Элери Битикчиден байыркы кыргыз жазуусу

Элери Битикчи өзүнүн Фейсбуктагы баракчасында байыркы кыргыз алфавитин, же битикти сунуштаптыр.

Битик менен биринчи жолу таанышып жаткандарга, аны өздөштүрүүгө кызыккандарга Элери Битикчинин АКИpress сайтында жарыяланган “Битик: особенности алфавита и орфографии” деген макаласынын кыргызчага котормосун сунуштайбыз.

 

Битик: алфавиттин жана орфографиянын өзгөчөлүктөрү

Байыркы кыргыз жазуусу боюнча сабактардын максаты — байыркы кыргыз тилине жана анын грамматикасына үйрөтүү эмес, байыркы жана азыркы кыргыз тилдеринин жакындыгын эске алганда бул анчалык деле кыйын болбостур. Максатыбыз – битиктин тамгаларын күнүмдүк жашообузда колдонууга үйрөтүү. Башкача айтканда, байыркы кыргыз тили боюнча эмес, алфавит боюнча сабактар болот. Каалагандар азыркы кыргыз тилиндеги сөздөрдү битик менен жазганды үйрөнө алышат. Кыргыз тилин битикке өткөрүү тууралуу айтуу азыр эртедир, азырынча алты тамгадан турган сөздү жазып жатып алты ката кетирбегенге үйрөнсөк жакшы болот эле.

Байыркы кыргыз жазуусун үйрөнгүсү келгендер үчүн бул, балким, эң маанилүү сабак. Москвалык лингвисттердин үйрөтүүсү боюнча азыркы кыргыз тилинде үндүүлөрдүн сингармонизмине басым кылынат, а чынында үнсүздөрдүн сингармонизми тууралуу сөз болушу керек. Керектүү тамгаларды тандаганды билбесек алты тамгадан турган сөздө алты катаны кетирүү боло турган иш.

 bitik1

Окурмандарга ыңгайлуу болушу үчүн мен башында ар түрдүү үнсүздөрдү ар башка түстөр менен берем. “Ар” жана “эр” деген сөздөрдү үн чыгарып айтып көрсөңүздөр. “Аррр, эррр”. Мындан үндүүлөр үнсүздөрдүн айтылышына таасир берерин байкайбыз. Ал эми битикте, тескерисинче, жумшак жана каткалаң үнсүздөр ал же бул үндүүнүн айтылышына таасир бере алат. Эгер биз жумшак тамгалар катарындагы үнсүздү (жашыл түс менен белгиленген) колдонсок “и/ы” тамгасы (каңтарылган бир санына окшош) “и” деп окулат. Бирок эгер биз каткалаң тамгалар катарындагы үнсүздү (сыя түс) колдонсок ошол эле үндүү “ы” деп окулат. Ошондуктан, башка катардагы тамгаларды колдонуу менен сөздүн окулушун таптакыр башкача кылып койсо болот: “илбирс” жана “ылбырш” (“с” тамгасынын ордуна “ш” турат).

Айтылган нерселерди бекитиш үчүн, “ар” жана “эр” сөздөрүнүн жазылышына көңүл буралы.

 bitik2

Мен “эр” сөзүнүн жазылышынын эки түрүн тең берип жатам, анткени “а/э” тамгасы бардык байыркы түрк тилдеринде кездешет жана анын “ар” же “эр” деп окулушу кайсы катардагы үнсүздөрдүн колдонулганына жараша болот. Ал эми “э” – “)(“ тамгасы кем кыргыздарынын алфавитинде гана кезигет, ошондуктан көптөгөн электрондук шрифттерде “э” – “)(“ кыргыз тамгасы жок, анын ордуна “а/э” тамгалары колдонулат.

 bitik3

Бул жерде мен ар түрдүү үндүүлөр менен колдонулган үнсүздөрдү белгилеп койдум. Азыркы кыргыз тилинде сингармонизм “ичке” үндүүлөргө (и, э, ө, ү) жана “жоон” үндүүлөргө (ы, а, о, у) негизделет. Бардык жумшак (жашыл) үнсүздөр, 1 деген сан менен кошумча белгиленгендер, “ичке” үндүүлөр (и, э, ө, ү) менен жазылат. Бардык каткалаң (сыя түс) үнсүздөр, 2 деген сан менен кошумча белгиленгендер, “жоон” үндүүлөр (ы, а, о, у) менен жазылат. Кызгылтым-сары түстөгүлөр каалаган үндүүлөр менен жазыла берет.

Ошондой эле алфавитте көгүш жебечелер менен тамгалардын ортосундагы графикалык жана фонетикалык байланыштар көрсөтүлгөн, бул байланыштар алфавиттин жаралышын шарттайт. Башкача айтканда, “й”-“г”-“к” жумшак үнсүздөр ар-түрдүү түрк тилдеринде кошо колдонгондон сырткары бир-бирине да окшошуп кетет, ошондой эле “й”-“ғ”-“қ” каткалаң үнсүздөр.

 bitik4

Ошентип бул сабактан “ичке” үндүүлөргө (и, э, ө, ү) жана “жоон” үндүүлөргө (ы, а, о, у) ар башка үнсүздөр колдонууларын билдик. Бул сөздөрду жазууда ката кетирбегенге өбөлгө түзөт.

«Код кыргызов» сайтынан алынды

Соц тармактар:

Добавить комментарий