Классикалык музыканын классиги

Кыргыз классикалык музыкасынын негиздөөчүлөрүнүн бири, СССРдин эл артисти, СССР Мамлекеттик сыйлыгынын ээси, Социалисттик Эмгектин Баатыры, композитор, дирижер, профессор Калый Молдобасановдун үстүбүздөгү жылы 85 жылдык мааракеси мамлекеттик деңгээлде белгилениши үчүн Кыргыз Өкмөтүнөн атайын чечим чыгып, уюштуруу комитетинин курамы бекитилген. Учурда мааракелик иш-чаралар кызуу даярдалып жатат. Маданий очоктордо эскерүү кечелери, китеп көргөзмөлөрү, илимий-практикалык конференциялар жыл бою өтүлмөкчү. Өзү иштеген Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында К.Молдобасановдун “Саманчынын жолу” балет-ораториясы даярдалууда.

Калый Молдобасановдун киндик кан тамган кичи мекени – алыскы Ак-Талаа райо­нунун Терек айылы. Даңазалуу композитор өнөр династиясынын жолундагы тагдыр менен туулган. Калый аганын атасы кыргыз оозеки адабиятындагы алптардын бири, чоң манасчы, Кыргыз Республикасынын эл артисти Молдобасан Мусулманкулов. Болочок композитордун балачагында Молдобасан атанын тегерегиндеги залкарларды көрүп, сөзүн тыңдап, үнүн угуп, чыгармачыл чөйрөдө өскөндүк аны ошол өнөр ааламына тартып кеткендей сезилет. Дээринде кошо төрөлгөн бул өнөр болочок композиторду башкалардын байкоосун арттырып, көңүлүн бурдурган.

Молдобасан ата уулунун шыгын байкап, Калый ага 12 жашка келгенде, композитор П.Ф.Шубинге окууга берген. Комузда, скрипкада ойногонду илгиртпей үйрөнүп, көп өтпөй Мураталы Күреңкеев атындагы музыкалык окуу жайынын дирижерлук жана скрипка классына кирген. Чебер устаттар М.Жеребкер менен Р.Миронович анын чыгармачылыгына маяктай жол ачкан. Анын табигый талантынын өрүшүн кеңейтүү үчүн устаттары жакындан кам көрүшүп, билимин тереңдетүүгө, талантын өстүрүүгө борбордон окууну сунушташкан. Натыйжада Калый Молдобасанов Москвадагы Чайковский атындагы консерваториянын алдындагы улуттук студиянын опера-симфониялык-дирижерлук бөлүмүнө кирген. Мына ушул окуу жайдан ал орус жана дүйнөлүк классикалык музыканын сырларын терең үйрөндү. Эл аралык деңгээлде таанылган дирижер Л.Гинсбургдун сабагын алуу ага көп нерсени билүүгө таасирленткен.

Консерваторияны ийгиликтүү бүтүрүп келип, Кыргыз мамлекеттик Опера жана балет театрына дирижер болуп ишке орношкон. Оркестрдин темпи, стили, кульминациялык орду кандай болуу сырларын жогорку деңгээлде билгендиги анын билим менен иш тажрыйбасынын айкалышкан чебердигин айгинелей алган. Оркестрдеги мызыкалык бир нече аспаптардын үнүнүн мукамдуулугуна жараша ажырата билип, музыкага ылайык башкара билүүнүн өзү дирижердун талантына жараша болору белгилүү. Ага кошумча оркестр­дин ар бир аткаруучусунун өз аспабында чебер ойноосу дагы анын көз алдында турат. Негизи дирижер деген бир элди башкарган жетекчи менен салыштырууга боло турган жооптуу кесип. Калый Молдобасанов андай чебердикти өзү менен кошо туулган талант жөндөмү жана залкар устаттардан алган билими менен бийикке алып чыккан маэстролук деңгээлге жеткен.

1960-жылдардын акыры, 70-жылдардын башында, ал аталган театрда башкы дирижер болуп эмгектенди. Ошону менен катар эле М.Күрөңкеев атындагы кыргыз мамлекеттик музыкалык-хореографиялык окуу жайында студенттерге сабак берди. 1983-1986-жылдары Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда ректорлук кызматты аркалады, кийинки жылдары Кыргыз Республикасынын композиторлор союзунда жетекчилик кылды. Ал жеке чыгармачылык менен жетекчиликти бирге тизгиндеш алып кеткен улуу устат болчу. Анын шакирттери азыр кыргыз искусствосуна үзүрлүү эмгек сиңирген ишмерлер.

Кыргыз опера жана балет өнө­рүндө Калый Молдобасановдун калтырган эмгеги теңдешсиз. Балет-ораториялары, сюиталары аталган өнөрдүн кыргыз искусствосунун эң кымбат катарын толуктаган чыгармалар деп айтууга арзыйт. “Саманчынын жолу”, “Куйручук”, “Жаңыл Мырза”, “Маңкурт жөнүндө легенда”, Биздин замандын адамдары”, “Манас­тын уулу Семетей” театрдын салмагын арттырган өлбөс-өчпөс чыгармалар катары жашап калды. Симфониялык жанрдагы бий үчүн жазылган “Жаштык”, “Эмгек бийи”, “Жоогазын бийи”, “Жаз вальсы”, “Лирикалык бий” жана “Балет” симфониялык сюитасы, “Кыргызстанга даңк” ораториясы, дегеле камералык-инструменталдык чыгармалары, фортепиано менен чоор үчүн жазылган жана полифониялык пьесалардын циклдери, урма аспаптардагы квартет жана виоленчелисттердин ансамбли үчүн, скрипка жана фортепиано үчүн, дегеле жүздөгөн эмгектери кыргыз классикалык музыкасынын тархынын ак өргөөсүнүн көркү болуп, ошондон тарыхый тагдыр таап, ал тагдыр өлбөстүккө айланып, маэс­тронун экинчи өмүрүн улантып келет.

Калый Молдобасановдун кыргыз акындарынын сөзүнө жазылган музыкалык чыгармалары да арбын. Балдар үчүн жазылган “Кызыл топ”, “Жамгыр”, “Улагым”, “Көпөлөк” ж.б отуздан ашык чыгармалары бар. Мезгилинде “Комузчу”, “Ой, бой, бой”, “Пахтачы кызга”, “Жашырба”, “Акындын жүрөгү”, “Ай жарыгы”, “Жаш чабан”, ”Бакыт ээси партия”, “Жаштар маршы”, “Достук үн менен”, “Ысык-Көл вальсы” ж.б. ырлары элге сиңген чыгармалардан болуп калды. Бул эмгектер кыргыз музыкасынын тарыхындагы алтын фондуда көөнөрбөс орду менен жашап калды.

Калый Молдобасановдун ысымы унутулбас үчүн Кыргыз Улуттук консерваториясына берилди. Маэстро комуздагы кыргыздын залкар күүлөрүн оркестрге салып, түбөлүктүү баалуулугун арттырды. Ошондой эле эл аралык деңгээлдеги симфониялык чыгармаларды, орус жана дүйнөлүк композиторлордун чыгармаларын оркестрде иштеп чыгып, кыргыз сахнасында жаңыртты. Кыргыз композиторлорунун чыгармаларын бийик деңгээлде оркестрге салып, улуттук маданиятка чоң салым кошту. Союз мезгилинде кыргыз искусствосун, классикалык музыкасынын мыкты үлгүсүн башка элдерге, дүйнөлүк классикалык музыканын теңтайлашкан жолуна алып чыгып тааныткан.

Залкар композитордун мааракелик салтанаттуу кечеси Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда 10-октябрда өтүлүшү күтүлүүдө.

Бактыгүл ЧОТУРОВА

 

Залкарды замандаштары эскерет

Рух дөөлөтүбүздү байыткан композитор

Каке кыргыз элинин рух дөөлөтүнө чоң эмгек, мурас калтырып кетти. Биздей саны аз эл ааламдашуунун капшабынан жок болуп кетпеси үчүн рухий байлыктарын ириде өстүрүүсү зарыл. Биздин “Манасыбыз”, комузубуз, макал-ылакаптарыбыз, салт-санаабыз ж.б. көркөм мурастарыбызга эриш-аркак классикалык музыканы да өстүрүшүбүз керек. Ошол дөөлөттү байыткан Калый Молдобасанов эле.

“Саманчынын жолу” балет-ораториясынан кийин аны дүйнөлүк деңгээлде таанып калышкан. Какем түпкүлүгүндө кыргыздын оозеки чыгармачылыгына сугарылып өскөн, аны мыкты да билген. Ошону азыркы доордун ыргагына салып өнүктүргөн залкар.

Бексултан ЖАКИЕВ, КРнын Баатыры, Эл жазуучусу, драматург

 

Ал жаратылышты сүйчү эле

Калый биздин агабыз болот. 1953-жылы Мединститутка окууга келип, алардыкында көп жүргөм. Ак-Талаадан шаарга ким келбесин Молдобасан атанын үйүнө барышчу, дасторкону ар дайым жайык эле. Калый аганын таасиринен Жамин агам экөөбүз классикалык музыкага таасирленип жүрдүк.

Насыр Давлесов менен эгиздей эле. Мукаш Абдраев, Таштан Эрматов, Чалай Юсупов, Уран Сарбагышев, Нурдин Түгөлов, Марклен Баялинов сыяктуу бир муундун залкарлары менен бирге болгонун көп көрдүм. Калый аганын мүнөзү сылык-сыпаа, улуу-кичүүгө бирдей караган тегиз эле, анан принциптен кайтпаган адам болчу. Жаратылышты сүйчү. Айылда үйдөн көрө табиятка чыкканды жакшы көрчү. Көрсө табиятка окшош улуу инсан тура.

Жуман АКИМАЛИЕВ, коомдук ишмер

“Кыргыз Туусу”, 10.10.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий