Жашоо сабактары

«Бакдѳѳлѳт» коомунун «Жашоо сабактарынан»

Жашоодо эки түрдүү сабак болот

Биринчи сабак – адамга адам үйрѳткѳн сабак. Бул: тарбия, окуу, сѳз, жашоо (ата-эненин жашоосу, сѳзү, мамилеси, чѳйрѳ, маданият, мурас, таалим, д.у.с.)

Экинчи сабак – адамдын ѳмүрүндѳ чоң таасир берген окуя (сырдуу окуя, ѳлүп-тирилүү окуясы да болушу мүмкүн). Ошондон улам адамдын жашоосу ѳзгѳрѳт (ой-толгоосу, багыты, баасы).

Экинчи түрдѳгү жашоо сабагы ѳтѳ олуттуу негизди камтыйт. Бул олуттуу негиз кѳп учурда адамга түшүнүксүз, аялуу сезим. Мындай учурга кабылганда адамдардын ѳзгѳрүүсү ѳтѳ тез жана кубаттуу болуп, адамдын аң-сезими ѳзгѳчѳ нук менен башкарылат. Ѳзгѳчѳ күч адамга таасир берет, ѳзгѳртѳт, ѳрнѳк сѳз же кыймыл башкарат.

Адамдын кубаты ал зор күчтүн кубатына баш ийет. Ѳзгѳчѳ алкакка бѳлѳнѳт. Ошол кубаттын таасири менен адам ѳзгѳрѳт. Бул кубат жандуу же ээлүү. Ээсине жараша ѳзгѳрүү болот. Мындай таасирге учураган адам ѳтѳ сейрек. Бул таасир кѳпчүлүк учурда адамдын жашоосунда бир эле жолу болот. Ошол таасирдин кубаты адамдын ѳмүрү ѳткѳнчѳ таасир бере алат. Жашоонун ыргагы менен олуттуу окуяга кабылган адам – мѳѳрлүү адам.

Адамда болгон бийиктик

Адамда эки бийиктик бар

Биринчи бийиктик – бул сый: ѳмүргѳ, ѳлүмгѳ, жашоого, жакынга, алыска, тазага, бийикке, кубатка, алсызга, беленге.

Экинчи бийиктик – бул кечиримдүүлүк: адамга, шартка, жагдайга, жаңылганга, алдаганга, уурдаганга ж.б. айтылбаган мүнѳздѳргѳ.

Кечирилбей турган жоруктар:

а) кулчулук: мансапка, бийликке, жаман адатка (мисалы, наркомания ж.б.).
б) абийирсиздик: сойкулук, мыкаачылык.

Сыйдан адам кетип жатат. Сыйда ѳтѳ чоң тереңдик жатат.

Ѳмүргѳ сый: кээ бирде адамдар ѳмүрдү сыйлабай коёт. Мисалы: бир эле чѳйрѳдѳ жашаган адамдардын арасында бийиктеп кеткен адамдар башканын же карапайым адамдардын жашоосун сыйлабай калат.

Мисалы, Кытайда паспорту жок адамдар адам катарынан чыккан болот. Ѳлсѳ эч кимдин иши жок. Себеби, ал мыйзамсыз деп эсептешет.

Ѳлүмгѳ сый – ѳлгѳн адам кандай адам болсо да ага сый кѳрсѳтүш керек.

Жашоого сый – кээ бир адамдар жашоодо кемирээк болуп калса, аларга менменсинбеш керек.

Тазага сый – асылга сый.

Мисалы: асыл айгырга жѳнѳкѳй бээни кошпош керек. Таза турган нерсени атайылап булгабаш керек.

Бийикке сый – бийик сезимдерге сый. Улуу, сырдуу сезимдерге сый.

Мисалы: тоонун бийиктигин да сыйлаш керек, кесир кылбаш керек. Эки жаштын сүйүүсүн да сыйлаш керек экен бай-кедей дебей.

Кубатка сый – жеке эле адамдардын кубаты эмес, чоң агын суунун кубаттуулугу сыяктуу нерселерди сыйлоо. Күндүн күркүрѳгѳнү да чоң кубат. Чоң сууну багынтам десең да кѳкүрѳк менен сый болуп, кечирим сурап, анан аны бурса болот.

Алсызга сый – алсызсың деп сыйлабай коюу болбойт (жан-жаныбар, дегеле жашоодогу алсыздарга).

Беленге сый – беленди да баала.

Мунун баарын сезим-акыл менен сыйлоо керек.

Ардактуу жашоонун белгиси

Адамдын ыргагы 3 түргѳ бѳлүнѳт:

1.Нааразылык

2.Шүгүрчүлүк

3.Ыраазычылык

Шүгүрчүлүк келтирген адамдын жашоосу бирде ѳйдѳ, бирде ылдый болот.

Ыраазычылык келтирген адамдын жашоосу тѳмѳндѳн бийиктеп кетет. Ыраазычылык келтирген адамдын тѳмѳндѳ турган жашоосу создукса да аркасынан сѳзсүз түрдѳ бийиктѳѳ, эс алуу, ѳргүү келет.

Эмне үчүн ѳргүү болуп турат?

Ѳргүүдѳ адам жайлап күч топтоп, кайра жаңы бийиктикке бет алат.

Ѳргүүнүн мѳѳнѳтү бирде узун, бирде кыска. Мѳѳнѳт ѳзгѳчѳ себептерге байланыштуу.

Ыраазы болгон адамдын ыргагы кубаттуу, күчтүү.

Нааразы болгон адамдын ыргагы ортодон тѳмѳн.

Шүгүрчүлүк келтирген адамдын ыргагы ортодон жогору жана күчтүү (кубаттууга жетпейт).

Ыраазычылыктагы адам кѳп нерсеге ыраазы, азга нааразы.

Шүгүрчүлүктѳгү адам кѳп нерсеге ыраазы жана ошондой эле кѳп нерсеге нааразы.

Нааразычылыкта турган адам кѳпкѳ нааразы, ѳтѳ азга ыраазы.

Мисалы, нааразычылыкта турган үч башка адамга бирдей эле учурда жардам берсе:

1.Ыраазычылыкта турган аябай ыраазы

2.Шүгүрчүлүктѳ жалпысынан ыраазы

3.Нааразычылыкта турганы кѳп эле бербейт беле дейт.

Эгер табылга тапса кѳчѳдѳн:

1.Нааразычылыктагы – алымсынбайт

2.Шүгүрчүлүктѳгү – ушуга да шүгүр

3.Ыраазычылыктагы – аябай ыраазы.

Ошентип, ыраазычылыкта турган адам ѳзүнүн ыргагы менен, ыраазычылыгы менен кѳп жакшы нерсени ѳзүнѳ буйуртат: жакшы мамилени, Кудайдын жакшы белектерин, Кудайдын мээримин жана сүйүүсүн.

Ыраазы болгон адамга жардам берген адам дагы деле бере берет экен.

Ар бир адам ѳзүнѳ, ѳзүнүн калпыстыгына кичине болсо да нааразы болсо, ѳзүн кичирейтип коет экен, энергетикалык жактан.

Ѳзүнѳ ыраазы болуп турса чоңоюп турат. Ѳзүнүкү ѳзүнѳ катуу тийет (нааразычылык).

«Мен эмкиде кайталабайын» деп Кудайдан суранып коюш керек. Ѳзүн-ѳзү жебеш керек. Балдарга карата: мен силерден ушуну күттүм эле деп ѳзүнүн таарынычын мээрим, сүйүү менен  айтыш керек. Мээрим менен сүйлѳп жатканда дооматы жок айтыш керек.  Ымыркай кандай ыйлаак, чыр болсо деле эне чыдап, мээрим менен эле карап бага берет эмеспи. Бала чоңойгондо эне менен баланын ортосунда ажырым болуп баштаганда – баягы мээримди эстеп, ошол мээрим менен түшүндүрүш керек нааразычылыкты.

Акылдуу балага кыраакы ата же эне керек.

Ыраазычылык – жүрѳктѳн айтылган, алкыш болсо ооз учу менен айтылган сѳз.

 

Сүйүү керек адамга

Сѳздүн таасирин билемин деп,
Сѳзгѳ маанини беремин деп,
Акыл калчап ар бир сѳзгѳ
Тереңди таанып жашаймын деп,
Ѳз ордумду табамын деп,
Жашоонун нугун кармаймын деп,
Сабак алган адамдарга,
Кенендикти Таанытамын,
Ак сѳзүмдү Таанытамын,
Чара кѳрүп жаманга сен
Алкоо алып жашагын Дейм.
Мезгил берет кѳп сабакты,
Мезгил берет кѳп талапты,
Мезгил тагат чоң канаты,
Алып учкун ѳзүңдү сен.
Тааныгының ѳзүңдү сен,
Баалагының ѳзүңдү сен,
Кулач жайгын акылга сен.

«Эмне кымбат адамга?» деп,
Суроо салат кѳп адамдар.
Жоопту Берем мындайча Мен:
Акыл кымбат адамга,
Жашоо кымбат адамга,
Мезгил кымбат адамга,
Сүйүү кымбат адамга,
Мээрим кымбат адамга.
Эмне керек адамга?
Сезим керек адамга,
Мээнет керек адамга,
Сүйүү керек адамга.
Эмнеге зар кѳп адам?
Мээримге зар кѳп адам,
Сүйүүгѳ зар кѳп адам.
Эмне кылам эми деп,
Айласын таппай турганда
Мен айтамын адамга
Кечиргиниң баарын деп,
Ак жазууну алгын деп.
Ал жазууда сүйүү бар,
Ал жазууда мээрим бар,
Ал жазууда акыл бар.
Акылга кантип жетем деп,
Тишим кантип ѳтѳт деп,
Суроо салса эгерде
Жоопту Берем Мен мындай:
Сүйүүгѳ жетсең сен эгер
Акыл берет ар бир сап.
Мээримге жетсең сен эгер
Акыл берет түрмѳк сап.

 

Тууралыкты тапкан адам

ЖАШООНУН ТУУРАЛЫГЫН ТАПКАН АДАМ – БУЛ:

Жашоодо ѳз деңгээлин билген адам

Кубатты, тууралыкты тааный турган

Мезгилдин тереңдигин билип турган

Кызматты орду менен кылып турган

Ѳкүнбѳй кем-карчын да билип турган

Сѳзгѳ так маани берип угуп турган

Сѳздѳрдѳн акыл-насаат алып турган

Акылды башкаларга жайып турган

Мезгилдин сынактарын таанып турган

Акылды, жарыкты да баалап турган.

 

Адамдын сѳзү

Адамдын сѳзү кубатка ээ.

Пенденин сѳзү күчтүү.

Акылды топтогон адам үчүн ар бир сѳздүн орду, учуру, жарыгы болот.

Сѳз терген адам үчүн ар бир сѳздүн ырааты бар (мисалы, тѳкмѳлѳр).

Жашоонун тереңин изилдеген адам үчүн сѳздүн ырааты менен кубаты чоң мааниге ээ.

Тиленген адам үчүн сѳздүн салмагы жана орду маанилүү.

Ыйлаган же кубанган адам  үчүн сѳздүн ыргагы маанилүү.

Үмүттүү адам үчүн  сѳздүн туурасы маанилүү.

Боздогон адам үчүн сѳз маанисиз. Ага сезим маанилүү.

Ыйлаган адам үчүн ыргак маанилүү – кошок.

Үмүттүү адам үчүн – болобу-жокпу туурасы керек.

Кубанган адам үчүн сѳздүн ыргагы маанилүү – бийик, кубанычтуу.

Адам ойлонсо да туура сѳз менен ойлонсун.

 

Сѳздүн салмагы

Сѳздүн салмагын ар бир адам таанысын. Сѳздүн күчү кѳп адамга сезилбейт. Сѳздүн күчүн билген адам сѳзгѳ чоң маани берип сүйлѳйт.

Сѳздүн кубатына жеткен адам маанисиз сѳздү укпайт. Тереңдикти башка адамга таанытат, сѳздү таанытат, сѳздүн тереңин ачат.

Адам сѳзгѳ маани берип, ѳзүн кемиткен сѳздѳн арылышы керек. Сѳздүн күчүн эстеп, туура сѳздү таап сүйлѳш керек.

«Мен унутчаакмын, мен оорукчанмын, менин акчам жок, менин акылым жетпейт, күчүм жетпейт» ж.б.у.с. сѳздѳрдѳн арылгыла, сѳздүн күчүн билгиле.

«Баары жакшы болот. Мен бийикмин, тереңмин, сулуумун, кубаттуумун». Ушул сымал сѳздѳрдү кѳп айткыла.

Деңгээл ѳскѳн сайын – сѳз күчтүү. Ошону билип туруп ѳзүңѳрдүн деңгээлиңерди түшүрүп албагыла.

Ал эми, менин сѳзүм кубаттуу деп пастыкка, туура эместикке барган адамдын деңгээли түшѳт.

Бийикти таанып, аны баалагыла.

Алганыңар кут болсун
Деңгээлиңер бийик болсун
Жүрѳгүңѳр таза болсун
Ырыскыңар кут болсун
Демиңер сак болсун
Акылыңар тунук болсун
Жашооңор бермет болсун
Жашооңордо ак жаан кѳп болсун
Мѳлтүр булак дайым болсун
Шаңдуу күндѳр жандап турсун
Ырыскыңар мол болсун
Багытыңар туура болсун
Сапарыңар байсалдуу болсун
Оомийин!

«Бакдѳѳлѳт» коомунун байланышуу телефондору: 0771 144-820; 0552 853-555

«Көк асаба», 23.11.2013-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий