Бактыгүл Чотурованын жаңы ырларынан

ЫРАЙЫМСЫЗ НЕРСЕЛЕР

Жаралгандан жаңылбаган санакчы,
Жашоодо көз салып ар бир тарапты.
Өмүрдү улам тоноп жүрүп олтурган,
Мезгил кандай ырайымсыз каракчы…

Турбаса да түбөлүктүү адам жаш,
Турмуш кызык күрөштөргө ооруп баш.
Өмүрдү улам аңдып жүрүп олтурган,
Өлүм кандай ырайымсыз боору таш…

Таалайыңдан көр дегенден талданчу,
Тагдырга эч ким болгон эмес жардамчы.
Өмүрдү улам жашагысын келтирген,
Үмүт кандай ырайымсыз алдамчы…

 

КҮЧТҮҮ ШАМАЛ ОТ ӨЧҮРГӨН СЫЯКТУУ

Ойлор карып, сөздөн таяк таянып,
Оор күндө баратканда аянып.
Бой жетпеген жерге ой жетип күлүппүз,
Болсо дагы “алыс биздин аралык…”

Кыйын дебей кыл аркандай из эшип,
Келдиң эле кечмеликсиз, түз өтүп.
Күчтүү бороон от күчөткөн сыяктуу,
Коркком бир кез алдымбы деп күчөтүп.

Өтө кызыл бат оңору чын бекен,
Өзүм менен кошо кетер сыр бекем.
Тилиң таттуу, дилиң турбайт бир жерге…
Тирүүлүктү кор тутпайлы кур бекер.

Убадаңдан уюбаган сөз ирип…
Кекчилдигим кеталбастан кечирип.
Күчтүү шамал от өчүргөн сыяктуу,
Ойлоп турам алдымбы деп өчүрүп…

 

КАШЫГЫМ

Көзүм колумдан көрүп кашыкты,
Көптөп ойлорум кокус басышты.
Сен, кашыктай болуп элестеп…
Балким, билбейм бул ой ашыкпы!

Же, чүкөдөй өкчөп ар качан –
Сен, бөгүңдү бөктөй албасаң,
Чигин чиктемек белең бирөөнүн,
Тазга жолугуп… көптү тандасаң…

Мен, санаадай болсом сары оору,
Сен, карыздай болуп кара оору…
Илип, каймактын даамын билбеген,
Каап, кашыктай неме болоорбу…

Сага, окшошуп калай кашыгым,
Ачуу, таттуусун сезбей ашынын –
Не, ойлоном кайда токтойт деп,
Каап, жашоонун билбей татымын.

 

БИР ЭСТЕЙСИҢ...

Тартылып, күткөн сымал бир көк мейкин,
Табышмак сезим менден не кетпейсиң?!
Билгеним – эртеңди эмес бүгүндү ойлоп…
Сен мени кейигенде бир эстейсиң.

Кийгизип кай бирлердин сенек кейпин,
Кимден ким зарыл күндү керектейсиң…
Куржуну зыян тарткан дубанадай,
Сен мени арыганда бир эстейсиң.

Дегдеген максат үчүн күрөшпөйсүң…
Дептерге салып койгон сүрөттөйсүң.
Басынтса көртирликке теңдеп бирөө,
Сен мени, кадыр калса бир эстейсиң!

Өзүмдөн бийик койсом теңешпейсиң,
Өзүң бил, кош бол менин өзөк өртүм!
Айткысы келген дудук айталбастай,
Сен мени ыйлаганда бир эстейсиң…

 

ТУРМУШКА

Отко салсаң ойноп турдум,
жан дүйнөмдү күйгүзбөй,
Күлгө салсаң күлүп турдум,
үстүм силкип билгизбей…
Турмуш сени кантип жеңем,
бүтпөс күрөш күндөрүң,
Билем сенин коёруңдү
өлүмдөн соң тиргизбей!

Бүтүн кылды бир учуруң,
жарты жүргөн кезимди,
Күкүм кылды бир учуруң,
жаркып турган сезимди.
Турмуш сени кантип айтам,
бирде кайгың ыйлатса,
Бирде бактым жолукканда
эт жүрөгүм эзилди.

Шарапатын шүгүр кылып,
жакшы менен жанаштым,
Кесепетин тийгизгенде
жаман менен адаштым…
Турмуш сени канткен менен
сүйөм жарык жашоодо,
Тирүүлүктү келет нурдай
өлбөстүккө тараткым!

 

КӨР ДҮЙНӨДӨН ЖАН ДҮЙНӨ АРТЫК БОЛСО…

“Барайынбы?” дебечи саат санап,
Эми кайдан айтыштык алым-сабак…
Сурап ичкен – суу ичкен болбос бизге,
Барар киши сурабай барып калат.

“Келейинби?” дебечи, издеп себеп,
Кел демек бар, кет демек жогу керек…
Көр дүйнөдөн жан дүйнө артык турса,
Келер киши сурабай кирип келет.

Таарынычтын болбостур жеңил жүгү,
Тагдыр өлчөп бүткөнчө өмүр күнү.
“Арба” менен “Бар болдон” айрыбасын,
Айтып алсам кететтир көңүл кири.

 

БИР СӨЗҮМ

Дарактын жалбырагындай,
Кагаздын калдырагындай,
Дирилдеп желге турасың,
Шамдагы алсыз жалындай.

Эскирген бычак сабындай…
Эшикте чоктун табындай…
Эстерге чеке жылытпай,
Эч кимди эч бир сагынбай…

Мышыктын жылтыр жүнүндөй,
Мылтыктын тунган үнүндөй.
Өтөрсүң көптү алмашып…
Өмүрдөн өчүп билинбей.

Кеч күздүн муздак желиндей,
Кетилген даттуу темирдей…
Көзүнөн сынган ийнедей
Сөзүңөн сындың, төгүнбү, эй?!.

Куу турмуш көңүл аздырды ай!
Кубалап жүргөн тагдырдай.
Келбегин деген бир сөзүм,
Кейитип кайра жаздырды ай!

 

АНСЫЗ ДЕЛЕ…

Арстандын билегин пил көтөрөт,
Ачуу, таттуу айтышты тил көтөрөт.
Алды жакты билбеске туулуп алып,
Айныймын деп тагдырдан ким көшөрөт?

Касапчыга мал кайгы, бардай мурун…
Кара эчкиге жан кайгы кашайгырың!
Арзандатып өмүрдү кызганычтан,
Адам өзү кол менен жасайбы муң?!

Калкты чанып жамандап каргыш алган,
Кара жерди жамандап кайда барган?
Күмүш үндүн күнү бар токтой турган,
Күнүмдүккө берилген жашоо жалган.

Кара суунун каймагы муз эмеспи,
Казанда ашка татыган туз эмеспи.
Түштүгүңө күн өмүр жорго минер,
Жашоо көркү бир келген биз эмеспи?!

Анда неге болбоско кайгырабыз,
Айрылыш жол азгырып, айрылабыз…
Ансыз деле жарыксыз жалгыз… жалгыз…
Кара жерди жазданып жай кылабыз…

 

СИЗДИ КИМ ДЕЙМ?

Бийигим деген сөздү угуп сизден,
Бийикте тургансыдым сиздик күчтөн.
Көзүнөн өтүп бир кез төмөндүктүн,
Көнүлдүн жылуусунан үмүт үзгөм.

Мен сизди жолуктуруу арман дедим,
Мезгили бар турбайбы ар нерсенин.
Сезгенде кеч болучу кайрылалбас,
Сезимдин улуулукту жеңген кезин.

Кайрылмак өмүр качан артка барып,
Калсам да кашаң аттай сазда калып…
Чырагын күйгүзөм деп мен бирөөнүн,
Чын сезим чыркыраса, барктабадык…

Дүйнөдө анын барын билем… билбейм…
Дайынсыз… көнгөм ага, кулак түрбөйм.
Бир гана кадырымдын калгандыгын,
Айтсам да түңүлбөгөн сизди ким дейм?

Турмуштун жүрөгүнө түйүп жүгүн,
Ким гана жыргатты экен сүйүп кимин?!
Болсо эгер алдаганым – төмөндүгүм,
А көрөк, барбаганым – бийиктигим!

 

ЖООБУ ЖОК СҮЙҮҮНҮ ЖАЗ ДЕЙСИҢБИ?

Жообу жок сүйүүнү жаз, дейсиңби?
Андай нерсе бүлөп турар эркиңди…
Жообу эмес, такыр орду жок болсо,
Жарык жашоо кайдан берсин көркүңдү.

Чын айтасың, бирок, бар деп сүйүктүүм,
Бактылуудай болуп мен да жүрүпмүн.
Жооп алып келалбастан сүйүүдөн,
Жолдор жатат нурун өрүп үмүттүн.

Мен сыяктуу сезиминде сел жүрбөй,
Жообу жок… мени менен тең билбей.
Сүйүп жүрүү кандай жакшы бирөөнү,
Көр оокатка көкүрөктү жеңдирбей.

Жок дей албай жүрөгүңө түнөөнү,
Жол бир болуп, тагдыр башка-күнөөбү?
Сүйүү көзү сокур болбой-баркы жок,
Сүйүп жүрүү кандай жакшы бирөөнү.

Жетпес колдор чоң бактыдай болушат,
Жакшы түштөй жакшылыкка жорусак.
Жоодон жаман саткын кыска сүйүүдөн,
Жообу жок болгон сүйүү жолу узак.

 

КАЛБАСАМ ЭКЕН, СИЗГЕ ЖЕҢДИРИП

Калбасам экен, сизге жеңдирип,
Каректериңиз турса телмирип.
Мен марадагы бутага окшошом,
Мергендей мээлеп ойлор эң күлүк.

Көп тартып жашоо оор, жеңилин,
Көздөрүмдө жаш, көлдөй көк ирим…
Туруксуз күндөр баладай алдап,
Турмуштан такыр калган көңүлүм.

Жашоонун барбы тозбос бир өңү,
Жакшынакайым дебеңиз эми…
Жарадар кылып кетип жүрбөсүн,
Жакшы сөздөрдүн жебеси мени…

“Кыргыз туусу”, 03.10.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий