Бүт өмүр бир көз ирмемдей

Совет мезгилиндеги кадр саясаты, жетекчини тандап алуу жана тарбиялап өстүрүү, мамлекеттик пландарды аткаруудагы оош-кыйыштар, адамдардын эмгегин баалоо… Жергебиздин бермети болгон Ысык-Көлдүн бүткүл союздук ден соолукту чыңдоочу регион катары калыптанышы, ага совет өкмөтүнүн башчысы легендарлуу Алексей Косыгин баш болгон союздук жетекчилердин атайылап көңүл буруусу, ал убакта жабык зона болуп эсептелген Көлгө СССРдин “чоң досу”, Финляндиянын президенти атактуу Урхо Кекконендин келип балык кармашы… Легендарлуу дүйнө чемпиондору Анатолий Карпов менен Нона Гапрандишвили, космонавт Валентина Терешкова жана Арктиканын атактуу изилдөөчүсү Советтер Союзунун эки жолку баатыры Иван Папанин сыяктуу инсандардын келиши жана алардын айрымдары менен бетме-бет сүйлөшүү… СССР тарап Кыргызстан өз алдынча мамлекет болгондон кийинки агрардык-жер реформаларынын жүрүшү… Мына ушундай жана башка кызыктуу окуяларды жана фактыларды белгилүү партиялык жана советтик ишмер Эсенкул Алиевдин 80 жаш куракка келүү менен эскерип жазып отурган “Бүт өмүр бир көз ирмемдей” аттуу китебинен окуй аласыздар. Биз төмөндө китептен айрым окуялар менен тааныштырмакчыбыз.

Тогуз коргоолдун күйөрманы Эсенкул Алиевдин атасы Аалы Бектургановдун тагдыры абдан кызыктуу. Ал бийдин, ажынын баласы катарында колхозго алынбай, өз алдынча чарба жүргүзүп түшүмүн колхозго төгүп берип турган. 1935-жылы жеке менчик чарбалардын алдыңкысы болуп Фрунзеге чакырылып, мактоо баракча да алган.

Анан баягы кыргыздын көрө албастыгы үстөмдүк кылып, ал Нарындан тогуз коргоол боюнча мелдеште утуп келген жакшы атын колхозго берүүнү талап кылышат. Атын бербегенден кийин үстүнөн арыз жазышмак болуп калганда, эки баласын алып Кочкорго түндөп качат.

Кулакка тартуу өнөктүгү аяктагандан кийин Тоң районунун Шор-Булак айылына көчүп келип, Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде айылдагы кары-картаңдарды уюштуруп, арык чаап, суу жетпеген жерлерди өздөштүрүп, буудай, таруу эктирет, ошентип айылдагы 5-6 түтүн элди ачарчылыктан сактап калат.

Өзү тогуз коргоолду жакшы көргөндүктөн, аны үзбөй ойноп, 1952-жылы республиканын чемпиону болот. Анын урпактары ишин улантып, өз каражатына союз тараган баш аламандык жылдары тогуз коргоол боюнча эл аралык турнирлерди өткөрүп келишти. Натыйжада бул элдик спорттун өнүгүшү үчүн ат көтөргүс салым кошушту.

“Жасалма сүттү” жасадык

1964-жылы Э.Алиев Кочкор районунун “Кочкор” совхозунда директордун орун басары болуп турганда, өлкөдө эт, сүт жетишсиз болчу. Жаңы туулган му-зоого эки ай бою күнүнө 6 литрден нак сүт берилчү. “Сельская жизнь” гезитине жасалма сүт даярдоонун ыкмасы жарыяланыптыр. Э.Алиев аны жасоону сунуштап, ишке ашырат. Натыйжада көп сүт үнөмдөлө баштайт. Муну көргөн Кыргызстан КП БКнын биринчи секретары Турдакун Усубалиев жактырып, гезиттерге жарыялатып, ал тажрыйба республикага жайылтылат.

Байларга тийишкен болбойт

1968-жылы ошол эле райондун жаратылыш шарты эң катаал болгон “Коммунизм” совхозуна директорлукка дайындалат. Ал чарба ага чейин артта калып, эки жылда эле төрт киши директорлукка дайындалып, бир-бир жарым жыл иштеп кайра бошонуп кетишкен. Мына ушундай убакта жетекчиликке келген Э.Алиев ишти туура уюштуруудан улам аны эки жылда кирешелүү чарбага айландырат. Натыйжада, чарба 1969-жылы Өтмө кызыл тууну утуп алат.

Э.Алиев ал убактагы салт болгон оокаттуулардын малын тартып алып, чарбанын эсебинен этке төктүргөндүн ордуна, кайра элдин малына да жетиштүү тоют камда-луусуна шарт түзөт. Планын ашыкча аткаргандарга сыйлыкка акча, мал берилип, эл мал багууга кызыга башташат.

Муштумдун да пайдасы тиет

Нажимидин Төрөбаев “Соң-Көл” совхозунун директору болуп турганда негизинен мурда соттолуп, кийин жатак колонияга чыгарылгандар иштеген Көк-Жарды ага кошуп беришет. Зектер совхоз жетекчилеринин тилин алышпай, өсүп жаткан эгинге, бедеге кой жайып жиберишип, өздөрү карта ойношуп, акча керек болуп калса, койду арзан сатып жиберишет экен. Н.Төрөбаев алардын минип жүргөн аттарынын басмайылдарын кесип, чаначтагы тамактарын ичирбей, а кээсин токмоктоп да жиберип тартип орнотот. Кийин ал совхоз республикадагы эң алдыңкы чарбага айланат.

Өрдөк менен коён ишке жарады

1974-жылы Э.Алиев Ысык-Көл райкомуна биринчи катчылыкка шайланат. Ошол кезде райондогу төрт чарба гана кирешелүү болуп, калган чарбалар өздөрүн араң багышат экен. А эт планын алдыңкы чарбалар да аткара алышпайт. Анан элдин менчик малынан “контракттык келишим” деген шылтоо менен арзан сатып алынып малдын башы толтурулат же алар бордолуп этке төгүлөт.

Э.Алиев “Карл Маркс” колхозуна цех курдуруп, Пятигорск шаарынан 4 инкубатор алдырат. Ал жерден асыл тукум өрдөктүн балапандарын чыгартып, ар бир чарбага 30-40 миңден балапан таратып, эки айдан багып этке төгүү тапшырмасын берет.

Андан тышкары, Татарстандан 22 миң асыл тукум коён алдырып, коён багуучу клеткаларды жасаттырып, окуучуларга коён бактыруу башталат. Ананьеводогу коёнду этке алуучу цехке жылына 44 миң коён тапшырыла баштайт. Ошончо тери да тапшырылат. Ошентип, эт планын аткаруу маселеси чечилет.

“Кроме мяса” жок болду

Союз мезгилиндеги практика боюнча пландар борбордон бекитилип, көпчүлүк учурда алар республикалар үчүн реалдуу эмес болуп калчу. Ошондуктан, республиканын эл чарбасындагы тармактык көрсөткүчтөрү боюнча пландар ашыгы менен аткарылгандыгы айтылып келип эле, “кроме мяса” деген сөз кошулуп калчу. Анткени, эт планы аткарылбайт.

Султан Ибраимов Министрлер Советинин председатели болуп келгенден кийин эт планы реалдуу эмес экенине Москваны ынандырат. Натыйжада республиканын эт планы 30 миңдей тоннага кемитилет. Ошондон кийин “кроме мяса” деген сөз жоголду. Бул өзүңдүн ишиңди жакшы билип, Москвада кадыр-баркың болсо, реалдуу пландарды бекиттирип алууга боло тургандыгын көрсөтүп турат.

“Кара булут” айланганда

Совет мезгили кыргыздар үчүн канчалык жакшы болгону менен айрым орус улутундагы жетекчилер кыргыз жетекчилерине үстөмдүк кылып турушканы да факт. 1977-жылы Ю.Беляк Ысык-Көл обкомунун экинчи секретары болуп турганда Балыкчы райондук керек-жарак  коомунун председатели сатыкка келген “москвич” автомашиналарынын аккумуляторлорун, дөңгөлөктөрүн алмаштырып, өзү минген автомашинага салдырып алчу экен. Прокуратуранын тергөөчүсү ал боюнча кылмыш ишин козгоп, Э.Алиевге көрсөтөт. Ал райкомдун бюросуна салып, партиядан чыгарттырат. Прокуратуранын тергөөчүсү ошол эле түнү тигил кишини каматат.

Ю.Беляк эртеси аны камактан чыгартып алат. Натыйжада иш чырга айланат. Ошондон кийин Ю.Беляк менен КП БКнын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Ю.Кабанов Э.Алиевден өч алуу үчүн райондогу баштапкы партиялык уюмдун иши жөнүндө маселе чыгарышып, БКнын аппаратынан Лучко, Кононова, Б.Молдогазиев, К.Орузбаева төртөөсү районго текшерүүгө барышат. Анан эптеп жок жерден айрым бир “компроматтарды” табышат.

Бирок, БКнын бюросунда Э.Алиев райондогу жетишкендиктер туурасында айтып бергенден улам, Т.Усубалиев райондун экономикалык көрсөткүчтөрү жакшы экенине көңүл буруп, жыйынтыгында ал жаза албай калат.

Косыгин: “Көлдү таза кармагыла”

1974-жылы ноябрда СССРдин легендарлуу өкмөт башчысы Алексей Косыгин республиканын түзүлгөндүгүнүн 50 жылдыгына карата Кыргызстанга келген. Ал Көлдө болгонунда суу ичиндеги консерванын банкасын көрүп калып: “Көлдү таза кармагыла”, – дейт.

Анан кайтып бара жатканда жөнөкөй бир үйгө кирип, таанышып чыккандан кийин: “Силердин эл россиялыктарга караганда алда канча жакшы жашайт экен”, – деген пикирин айтат.

Ушуга байланыштуу дагы бир эпизод. Т.Усубалиев жайында эс алып жүргөндө Көл үстүндө кечке чейин балык кармап жүргөндөр табигый муктаждыктарын суу үстүнө канаат­тандырып жаткандыктарын билип калып, көлдүн үстүнөн кайык менен балык кармоого тыюу салдырат.

“Тамчы” кантип жарым чакырымга кыскарган?

Чолпон-Атадагы “Тамчы” аэропорту курулуп бүтөйүн деп калганда Т.Усубалиев анын учуп-конуу тилкесин 500 метрге кыскар-тууга буйрук берет. Антпесе, аскердик аэропорт кылып алып кое тургандыгын айтат. Ошентип, тилке 2 чакырым болуп калат.

Т.Усубалиевдин ушул көрсөт­мөсүнөн улам эми өз алдынча мамлекет болгондон бери аны кайра 500 метрге узарта албай келебиз.

Кекконенге кантип балык карматтык?

1977-жылы СССРдин чоң досу, Финляндиянын атактуу президенти Урхо Кекконен Көлгө келе турган болуп калат. Балык кармаганды жакшы көргөн урматтуу коноктун кайырмагына балык илинбей уят болуп калуудан коркушкан жергиликтүү чоңдор алдын-ала теплоходду кайсы жерге токтотуу, ал жерге балыктарды азгыруу үчүн жем даярдоо сыяктуу чараларды көрүшөт. Атүгүл, теплоходдун эки капталына тирүү балыктар үчүн клеткалар ширетилип бекитилет. Ага карабастан, Кекконен өзү эле 700 килограммдай балык кармап алгансып, аны мекенине ала кетет.

Дагы толгон кызык көп…

Бул саналгандар китепте жазылгандардын чети эле. Союз мезгилиндеги аткарылган жакшы иштер, жетишкендиктер менен катар эле кошуп жазуулар, чоңдордун “көзүн будамайлоо” сыяктуу дагы толгон фактылар ардагердин ушул китебинде. Аны окуп баштаган адам союз мезгилиндеги жашоого экскурс жасоо менен аягына чыкканга шашат.

Куттуктоо

Былтыр Эсекем менин кабинетиме келип калды. Кабинетимде алтымыштан ашкан аксакал отурган. Мен аларды тааныштырып жатып: “Сиздердин кимиңиздер улуу экенин билбейт экенмин”, – десем, Эсекем:

– Мага салыштырмалуу бул жаш бала болуп турбайбы, — деп күлдүрдү.

Анын сыңарындай, Эсеке, сексен менен токтолуп калбай, токсонду багындырып, ошондо сексендеги адамды сизге салыштырмалуу жаш бала экенин айтып, жүз жашты багындырып, ошондо токсондогу адамды да сизге салыштырмалуу жаш бала экенин айтып отуруңуз.

Сөз аягында Эсекемди сексенди багындырып отурганын куттуктоо менен ушул калыбынан жазбай, жубайы Калбүбү эженин кубаттоосунда жашоону дагы бир көз ирмемге узар­тып, биргелешип токсонго, жүзгө жетип баруусун каалап кетем.

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”, 03.10.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий