Памир кыргыздарынын элдик ырлары

Кыргыз элдик ырларын түрлөргө бөлүүдө биз эки негизге таянабыз. Бири, Кыргызстан жана Жуңголук адабиятчылар жазган кыргыз эл ооз адабияты жөнүндөгү жалпы баяндар менен кыргыз адабият тарыхтарында колдонулган ыкма; экинчиси, «Жуңго жөө жомоктору, элдик ырлары, макал – ылакаптары» деп аталган үч жыйнак (民间文学三套集成) ты түзүүдө колдонулган түргө бөлүү ыкмасы. Биринчи ыкма жалпылык мүнөзгө ээ болуп, бир канча мүнөздөш түрлөр бир теманын ичине жыйылган болот. Мисалы: ырлар лирикалык жана эпикалык деген эки чоң түр алдына коюлуп, лирикалык ырларга эмгек ырлары, каада – салт ырлары, үйлөнүү үлпөт ырлары, кошоктор, арман ырлары, сүйүү ырлары, санат, насыят ырлары, айтымдар, алкыш, каргыш, дин ырлары, балдар ырлары кошулат. Эпикалык жанрдын ичине киргизилген түрлөр болсо дастандар, айтыштар болгон1. Элдик адабиятты түрлөргө бөлүүнүн экинчи ыкмасы жыйнак түзүүнүн талабына шайкешкен болуп, жалаң эле элдик ырлар эмес, элдик жомоктор, макал – лакаптар, ал тургай элдик дастандарды типтерге ажыратуунун илимий үлгүсү болуп эсептелет. Ушул өлчөм боюнча, кыргыз элдик ырлары төмөнкүдөй мазмундарга ажыратылган: 1. Эмгек ырлары, 2. Дарым ырлары 3.Ак баталар 4. Каргыштар 5. Төрөөт ырлары 6. Той – торопо ырлары 7. Нускалуу сөздөр 8. Кошоктор 9. Табышмак жана жаңылмачтар 10. Арман ырлары 11. Айбанаттар жөнүндөгү ырлар 12. Балдар ырлары 13. Кордоо ырлары 14. Үлгү ырлары 15. Санат – насыйкат ырлары 16. Ичимдик ырлары 17. Түрдүү өлөңдөр 18. Сүйүү ырлары2. Биз ушул аталган түргө ажыратуунун айрым мазмундары жөнүндө дагы терең ой жүгүртсөк болот. Мисалы, 16-түр «Ичимдик ырлары» дегенди эмгек ырларына кошуп жиберүүгө болобу, же кыргыздын башка суусундук ичүү салтына байланышкан ырларын дагы кеңири чогултуп, тактап айрым түр катары байыткан оңбу? бирок, биз бул жерде Памир кыргыз элдик ырларынын түрлөргө бөлүнүү абалы, өзгөчөлүктөрү жана Теңиртоо кыргыз элдик ырларында жок болгон жанрдык түсү жөнүндө ой калчаганга дит коёбуз да, элдик ырларды түрлөргө бөлүүнүн талкуусун токтото турабыз.

 

Эмгек ырлары

Памир кыргыздарында жалпы эле кыргыз элдик адабиятына таандык болгон эмгек ырларынын айрым түрлөрү сакталган эмес сыяктуу, же биздин бүгүнкү доорго жетип келбеген. Мисалы, «Бекбекей». Малчылык турмушунан улам чыккан бул ырдын Памир чөлкөмүнөн жазып алынган нускасы азырга чейин белгилүү боло элек. бирок, жылкычылардын «Шырылдаңы» Теңиртоо менен Памирдин аралыгына жайгашкан орто тилкеде (Жуңго кыргыздарынын Бөрүтокой, Бостонтерек айылдары, Кыргызстандын Ош, Алай, Өзбекстандын Анжиан айланасы) ооз эки айтылган. Анткени менен «Шырылдаң» Теңиртоо чөлкөмүндө «Шып шырылдаң шыр экен э….й» деген саптар менен башталып, жылкычылык турмуштун реал көрүнүштөрү ырга ширетилип, үй ээсин, анын бала – бакыра, келин – кесектерин текши мактоо, сөз менен шаштырып, сыйлык алуу максаттары толук баяндалган. Орто тилкеден жазып алынган «Шырылдаң» дын биринчи сабы «Саб – сабалар эй» деп башталып, бул түр Ислам дини киргенден кийинки «Жарамазан» ырынын таасирине терең жолугуп, белгилүү жактардан экөө аралашып кеткени байкалат. Муну биз ыр саптарындагы Фарсча «Сабалар», «Арбап» дегендей атоолордун кирип калганынан эле эмес, «Шырылдаң айы толуптур» деген ыр сабынан да таамай байкайбыз. Анын үстүнө Памир кыргыздарынын ырчылык салтында ойду каймаана манидеги салыштыруулар же теңештирүүлөрдөн баштап келип, анан негизги максатка кайрылган бир түрдүү «Ыр техникасы» колдонулат. Мисалы, «Шырылдаң» да ырчы үй агасын төтөлөй мактоодон мурун анын атын, атына жарашкан тердигин, тердик үстүнө жарашкан көмкө ээр, көмкө ээр үстүнө жарашкан көк көрпөчө, анан көк көрпөчө үстүнө «Агам арбап жарашкан» дейт. Ырчы ошону менен эле өз оюн айтып бүткөн болбойт. Анын максаты агасында эле эмес, агасынын короосундагы койдон бирди сойдуруу болгондуктан, ырды андан ары узартып, дагы бир кыйыр сүрөттөөлөрдүн жолуна түшөт: «Агам арбап колуна\ алтын кылыч жарашкан\ алтын кылыч чабарга \ душман башы жарашкан \ душман башын көмөргө \ боз топурак жарашкан\ боз топурак үстүнө \ бай чечекей жарашкан \ бай чечекей үстүнө \ эчки – коюң жарашкан \ эчки – коюң жаярга \ эки бала жарашкан \ эки бала колуна \ эмил чокмор жарашкан \ эмил чокмор урууга \ боз коюң жарашкан \ боз койду союуга \ болот кездик жарашкан3. Ушул мактоолордон кийин үй ээси шырылдаңчыларды сыйлабай коюуга аргасы жок. Анткени алар бардыгын туура, дал жана көрүп тургандай айтты. «Колго жарашкан болот кездик» «Көрпөчө үстүнө жарашкан агам арбап» тын айласын кетирет. Ырчылыктагы ушундай «Алыстан таш ыргытуу» ыкмасы Памир кыргыздарынын «Жигит менен кыздын айтышы» деген ырында да колдонулат. Анда кыз Алайга көчмөй болгонун жигитке кабарлайт. Жигит жорго минип алдынан тосуп чыгаарын айтат. Ошондо кыз алыстан таш ыргытат: түлкү болсом кантесиң, балык болсом кантесиң, таруу болуп чачылып кетсем кантесиң, акку болуп кубулуп кетсем кантесиң? Анда жигит ошонун бардыгынын айласын табатургандыгын билдирет. Кызыктуусу, кыздын таруу болуп чачылып, аккуу болуп көкөлөгөн мотив чыгыш классик адабиятында, элдик жомоктордо көп жолугат.

Өз сөзүбүзгө келсек, кийинки доорлордо «Жарамазан айы» деген түшүнүк кыргыздар арасында кеңири жалпылашкан. Бирок, “Шырылдаң айы”деген түшүнүк жалпылашпаган сыяктуу. Бул деле акыркы тыянак эмес, жылкычылар шырылдаңды күзүндөсү же кышка жуук айтышып, жакада жашаган колунда бар кишилердин түнкү уйкусун бөлүп, ыр менен чер жазышкан ары тамашага батышкан. Жарамазан ыры болсо негизинен 30 күндүк Орозо аяктап, Орозо айты өтүп жаткан түндөрү айтылып, аны атайын дайындык менен жарамазанчылар айтышкан. Бул жалаң эле кыргыздар арасында эмес, Артыш, Кашкардагы уйгурлар арасында да кеңири таралган салт болгон.

Тоолуу жерлерде дыйканчылык өндүрүштүн колдонулбай калышынан уламбы, айтор, Памир кыргыздарында «Оп майда» баштаган эмгек ырлары, анын ичинде үрөн сепкенде, орок оргондо ырдалуучу ырлар байкалбаган. Башка кол өнөрчүлүктү мазмун кылган, ал түгүл мал чарбага байланышкан чыгармалар көп өнүккөн эмес. Бул чөлкөмдө сайма саюу, кийиз жасоо, өрмөк ыры, тон тигүү, Козу телүү, саан ыры, кыркым ыры дегендей чыгармалар жазып алынбаптыр. Бул Памир кыргыздарында ушундай тиричилик жосундары болбогондугунан эмес, оозеки салттын айрым түрлөрү коомдук, географиялык жана маданияттык таасирлер айынан сыртка кеңейүү барышын токтоткондугу менен байланыштуу болушу мүмкүн. Мисалы, төкмөлүк өнөр. Теңиртоо кыргыздары арасында бул өнөр байыркы нук негизинде Токтогул, Казыбек, Калык, Коргол, Алымкул, Эшмамбет сыяктуу 20-кылымдагы залкар төкмөлөрдүн учук улаган таланттуу чыгармачылыгы менен доорго жараша өнүгүп – өсүү барышын кечирген болсо, Памир кыргыздары жаратылыштык шартка жараша бул өнөрдү өтө Бийик абалга жеткире албаган. Анткени, төкмөлүк өнөр той – торопо көп жана шаңдуу болгон, турмуш – тиричилик көйгөйү жеңил, угармандардын курамы бир кыйла жалаң, маданияттык чөйрө бир кылка болгон жагдайда эркин өнүккөн. Памир чөлкөмүнүн бир жактан жаратылыштык шарты бир кыйла оор, айылдар арасындагы жол алыс, өз ара катташуу кыйын болсо, дагы бир жагынан түндүктө Өзбек, батышта Тажик, чыгышта Уйгур айылдары менен аралаш конуштап, мурунтан эле көп түрдүү угарман, көп түрдүү маданияттык алаканын курчоосуна тушуккан. Мындай кезде төкмөлүк анчейин кулач керип жайыла алмак эмес. Ошол сыңары кыргыз эл ооз адабиятындагы түркүн – түстүү Эмгек ырлары бардыгы эле байыркы замандын түшүмү болбостон, кийинки доорлордогу чечендердин жараткан ырларынын негизинде байыган жана түрлөнгөн болуп, Теңиртоодо бул мүмкүнчүлүк кененирээк, Памирде жайсызыраак болгон сыяктуу. Бирок, карапайым эл өзүнүн маданий турмушун башка жолдор менен байытуунун жолун билишкен. Муну өтө бийик деңгээлге жеткен Памир кыргыздарынын сүйүү ырларындагы өзгөчөлүктөр менен далилдесек болот.

Памир кыргыздарында аңчылыкка байланышкан ырлар жана күүлөр көп болгон. Кыргызстандык фольклор изилдөөчү Жээнбай Мукамбаев Жергетал кыргыздары арасынан «Теке кетти», «Кырк аркар» деген ырлуу күүлөрдү жазып алган. Малчылык ырларынан «Так теке», «Ай кашка», «Боз кой» сыяктуулар элибиздин Памир кыргыздары арасында таралган.

 

Дарым ырлары

Теңиртоо кыргыздары арасына күрдү ыры, суктоо ыры, дарым ыры, учуктоо ыры, арбашуу ыры, сезгенч ыры, төлгө ыры жана түрдүү ырым – жырымдарга байланыштуу ырлар сан жагынан арбын таралган. Ал Памир кыргыздары арасында болсо күрдү ырлары 《Кирне》 деп аталгандан башка, «Бадик» жана «Гулафшан» делген дарым ырларынын өзгөчө бир түрү сакталып калган. Бул эки ат менен айтылган ырлардын тизмеси Теңиртоо кыргыздарында негизинен жок. 1991-жылы алгач жолу Памир тоосун аралап, Кез, Булуңкөл, Чакарагыл, Көкжар айылдарынан элдик чыгармаларды чогултуу барышында бизге эң чоң таасир кылган нерсе ушул «Бадик» менен «Гулафшан» ыры болду. «Бадик» ыры «Менин атым эламан \ эл кыдырып келаман» деп башталып, негизинен балдар кызыл, чечек ооруусу менен сыркоолоп, кызыл сыртына тепкенде айтылат экен. «Гулафшан» болсо «Бадик» тин айтылган ыкмасы менен бирдей келип, жандырмагы катары «Шалдур – шулдур шарапшан \ сенин жайың бадакшан» деген ыргакка көчүп, кызыл ичине тепкен кезде айтылган. Улуучат ооданынын Бөрүтокой, Бостонтерек айылдарынан батышты көздөй кеткен тескей тоо кылкаларында кеңири таралган бул ырдын варианттары арбын болуп, «Бадик» тын өлөң ыр ыкмасында 11 муундук болуп жана элдик ыр ыкмасында 7-8 муундук айтылган түрлөрү да жолугат. Биз Памир кыргыздары арасынан жазып алган «Гулафшан» дын башкы саптары мындай башталат:

Көч-көч бадик, көч бадик көчүрөйүн,
Бадик болгон атыңды өчүрөйүн.
Мен бир өлөң айтайын бадик баштап,
Жакшыны айтып, жаманды жолго таштап.4

“Гулафшан”тажик – фарсча чечек деген маани берип, көбүнчө балдарга кызыл чыкканда айтылчуу дарым ыры экен. Памирлик бакшы жана молдолор сөз керемети менен адамды ар түрдүү оору – сыркоодон арылтууну максат кылган ушундай дарым ырларын кылымдардан бери сактап, колдонуп келген.  Дарымдын бул түрү жана «Бадик» деген атоо Казак элинде да бар. Аларда «бадик өлеңдер» деген ыр жанры бар5.

Ташкоргон кыргыздары арасында айтылып жүргөн элдик чыгармаларды талыкпай жыйнаган Курманалы Жаанбай менен Аманбек Турганбайдын мага берген колжазмасында өлөң, бадик баштаган түрдүү ырлар менен бирге «Түтөк кайтарар» деген дагы бир чыгарма бар экен. Бул дарым ыры кишини түтөк алганда айтылып, мазмуну бир кыйла өзгөчө:

Билдим-билдим билге чабар,
Чабар тили чапкы казык.
Казык тили кайкы тоок,
Тоок тили токто малик,
Малик тили баш агача,
Агача тили алма гудоо,
Гудоо тили кунан каар,
Каар тили калта тайган,
Тайган тили тармал өгүз,
 Өгүз тили өргөн кайыш,
Кайыш тили кара желим,
Желим тили жети кулач,
Башы келте куу жыгач.

Кыргыз эл ырларында дарым ырларынын албан түрүн жолуктурууга мүмкүн болсо да, биздин баамыбызча, мындай мазмун, мындай ыкмадагы дарым ыры өтө аз кездешүүсү мүмкүн.

 

Бата жана каргыштар

Кыргыз эл ооз адабиятында бата менен каргыш турмуш – салт ырлары жанрына таандык болуп, бир кыйла өнүккөн түр. Бирок, Памир – Алай, Жерге тал, Кичи памир өрөөндөрүнөн элдик чыгармалардын ушул түрү алиге чейин өз алдынча кагаз бетине түшүрүлбөй калган сыяктуу. Же болбосо күнүмдүк турмушта, дасторкон үстүндө ак тилек айтуу, арада аразчылык болуп, каар төккөндө каргап жиберүү адаты аталган жерлерде унутулганбы? андай деле эместей. 1983-жылы Кыргызстан Илимдер академиясынын тил жана адабият институтунун илимий кызматкерлери Тажикстандын Жерге тал районуна барып, эл ооз адабиятын чогултушкан. Ошондо кагазга жазып алынган «Динарым» деген ырда каргыш айтылган. Элибизде Актоо кыргыздары арасынан чогултулган «Осар» деген ырда да каргыш бар. Ушуга карап ырдын бул түрү Памир кыргыздарында өнүкпөй калган деп айтууга болбойт. «Динарым» да:

Билимсиз ооруп бир ай жат,
Эмчегиң ооруп эки ай жат.
Үйүңдөн чыкпай үч ай жат,
Төшөктөн турбай төрт ай жат6.

деп айтылса, «Осар» да:
Корого чыгып конуп кал,
Койчудан бооз болуп кал.
Талаага чыгып конуп кал,
Тексизден бооз болуп кал.
Бирди туусаң битти туу,
Ыркыраган итти туу7.

Кызыктуу жери бул ырлар сүйүү ырлары болуп, ашыктык айынан алапайын таппаган жар сүйгөнүнө ааламдагы жакшылыктардын баарын тартуулап болуп, анан дагы эле сөзүн кабыл албаса, «Чыдабай кетип» ушундай каргайтургандыгын билдирет.

Памир кыргыздарында таралган «Безели чечен» деген күүнүн жомогунда Безели чечен менен Кан жаакташып, Кандын желдеттери Безели чечендин тилин кесээрде мындай каргаган экен: «Таш бол, топурак же. Отуң өчсүн, күлүң көчсүн! мен сенин өзөгүңө түшкөн өртмүн»8.

Албетте, Памир кыргыздарында ак баталар жана ырлуу тилектер эл оозунда сакталып калган. Аны ырааттуу түрдө чогултуп алуу кемчил болуп жаткан сыяктанат.

 

Той ырлары жана өлөң

Памир кыргыздарынын той – торопо салтын атайын изилдеген илимпоз Жээнбай Мукамбаевдин жазганына караганда, Памирде үйлөнүү тоюнун шөөкөтү эч жерден калышкан эмес. Той салтынын жүрүшүндө «Дилбарым», «Мөлмөлүм», «Толмочум», «Ак суусар», « Ак зейнеп», «Акшайыр» дегендей сүйүү ырлары ырдалгандан башка токмок салды ырлары, көрүшүү ырлары, кыз башын кучактаар дегендер менен бирге «Чач өрүү», «Чач алмай», «Кемпир өлдү» деген ырымдарга жараша ырлар жана жаштардын кечки ойноторунда өлөңдөр ырдалган. Памир кыргыздарында той алдында кыздын чачын кырк өрүмдөн эки өрүм кылып өрүүдө өз алдынча салт болгон. Чачты көрүнгөн аял эмес, «Вакил» өргөн. Үйлөнчүү жигиттин чачын вакил жигит алган. Жигиттер чач алуу барышында:

Овал баар көктөмдө,

Көк чымырап өскөндө,
Улук келин алабыз,
Уулга жолдош кылабыз, — дешип ыр ырдашса, кыздын чачын өрүп жатып аялдар мындай ырдаган:

Бармагыңа салынган,
Бадам көздүү ак күмүш.

Бир эле сенден калыппы,
Баары кызын бергенмиш9.

Чач өрүү салтынын сакталгандыгы «Манас» эпосундагы саптардан («Ырымдап чачын өрүңүз \, күн белгисин он күнү\, Каныкейди көрүңүз» ) Анык билинип турса дагы, аталган салттын ыр менен коштолуп келгендиги Памир кыргыздарына таандык жөрөлгө болуп калган сыяктуу. [, ?:

Памир кыргыздарынын тойдо ырдалган өлөңдөрү Памир кыргыз ырчылык өнөрүндөгү өзгөчө бир көрүнүш. Өлөң айтуу эл ичине терең тамырлаган болуп, Памир – Алай чөлкөмүнө өтө кеңири таралган. Өлөңдөр той салтына жараша түрдүү мазмунда ырдалат. Даңаза, кордоо, тамаша ширетилет. Түр жагынан кайым өлөң, айтышуу өлөң жана апыртма өлөң деген көп түрлөргө бөлүнөт. Казак адабиятында «Өлөң» деген сөз ырлардын жалпы аты катары колдонулса, Памир кыргыздарынан башка кыргыздарда «Өлөң» деген ыр жанры жолукпайт. Биз өлөңдөр жөнүндө айрым токтолобуз.

 

Кошоктор

Памир кыргыздары арасында айтылган кошоктор мазмун жана форма жагынан Теңиртоо кыргыздарынын кошоктору менен бирдей болуп, өтө чоң стилдик айырма байкалбайт. бирок, Памир кыргыз тили лексикасына таандык сөздөр көп кездешип турат.

Мисалы:

Тоорулуп мейман кетпеген,
Тооктун гөшү жетпеген.
Эшиктен эли кетпеген,
Эчкинин гөшү жетпеген10.

Бул саптарда Памир кыргыздарынын тилине кирген «Гөш» деген атоо жолугуп эле калбай, ырда күндөлүк тиричиликтин айрым өзгөчө көрүнүштөрү чагылып турат. Кыргыздар жалпы бирдей көчмөн турмушту негиз кылгандыктан, чыгармаларында ошого байланыштуу мазмундар ичтей сызылып турат. Памир – алай кыргыздары деңиз деңгээлинен өтө Бийик жайгашкан жайлоолордо көчүп- конуп жүргөнүнө карабай, алар кээде Кашкар, Анжиан, Ош базарларына барып турушкан жана олтуракташкан өзбек, тажик, уйгур калкы менен күндөлүк карым – каттоодо болушкан. Ошого жогорку ырда тооктун гөшү жөнүндө сөз болунган. Өтө чечкин Тыянак чыгарып айта албасак да, тооктун эти менен конок күтүү салты жана анын элдик ырларда тилге алынышы Теңиртоо кыргыздары арасында кездешпей калышы мүмкүн. Памир кыргыз ырлары жана кошокторундагы дагы бир өзгөчөлүк, ыр саптарынын арасына ошол журтка белгилүү болгон жерлердин аттары көркөм каражат катары тандап алынган. Мисалы, Афган, Анжиан, Кашкар, Маргалаң, Алай сыяктуу. Теңиртоолук кыргыздардын ырларында болсо, Атбашы, Нарын, Талас, Алатоо, Керме тоо, Какшаал, Каражүл сыяктуу жер аттары кездешет. Элдик чыгармалардагы географиялык атоолор да ошол чыгарманын кайсы чөлкөмгө таандык экендигин көрсөтүп туратурган ашкере белгилердин бири. Бирок, бул мүлдө ошондой болот дегендик эмес. Элдик чыгармалардагы географиялык атоолор кээде чыгарманын көркөм каражаты катары гана милдет өтөйт.

Элдик кошоктордун Теңиртоо жана Памирде эпикалык ыкма, сүрөттөө жана ырдык түзүлүш жагынан анчейин чоң айырмаланып кетпегенинин дагы бир себеби ушул жанрдын ээлери болгон аялдардын бир – биринен үлгү алууда эркектерге караганда ийкемдүү экендигинен болушу да мүмкүн. Мындайча айтканда, бир журтта бир киши каза болсо, алыс-жакынга тең кабар айтылып, туугандар эле эмес, башка уруу, башка жерлердеги кишилер да көңүл айтып келишет. Мейли кайсы уруу, кайсы жерден келгендер болбосун, эрлер өкүрүп, аялдар кошок кошот. Айрыкча, аялдардын кошкон кошогун эл атайын эле тыңшап, мазмунуна көңүл бурат. Ушул барышта Теңиртоо чөлкөмүндө таралган кошокчулук салты – ыр куроо, көркөм салыштырууларды колдонуу ыкмасы Памирлик аялдар жагынан кабылданган болуу керек. Дагы бир жагынан кыздар алыс – жакынга күйөөгө чыгарылган. Алыскы айылдарга күйөөгө чыккан кыздар журтуна кайтып келип казаа болгон атасына кошок кошкондо башка журттагы кошокчулук жөрөлгөсүн колдоно билишкен. Ошентип, эрлерге таандык жанрларга караганда кыргыз адабиятында аялдарга таандык жанрлар тышкы таасирди көбүрөөк кабылдаган деген тыянакка келсек болчудай. Биз кыргыз айылдарынан жазып алынган кошокторду аралаштырып жиберип Окуйтурган болсок, кайсы кошок кайсы жерге таандык экенин айруу кыйын экени байкалды. Ошондо да айрым кошоктордогу тилдик өзгөчөлүктөр өз ара айырмалоонун белгиси катары милдет өтөйт. Мисалы, Памир кыргыз элдик ырларындагы жылкынын асылын билдирген «Карай боз» деген сөз, андан башка уйгур, өзбек тилинен кирген атоолор («Кайрыды гүлдү баркынан», «Кара келде, ак куйрук», «Сагырдын алын сураган», «Апу кылып күнөйүн») ыр саптарында кездешет. Ошо менен бирге сөз жасоочу мүчөлөр «Уулу – га», « Кызы – га» жана «Эде» деген менен да байкоого болот.

Памир кыргыздарынын кошоктору тематикалык мазмун жагынан жалпы кыргыз кошокторунан эч жеринен айырмаланбайт. Ата – энесинен айрылган кыздын кошогу, балдарынан айрылган эненин кошогу, күйөөсүнөн жана сүйгөнүнөн айрылган келин – кыздын кошогу, бир – биринен айрылган эже – сиңдинин кошогу сыяктуу мазмундагы кошоктор негизги орунда туруп, калган туугандарга арналган кошоктор да жолугат. Кошоктун алым – сабак түрү, жубатуу түрлөрү да жолугат. Биз башта атап кеткенибиздей, кошоктордун бирден — бир жаратуучусу жана аткаруучусу аялдар болуп эсептелет.

 

Арман жана санаттар

Кыргыз эл ырчылыгында арман ырлары менен санаттар өзгөчө өнүккөн болуп, ушул түр кийинки акындар поэзиясына чоң таасирлерди көрсөткөн. Арман ырлары кесиптин түрүнө карай койчунун арманы, төөчүнүн арманы, мергендин арманы деп бөлүнсө, тарыхый жагдайдын, күндөлүк турмуштун, тагдырдын жазмышынан улам чыккан Армандар карылыктын арманы, сатылган кыздын арманы, эзилген эрдин арманы, жетимдин арманы болуп түрлөнөт.

Памир кыргыздарынан азырга чейин жазып алынган арман ырлардын саны өтө көп болбосо да, мазмуну түркүн – түстүү. Францялык турколог Реми Дор Афганистан кыргыздарынан жазып алган элдик чыгармалардын ичинде Афган Памириндеги кыргыздардын кайрадан качкандагы эки арманы бар. Бул ырлар элдик ыкмада чыгарылганы менен, анын авторлору бар экендигин изилдөөчү эскертет11. Кыргызстандык изилдөөчүлөр Тажикстан кыргыздары арасынан чогулткан элдик чыгармалардын арасында «Кыздын арманы», «Атасы аскерге кеткендеги ыр» деген эки чыгарма жолугат. «Кыздын арманы» үч саптан куралган үч сабак ыр экен.

Карчыга кармап увга сал, ата, ай,
Карыган чалга бергиче, ата, ай,
Кармап бир барып сувга сал, ата, ай12.

Жуңго Памир кыргыздары арасынан жазып алынган чыгармалардын арасында арман ырлардын саны чоң салмакты ээлейт. Байланыштуу китептерде элдик акындар чыгарган арман ырлар менен эл арасында байыртан айтылып келген арман ырлар аралаш жарыяланган13.

Кыргыз эл ырчылык өнөрүндө «Санат», «Насыят», «Терме», «Үлгү ыр» деген аталышты алып жүргөн чыгармалардын саны бир кыйла арбын болуп, санаттар мейли Теңиртоо, мейли Памир – Алай чөлкөмүндө болсо мазмун жана форма жагынан түспөлдөш келип, өз ара өтүшүп турганы анык эле байкалат. Бирок, «Терме» жана «Үлгү ыр» деген эки атоо Памир багытында кездешпесе, Теңиртоо тарапта болсо «Санат өлөң» деген атоо колдонулбайт.

Кыргыз ырларынын бул түрү философиялык акыл – ойду, турмуштан алынган чындыктарды, өмүрдүн тажрыйбаларын көркөм салыштыруулар менен туюнтуп, кыргыз макал – ылакаптары менен учкул сөздөрүн өзүнө жууруп алат. Памирде ооздон – оозго өткөн санаттарда эки жакшы, эки жаман, кайраттуу эр, кайрымсыз катын, байлык менен жардылык, дүйнөнүн оомал – төкмөлү, ата – энелик парз, чынчылдык менен жалганчылык сыяктуу турмуштук мазмундар уламдан улам кайталанып, күчөтүлүп ырдалат. «Түрк элдеринин фольклорунда дидактикалык, философиялык поэзия ар кандай көркөмдүк формаларда: казактарда -‹Талгав›, ‹Терме›, ‹Шешендик сөздер›, каракалпактарда -‹Терме›, өзбектерде -‹бакшылардын термелери›, татарларда - ‹аталар сөздөрү›, ‹айтымдар›, уйгурлардагы - ‹бейиттер› жолугат»14. Ушундай кеңири таралган чыгармачылык салтты Памир кыргыздары өздөрүнүн тарыхый маданий чөйрөсүнө жараша өнүктүргөн жана байыткан.

Памир кыргыздарынын санат ырлары сап – саптарга бөлүнбөй, шыдырата уланып кете берет. Ырдын мазмуну, сөздүн кырааты, айтылып жаткан ой бир мазмундан экинчи бир мазмунга өтүп, кээде бирине бири салыштырылып, өөрчүтүлүп отурат: «Төөнү көркөм көргөзгөн \, мойнудагы жогдары\, мылтыкты сүрдүү көрсөткөн\, ичидеги ок дары»15. Санаттарда ар кайсы доордун доошу жаңырып турат. Тажикстандык кыргыздарда: «Эт желиндүү боз койго\, эгиз козу бепайда\, Эри сүйбөс жубанга\, эндик, упа бепайда»16) делип ырдалса, Актоо кыргыздарында: «Сааса сүтү болбогон\, желинди арман кылбаңар\, эңкейип салам бербеген\, келинди арман кылбаңар»17деп ырдалат.

Биз Памир кыргыздарынын санат ырларына үңүлүп карасак, кыргыз классикалык төкмө өнөрүнүн туу чокусун жараткан Токтогул Сатылгандын айрым санат, термелери ушул элдик чыгармачылыктын таасирине терең жолуккандыгын көрсөтүп турат. Памир кыргыздарынын санатында: «Ат качаган болгон соң\, күлүктүктөн не пайда?\, аркырап беттен алган соң\, сулувлуктан не пайда?»18— деп ырдалган болсо, Токтогулдун накай ушул ыкмада ырдалган санаты бизге белгилүү. Памирлик кыргыздар «Кызгалдактын гүлүндөй, балдар өлбөс болсочу» десе, Токтогул «Өмүр» деген ырында аны ансайын бийик белеске көтөрүп, «Жибек оңбос болсочу\, жигит өлбөс болсочу\, жигит менен кыз өлсө\, жерге көмбөс болсочу»19 деп, Памир санаттарына жаңы түс кошкон. Андан башка Памир санаттарындагы «Тууганыңды жаман деп», «Булбулда мукам үнү бар», «Кайран башың өткөндө», «Жакшы адамдын белгиси», «Кудай алсын жаманды», «Жакшы катын белгиси», «Тойдун көркү эл менен», «Өзөндүү жерге тал бүтөт» дегендей туруктуу саптар чыгармада баяндын жүрүшүн тастыктап турган негизги каражаттар катары милдет өтөө менен бирге кийинки кыргыз төкмө акындарынын чыгармачылыгына өрнөк болуп, аларды даяр ыр саптары менен камсыз этип турган.

Памир кыргыздарында санат өлөң деген ат менен да айтылган чыгармалардын түркүмү бар. Ал негизинен тойлордо жана айрым кезде чоң чогулуштарда айтылып, келин – кызга тийишкен, тою болуп жаткан кызга акыл – насаат айткан жана бирөөлөрдү какшыктаган мазмундарды камтыйт экен. элибиздин Актоо жергесинен жазып алынган санат өлөңдө бүгүнкү казак тилине жалпы, кыргызга жарым – жартылай таандык болгон этиштин түрү кездешет: «Бул айылда бар бекен кыздай баатыр\, кош анарын кучактап жалгыз жатыр»20.!»

Кортуп айтканда, Памир санаттары уйкаш, сабактарга бөлүнүү жактан эркин болуп эле калбай, ойдон ойду чубаган баян ыкмасына сөөнүп туруп, жашоонун сан – түркүн сырлары арасында тил ойнотот.

 

Балдар ырлары

Изилдөөчү Жээнбай Мукамбаев Памир – алайдан жыйнаган эл ырларынын ичинде 15 тен ашуун балдарга таандык чыгарма болуп, алар мазмундук жагынан балдар оюнунда айтылчу тексттер менен бирге ар кандай көрүнүштөргө арналган бир – эки сабактан түзүлгөн кыска ырларды камтыган. Бул ырлар Айсулуу Токонбаева түзгөн «Жергетал кыргыздарынын оозеки адабияты» аттуу китептеги балдар чыгармалары менен бирдей эле болуп, бир гана «Үркөр, үркөр топ жылдыз» деген чыгарма алдынкы китепте жок. Эки китепке киргизилген балдар ырлары «Эсимде», «Эгелек», «Шылдыршып», «Илеш», «Көк жөтөл», «тибир», «Тогонок» деген темаларда болуп, Теңиртоо чөлкөмүндө айтылып жүргөн балдар ырлары менен айрымдары окшош, айрымдары өзгөчө.

1991-жыл биз Актоо ооданынын Булуңкөл айылына караштуу Чакарагыл кыштагынан балдардын бир барча сүйүү ырын жазып алып, эртеси Кез кыштагына келип, балдардан ошол эле ырды кайра сурадык. Ошондо 10 жаштар чамасындагы бир бала өтө куудулданып: «Ошол ырда айтылган бала мен болом» деп, мындай айтты:

Чымчык аттым чий менен,
Чымчышпадым кыз менен.
Өпкө жедим туз менен,
Өбүшпөдүм кыз менен.
Боорсок жедим туз менен,
Бойлошподум кыз менен.

Чынын айтканда, Памирди кыдырып жүрүп, балдар оозунан уккан эң сонун ыр ушул болуп, биз үчүн эстен кеткис окуя катары кабыл алынды.

Теңиртоо менен Памир чөлкөмүндө балдардын акыйнек айтышуу ырлары да бир кыйла бирдейликти сактаган экен. Балдар арасына кеңири тараган кордоо ырлары оюндун акыркы натыйжасынан чыккан жана турмуштагы начар көрүнүштөрдү сындаган абалда айтылган. Кыргыз адабият тарыхы боюнча жазылган эмгектерде балдар ырлары жалпы жонунан баян кылынганы менен, ар кайсы чөлкөмдө тараган ырлардын географиялык орду жана өз ара байланышы жөнүндө айрым сөз болунбаган. Дагы бири, Памир кыргыздарына таандык балдар ырларын түгөлдөй чогултуп болдукпу, же көз жаздымда калып жатабы? дегенге биз азырынча жооп бергенге чамабыз жетпейт. Ошого бул жөнүндө кеңири токтоло албадык.

 

Айтыштар

Айтыш өнөрү кыргыз ырчылыгында өтө бийик деңгээлде өнүккөн. Токтош Танаев өз эмгегинде айтыштарды «элдик айтыштар, ырчылык айтыштар жана чечендик айтыштар» деп үч түргө бөлгөн21. Кыргызстанда жаңыдан жазылган Адабият тарыхында айтыш өнөрүнүн түрлөрү өтө анык бир – эки деп саналбаган болсо да адат – салт айтышы, чечендер айтышы жана акындар айтышы жөнүндө өз алдынча сөз болунган. Аталган эмгекте адат – салт айтыштары төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнгөн: «Үлпөттөрдөгү, оюн – зоок кечелердеги ырдашуулар, жородогу сармерден ыры, үйлөнүү салтына байланыштуу аткарылган ‹жар – жар ай› деген ырлар, сүйүүгө байланыштуу чыгарылган ‹кыз – жигит›, ‹Мырза уул менен Аксаткын› жана башка ушул сыяктуу ырлар, акыйнек жана диний түшүнүктөгү айтыштар»22. Бул баянда адат – салт деп ат коюлган айтыштардын кең мазмундарды камтыйтургандыгы анык айтылганы менен, маселе тыкандап такталбаганы билинип турат. Муну биз бүдөмүк алынган сөздөрдөн жана «Кулмырза менен Аксаткын» дастанын айтыштын катарына кошуп санаган жерден баамдайбыз. Бизче, айтыш өнөрүндө эки тараптын тең үнү угулушу зарыл. «Кулмырза менен Аксаткын» эпикалык дастан болуп, анда окуянын бардык жүрүшү Аксаткындын оозу менен баяндалат. Ошого аталган чыгарманы айтыш жанрына кошууга болбойт. Эгер кошууга туура келсе, «Талым кыз менен Көбөктүн айтышын» айтыштардын типтүү үлгүсү катары кошсо болот.

Теңиртоо чөлкөмүндө акындар айтышы менен чечендик айтыштар илимге молдугу жана түркүн – түстүүлүгү менен белгилүү. Салыштырмалуу түрдө Памир жактан чогултулган айтыштар сан жагынан бир кыйла аз. Памир кыргыздары арасына таралган айтыштардын негизги өзөгүн сүйүү жөнүндөгү айтыштар түзөт экен. Тажикстандын Жергетал жергесинен тартып элибиздин Актоо, Ташкоргон оодандарына чейин орток таралган жана окшош ченемде жазып алынган «Кыз – жигиттин айтышы», «Жеңе менен Кайнинин айтышы» типтүү өзгөчөлүккө ээ. Андан башка Памир жергесинде өнүккөн Кайым өлөңдөр менен Дүрөлөр да айтыштын бир бутагы. Бирок, өлөңдөр жөнүндө айрым сөз болоор болгондуктан, бул жерде буйтап өтүп кетебиз.

Тажикстан Жергетал кыргыздарынан жазып алынган «Кыз – жигиттин айтышы» нын үч варианты, Ташкоргон жана Актоо оодандарынан жазып алынган эки варианты, «Жеңе менен Кайнинин айтышы» деген чыгарманын жогуруда аталган орундардан жазып алынган жалпы төрт варианты колубузда турат. Эки чыгарманын ушул нускаларын салыштырып көрө турган болсок, Памир кыргыз ырчылык салтынын Теңиртоо чөлкөмүнөн көрүнөө айырмаланган өзгөчөлүктөрүн байкайбыз. Теңиртоо тарапта «Кайнага – Келин» деген айтыш кеңири таралган. Памирде «Жеңе менен Кайни». Ушул ыр Ташкоргон жана Актоо оодандарынан жазып алынып, «Жеңе» деген ат менен жарык көргөн болсо, Тажикстанда «Айназыр менен Жеңесинин айтышы», «Жигит – Кыз» деген ат менен жарыяланган чыгармалар таралган.

«Кыз – Жигиттин айтышы» деген ырдын сюжети драмалык мүнөзгө бай болуп, кыз алды менен сөз баштап, Алайга көчөөр кез келгенин айтат. Ушундан улам кайым айтышуу башталат. Кыздын сөзү жигитти арсар кылаар суроолордон куралат: Алайга көчсөм кантесиң, топ жубанга кошулуп, тойлорго кетсем кантесиң? деген түрдө. Кыз кулжа, түлкү , бөдөнө, конок, буудай, ак чабак балык болуп кубулат. Жигит ошонун бардыгынын айласын таап, кыз кулжа болгондо жигит мерген болуп, кыз түлкү болгондо жигит бүркүт болуп, кыз бөдөнө болгондо, жигит кыргый болуп; кыз буудай болуп чачылганда, жигит тоок болуп терип; кыз балык болгондо, жигит жез кайырмак болуп илип алаарын айтат. Ушул сынактардан өткөндө кыз жигитке айласыз макул болуп, «эми кел да, мени алгын» деп уруксат берет. Ушул ырдын бир канча вариантын салыштыруудан биз ырдагы негизги өзөктүн чоң өзгөрүүлөргө дуушар болбогонун, бирок, ар бир ырчынын акындык табытына жараша ырдагы көркөм каражаттар ар башка алынганын байкайбыз. Мисалы, биринчи варыянтта:

Ээй, өлгөлү жүргөн, сен жигит,
Бүргүт балван сен болуп,
Илип алар чагыңда,
Тарык бир болуп тыркырап,
Буудай бир болуп буркурап,

Чачылып кетсем кантесиң?

делсе, экинчи варыянтта:

Ээй, өлгөлү жүргөн сен жигит,
Талгалы жүргөн, сен жигит.
Алгыр кыргый сен болуп,
Илип алаар чагыңда,
Тарык болуп таркырап,
Конок болуп коркурап,
Буудай болуп буркурап,
Чачылып кетсем кантесиң?
делет. Ушул сыяктуу ыр саптарында табыйгый түрдө көбөйүп – азаюу, узарып – кыскаруу бар. Бул элдик чыгармалардын оозеки таралып, оозеки сакталуу шартынан улам болуп жаткандыгы талашсыз.

«Кайни менен Жеңенин айтышы» ансайын кызыктуу чыгарма. Бала күндөгүгө окшобой жеңесине түздөн – түз эле көңүл билдирет. Көрсө, ал жеңесинин айылдын четинде тоотмек оюнунда жоготуп жиберген сөйкөсүн таап алган экен. Жеңеси сөйкөнүн сүйүнчүсү үчүн эчки, кой, жылкы бермек болот. Жигит алардын бардыгына көнбөй, кечинде коктуга чыксаң деп туруп алат. Жеңе кокту – колотко чыккыдай, койчу күң эместигин айтып, түн жамынып келгиниң, бирок, коңшу – колоң, дос – жар туйбасын деп айтат. Жигит барууга макул болгону менен, курдаштар билбес иш жок деп көшөрөт. Ошентип, эки жаш убадага келишет. Ырда эркин сүйүү, көңүлдүн чек – ченемсиз кумары туюнтулат. Ырдын Жергетал варианты менен Ташкоргон варианты башталышы, ортого салынган шарттары боюнча Окшош. Бирок, ырда колдонулган көркөм каражаттар ар башка. Андан башка жерлик айтымдар дагы өз түсү боюнча сакталган. Жергетал нускасында «Ак сөөлмөк атып ойнодук», «Беш баргеги бар эде», «Дарайы көйнөк» деген сөз айкаштары жолукса, Ташкоргон вариантында «Алтын соого, жер маргек», «Тоотмек салып ойноордо», «Аялдын көркү зар калек» дегендей саптар жолугат. Айсулуу Токонбаева түзгөн «Жергетал кыргыздарынын оозеки адабияты» аттуу китепте аталган ырдын дагы бир кыска варианты алынган. Ал жөн эле «Жигит – Кыз» деп аталып, жөрөлгөгө айланган «Жеңе, ай» деген сөз ыр сабында кайталанбайт. Ырчы бул ырды бир кыйла унутуп калганы байкалат. Ошого, ырчы эң баштабында 5-7 муундан башталган ырды дароо 11 муундук өлөң түрүнө алмаштырат. Бир сабактан (куплат) кийин 7 – 8 муундук сапка алмаштырат. Ал тургай башка ырлардагы сүрөттөөлөрдү, даяр сабактарды ушул ырда колдонот. Биз ушул өзгөчөлүктөн ырчынын эс сактамы тайыз тартып бараткан кысталыш учурда кандай аргаларды колдонуп, өзүнүн милдетин аткара тургандыгын изилдөөгө мүмкүндүк табабыз.

Памирдин катаал географиялык шарты, таракай жашоо жана уйгур, өзбек, тажик сыяктуу улуттар маданияты менен көбүрөөк жолугушу сыяктуу жаратылыштык, ары коомдук себептер айынан бул чөлкөмдө акындар айтышы Теңиртоо кылкасындагыдай чексиз өнүгүүгө жете албаган сыяктуу болуп туюлат. Же анын башка себептери да болушу толук мүмкүн.

  1. «Кыргыз адабиятынын тарыхы» 1-том, Бишкек, 2004-жыл.
  2. «Кыргыз элдик ырлары» , Кызылсуу кыргыз басмасы, Артыш, 2004-жыл.
  3. «Кыргыз элдик ырлары», Кызылсуу кыргыз басмасы, Артыш, 2004-жыл, 4-бет.
  4. Жогорку накыл менен бирдей. 26-бет.
  5. Бексултан Касей: «Казак Адабият тарыхы» 1-том, Шинжаң эл басмасы, 1996-жыл, 38-бет.
  6. Айсулуу Токонбаева:«Жергетал кыргыздарынын оозеки адабияты», Кыргызстан, «Илим» басмасы, 1987-жыл, 28-бет.
  7. «Кебез тоо боорунда», Шинжаң эл басмасы, Үрүмчү, 1993-жыл, 63-бет.
  8. Жээнбай Мукамбаев: «Эл ичи – өнөр кенчи», «Кыргызстан» басмасы, 1982-жыл, 213-бет.
  9. Жогорку накыл менен бирдей, 188-189-беттер
  10. «Кыргыз элдик ырлары», Кызылсуу кыргыз басмасы, Артыш, 2004-жыл, 110-бет.
  11. Реми Дор: «Ооган Памириндеги кыргыздардын кайрадан качкандагы эки арманы» — «Кыргыздар», 3-том, 1995-жыл, 335-бет.
  12. А.Токонбаева түзгөн: «Жерге тал кыргыздарынын оозеки Адабияты», Кыргызстан, «Илим» басмасы, 1987-жыл, 194-бет.
  13. «Кебез тоо боорунда», Шинжаң эл басмасы, 1993-жыл; «Муз тоо жаңырыгы», Шинжаң эл басмасы, 1995-жыл.
  14. «Кыргыз адабиятынын тарыхы», 1-том, Кыргызстан, «Шам» басмасы, Бишкек, 2004-жыл, 218-бет.
  15. А.Токонбаева түзгөн: «Жерге тал кыргыздарынын оозеки Адабияты», Кыргызстан «Илим» басмасы, 1987-жыл, 189-бет.
  16. Жогорку накыл менен бирдей, 146-бет.
  17. «Муз тоо жаңырыгы», Шинжаң эл басмасы, 1995-жыл, 64-бет.
  18. Ж. Мукамбаев: «Эл ичи – өнөр кенчи», «Кыргызстан» басмасы, 1982-жыл, 37-бет.
  19. «Токтогул» 2-том, Кыргызстан «Адабият» басмасы, 1989-жыл, 172-бет.
  20. «Кыргыз элдик ырлары», Кызылсуу кыргыз басмасы, Артыш, 2004-жыл, 264-бет.
  21. Токтош Танаев: «Кыргыз фольклорундагы лирикалык жанрлар», Ош, 1998-жыл, 100- бет.
  22. «Кыргыз адабиятынын тарыхы», Кыргызстан «Шам» басмасы, 2004-жылы, экинчи басылышы, 661-бет.

Мамбеттурду Мамбетакун, «Кыргыз эл ооз адабиятынын памир мектеби», Үрүмчү-2008,
«Манас» сайтынан алынды

Соц тармактар:

Добавить комментарий