Жашоо сабактары

«Бакдѳѳлѳт» коомунун «Жашоо сабактарынан»

 

Адамдын ѳсүү жолу

  1. Эң биринчиден, адам өсүш үчүн ал өзүн баалоо керек. Башка адамдардын чектөөсүнөн чыгып, өзүнүн кубатына, акылына, жөндөмүнө, ишкердүүлүгүнө ишенип иш баштоосу зарыл. Чектөөлөрдөн чыгыш үчүн “Мен күчтүүмүн, кубаттуумун, ойлогон оюма жете алам, Кудай мага жардам берет!” деп көп айтыш керек. Сөз менен көп айта баштаганда ал адамга кубат берип, көкүрөгүндө ишеним толук отурганга чейин кайталай бериш керек. Чектөө көп болсо бул сөздү көп айтыш керек.
  2. Тилекти туура коюп, туура тиленип, адам максат коюп, элестетип жазып коюш керек. Аракет кылмайынча мээнетсиз эч нерсе болбойт. Энергетикалык мээнет менен физикалык мээнет бирдей  болгондо – өсүү абдан күчтүү болот.
  3. Кыргыздын өндүрүшүнүн бүгүнкүсүнө жана келечегине эмне керек?

Ар бир ишкердин “мен эмнени өндүрөм” деген максаты так болушу абзел. Кыргызга таандык эмне бар: ашар, уруунун ынтымагын, чөйрөнүн ынтымагын колдонсоңор өсүү күчтүү болот. Бул, кыргыздын канына сиңген ыкма, жол. Көрө билүү, маданият, тандоо ыкмалары жакшы нукта болуш керек. Эң негизгиси жетекчинин иштин көзүн тааныган сапаты чечүүчү мааниге ээ.

Ѳсүү жолун окуп-үйрөнүү багытын дүйнөлүк ийгиликтүү тажрыйбадан алса болот. Алдыга койгон максаттарды  жазбай койсоң, кичине болсо да калпыстык кетип калат. Ал эми жазып койсоң – оюң туура, шурудай тизилип так болот. Туура нуктан чыкпаш үчүн, “Азгырыктан алыс кыла көр, адаштыра көрбө” деген тилек, сурануу көп болуш керек.

Ишкердүүлүктү ийине жеткире кылуу ар бир адамдын колунан келеби?

Сапатка толсо, ар бир адамдын колунан келет. Ишкерлик маданияты, сапаты бийик, жогору болуш керек. Мисалы: бир ишкер базарга материал алып кел деп жиберсе, чала жасаган ишкер ал адамды убара кылат. Маданияты жогору ишкер жиберген адамга: кандай материал алуу керек, өңү, сапаты, баасы, салмагы деп баарын так айтып жиберет. Бул мыкты сапаттарга ээ,  билими толгон, иштин көзүн таба билген жетекчи болот.

 

Изденүү

Изденүүнүн 4 түрү бар:

  1. Жан дүйнө изденүүсү
  2. Акыл толгоп изденүү
  3. Кубат менен мээнеттин изденүүсү
  4. Жол издөө
  5. Жан дүйнөнүн изденүүсү – бул өзүнүн ордун табуу, бир нукта мээнеттенүү, чыгармачылык изденүү.
  6. Акыл толгоп изденүү – бул Кудай берген, адам жараткан акылдарды иликтеп, анын тереңине жетип, баасын билип, ошол акылды татып, ошол акылда болуу же туруу.
  7. Кубат менен мээнеттин изденүүсү – бул, адам толгон, жеткен акыл кубатын, сезим кубатын, күч кубатын туура пайдалангандын жолун издөө.
  8. Жол издөө – бул адамдын акылы менен жеткен, жан дүйнөсү эңсеген бийиктикке жетиш үчүн жол издөө. Адамдын жашоосундагы изденүүлөрдүн татаалы – жан дүйнө изденүүсү.

Кубат менен мээнеттин изденүүсү жана жол издѳѳнүн айырмасы эмнеде?

Кубат менен мээнеттин изденүүсүндѳ адам багытын билбейт, жолун таппай издейт, ал эми жол издѳѳдѳ адам багытын билет, жолун издейт. Мисалы: жол издөөнү издеген адам тоонун чокусуна чыгышты билет, чокуга жетиш үчүн жардан, көлдөн кантип өтүүнүн жолун издейт. Ал эми кубат менен мээнеттин изденүүсүндѳгү адам тоонун чокусуна бараарын, же ортосуна бараарын так билбейт.

Бир багыттуу же ар тараптуу өсүүчү кубат берилгенин адам өзү кантип билсе болот?

Жөндөмүнөн билинет.

Адамда изденүү токтойбу же өмүр бою издейби?

Пендеде изденүү аз, адамда көп, инсанда андан көп болот, асыл адамда изденүү андан да көп болот.

 

Сезим

Ар бир адамдын өзүнүн баскан изи бар. Кээ бир адамдын баскан изинен көп адам үлгү алат. Кай бир адамдын изинен топ адам кубат алат. Көп адамдын баскан изинен көп адам сабак алат.

Кээ бир адамдын баскан изи көп адамды иренжитет, топ адамды ыйлатат, жакындарын сыздатат. Алардын изинен адам багыт таппайт. Издин ээсинин бакыты жок, убарасы көп, натыйжасы аз. Мындай адамдын жашоосу жакындарына жүк, алыстарына иренжүү.

Адам өзүнүн жашоосун иликтемейинче, адашуусун аныктамайынча убара андан кетпейт. Сезимин ойготмоюнча тереңдик келбейт, акылды иликтемейинче өзгөрүү болбойт.

Жашоонун салмагы адамдын кыялынан, каалоосунан, максатынан, анан барып ишинен, кыял-мүнөзүнөн топтолот. Адамга тирек болгон, адамды өстүргөн, адамга канат байлаткан – бул анын сезими. Сезим менен адам кыялданат, каалоо каалайт, көңүлү менен иштейт. Эгер сезим алкагы төмөндөсө, кубаты кетсе – адамдын каалоосу төмөндөйт. Кыялы пастайт, көңүлү көп нерсеге келбейт. Ошондуктан адамдын көңүлүн оорутуп, сезимин тебелесе, адамдын иш жөндөмдүүлүгү начарлайт. Иш аракети пастайт, көңүлү толбойт. Бул ыкманы билген адам топ адамдын көңүлүн көтөргөндү билет. Топ адам менен чоң ишкердүүлүк кыла алат.

 

Күжүрмѳн адам

Эмгекчил адам менен күжүрмѳн адамдын айырмасы эмнеде?

Эмгекчил адам – такай иштейт. Күжүрмѳн адам талбай иштейт.

Эмгекчил адам кѳңүл менен иштейт. Күжүрмѳн адам кубат менен иштейт.

Эмгекчил адам сүйүп иштейт. Күжүрмѳн адам жанып иштейт.

Эмгекчил адам эмгектин үзүрүн билет. Күжүрмѳн адам эмгекке үзүр берет.

Күжүрмѳн адам – талыкпай, чарчабай, тынбай, кѳп эмгек жасаган адам.

Күжүрмѳн адамдын эмгеги чоңбу же эмгекчил адамдын эмгеги чоңбу?

Жаңы башталышта күжүрмѳн адамдын эмгеги чоң, тапталган жолдо эмгек кылган салымына жараша бааланат.

 

Сүйлөө адеби

Адамдын ой толгоосу, иш кызматы, жүргөн-турганы, адеби, деңгээли боюнча элдин алдында ар тараптуу сүйлөө ыкмалары бар:

  1. Адамды кубатка толтурчу ыкма
  2. Адамды ынандырчу ыкма
  3. Адамга багыт берчү ыкма
  4. Адамды жоошутуучу ыкма
  5. Акыл айтчу ыкма
  6. Ой бөлүшчү ыкма (маалымат билдирүү, жеке пикир)

Ушул ыкмалардын баарын эске алып, жагдайга жараша адам багыттуу сөзүн баштайт. Багыттуу сөздү баштаган учурда жагдайга жараша адам өзүнүн кебин, баяндамасын баштайт. Эң биринчиден, сүйлөгөн адам өзүнүн турпатына, үнүнө, кыймыл-аракетине көңүл бурганы оң.

Ар бир элдин өзүнө тийиштүү ыкмалары, кыймылы, жаңсоолору бар. Биздин элге тийиштүү ыкмалары, кыймылы – бул сабырдуулук, токтоолук. Ал эми кыймыл-аракет, жаңсоолор башка элдерге салыштырмалуу өтө аз.

Эгер адамды кубаттап, көңүлүн көтөрүп баяндама курса, ага тийиштүү жаңсоолор өйдө жакка карайт. Кубатка толтурчу ыкмада баяндама айткан адамдын үнү кыймылга караганда күчтүү, кубаттуу болуш керек. Кыймыл-аракет өтө көп эмес, такыр жок эмес, негизги басым үнгө коюлат.

Адамды жоошутуп, сабырдуулукка чакырып жаткан кезде жаңсоолор уланып кетпейт, токтоп калат. Токтоп калган жаңсоолор ылдый түшкөнү оң (өйдө көтөрүлбөш керек). Эгерде жеке адамга тийиштүү болсо, ал адамды акырын  кармап, анан ылдый көздөй сылап коюу керек.

Адамды эргүүгө, бийиктөөгө, толкундоого чакырып турган учурда ары-бери басып кыймылдуу,  жаңсоолор көбүрөөк болгону оң.

Акыл айткан, багыт берчү, ынандырчу учурда адамдын кыймылы өтө аз, үнү терең болуп, жаңсоолору жок болуп, элге, адамга карап, көңүлдү токтотуп сүйлөө оң.

Ой бөлүшчү учурда адамдын эркине жараша каалагандай болот. Тике карап, көздүн тушунан өйдө караган болбойт; жүзүнөн ылдый да караган болбойт.

«Бакдѳѳлѳт» коомунун байланышуу телефондору: 0771 144-820; 0552 853-555.

“Көк асаба”, 17.11.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий