Арабы килем

Килемдин бир түрү. Ал түксүз килем деп аталат. Чеберлер жүл (түк) килемдей эле муну да арбын токууда. Бул түктүү килемден токулуш ыкмасы жагынан кескин айырмаланат. Буга жүн абдан аз чыгымдалып, жиптен таштанды чыкпайт. Таар сымал согулуп, килемдикиндей аркак салынбайт. Чеберлер жумасына бир орто аянттагы арабы килемди бүткөрүп коюшат. Буюм жерге төшөөгө шартташып, анда эришине аркакты санап гана өткөрүү аркылуу көчөт түшүрүлөт. Буга жүл килемине түшкөн көчөттөр толук берилет. Анын четине уз «Казан кулак» көчөтүн түшүрсө, ал «бычак учуна» окшошуп кетет. Бул жарты болуп берилсе, «казан кулак» үч бурчтук өңдүү көрүнөт. Андан кийин «Жээк көчөтү» үчүн уздар «жарты омуртканы» тандашат. Баткендин Самаркандек, Рават тарабы «Пара көчөтүн» (бара-тегирмендин парасы) арбын түшүрүшөт да, анын ортолук көчөтү (борбордук көчөтү) бүтүн «омуртка көчөтү» болуп көрүнөт. Бул бири-бирине эриш-аркак көркөмдүктү_ «суусу» бөлүп турат. Көчөт араларындагы жарым табакчаларды алар «Колтук» деп айтышат. Негизи баткендиктерде буюм үчүн кара-кызыл өңдөрдү мүнөздүү карашат да, буюмдун материалы — жердиги такай кылчык жүндөн болот. Жүн килеминин көчөттөрүн арабы килемде да кайталайт. Мында негизги көчөттөрүнө «тарелка көчөтү», «ашкана көчөтү» кирет. Алардын четтерине «Талик», «Кыйкач» өңдүү жарым көчөттөрү дайыма түшөт.

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу, «Кыргыздын кол өнөрчүлүгү»

Соц тармактар:

Добавить комментарий