Омар ХАЯМ: ”Ич, ажалдын көрө электе өнөрүн, Эч ким билбейт кай тарапка жөнөөрүн…”

IX-X кылымдан бери нечендеген акындар, аалымдар, көзү ачык олуя, даанышман адамдар өттү дүйнөдөн. Аты аталбагандар, билинбегендер өттү. Анда эмнеге сүйүү деп, шарап деп какшаган, өлүп топуракка айлангыча жыргап ал,ойноп ал деген Омор Хаям кандай гана коом болбосун тилден тилге которулуп, колдон колго өтүп жашап келет? Акын сүйүү деп аял-эркектин ортосундагы махабатты айтпаганын, шарап деп биз тойлордо ичип отурган арак-шарапты айтпаганын билебиз. Өзү жазгандай, аялзатынын наздыгына, сулуулугуна кумарланып, мас болмок түгүл үйлөнбөй, так өтүп кеткен экен. Бүт өмүрүн илимге, сүйүүсүн Кудайга арнаган. Өзү математик, окумуштуу, философ, жылдыз санаган астроном  болгон. Ооба, ошол философ, окумуштуу болгону үчүн ырларынын түпкү тамыры, чыныгы чыўырган үнү таптакыр башкада жатат. Акын:

Ичиргиле моокумду кандырып,
Турсун жүзүм каухардай албырып.
Өлсөм суу эмес, шарап менен жуугула,
Табыт үчүн жүзүм шагын алдырып
-деп өзүнүн Кудайга болгон сүйүүсүүнүн чексиз экенин, ага болгон сүйүүнүн улуулугу мас абалга алып келээрин, ал деўгээлге жеткен адам бүт күнүмдүк жыргалчылыктан, хандыктан, бектиктен гана баш тартпастан, түбөлүк жашоосу бар Кудайдын жаны – Өлүмдүн өзү жүздү албырткан кубаныч болуп калаары жөнүндө айтып атпайбы бу саптарында. Эгер турмушта пенде болуп жаза тайып, ыпластыкка малынып, булганып калган болсо, балким ырлары бизге чейин жетмек эмес. Таза нерсенин өмүрү узун болот эмеспи. Сакталып келген себебинин биринчи себеби ушул го деп ойлойм. Экинчиси, жана айткандай ырларын ороп-чулгап, башка сырт келбет бергендигинде. ”Өмүр өтүп кетет, дүйнөгө устун болбогондон кийин жыргап ал”- деген саптары ханга да, бекке да, карапайым адамдарга да жаккан. Омор Хаям суфий болгон. Бул агым исламдагы өзгөчө зээндүү, билимдүү адамдардан турган. Дин тарабынан дагы, бийлик тарабынан да куугунтукка алынгандыктан өздөрүнүн илимин жашыруун сакташкан.

Азыр эми дин десе биз сакалчан даватчыны, андан жогорулаганда майлуу-сүттүү орун талашып, бир-биринин төшөгүн ачкандарды, жаназа окуш үчүн куран окуган молдону таанып калбадыкпы. Аба-суу, ааламдын айланган агымы, дүнүйөнүн жаралыш өзөгү, түпкүрү –түбү дин. Илим-билим, адамзаттын ачкан ачылыштары ошол диндин учкундары гана дешет. Аны окумуштуулар деле планета, ай-жылдыздардын жайгашышын кимдир-бирөө (Кудай) көзөмөлдөп тургандай деп ачылыш жасап жатышат. Эгер ошол таза адамдардай болуп чындап Кудайга жүзүў бурсаў аян келет, ааламдын сырдуу эшиктери ачылат дешет Омор Хаямга окшогон аалымдар. Ал үчүн бычактын мизинде жашагандай жашаш керек экен. Булганбай, бурулбай, бар жыргалчылыктан баш тартып, кантип жашайсыў?..

Канча кылым өтсө да жүрөгүм менен бир улуу адамдын жашап өткөнүн сездим. Андай адамдын жашап өткөнү тирүүлөр үчүн аба, агып баратсаў колго илинген бутак, аптапта көлөкө, суукта дүркүрөп күйгөн улуу оттун табы сыяктуу. Сиздин жашап өткөнүнүз үчүн Кудайга миў мертебе ырахматымды айтам…

Динара БЕЙШЕНАЛИЕВА, “Асман пресс”, 14.02

Соц тармактар:

Добавить комментарий