ЖАШОО САБАКТАРЫ

«Бакдѳѳлѳт» коомунун «Жашоо сабактарынан»

Жашоо сабактары – адамга түркүк
Жашоо сабактары – адамга багыт
Жашоо сабагы менен адам калыптанат
Жашоо сабагы менен адам уланат.

Нук: Ой толгоону өзгөрткүлө

Ар бир адамдын ой толгоосу кенен, таза болуш керек. Ал эми тазалык акылда, билимде болсун. Акыл менен ой толгоо айкалганын, айырмаланып турганын көп адамдар көңүл токтото билбейт. Акыл – ой толгоодон айырмаланып турат. Акылды калчап, ошону тереңдеткенде, силердин акылыңар жетик болот. Бирок, ой толгоо дайыма аксап турат. Эгерде жетик акыл-ой толгоосу бузук болсо, жашоодо көп нерсеге жетише албайсыңар. Ошондуктан, көбүнесе биз ой толгоону оңдоого, ой толгоону өзгөртүүгө, ой толгоонун күчүнө жана ой толгоонун талаасына көңүл бурабыз.

Биринчи талап
Сүйлөгөн сөзүңөр таза нукта болсун:
1.Өзүңөрдү кемсинтип сүйлөбөгүлө. Келечекке ой толгооңор таза, нурлуу, жарык болсун.
2.Өз жакындарыңарга караштуу сөздөр, ойлор таза, кемтиги жок болсун. Мисалы: «менин балам зээндүү» деп айтканда, жеке эле сөз эмес, ой толгоо да таза болсун.
3.Өзүңө өзүң бааны жогору бер. Анын ичинде: элге, жерге, үрп-адатка, салтына (өзгө баа берүүгө көп нерсе кирет).
4.Жамандан да жакшыны көргөндү үйрөнгүлө.

Өзөктүү ойду багуу

Өзөктүү ойду багыш үчүн адам таза, кубаттуу болуш керек. Таза: дене тазалыгы (даарат), ой тазалыгы (бир ойду ойлоп жатып башкага өтүп кетпейт). Мисалы: «Мен өзүмдү күчтүү инсан катары эсептейм» деп ойлоп жатып ортодон коркуп кетсе болбой калат. Ойдогу коркунучту алып салыш керек.

Кайсы багытка ой толгоо бурулса, ошол түшкөн нукта чоң жетишкендик болот. Ар дайым ой толгоодо бир өзөктүүсү болуш керек. Ой толгоо беш тарамдуу болушу мүмкүн. Баардык манжалар бар болуп туруп, бирок бармак жок болсо – кыймылдын өзөгү жок болот эмеспи. Ошондуктан, ой толгоонун эң өзөктүүсүн тапкыла. Өзөктүүсүн тапсаңар, ал калганына өбөлгө (мисалы, бармак калган төртөөнө өбөлгө) болот. Өзөгү жок ойлор чоң нерсеге жеткире албайт, ал ойдо күч да болбойт. Ар нерсени өзөктүү кармагыла.

Дил, дит, көңүл, ниет, пейил

Дил – жан дүйнөнүн өзөгү. Көңүл – жан д¬үйнөнү толтуруп турган нерсе.
Дилден чыккан нерсе ¬(сезим, ой ж.б) – баарынан күчтүүсү.
Жан дүйнөнү толтуруп турган нерсе (суюктук) – Көңүл. Дил, дит, ниет, пейил – катуу өзөк.

Көңүлдүн төмөндөшү, түшкөнү сулуулукту кемитип, жүктү көбөйтүп, жашоону күңүрттөтөт, өмүрдү кыскартат…

ДИЛ. Ойдун өзөгү дилде. Дил – ар бир адамга таандык ички дүйнөсүнүн деңгээли. Дил ак, таза жаркындан баштап, жокко чейин барат. Кээ бир ойлор ак, жарык, жаркын дилден башталса, кээ бир ойлор дилден эмес, ниеттен башталат. Дилден чыккан ой өзөктүү болот. Ниеттен башталган ойлор өзөктүү боло албайт. Ниеттен чыккан ойлор жардам берет, ишти баштайт, бирок өзөк болбойт, алар убактылуу ойлор болуп калат. Дилден чыккан ойлор, мисалы: кыргыз элине пайдалуу иш кылуу, элге кызмат кылуу, окуунун тереңине жетүү, кызматты так аткаруу. Дилдин күчү ар бир адамда бар. Дилдеги ой жашоонун багытын, жашоонун негизин таптырат. Дилдеги оюңарды кеңейтип, өзөк кылгыла. ОЮҢАР, ДИЛИҢЕР, СӨЗҮҢӨР БИР БОЛСО – ЖАШОО СӨЗСҮЗ ӨЗГӨРӨТ.

КӨҢҮЛ. Эгерде адамдын жашоосу армандуу болсо, көңүлдө кара көңүл толуп кетет. Мисалы, сарсанаа, кайгы-муң, арман.

Эгер кайгыда басылып турган адамга тыштан кубаныч келсе, ал адам бир аз эле кубана алат. Себеби, муңдуу адамдын сезиминин баарын толкутуп жибергенге кубанычтын күчү жетпейт. Ал эми кайгысы, сарсанаасы аз адамга тыштан кубаныч келгенде, ал кубаныч көпкө чейин сакталат, толкутуп жиберет.

Көңүлдөгү сарсанааны дилге салып азайтса болот. Өтө көп кайгыда турган киши ою (акыл-эси) менен чечимге келип, сарсанаадан арылуу үчүн ойду дилге салуусу керек. Себеби, дилден чыккан ой дитти, ниетти, пейилди, көңүлдү басып өтөт. Демек, дилден чыккан ой күчтүү болот. Дилден чыккан ойду багыш өтө оор, бирок адам дайыма талыкпай иштесе, ошондо иштин үзүрү болот.

Адамдын жашоо табиятында көңүл өтө зор мааниге ээ. Адамдын көңүлү анын жашоо ыргагына өзүнүн чоң таасирин тийгизет. Жашоо ыргагы көңүлдүн көтөрүлгөнү жана түшкөнү менен саймаланат. Көңүлдүн бийиктөөсү саймага кооздук берет, сулуулук, өркүндөө, өсүү берет. Көңүлдүн түшүүсү сайманын кооздугун азайтат, кайрыктарын кыскартат, же такыр токтотот. Көңүлдүн бийиктөөсү саймага ажайып кооздукту, шаттыкты, актыкты берет. Көңүлдүн пастоосу, төмөндөшү, түшкөнү сулуулукту кемитип, жүктү көбөйтүп, кооздукту жокко чыгарып же бузуп, кайрыктарын музга бөлөп, жашоону күңүрттөтөт, өмүрдү кыскартат, сулуулукту өлтүрөт, өмүрдү кыят. Башка адамдын көңүл ыргагын тапкан адам – олуя адам. Көңүлдү тармактап чечип, талдап, талуу жерин тапкан адам дүйнөнү башкара алат.

ДИТ – бул адамдын көңүлүнө тийиштүү сапат. Дит койгон адам окуянын, сөздүн, күчтүн тереңине жете алат. Тереңине жетип, түшүнүп, бирок турмушта колдоно билбесе, ал адамга пайдасын алып келбейт. Көңүлү, дити менен берилген адам – алдында турган нерсени жашоодо пайдалана билет, андан негиз табат. Дитин бербеген адамга канчалык үйрөтсөң да өзүнө сиңирбейт. Дитин бербеген адам чоң жардам бере албайт, анын жардамы убакытка ченелүү. Дити менен берилген адамдын жардамы убакытка чектелбей, өмүргө чектелет. Мисалы, дити менен сабак окуу, дити менен иштөө, дити менен китеп окуу. Өзөктүү ойду тапкан адамдар дит коюп кадам баштасын.

НИЕТ – бул адам баласынын туруктуу ой жүгүртүүсүнө таасир берчү сезим жана адам баласынын кыял, жүрүм-турумуна багыт берчү күчтүү сезим алкагы. Ниет – адамдын көңүлүнүн бир нерсеге тереңдөөсүн, үңүлүшүн, туюмун, тууралыгын жана анын карама-каршысын толуктап, тереңдеп, дил, дитке азык берчү алкак. Ар бир адамдын ниетине жараша, көңүлүнө тийиштүү тууралыктар бар. Ал тууралыктар адамдын кабыл алуу сезими менен аныкталат.

ПЕЙИЛ – адамдын тууралыгында турган алкак. Адамдын тууралыгы – анын багытына, сезим туюмуна, жашоо кабылдоосуна негиз түзчү алкак. Пейилдин тереңинде адамдын жашоого болгон мамлеси жатат.

Келбеттин бийиктиги

Ички дүйнөнүн бийиктиги келбетинен чагылып турса, адам сырт келбети менен да бийик болот. Келбет – акылмандуулуктун келбети, баатырдыктын келбети, билгичтиктин келбети жана башка болуп бөлүнөт.
Келбеттин бийиктиги кандай болот?
1.Бойду түз алып жүрүү керек
2.Сабырдуулук керек
3.Басыкты ишенимдүү, туруктуу кылуу керек
4.Одоно кыймыл, жаңсоолорду оңдоо керек
5.Нур жүздүү болуш керек
6.Чың ден соолукка жетүү керек
7.Кийимди орду менен, таза кийүү керек.

«Бакдѳѳлѳт» коомунун байланышуу телефондору:
0771 144-820; 0552 853-555,
“Көк асаба, 02.10.2013-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий