Токтогулдун комузчулук өнөрү

Албетте, Токтогулдун комузчулук өнөрүнө эч кандай көңүл бурулган жок, ал жөнүндө сөз болгон эмес деп айта албайбыз. Андайлар болгон. Бирок, алардын кыргыз тилинде жазылгандарынын бири да музыка таануу илимине тиешеси жок экендиги өкүндүрөт. Ал эми орус тилинде жазылган А.В.Затаевичтин, В.С.Виноградовдун эмгектери – негизинен нота жыйнактары.

Комуз чертүүнүн корифейлери М.Күрөңкеев, К.Орозов, кийинки комузчулар Ө.Рысбеков, Б.Мадазимов ж.б. айтуусу боюнча комуз күүлөрү негизинен оң буроо күүлөр жана сол буроо күүлөр болуп экиге бөлүнөт. Ал бөлүнүү комуздун күүлөнүшүнө байланыштуу. Эгерде комуздун ортоңку кылы четки кылдардан бийик күүлөнсө, бул буроодо чертилген күүлөр сол буроо күүлөр деп аталат. Бул буроодо бүгүнкү күндөгү комуз күүлөрүнүн дээрлик бардыгы чертилет. Ал эми комуздун чертүү үчүн кармалган учурундагы төмөнкү кылы, бирдей күүлөнгөн башка эки кылдан бийик күүлөнсө, анда чертилген күүлөр оң буроо күүлөр деп аталат. Бул буроодо “Калмак бий”, “Бий күү”, “Бакшы күү”, “Бек арстан”, “Ташыдан ташы” сыяктуу байыркы, кадимки күүлөр чертилет.

Өз кезегинде сол буроо күүлөр күүлөнүшү боюнча бири-биринен айырмаланып “Камбаркан”, “Шың­гырама”, “Толгоо”, “Ботой”, “Кара өзгөй” ж.б. болуп бөлүнүшөт. Эгерде алардын күүлөнүшү бирдей болсо алар чертүү чектери боюнча айырмаланат. Мисалы үчүн “Камбаркан” менен “Ботой” бирдей күүлөнөт. Бирок “Камбаркан” биринчи чертүү чегинде башталса, ал эми “Ботой” бешинчи чертүү чегинде чертилет.

Комузчулуктагы аткаруучулук стилдерди музыка таануу илиминин принциптеринин негизинде кыскача мүнөздөө, бүгүнкү күндө алардын үчкө бөлүнгөнүн айгинелейт. Биринчи аткаруучулук стил – бул байыртан, кадимден калыптанган бир чектен жылбай чертүү стили. Анын корифейлери – Ныязаалы, Муратаалы, Атай, Эркесары ж.б. Мындай аткаруучулук стилдин калыптанышы комуздун добуш сис­темасынын өзгөчөлүгү менен байланыштуу. Биринчиден, коңшулаш элдердин домбра, дутар, тар сыяктуу чертме кылдуу аспаптарынан айырмаланып комуздун мойнунда байланган беренелер жок. Экинчиден кылынын саны үчөө. Мындай өзгөчөлүк дутарчы, домбрачы сыяктуу жети жолу беренеден беренеге жылып атып алган жети баскычтуу добуш катарды комузчуга бир чектен жылбай туруп эле алууга мүмкүнчүлүк берет.

Экинчи аткаруучулук стил болсо XIX кылымдын акыркы чейрегинде калыптанып ХХ кылымдын биринчи жарымындагы комузчулук өнөр-дүн устаттары болгон Ы.Туманов, Ш.Шеркулов, Б.Мадазимовдун ысымы менен байланышкан чектен-чекке которулуп (жылып) чертүү стили. Мындай аткаруучулук стилдин калыптанышы биринчиден, комузчулук өнөрдүн ыкмаларын өркүндөтүүнү ишке ашырса, экинчиден, күүнүн мазмунун тереңдетүү, таасир берүү мүмкүнчүлүгүн күчөтүү, көркөмдүк касиетин жогорулатууга жетишкен.

Ал эми, үчүнчү аткаруучулук стил – чертүү чектерине токтолбой, беренелүү аспаптарда колдонулуучу ыкма сыяктуу комуздун добуштук сис­темасын толук пайдаланууну ишке ашырган эркин чертүү стили. Бул аткаруучулук стил К.Орозовдун комуз чертүү өнөрүндө жогорку деңгээлге жеткен.

А.В.Затаевичтин Токтогул черткен күүлөр “түзүлүштүк тактыкка, айкындыкка, обондук жаңыланууларга бай экендигин” айтып, “Караколдук комузчуларга” (А.В.Затаевич К.Орозов менен М.Күрөңкеевди ушинтип атаган) тийиштүү, улам кайталана берген жадатма, жалпы аспаптык кайрыктардан алыс экендигин белгилеген. Ал үчүн Токтогулдун чертүүнүн түрдүү ыкмаларын өтө чебер жана ар бирин өз орду менен колдонорун баса көрсөткөн. Улуу акындын чыгармаларын нотага алып жаткан А.В.Затаевич аны биринчи иретте акын эмес, комузчу катары гана баалаган жана кээ бир чыгармалары боюнча “Караколдук устаттардан” жогору койгон.

Изилдөөлөр көрсөткөн­дөй, Токтогул андай жаңы­лыктарды тапкан. Ал жаңы­лык, ал баа жеткис чыгармачыл табылга – аспаптык музыка менен поэтикалык текстти жогорку чеберчиликте синтездештирүү. Поэтикалык текст менен аспаптык музыкалык кайрыктардын тигил же бул деңгээлде айкалышуусу Токтогулдун бардык эле чыгармаларында колдонулган.

Токтогул тарабынан киргизилген чыгармачыл жаңылыктар эмнелердин негизинде ишке ашырылганына кайрылуудан мурун комузчулар өнөрүндөгү күүлөрдүн композициялык өзгөчөлүктөрүнө кыскача мүнөздөмө бере кетели. Күү жаратууну алар “чектелүү каражаттарды көп кырдуу айкалыштыруу” (оюбуз так болуш үчүн орусчасын атай кетели –“многоплановая комбинаторика в пределах типа”) ыкмасын колдонуу менен жүзөгө ашырышкан. “Чоң кербезде” (жалпы эле кербездерде) алар кайсылар. Алар: а) кербездин буроосу жана чертүү чегине байланышкан жети баскычтуу добуш катар; б) ал добуш катардын үндөрүн түрдүү айкалыштыруу аркылуу алынуучу обондук-интонациялык бирдиктер, же кайрыктар; в) терип чертүү же бармактарды жалпы шилтеп чертүүдөн жаралуучу фактуралык өзгөчөлүктөр; г) ыргактык-өлчөмдүк бирдиктер. Мына ушул, болгону төрт эле түрдүү алгач берилген каражаттарды пайдалануу менен улуу акын “Чоң кербездин” жалаң аспаптык масштабдуу биринчи бөлүгүн жараткан. Бул бөлүмдө колдонулган “чектелүү каражаттарды айкалыштыруунун” жалпы саны тогузду түзөт (бул жерде “Чоң кербездин” атактуу төкмө А.Үсөнбаев аткарып В.С.Виноградов тарабынан нотага түшүрүлгөн ва-рианты анализденип жатат). Тогузунчу “айкалыштыруу” өзүнүн та-таалдыгы жана масштабдуулугу (38 такт) менен чыгарманын биринчи аспаптык бөлүгүнүн кульминациясы болуп эсептелет.

Токтогулдун комузчулук өнө­рүнүн бийиктигинин, көп кырдуулугунун дагы бир далили анын “Кыз ойготор шыңгырамасы”. Чыгарма шыңгырамалардын буроосунда жана аларга тийиштүү чертүү чегинде башталат. Бул күүгө чейинки жаралган шыңгырамалардын дээрлик бардыгы бир чектен жылбай чертилген. Ал эми Токтогулдун бул шыңгырамасынын ортоңку бөлүгү комуздун биринчи чертүү чегине жылып (которулуп) аткарылат. Демек күү түзүлүшү боюнча башка шыңгырамалардан айырмаланып үч чоң бөлүмдүү формага ээ. Ошол эле учурда чыгарманын жаралышы, калыптанышы жана өнүгүп өсүүсү “чектелүү каражаттарды көп кырдуу айкалыштыруу” жолу менен ишке ашырылганын көрөбүз. Болгону обондук-интонациялык, фактуралык, ыргактык-өлчөмдүк ыкмаларга ладдык-регистрдик айкалыштыруу кошулган. Анткени жогоруда айтылгандай, шыңгыраманын ортоңку бөлүгү төмөнкү ладдык-регистрде аткарылат.
“Кыз ойготор шыңгыраманын” мындай өзгөчүлүгү А.В.Затаевичтин да көз жаздымында калган эмес. Бул күүгө окумуштуу өтө жогору баа берип, өзүнүн нотага алган учурунда, Токтогулдун чертүүсүндөгү күүнүн ортоңку бөлүгүн так, таамай нотага түшүрө албай калганына өтө өкүнгөн. Ал: “Бул күүнү кыргыздын эле музыкасы эмес, дүйнөдөгү эң мыкты чыгармалардын катарына кошуу керек” – деп бекеринен баса көрсөтпөсө керек. Ушул жерден комуз жөнүндөгү А.В.Затаевичтин дагы бир таасын, таамай айтылган оюн келтире кетели. Ал киши: “Комузда чертилген күүлөр фортепиано же скрипкада математикалык тактык менен аткарылган күндө да, өтө жөнөкөй көрүнгөн комузга мүнөздүү акустикалык өзгөчөлүктөр (обетондор, комбинациялык тондор ж.б.) анын өтө көрктүү жана мукамдуу чыккан кайрыктарын өзүндөй кайталоого мүмкүндүк бербейт” – деп жазган.

Токтогул – комузчу өзү­нүн “Кыз ойготор шың­гырамасы” менен комузчулук өнөрдөгү экинчи аткаруучулук стил – чектен-чекке жылып (которулуп) чертүүнүн башатында турган, анын багытын аныктаган улуу устат экендигин далилдей алды. Токтогул – комузчунун дагы бир көрөгөчтүгү чектен-чекке которулуп чертүү стилин негиздөөдө тандап алганы – аспаптын шыңгырамага күүлөнүшү. Анткени шыңгыраманын буроосу комуздун добуш системасын толук өздөштүрүүгө чоң мүмкүнчүлүк ачып берген буроо болуп эсептелет. Мунун далили катары Ы.Туманов, Ш.Шеркулов, Б.Мадазимов ж.б. чектен-чекке которулуп чертүү стилинде жараткан жана черткен күүлөрдүн дээрлик бардыгында мына ушул буроону колдонушканын көрсөтүү жетиштүү.

Биздин колдо болгон маалыматтар, даректүү эскерүүлөр, өзгөчө улуу акындын комузчулуктагы мурасы, комуз чертүү өнөрүндөгү ХХ кылымдын башында калыптанган үчүнчү чертүү стили-чекке такалбай эркин чертүү стилинин негиздөөчүсү экендигин айгинелейт. Ал чыгарма, же тактап айтканда ал аткарган өзбек эл ыры “Лүлү Мамажан”. Анткени 1904-1907-жылдар арасында Мулла Туйчи Ташмухамедов Москвада өзүнүн аткаруусунда көптөгөн чыгармаларды граммофондук табактарга жаздырганы маалым.

Ал эми аталган варианттардын ичинен окуянын деталдарынын тактыгы, таамайлыгы, окуучуну кадиксыз ынандыра алганы атактуу Алымкул төкмөнүн эскерүүсү. Анткени анын катышуучуларынын сырткы көрүнүшү, жүрүм-туруму, сүйлөгөн сөздөрү, мамилелери өтө реалдуу сүрөттөлгөн. Өзгөчө Токтогул “Чайкама”, “Селкинчек” сыяктуу чыгармаларын аткарып, анан алардын бирин М.Т.Ташмухамедовдун кайталап берүүсүн суранганда атактуу хафиздин “Кыргыздын күүсү биздин дутарга кемайди” – деген жообун уккан чайканадагы өзбектердин “Кыргыз аканын күүсү биздин дутарга кемас экан”- деп супсуну сууй, ындыны өчө түшкөнүн сүрөттөгөн эпизод өтө элестүү берилген.

Жыйынтыктап айтканда Токтогул, биринчиден, өзүнөн мурунку комузчулардын өнөрүндө жүзөгө ашырылган бир чектен жылбай чертүү стилинин көркөмдүгүн эң жогорку деңгээлге көтөрүүгө өзүнүн баа жеткис салымын кошо алган. Ал гана эмес, ал стилдин таасир берүү күчүн күчөткөн, мазмунун тереңдеткен, көркөмдүк каражаттарын байыт­кан, аткаруучулук ыкмаларын өр­күндөткөн. Алар аспаптык музыка менен поэтикалык текстти бийик деңгээлде синтездештирүү жана аспаптык коштоонун кайрыктарын аваздык чыгарманын негизги обонун жөн эле кайталабай, ага өз алдынча түрдөнткөн полифониялык мүнөз берүү. Бул багыт ырчылык өнөрдө сакталып, өзгөчө М.Өмүрканова Б.Эгинчиевдин “Алымканын” аткарууда чеберчилик менен колдонгон жана А.Жумабаевдин аткаруусунда улантылган.

Улуу акындын, комузчулук өнөрүнүн экинчи бийик далили-комузда чектен-чекке которулуп (жылып) чертүү стилинин негиздөөчүсү экендиги.

Токтогулдун аспаптык өнөрдөгү үчүнчү салымы, комузчулуктагы үчүнчү аткаруучулук стилдин – чертүү чектерине токтолбой эркин чертүүнүн башатында туруп, андай аткаруучулук стилдин мүмкүн экендигин далилдеши. Бул салымдын баа­сын баамдоо, маанисине түшүнүү үчүн Европанын кесиптик аткаруучулугундагы өтө кеңири тараган факт­ка токтололу. Белгилүү болгондой, Европанын XVII кылымдагы скрипкадагы аткаруучулугунда жаралган чыгармалардын бардыгы бир чектен жылбай ойнолуучу чыгармалар. Анткени кайра жаралуу доорунда кеңири тарала баштаган жана өзүнөн мурун кеңири колдонулган беренелүү виола да-браччо, виола да-гамба сыяктуу тартма кылдуу “туугандарын” сүрүп чыккан беренесиз скрипкада ойноо ыкмасы комуздагы сыяктуу эле добуш алуудагы интонациялык тазалык, тактык кыйынчылыгына дуушар болгон. Европанын скрипкада аткаруучулук өнөрү аны алгач бир чектен жылбай ойноо (XVII к.), андан кийин тепкичтен – тепкичке көтөрүлүп ойноо (XVIII к.) аркылуу чечүүгө аракеттенген. Ал эми аспаптын бардык добуш сис­темасын эркин колдонуп ойноону XIX кылымда гана атактуу Н.Па­ганини ишке ашырган.

Биздин терең ишенимибизде кыргыздын комузчулук өнөрүнүн келечеги мына ушул чертүү чектерине такалбай эркин чертүү стили менен өркүндөп-өсөт жана түбөлүк сакталат. Демек, башкасы болбогон күндө да Токтогулдун ысымы комузчулук өнөрүбүз менен тыгыз байланышта, ажырагыс биримдикте жана аны менен түбөлүк жашай бермекчи.

Сагыналы СУБАНАЛИЕВ, музыка таануучу,
РФ коомдук сыйлыктар боюнча Улуттук комитетинин
М.В.Ломоносов атындагы алтын медалынын ээси,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер,
көркөм өнөр таануу илиминин кандидаты, профессор,
«Кыргыз туусу», 14.10.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий