Көкө Теңир (экинчи макала)

(мурдагы макаланын бул жерден окуй аласыздар)

Эмки кеп – »Манас» эпосу теңирчиликтин ыйык битиги, окуу китеби боло алабы, ушу жөнүндө болсун. Алдын ала айта кетели: иудаизм, буддизм, христианчылык, ислам жана башка диндер таркаганга чейинки ишенимдер тууралуу так жазылган жана айкын түшүндүргөн тарыхый булактар жок. Аларды аска-таштардагы, үңкүрлөрдөгү жазма-чиймелерден, сүрөттөрдөн, археологиялык артефакттардан улам аныкташат жана илимий адабиятта негизинен тотемизм, магия, фетишизм, анимизм сыяктуу терминдер менен белгилешет. Алардын ичинде дүйнө элдерине кеңири тараган шаманизм, азиялык көчмөндөргө мүнөздүү теңирчилик бар.

Палеонтолог-лингвисттерге ишенсек, алгачкы ишенимдердин эң жөнөкөй формалары жаратылышка табынуудан башталган, табигый күчтөрдү »мана» деген түшүнүк менен туюнтушкан. Кыязы, санскриттеги Ману, немистердеги Маннус, фригийлердеги Манес, Авестадагы Мануш, зороастризмдеги Воху Мана жана башка ондогон кудайлардын аттары »мана» менен байланышканы тегин жерден эместей.

Ушул көз караштан алганда »Манас»эпосунун түпкү башаттары ошол эзелки замандардан агып чыкканын аңдаш кыйын эмес. Муну ырастаган мифологиялык мисалдар эпосто арбын жолугат. Анын баштапкы үлгүлөрү бизге жеткен жок. Эгер жеткенде, балким, байыркы жана эртеги ата-бабалардын лексикасы, диний түшүнүктөрү, дүйнө аңдамы жана таанымы, философиясы, тарыхы тууралуу маалыматтарыбыз азыркыдан алда канча бай болмок. Ал эми эпостун XVI кылымдан берки (»Мажму ат-таварих», Ч.Валиханов, В.Радлов) тексттеринде теңирчилик, анын эрежелери, табынуу тартиби жана башка жол-жоболору тууралуу кенен-чонон айтылбайт, негизинен мусулманчылык сөз болот. Классикалык варианттарда (Сагымбай Орозбаков, Саякбай Каралаев) деле теңир Алла тааланын, кудайдын кыргызча аты катары колдонулат. Калмактын бир калдайы »буруттардын Теңир деген дини бар» деп теңирчиликти эмес, мусулманчылыкты айтат. Панус хан исламга өтөрүндө: »Мен сыйынып жүргөнүм, Кудай эмес экен го, арзымды азыр айтайын, чын жараткан теңирге», – деп кадыр Алдага жалынат (Сагымбай.Манас. 2010.680).

Эпосто мусулманчылыкка чейин кыргыздар кайсы динди тутунганы тууралуу бир нече эпизоддо эскертилет. Мисалы, пайгамбардын эки аманатын – Ак келте менен Ач албарсты – тапшырганы келген Айкожо баш болгон кырк чилтен »алдо акбарлап» айгай салып, алакандарын жайып, жерге башын коюп, тоңкочок атканын көрүп Манас аңырайып таң калат. Баатырдын дини башка экенин баамдаган Айкожо ошондо: »Мурунку батыл диниңден, балам күдөр үз деди, болбой турган бир жумуш, мажусу батыл дин деди» (Сагымбай. Манас. 2010. 106-112). Мындан тышкары »баштагы алаш балдары, сыйынары кут экен, кут дегенин карасаң, коргошундан эритип, куюп алган бут экен» делинет (652). Ушул эле эпизод Тоголок Молдодо да бар (Манас. 2013. 184-190). Ал жерде »Мукамбеттин атасы Абдылда өзү мажусу дининде болуп,ар жылда алда канча бут жасап сатып турганы» айтылат.

Мажусу – Авестада маzdayasna, пехлевиче же парфянча маzdеsn, азыркыча зороастризм. Батыл – арап сөзү, мусулманчылыкка кирбеген дин деген мааниде. 

Кыргызды мусулманчылыкка чейин мажусуларга кошкон манасчылардын көз карашы тарыхый маалыматтарга кайчы келбейт. Ч.Валиханов кезинде мажусулук үрп-адаттар казактарда »каймагы бузулбастан сакталып калганын» белгилеген. (Следы шаманства у киргизов. Собр.соч. в 5-и томах. Том 4. Алма-Ата, 1985). Бизде деле ушундай болгон, айыл жеринде алиге чейин келин алганда от жагып, андан аттатып өткөрөт; аксакалдар жаңырган айды көрсө алакан жайып, тилек айтып, бата кылышат, башка да жөрөлгөлөр бар.

Эпосто көп жолуккан дагы бир аталым – Көкө теңир. Дал ушул аталымды теңирчиликтин эн белгиси эсептегендер, аны кыргыздын эзелтен келаткан төл сөзү деп жер сабагандар четтен чыгат. «Элдик академиктер», алардын «илимий шакирттери», бир катар философтор менен тарыхчылар, айрым акын-жазуучулар, дегеле homo sapiens жаралгандан берки, атүгүл ага чейинки доорлордон кыргыздын изин таап жаткан крипто жазмакерлер мындан кенедей шек кылышпайт. Алар жадесе «көкө теңир» сөзүн Манас­тын антына да желимдеп, жабыштыра салышкан. Ошондо баатыр бабабыз: «Төшү түктүү жер урсун, Төбөсү ачык көк урсун, Көкө теңир өзү урсун», – деп карганган имиш.

Иш жүзүндө »теңир» түшүнүгүнө салыштырмалуу «көкө теңир» кыйла кийинки доорлордо, болжол менен миң жылдын ары-бери жактарында жаралган сөз, ал бизге негизи калмак оторлугунан калган. Муну 80-жылдардын экинчи жарымында чыккан «Накыл сөздөрүндө» улуу тилчибиз Кусейин агай Карасаев көрсөтүп берген эле. А кишини да азыр консервативдүү, кыргыз сөздөрүн өңчөй иран-арап тилдеринен чыгара берген лексиколог өңдүү санаган көөсөр «лингвисттер» көбөйдү. Алар тууралуу удулу келсе өзүнчө кеп кыларбыз, бу жолу ушу «көкө теңирге» байланыштуу Кусейин агайдын айтканы канчалык чындык экенин гана тастыктап өткүбүз келет.

Анда түз эле Манастын антынан түшөлү. Сагымбай аксакалда ал мындайча берилет: «…Ушу сөздөн жанганды, убададан танганды, Төбөсү ачык көк урсун, Төрт чарыяр көп урсун,Төшү түктүү жер урсун, арбагы бийик эр урсун, ак пайгамбар пир урсун, Аты Кызыр тирүү урсун, кырк чилтен кайып эр урсун, кылым турган эл урсун. — Ушуну айтып эр Манас, уруулуу журт көп алаш, Карыя Эштек тагасы, кан Жакып бай бабасы, аксакалдан Айдаркан, азар түмөн канча жан, Омийин деди күңгүрөп, кол көтөрдү дүңгүрөп… « (188-189).

Көрүнүп тургандай, бу жерде «көкө теңир өзү урсун» деген дегеле сөз жок. Бу биринчиси. Экинчи жагы – абдан маанилүүсү – эпостун биз билген бардык варианттарында «теңир» сөзү жалаң кыргыздарга, «көкө теңир» өңчөй калмак-кытайларга карата колдонулат. Башкача айтканда, бул эки түшүнүктү эпос эки башка ишенимге бөлөт, эки башка дин деп карайт. Сагымбай аксакалда, маселен, кытайлар жаш Манасты кармап алмакчы болуп келип: «Эми көкө теңир бериптир, көөп жүргөн баланы» (67),-деп сүйүнүшөт. Кийин кыргыздар Акунбешим шаарын камалап, каркап каптап киргенде калмактардын Култка баатыры: «Он жети атам табынган, ойдо жогум табылган, Көкө Теңир кудайым, жалынып жардам сурайын» (522), – деп жалбарат. Кыргыздарга такаат кылганга күчү жетпей калганда: «Сыйынуучуң мен элем, чын колдоочум сен элең, Теңиринен буруттун, кайсы жериң кем элең?! «– деп «улук көкө теңирине»(455, 456) нааразы болот. 

Иши кылып, жамандык-жакшылыкта, бардык учурда калмак-кытайлар эпосто жалаң көкө теңирине кайрылышат, мисал үчүн бир нече бетти көрсөтө кетели (63, 67, 393, 436, 441, 522, 528, 529, 553, 574-ж.б.).

Саякбай аксакалда «көкө теңир» үчилтиктин биринчи бөлүгүндө анчейин көп кездешпейт. Бу сөздү ал «Семетейде» арбын айтат, болгондо да жан алакетке түшкөн калмактарды сүрөттөгөн учурларда колдонот. «Көкө теңир буркан деп, качып жүргөн андан көп, кантип аман калам деп, шашып жүргөн андан көп».

Бул эки түшүнүктүн ушундай эле аңытын Байымбет аксакалдан да көрөбүз. Жусуп Мамай аксакалда көкө теңир калмак-кытайлардын кудайы делинет. Көкөтөйдүн ашына келип, Мааникерди көргөндө Нескара, Жолой, Коңурбай үчөө: «Көкө теңир жолуна, арнап койчу мал экен» – деп шыпшынышат (Манас. Шинжан, 2005, 125).

Эпосто калмак-кытайлар көкө теңирге кантип таат-ибаадат кылганын сүрөттөгөн эпизоддор да жолугат. Мисалы Жолой: «Күн чыгышка бет алып, өз дининде окунуп, Көкө теңир колдо деп, батасын кылды чокунуп», – деп сыпатталат.

Андай болсо азыркы биздин теңирчилер эмнеге «көкө теңирди» кыргызга энчилеп, кала берсе Манастын антына чейин кошуп, бизге аны «ыйык ишеним» катары таңуулап жүрүшөт? Балким, биздин атактуу манасчы-бабаларыбыз өткөн тарыхты азыркылардан начар билген чыгар?

Буга тарыхый булактардан жооп издеп көргөнгө туура келет.  Көкө теңир тууралуу биринчи маалыматтар 1200-жылдардын орто ченинде монгол империясында болуп кетишкен Марко Полонун, Плано Карпини менен Гильом Рубруктун жазмаларында айтылат (Книга Марко Поло. М.1962; Путешествие в восточные страны Плано Карпини и Рубрука. М. 1957). Алардын соңунан монголдордун Көкө Теңирге табынганын Рашид ад-Дин өзүнүн атактуу «Жами ат-таварихинде» (1310) көрсөткөн, анын ичинде Чыңгыз-хандын чокуга чыгып, күндү карап, асманга кантип тооп кылганын эки ирет сүрөттөп жазган. Бул маалымат биздин эпосто Жолойду сүрөттөгөн жогорудагы эпизодго толугу менен төп келет.

Чынгыз хандын тушунда монголдордун чоң бакшысы Көкөчү Тэб-Тенгри аталган. Ал боз ат минип асманга барып, жараткандын өзү менен сүйлөшүп келген деген аңырт кептердин арааны тараган. Рашид ад-Дин муну «акылга сыйбас калп» деп атайт. (Рашид ад-Дин. Сборник летописей. I том. М., 1952). XVII кылымда жашаган монгол жыл- наамачысы Санан-Сэчен Хунтайжи жазгандарга таянсак, Көкөчү Тэб-Тенгри чоң курултайда Тэмучинге Чынгыз хан деп ат коюп, ага улуу каган наамын берет, жаангер болсо ошол эле жерде өзүнүн бидэ элин (кытайча бэй-ди) көкө монгол – көктүн эли деп жарыялайт.

Ошентип, «көкө теңир» аталымы Чынгыз хандын тушунда таралып, кийин ал ойрот-жунгарларга, калмактарга өтөт, алар муну кыргыздарга да жайылтат. Калмактардан калган субстраттар бизде бир топ чыгат, алардын ичинде Көкөмөрөн, Көкөкүлсүн өңдүү топонимдерди эске салсак болот. Көкө теңир диний маанидеги ошондой эпоним.

«Көкө» – монгол доорунан аркы замандарда түрк элдеринде жолукпайт. Муну «теңир» сөзүнүн тарыхына кайрылып, өткөн макалабызда далилге тарткан булактардан текшерип көрсө болот. Түрк тилдеринин этимологиялык сөздүгүн (ЭСТЯ: Общетюркские и межтюркские основы на буквы «К», «Қ». М., 1997. 2000.) түзгөндөр монголдордогу «көкө» түрктөрдөгү «көк» сөзүнөн мурда жаралганына таныктар табылбаганын белгилешкен. Алтай кубар тилинен тараган бул эки тил, лингвисттердин болжолунда, б.з.ч. 4-миң жылдыктын орто ченинде эки бутакка ажыраган. Анын үстүнө монголдорго кирген түрк сөздөрү эртеги доорлордо эмес, орто кылымдарда ооп өткөн.

Орхон-енисей таш жазмаларында «көкө» деген сөз таптакыр жок. Аларда »көк» гана бар, болгондо да ал «таңри» менен кошо айтылбайт: «оза көкте», «көтүрмүш таңри». Бул эки сөз бардык жазма эстеликтерде үч жерде гана катарлаш жолугат. Мисалы, Күлтегинге арналган чоң жазууда: »Yzakoktanriasrajaguzjirkuluntukda, akinarakisioglukulunmus». Муну »жогорто көк асман (жана) төмөндө кара (күрөң) жер жаралганда алардын ортосунда адамзат балдары (kisioglu) жаралган» деп которушкан. Эгер tanri «көк асман» болсо, анда ааламдын баарын ким жаратканы түшүнүксүз болуп калат. Ошондуктан илимпоздор бу сүйлөмдүн »таңри жогорто көктү (жана) төмөндө кара (күрөң) жерди жаратканда алардын ортосунда адамзат балдарын (kisioglu) жараткан» болуп окулушу туура дешет.

Көкө теңирге байланыштуу эң кызык маалымат Махмуд Кашгариде (XI кылым) жолугат. Анын атактуу лугатында «таңри» – Алла Таала, Жараткан. Буга кошо ал бу сөзгө мындайча түшүндүрмө берет: «Динсиздер – ылайым аларга Алланын каары жетсин! – таңри деп асманды айтышат. Таңри деп алар ошондой эле өздөрүнө эмне улуу көрүнсө, ошонун баарын, мисалы, бийик тоону же чоң даракты да айта беришет. Ушундан улам алар окумуштуу кишини таңрикан дешет. Жараткан бизди ушундай жаңылыштыктардан сактасын!» (Диван Лугатат-Турк. «Дайк-Пресс», 2005).

Акырында дагы бир маалымат. 1950-жылдары С. Абрамзон Ысык-Көлдө болгондо жергиликтүү сөз бакмал кишилердин бири калмактар кудайды «көкө теңир» деп аташарын укканын, бирок кыргыздар бу сөздү демейде колдонбой турганын айткан экен. (Киргизы. Фрунзе.1990).

Азыр деле эл ичинде «Теңирим Алла колдосун!», «Теңирим кудай жалгасын!», Жараткан Теңирге миң калла шүгүр!» өңдүү айтымдар арбын колдонулат. «Көкө теңир колдосун же жалгасын» дегенди көркөм чыгармалардан, интеллигенция өкүлдөрүнүн оозунан гана укпасак, калк ичинен кулак чала элек.

Кайталап эске сала кетели: «Манастын» биз билген бардык вариантында кыргыздар тек гана Теңир, калмак-кытайлар Көкө теңир дешет. Биринчи түшүнүк бери эле дегенде он миң жылдай илгери жаралган, экинчиси андан тогуз миң жылдай кийин пайда болгон. Ошентип суроо чыгат: кыргызга тээ алтай кубар тилинен бери келаткан Теңир ыйыкпы же калмак-манжурлардын кудайы Көкө теңир ыйыкпы?

Бу собол тиги же бу сөздүн тарыхына гана байланышкан иш эмес, баарыдан мурда улуттук урктааным (национальное самопознание) ишине тикелей тиешеси бар маселе.

Эсенбай НУРУШЕВ, “Кыргыз Туусу”, 10.10.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий