Нурзат Мокенова

Ырлар

 

* * *

А сен курбум сезбе мени күнөөлүү,
Муңун сездим, жогун көрдүм дүйнөнүн.
Жашап келген тирүүдөй күн кечирип,
Жашоо жолун жектеп анан күйгөмүн.

Жаша курбум, күндүн бүтөт эртеңи,
Жалбыракты коргойт жаздын көктөмү.
Жашып турган жазды гана көрөм мен,
Жалбырактын бүтүп жашоо өлчөмү.

Жаша курбум, жандап басып сүйгөнүң,
Жароокерим тоо жаңыртат күлгөнүң.
Сен каткырган ушул улуу тоолордо,
Сырын катат күлбөй калган күндөрүм.

Жаша курбум гүлгө ороп баардыгын,
Жашаш үчүн кең кыласың тардыгын,
Сени коштоп күлбөй койсом кечиргин,
Мен болгону, мен күлкүгө жардымын.

 

* * *

Адамсың да, а мүнөзүң кебездей,
Жаман айтсаң, аның деле куру сөз.
Катуулугуң кээ учурда керектей,
А дилиңде оргуп турат жылуу сөз.

Жүрөгүңдү толук ачпас адамсың,
Тилиң айтса, дилиң айтпайт жаман сөз.
Дүйнөң таза, а билбеске жамансың,
Билем, бирок, дилиңде жок арам сөз.

Адамдыктын бир кымбаты кечирим,
Керсейесиң кечиримди сурабай.
Кечиримди сурабаган кечигүүң
куру намыс! Жүрөк эчак сураган.

Ушакчыбы? Көралбаспы? Душманбы?
Жүрөктөрүн карап көрчү?! Башкача .
Сенин деле сыртың айтат ызаңды,
А дилиңде адамга ойуң тап- таза.

 

* * *

Элес- булас жаңырыгы күлкүмдүн,
Эзип кетти, алып кетти тынчымды.
Сени такыр сүйбөгөндөй көрүнгөн,
Сезимдерим болот болуп курчуду.

Сен башкасың, азыр такыр башкасың,
Сен мен үчүн кол жетпеген аскасың.
Күлгөнүмдү баалабаган экемин,
Күлкүм дагы, сен да эски жактасың.

Мендик болсоң баалабасмын баркыңды,
Мендик болсоң карабасмын артымды.
Башканыкы болгон үчүн, жүрөгүм
Бакытым деп бөтөн жүктү артынды.

 

 

* * *

Жалгыз аяк. Жалгыз жолдо келесиң,
Жалгыз жолдун көзгө сүртүп элесин.
Айдап келгин толкундарга кошулуп,
Артта калган кубанычтын кемесин.

Түнү чыгып күндүз көлгө жашынып,
Түмөн түмөн сырлар улам катылып
Асманда ай чөгүп деле кеткен жок,
Ааламды бүт кучагына батырып.

Жалбырактар жерге түшсө бириндеп,
Жалдырашат бирок сага тигилбейт.
Күзүм дагы кыш чакырат жол берип,
Күздүн муңу кар алдында билинбейт.

Аалам сулуу, көркөмүнө жалынгын,
Арман болгон сан оюңдан арылгын.
Сен дүйнөдө бакыт чачып адамга,
Сен адамга бакыт болуп табылгын!

 

* * *

Неге келдиң, неге мени арбадың,
Неге сага жакты экен арманым.
Арманымдан арылттың да а бирок,
Арманымда билбей калдың калганың!

Көз жаштарым дале таза сен үчүн,
Көрбө мейли күйүт болсун мен үчүн.
Өзүм тартып акыр бир күн бүтөмүн,
Өзүм үчүн сезимдердин кейишин.

Көөдөн сыздап, көңүл ыйлап бир туруп,
Көмүскөөдө кала бердим унтулуп.
Унутулсам, унутуулар кыйындай,
Унуталбай келет күндөр тумчугуп.

Аябадың, айай мени албадың,
Арзуумду же сендей болуп танбадым.
Улуу оттой күйүп кетсең башкага,
Бүлбүлдөдүм сендей күйө албадым.

 

* * *

Камалып темир торго,
Кармалдым качсам дагы.
Көп күндү тартып шорго,
Көп күндү катсам дагы.

Жымжырт үй. Жымжырт бөлмө,
Жылдардан келген жаза.
Бул тордон мени көрбө,
Бул торсуз өмүр таза.

Сан жылдар күнөөлөбө,
Сен үчүн абактамын.
Суралган бирөө дебе,
Сыздатып жараттарым.

 

* * *

Капа болбо, капа болбо жан досум,
Капалыктын эзүүсүнө эзилбе.
Эртең «мезгил» болот сенин коргоочуң,
Бүгүн «мезгил» душманыңдай сезилсе.

Жанга жагым жайдын июнь кечтери —
Жалдыратып турса сени не дейин.
Жашоодогу эш тутканың «эскерүү,»
Айоого да күч жетпесе, нетейин.

«Сүйүү» сөзүн аял көксөп күн-түнү,
а эркектер тажагандай айтуудан,
тажап кетет билсең досум бир күнү,
кайгың деле тажайт ушул кайгыдан.

Жек көрүнгөн жайдын июнь кечтери,
жыл айланып сүйүү берет, дем берет.
Жүрөгүңдө «ыйлап» турган эскерүү,
Жыл айланып жылмайууда эстелет.

 

 

* * *

Кетем, — дейсиң көңүлүмдү суз кылып,
Кетем, — дейсиң өмүрүмдү күз кылып.
Кетсең кеткин, бирок сүйүү өчпөйт да,
Кемибейт да тура берет жүз кылым.

Сен узасаң узайттырсың бир жандан,
Себелеген өткүн болуп бир таңдан.
Айыбың жок, сени сүйүү жектебейт,
А көп болсо калат менде бир арман.

Канча сүйүү сага жолдон кабылат,
Канча күндөр жаңы сүйүү табылат.
Сен бир кезде сезимдерди жоктосоң,
Сен үчүн тээ эски ырлар жаңырат.

Жолу кайчы, менин көргөн жолоочум,
Жолоочудай көп кишиге болоорсуң.
Кайра- кайра жуула берген чаң басса,
Кайдагы бир кездемедей оңоорсуң!

Дал ошондо, сезсең сездиң сезимди,
Дал азыркы ыйлап турган кезимди.
Таш боор болсоң, сен таш боорсуң, анда да,
Таштан эмес эт- жүрөгүм кечирди.

 

* * *

Сыры көп, муңдуу обон терип создуң,
Сыр укпай кетээримде мени тостуң.
Жан дүйнөң ансыз деле жаралуудур,
Жаныңа дагы бир муң неге коштуң!

Өткөндү, өксүгүңдү кайрып баарын,
Өмүрдүн муңга толду кайрыктары.
Барагын жоготсоң да өткөнүңдүн,
Барактын калгандыр ээ айрыктары.

Базарды араласаң үнүң созуп,
Баратат алсыз жанга күйүт кошуп.
Бир кезде тилек кылып чоң максатты,
Бирөөнү жүрдүң бекен сүйүп тосуп.

Ырдасаң ыйлагым эх келип менин,
Ыйымды насип кылып терип жедиң.
Сен узап кеткичекти акча жыйнап,
Сенин мен жыйнап кеттим кейиштериң.

 

 

* * *

Жүрөккө жакын, мага чоочун адам,
Жүгөнсүз кармап алып чоочулаба.
Сен мени узун жолдон бекер көрдүң,
Соо киши издеп жүрсөм оорубаган.

Меничи, бекер тостуң ушул жолдон,
Мен үчүн узун жолдор кутум болгон.
Кайрыба, кайрый көрбө кан жолумдан,
Караан бол андан көрө үмүт толгон.

Айрыба, айрый көрбө үмүтүмдөн,
Айыпсыз адам издейм үзүлүүдөн.
Сенин да көрөм бир күн ооруганың,
Соо киши а мен күтөм кезигүүдөн.

Жолумдан да бир тааныш боло көрбө,
Жолоочу суу сураган, кошо келбе.
Жалгыздап чыгып кеткен үмүт жолдун,
Жарыгын ыраа көрбөй тосо көрбө.

Жол узун, кыйбай өмүр өткүчөктү,
Жолумдан соо кишиге жеткичекти,
Жөн гана жолоочудай жолум улайм,
Жол менен, менден узап кеткичекти.

 

 

* * *

Үйүм неге томсоргонуң тарабай,
Энекесин жоготкон жаш баладай.
Сенде жашап жүргөн ошол адамдар,
Кетти таштап үйүн дагы карабай.

Үйүм неге жарыктыгың караңгы?
Караңгыдан мен да бир күн жанамбы?
Сени дайым бапестеген адамды,
Жер алдынан бир күндөрү табамбы?

Үйүм бүгүн муздактыгың туюлуп,
Үшкүрүктөн жоготкон күү угулуп.
Чыгып кеттим мен да таштап үйүмдү,
Сынып кеткен сан ойлордон буйугуп.

Кайтып келем сага кайта бир кезде,
Качандыр бир жакындыкты сезгенде.
Кечирип тур? Күткүн мени күн- түнү,
Келем, ишен! Дүйнөмө Жаз келгенде…

 

* * *

Менден такыр бөлөкчөсүң «Жан дүйнөм,»
Мээрим төгүп сен сүйгөндү мен сүйбөйм.
Өкүндүргөн өксүк турат өзүңдө,
Өксүгүңдү билгим келбейт… Мен билбейм!!

Мен сезбеймин жамгыр болуп тамаарың,
Мезгил менен билем күндөй жанаарым.
Сен ыйласаң ыйлай бергин буулугуп,
Санаалардан ошол сенин табаарың!

А мен жүрөм күлүп күндө төгүлүп,
Аалам бүтпөйт, сүйүп кетем чөмүлүп.
Курбу болсоң эгер чындап жан дүйнөм,
Кетпе менден санааларга бөлүнүп.

Эгер кетсең эч ким ойлоп сагынбайт,
Эзелкидей үмүт отуң жагылбайт.
Андан көрө мени менен бир болгун,
Ансыз деле башка жолуң табылбайт.

 

* * *

Жол басып… Ойлор качып… Унут калып,
Жолумдан неге чыктың бүлүк салып?
Азабың, сага жетип тарткычакты,
Алыстан сүйгөн жакшы үмүт тагып.

Жүрөктөн орун берип төргө каттым,
Жүзүмдөн жаш куюлган оору таптым.
Мен сени таппай туруп жоготконум,
Мен үчүн ошол жакшы, ошол бактым.

Жан дүйнөм эркин куштай учуп барат,
Жер бетин көрбөй келем булут тарап.
Сен менсиз жер бетинде жашай бергин,
Сезимдер сенден кечкен унуткарат!

 

* * *

Өкүнүч өткөн күндө арбын экен,
Өкүнтпөс күндөр кайда калды экен?
Сүйүү да өчүп калган жарык сымал,
Анда не бир кездерде жанды экен.

Билемин, жалгыздык да, сүйүү бүтөт,
Буулуккан жашоомун да күнү бүтөт.
Караңгы курчап турган айланама
Күн чыгат, түнүмдүн да түнү бүтөт.

Ойумда кайрып алып ай- жылдарды,
Өкүнткөн ойлоруман жанчыламын.
Мен бүгүн «адам» болуп кетет элем,
Кечээги күндөрүмдөн тартынамын.

 

* * *

Үмүт, үмүтүм мени таштаба,
Муунуп араңдан турсам жашка да.
Азап кайгынын баарын алып кет,
Адам баспаган бийик аскага.

Үмүт, үмүтүм шамыңды жандыр,
Унута көрбө катарда бармын.
Мен үчүн азыр тамыз жарыгың,
Шамыңды күткөн дагы бир жанмын.

Үмүт, үмүтүм кетпей улангын,
Катар саптардай бүгүн куралгын.
Өчө көрбөгүн, өчпөчү үмүтүм,
Жолум да узак, жолум улаймын.

 

* * *

Жашыл Жазым,
Мен кайрадан туулдум,
Жүрөгүмдөн алыс кетти бүгүн муң.
Жазым бүгүн жан дүйнөмдү тазалап,
Жамгырыңа келип турат жуунгум.

Жашыл Жазым,
Сага чейин кыш көрдүм,
Жүрөгүмө тоңуп калган муз көрдүм.
Кубат алып көктөмүңөн, шаңыңан,
Мен бактылуу болуп бүгүн өзгөрдүм.

 

* * *

Күнөөм ушул — бар болгону сезимим,
Күнөөсү бул бактылуу бир кезимин.
Сүйсөм сүйдүм, менин жашоом меники,
Сенсиз билсең, мен сүйүүдөн кемидим.

Жыйнай албай бар оюмду чачылган,
Жолугууга барам болуп чагылган….
Сен тарапты карай берип көз талып,
Сен тарапка сүйүүм барат агылган.

Өзүмдү-өзүм азап болуп жеңмегим,
Өрткө түштүм элес-булас эртеңим.
Жолукпасам ушул жаздын ичинде,
Жолугамын чуркап өтүп жер теңин.

 

* * *

Жаз келип, булбул бутакта сайрап,
Жоогазын өсөт, гүл ачат жайнап.
Жалындуу кездер Жазыңда калсын,
Жазыңды күзгө жаңылба байлап…

Ээ бербей улам мезгилдер жылат,
Ээленген сезим бар-жогун туят…
Жаз менен кошо качанкы муздар,
Жүрөктөн неге ээрибей турат?…

 

* * *

Мендеги Мен болуп мага душман,
Мендеги, Мен жеңилбей тең урушкан.
Кармашып өзүмдөгү башка менен,
Келатып жеңилдимби бурулуштан…

Көмүскө санаа менен күрөшкөндө,
көрүнбөс ойлор жашап бир өткөндө,
мендеги башка менди алып таштап,
Мелмилдеп суудай аккым келет күндө.

Ал үчүн мендигимди алыс таштап,
Аялуу бар дүйнөмдү жамап- жаскап.
Кайрадан мен болуп төрөлүүгө…
Келейин кайра баштан жолум баштап.

 

 

 

* * *

Мен дубалды, дубал мени угат жай,
Кирбейм үйгө ал-жайымды сурашпай.
Сырым ачып төгүлсөм да тең коюп,
Сыртын салып эрип кетпей турат ай.

Муздагыңды сезем сенин сырдашым,
Муңум айтсам мөңгү болгон муңдашым.
Эрип кетпей кардай болуп тоголок,
Эзилтесиң эрки бекем тыңдашым.

Муздактыгы, укпастыгы ченем жок,
Мээлүүн жели жылытчудай денем чок.
Даба болчу дарысы бар, муңу бар,
Дубалдар бар, ошого да келем ток.

 

* * *

Өмүр мага, кымбат болгон тон эмес,
Муктаждыкта таап алган сом эмес.
Топуракка айланаарым чын болсо,
Жашоону да барктаганым… кур элес.

Өмүр мага, кабат-кабат үй эмес,
Өчпөй жанган асмандагы күн эмес.
Өлөөрлүгүм төрт мезгилдей чын болсо,
Байлыгыңдын кереги эмне… жок элес.

Эгер турса өмүрлөргө кеч кирбей,
Кайдан болмок өлгөндөрдү эскермей.
Жалгандыгын сезип ушул өмүрдүн,
Жашайлычы, жашоочудай беш күндөй.

 

Котормолор

Белла Ахмадулинадан

* * *

Билем, билем, бир идиштен,
Вино ичпейбиз, суу дагы.
Ойготпоймун таң эртеңден,
Сен жыттанбайт үй дагы.

Сен күн менен, мен ай менен
дем алсак да ар башка
Бирок, ушул
сүйүү менен,
Тирүүбүз биз шул тапта.

 

* * *

Таштай болгон катуу сөздөр,
Көкүрөккө кулады.
Эртең мунун баарын жеңем
Жеңем эптеп буларды.

Жайдын ушул, жай күндөрү,
Билем майрам силерге.
Кара басып кай түндөмүн,
Кайдан келди түн эрте…

Сыртта жарык, күн күлүңдөйт,
А мен үйдө… Үйүм ээн.
Сыртым сырдуу, эч билинбейт,
А ичим от күйүнгөн.

Бүгүн, ооба, убактым бар,
Көмүш керек кайгыны.
Үмүтүмдү улаштырам,
Көрүш үчүн ай жылды.

Соц тармактар:

Нурзат Мокенова: 2 комментария

  • 19.10.2014 в 14:20
    Permalink

    Ырларың жакшы жазылган. Баракелде! Ушудан тайба. Сага оомат тилеймин!

    Ответ
  • 27.10.2014 в 10:36
    Permalink

    Аий Нурзат, ырларың сонун турбайбы. ФБтан окуганда анча байкачу эмес экем.

    Ответ

Добавить комментарий