Өмүралы Тойчиев: ”Досторумдун баары тозокко кетти, мен деле тозокко барам”

— Өмүраалы мырза, эмне үчүн сүрөтчүлүк кесипти тандап алдыңыз?

— Республикалык эл чыгармачылыгы үйүндө айылдык сүрөтчүлөрдүн 1 жылдык курсу бар экен, ошого тапшырып окуп калдым. Атам, чоң атам да чабан болгон. Кой баккандан көңүлүм үч көчкөндөй калыптыр. Кой баккым келбей эле окуп алдым. Анын үстүнө колум бошосо эле сүрөт тарта берчүмүн, китептин актай барагы, дубалдын актай бети калчу эмес. Негизи ар бир бала кичинесинде сүрөтчү болот. Бавган Шри Радниж Ошонун бир айтканы бар: “Бизди жараткан Кудай сүрөтчү болгон. Ошон үчүн бул дүйнө кооз, жашоо-турмуш “безобразный” болуп калган” — деп. Ошон үчүн балдар туулганда эле сүрөтчү болуп төрөлөт. Эң биринчи сүрөт тарта баштайт, анан окуганды, жазганды үйрөнөт. Себеби, бала деген периште, өзүнүн Жаратуучусу сүрөтчү экенин билет.

— Турмуш “безобразный” деп атпайсызбы. Бирок эч кимдин жашоосу сүрөтчүлөрдүкүндөй башаламан болбосо керек. Сакал-муруту өскөн. Кээси чачын да өстүрүп, аркасына байлап да алат.

— Сүрөтчү канчалык таланттуу болсо турмушу ошончолук өөдүк-сөөдүк болот. Анын ички дүйнөсү менен сырткы дүйнөсү төп келишпейт. Дилиндегисин элге түшүндүрө албайт. Айтсам ишенбейт болушуң керек, сакал алганга убакыт болбойт. Сүрөтчү белгилүү болуп, атак-даңкка жетиш үчүн өзү тарткан сүрөттөрдөн мурда өлүш керек дейт француздар. Анын баркы өлгөндө гана билинет экен да. Тирүү кезинде бааланбайт. Мисалы, Чокморов бааландыбы? Венасына укол сайдырганда каны токтобой 2 сааттай жатып калчу. “Медсестра кыздар эми үйрөнгөндө же күйөөгө тийип же декретке чыгып кетет. Анан жаңы келгендер сая албай кыйнай берет” дечү. Германияда кранник менен ачылып жабыла турган труба коюп берет экен. Эгер ошону койдуруп алганда дагы 4-5 жыл жашайт беле. Акчасы жогунан койдура албай өтүп кетти бечара киши. Денесин көрсөткөн, операциядан калган 16 тырыгы бар эле. Аким Өзгөн келгенде бир жардам болобу деп картинасын белек кылган. Ал болсо Германияда андай операцияны жасабайт экен деп койду. Эми азыр көзү өткөндөн кийин Чокморовдун кайсыл гана сүрөтү болбосун, дептердин барагынчалык иши деле миң доллардан кем турбайт.

— Азыр кандай теманын үстүндө иштеп атасыз?

— Кан майдан тууралуу бир картина тартайын деген оюм бар. Темирланды тартсамбы дейм. Бул оңой иш эмес. Ар бир адамдын, аттын кыймылын, мүнөзүн, композициясын табыш өтө кыйын. Кыргызда кызыл кыргынды тарткан сүрөтчү аз. Бир гана Чуйковдун Үркүн жөнүндөгү картинасы бар, ал деле толук ишке ашкан эмес. Башка сүрөтчүлөрдүн эч кимиси бул темага киришкен жок. Чыңгызхан тууралуу сүрөттөр көп эле, бирок Темирлан тууралуу жок экен.

— Аксак Темир сизди эмнеси менен кызыктырып калды?

— Биринчиден, бүт дүйнөгө белгилүү адам. Экинчиден, өтө таш боор, мыкаачы. Бирок билимдүү адамдарды түшүнгөн, сыйлаган, көп суфийлерге жардам берген экен. Низамини өлүмдөн алып калган. Ахмад Яссавийге күмбөз салдырган. Үчүнчүдөн, мындай мыкаачы адамдар эмнегедир элге жагат. Гитлер жагат, Сталин жагат. Чыңгызхан кыргыз болгон, Атилла кыргыз болгон деп көптөрүнүн тим эле шилекейлери агат. Бирок жакшы, адамгерчиликтүү кишини  жактырышпайт. Эмне үчүн Омар Хаям, Низами кыргыз болгон деп айтышпайт?

— Кыргыздын азыркы эң мыкты сүрөтчүлөрү деп кимдерди атайт элеңиз?

— Жыргал Матубраимовду, Эмил Токталиевди, Жылкычы Жакыповду. Шыгаевге окшогондор алар менен теңтайлашмак турсун отуруп, чогуу арак ичкенге духу жетпейт. Казакстанда М.Ауэзовдун юбилейи болгондо биздин график Таалай Курмановду чакырып, китебин жасалгалатышкан. Болбосо Казакстандын өзүндө 3 миң сүрөтчү бар. Бул Курмановдун талантын баалап, кыйындыгын моюнуна алгандык да. Биздин сүрөтчүлөр Казакстан менен Өзбекстандагыларга салыштырмалуу 15 жыл алдыда баратышат десем болот.

— 50 жашка келип бу турмуштан эмне таптыңыз, эмне жоготтуңуз?

— Мен барын да көрдүм, жогун да көрдүм. Мен миллионер болуп турганда азыркы байлардын айрымдарынын үйүндө үрүп чыгаар ити жок эле. Көрсө, бардык нерсе убактылуу турбайбы. Эч нерсеге өкүнбөйм. Бир гана жоготкон жылдарыма, убактыма өкүнөм. Кээ бирөөлөр тост айтканда мен өзүмө каалаганды силерге да каалайм деп калышат го. А мен өзүмө каалаганды башкаларга каалабайм. Себеби, мен депутат болгум келбейт, министр болгум келбейт. Жөн гана сүрөтчү болгум келет. Мага эч ким тийишпесе, кийлигишпесе эле болду.

— Кудайга ишенесизби?

— Кудайдын жолу –бул чымчыктын жолундай изи жок. Аны ар ким өзү издеп табышы керек.

— Өзүңүздү тааныдыңызбы? Жолуңду таптыңызбы?

— Өзүмдү- өзүм тааныгым да келбей калды. Себеби, анын жүгү оор. Ошон үчүн арак ичип ийип атам. Мен жөн эле адам болуп жашагым келет. Ошонусу менен кызык болуп атпайбы. Менин бейишке чыгайын деген деле оюм жок. Досторумдун баары тозокко кетти болуш керек. Мен деле тозокко эле барам. Аракты жакшы көрөм, кыздарды сүйөм. Ошон үчүн тозоко түшсөм түшөйүн. Омар Хаям айткандай, “мага тиги дүйнөнүн бейишинен бул дүйнөнүн тозогу артык”. Бул эми жан кашайганда айтылган сөз. Чынында динчил адам бейиш, тозок жөнүндө ойлонбойт. Алар адамды жакшы-жаман деп бөлбөйт дагы. Шри Радниж Ошонун дагы бир жакшы сөзү бар. “Өтө сараң адам менен кең пейил адам тыйындын эки эле жагы” дейт. Ал экөө күн менен түн сыяктуу эле. Кайсынысын жакшы деп айтасың? Иштеген адамга күн, сүйүшкөндөргө, ууруларга түн жакшы. Экөө тең керек. Жамандык болуп турбаса болбойт да. А биздин саясатчылар адамды бөлөт. Себеби, ага аудитория, уккан адамдар керек. Ал үчүн уккан киши жакшы, укпагандар жаман. Саясатчы, артист, молдо – үчөө бир. А суфийлерде тескерисинче, уккан адамдар көбөйүп кетсе мектебин жаап ташташкан.

Динара Бейшеналиева, “Асман пресс”, 13.06

Соц тармактар:

Добавить комментарий