндө сурагым келип турат. Бул бийдин айланасында да ар кандай талаш-тартыштар бар, сиздин көз карашыңыз кандай?

– Мен бийди изилдеп жазып жүргөн кишимин. «Кыргызда бий жок» дегендерге,  «кыргызда кантип бий жок болсун, бар болгон» деп биринчи каршы чыкканмын. Союз убагынан бери кыргыз, казак, түркмөндө бий болгон эмес деп келген. Мен аны далилдегенге аракет кылдым. Бирок, менин колумда бир да факт болгон жок. Бийлерди китеп кылып жазып атып, аларды изилдегенге  колум жетпеди. Мисалы, Манаста «шарап ичип бий бийлеп» деген сөз бар. Демек, бийлеген экен да. 1977-жылы калмактын Элиста деген шаарына конференция барып калдым. Ошондо калмактын министри өз докладында: «Калмак элдик бийлери кара кыргыз бийлеринен өзүнүн чимирилгендиги, шаңдуулугу менен айырмаланат» деп айтып жатат. Эгерде кыргызда бий жок болсо алар кантип ошол сөздү айтмак эле. Бул маалыматты 1850-жылы Ленинграддык окумуштуу Павел Наговицын деген жазып кеткен экен. Бирок, бизде бир дагы бий элементи калган жок.

– Бий элементи калган эмес болсо, ушул мезгилге чейин чыкпаган “Кара жорго” кайдан чыкты?

– Муну алып чыккандар да бийчи балдар эмес. Каяктан табышкан билбейм, илгери тартылган съёмка табышыптыр. Жакшы чыгарып жатышат. Бирок, балетмейстер катары айтсам, калмактын бийинен аралаштырып коюптур. Албетте, “Кара жорго” деп элге тарап кеткенине ыраазымын. Эми буга сынык бийди, биймергенди кошуп жатышат. Кошкону жакшы. Бирок 3 бийди салыштырып карасаң, бири-биринен көп айырмасы жок.

– Кайсыл жерлерин калмактын бийи деп айтып жатасыз?

– Сынып бийлеген жерлери  калмактардын б ийи. Анткени, мен алардын бийлерин изилдегенмин, билем. Албетте, мен буга каршы эмесмин. Тойлорго барып өзбектин бийин соргоңдотуп же грузиндин лезгинкасын шакылдатып бийлегенче же аларды жакшы бийлей албаган соң “Кара жорго” бийлегенибиз жакшы.

– “Кара жоргону” казактар биздики деп талашып жатышат го. Алар эмнеге таянып жатышат?

– Казактар бизден мурун ошол съёмканы таап алып, документтештирип алып жатпайбы.

Парахат Шукурова, «Де-факто», 06.10.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий