Жыпар Исабаева. «Сыр»

(аңгеме)

Базардын чекесиндеги дү¬көндө таң заарда жумуш ушинтип башталды… Жашы али отузга толуп толо элек, а бирок, канчадан бери жуумак түгүл тарак тийбей, жедеп түйдөк болуп калган чачын ак басып, арак менен ысык-суукка өңү каракөк тартып, эриндери кеберсиген жапжаш келин баш бакты.
Көздөрүн жалдыратып, жалооруй кирип келаткан келинди көрүп эле дүкөнчү: “Дагы келатасыңбы?! Көзүмө көрүнбөй жоголчу!..” дегендей эриндерин кымтылана кыжыры келип, акшыя карады. Аны түшүнө койгон келин ансайын жалдырай тиктеп, ошол келаткан жеринде токтоп калды да, ооз учунан акырын аста айтты:
– Жүз эле? …
– Жогол!!!- ансыз да алда неге туталанып отурган аял анын андан аркы сөзүн айттырбай түшүнүп, ого бетер итатайы тутула энтигип кетти:
– Жогол деп атам-м!!!
– Суранам, эжеке?!- үмүт¬үн үзгүсү келбегендей эми келиндин үнү жанагыдан бийигирээк, анан ый аралаш чыкты:
– Суранып атам го?!.
– Ооба, сенин суранганыңа эле бияктагылар зар болуп, муктаж болуп атат дейт! Арам какмар! Таң атпай келип алып нервди бузган көрүмчүдөй болгон шүмшүк! Жок дегенде ырымга бир-эки соо киши киргенден кийин кирбейт белең! Жамандыктын белгисиндей болбой!!!
Кептин чоо жайын түшүн¬гөн келин “ырымга бир-эки киши кире калса экен” дегендей артына кылчактай, айнектин тушунан ары-бери өткөндөргө карады.
– Бар, чыга тур!
Экөө бири-бирин түшүн¬гөн¬дөй болушту.
Келин сыртка чыгып, бирок, так эшиктин түбүнө эки тизесин кучактап отуруп алды.
– Болду, ушуну ичем да, экинчи ичпейм!- деди ал өзүнө-өзү. – Ушул жүз грамм арак үчүн ушинтип!..- чыны менен эле ызаланды, өпкө өпкөсүнө батпай эки ийнин солкулдата, ары-бери өткөн¬дөрдөн жазганбай этпей эле көкүрөгүн тиреп, тээп турган көптөн берки бугун төгүп, анын үстүнө аракка болгон табити жанын сууруп алчудай кыйнап, букулдап ыйлады.
Дүкөнчү аялга анын так эшиктин алдында отурганы жаккан жок. Бирок, жакшы эле тилдейин деп эшикти “шарак” ачып чыккан менен абалкыдай калп өкүрбөй, тигинин соо адамдай “солк-солк” этип ыйлап отур¬ганын көрүп, эмнегедир жумшарды. Түтпөй кетти. “Анан ушунуку жакшыбы?” оюнда ушинтти. Башында аласасы барчылап эле догурунуп атып ичип кетчү. Жакшы эле бербейин дейт эле, бирок, өкүрүп-бакырып ыйлап, турган ордунан чал¬касынан, көмкөрөсү¬нөн кулап, жер тырмалап озондойт эле.
– Апей, бечераны мынча эмне кыйнадыңыз?- дейт бир жолу дайыма соода кылуучу жакшынакай жигит. – Жакыныңыз чыгаар?
– Каяктагы жакын?! Кайнасам каным кошулбайт!- деп секирип кеткеничи!
Ошондон кийин чындап эле элден уялчу болгон. Бир күнү анан милицияга салып берген муну. Бирок, көпкө чейин жүрөгү ооруп жүр¬бөдүбү. Ошондон бери келбей жү¬рүп пайда болуп атканы бүгүн!
– Эмне ыйлайсың?- ушинтти аял.
Тигил келин анын жумшак мамилесине ишенбей аткандай, бирок, ыйын токтотту да, тизесин кучактаган боюнча кыймылсыз дымып калып, аздан соң акырын башын кө¬төр¬дү. Аялдардын бири аяп, экинчиси аны туюп эреркеп карады.
– Тур!- деди дүкөнчү аял. Атүгүл, колун сунду.
Тигил шашып калды. Шашкалактап колун узатып алып, дүкөнчүнүн апакай колдоруна колдору тийээрде, колун тартып алып, каякка катаарын билбегендей кайпактай түштү. Көптөн бери уяла элек болчу… Анын эмнеге анткенин түшүнгөн дүкөнчү:
– Жүрү,- деди да, ичкери кирип кет¬ти. “Шып” кирип барчудай обдула түшкөн келин эмнегедир кайра токтоп калды.
Кимдир бирөөнү күткөндөй эки жагын карады. Аңгыча баласын жетелеген жаш жигит жубайы менен аларды көздөй бурулду. Ооба, туура эле дүкөнгө келатат! Сүйүнүп кетти! Атүгүл, эки-үч аттап дүкөндүн аркы бурчуна далдаланып да калды. Анткен менен айнектен аларды карап турду. Ардеме-бирдемелерди алып атышат. Аңгыча аны алардын уулу байкай коюп элейип эле карап калыптыр! Көздөрү эң эле башкача, баёо, капкара экен десең!
Келиндин эсине бир нерсе тү¬шүп, энелик сезими “селт” этип кетти. Жүрөгү дүкүлдөп “бат-бат” сокту! Деми кысылып, көздөрү караңгылай түштү. “Бар эмес беле?!” Оюна, ооз учуна келген биринчи эле сөзү ушул болду. «Балам!!! Менин да ушундай балам бар эмес беле?!» Адегенде ушундай күйөөсү дагы бар болчу!.. Атүгүл, өзү тигил келинден да кыйла чырайлуу болчу.
Бул керек болсо Кыргызстандагы эң даражалуу окуу жайлардын бирине өз күчү менен өткөн. Акысыз окучу. Анан?!. Анан эмне болду эле?! Ооба, сүйүүгө жолуккан. Чын жүрөгүнөн, акылынан адаша жигит сүйгөн! Баары ошондон башталбады беле!…
Аңгыча ичтен айнек кагылды. Дү¬көнчү аял колун жаңсай өзүнө чакырды.
– Эмне туруп калдың?- ал киргенде дүкөнчү бир эсе таң калгандай, бир эсе эмнегедир ыраазы болгондой жайдары сурады.
– Клиент соода кылса, анан кирейин деп…
– Кел…- аял стаканга шылдыратып арак куя баштады. Демейде келин бирөө-жарым озунуп илип кетчүдөй жанталашып, куюп бүтө электе эле колдорун калчылдатып баса калчу. Антмек түгүл, тескерисинче, ага азыр дүкөнчү аял зордоп ичирчүдөй көңүлү айнып, бети-башын бырыштырып алды.
Дүкөнчү арагын сунган боюнча бет алдында мелтейген келинге ишенбегендей да, таң калгандай да суроолуу тигилди.
– Биякка келчи,- деди анан дүкөн¬дүн аркы башындагы өзү чай ичип, түнү жатчу бөлмөнү көздөй чакырып. Көөдө¬нүндөгү көлкүлдөп келген тааныш да, көптөн бери унутуп калган тааныш эмес да бир сезимди келин жоготуп ал¬гандан коркуп, эмнегедир азыр өзүн аял сезип, ошону жок дегенде ушул аялдын көкүрөк-көңүлүнө көчүрүп айтып бергиси келип аткан.
– Атың ким?- маңдай тескей отурушкан соң ушин¬тип сурады дүкөнчү.
– Зирек …
– Жакшы ат…- мындай атты дүкөн¬чү аял башта да уккан. Бирок, анда минтип айткан эмес.
– А менин атым Айгүл. Айя эже десең деле болот.
Башын ийкегиледи келин.
– Зирек, өткөндөгү үчүн кечир?- муну чын дилинен айтты аял. – Ачууга алдырдым. Сеники да туура эмес болгон… Мен деле эптеп оокат кылайын деп жүрөм да. Кирген чыкканды ирээнжитип койсок, экинчи келбей койбойбу! Анын үстүнө бир эле убакта күйөөмдөн да, жалгыз уулумдан да айрылып, кээде өзүмө өзүм батпай жүрөм… Жалгыз калдым, аларга эстелик тургузушум керек, тү¬шүнүп атасыңбы мени?.. Өх-х!.. Мына, көрдүңбү, сени сурабай өз арманымды айта баштадым. Эми сен өзүң жөнүндө айтчы? Бир карасам чыны менен эле атыңа окшош башкача келинсиң?..
Келиндин көзүнөн жаш мончоктоп, бир нерсе жетишпей аткандай кайпактап кетти.
– Ичесиңби?.. Бирок, анын “ичпейм!” дегенинен уккусу келгендей сурады дүкөнчү.
Зирек буйдала калды. Бирок, аялдын ындыны өчө түшкөнүн байкай ба¬шын чайкап ийди:
– Ичпейм!
– Азамат!- аял күлүмсүрөдү.- Ошент, айланайын.
– Экөөбүз окшош экенбиз эже,- унчукпай отуруп бир убакта ушинтти келин. – Сизди көргүм келип тартыла берет элем. Көрсө, тагдырыбыз бирдей экен…
– Кандайча?- дегендей кеп түйү¬нүн түшүнүп түшүнө бербей карады аял.
– Билесизби, мен кичинемден жетим өскөм. Тууган-туушкандарымдын колунда, кимиси жылуу сөз айтып, чекемден сыласа, ошонукунда жүрүп бой жеттим. Кудай колдоп жакшы окудум. Атүгүл, өз күчүм менен университетке өттүм. Анан, жигит сүйдүм…- алда нени эстегендей ууртунан кү¬лүм¬сүрөй көздөрүн жумду келин. – Ал мени сүйдү… Бири-бирибиздин жаныбызда биз ушунчалык бактылуу элек… Бул жашоо мага ошол жигит бар үчүн гана кооз, ошол жигит бар үчүн гана кызык болчу. Анан кайсы бир бактылуу… жок, жок, каргашалуу бир күнү экөөбүз… бир адам болуп алдык… Ооба, ошондон көп өтпөй эле ал менин колумду сурады! Бул мен үчүн чексиз бакыт эле! Сүйгөн адамым менен үйбүлө куруу, эне болуу – мага эч нерсеге окшошпос бакыт эле! Мен өмүр бою ата-энелүү балдарга суктанып өмүр сүргөм! Эрди-катын болуп жашагандарга карап умсунат элем! Өзүмдүн маркум ата-энемдин болсо сүрөтүн эле көрбөсөм, эч элестете албайт да элем!
Бир күнү анан мен ага кош бойлуу экенимди айттым. Сүйүнгөнүн сураба, а бирок, ошондон көп узабай эле ал мага суук кабар угузду. Ата-энеси, айрыкча апасы: “Аныңдын атын да угузба! Тарбиясыз жетим, болгондо да эрге тийе элек жатып этегинен бузулган неменин кереги жок!” дептир!
– Ыя?! Эмне дейт?!- Айя эже эмнегедир “селт” деп кетти. – Токто… ток¬то¬чу?!..
Келин токтогон жок, тескерисинче, агынан төгүлүп-чачылып, муңун айткысы келип аткан.
– Ошондон кийин ал жигит менден алыстай баштады… Төрөдүм… Келген жок. Бирок, төрөт үйүнө баламды таштабадым…
– Зирек, жигитиңдин аты ким эле?..- эмнегедир Айя эженин муун-жүнү калчылдай, үнү “дир-дир” эте сурады.
– Анын атын атагым да келбейт, эже!
– А балаң кайда?
– Баламды балдар үйүнө таштадым!.. Ошентип, эки адамдан – боор этим менен тең баламдан, анын атасынан тирүүлөй айрылып, жүрөгүм¬дүн күйүтүн, өзөгүмдүн өртүн өчүрүш үчүн иччү болдум. Акыры ушундай болду…- башын артка жөлөй, көздөрүн жума көөдө¬нү үшкүрүккө толуп кеткендей узакка улутунду келин.
– Зирек, эжеңди кыйнабай айтчы, айланайын. Ал жигит өзү кайда азыр?!.
Зирек аялга чыны менен эле таң кала карады.
Демейде таш мылтыктай болуп мелтейген аялдын каректеринде эмнегедир жаш каканактап, төгүлүп-төгүлө албай турду. Эриндери дирилдеп, азыр-азыр Зиректи кучактап жыгылчудай тиктеп туруптур. “Эмнеге?” — таңкалды Зирек. Анан көкүрө¬гүнө колун сойлотуп бир нерсе издеди… Сүрөт. Бекзаты экөөнүн бактылуу бир ирмемин жоготпой ушинтип катып жүрчү…
– Мына…- сүрөттү Айя эжеге сунду.
Кызык, Айя эженин сүрөт кармаган колдору “калч-калч” этип, бирде сүрөттү, бирде Зиректи карап, же күйүнгөнү же сүйүнгөнү белгисиз, ыйлап атып муңдуу жылмайды:
– Уулум, бул менин уулум! Бекзатым!…
Зирек өзүнө ушунча муң, ушунча азап алып келген аялды болгон жек көрүү менен ир «жалт» карап алды. Бирок, ошол эле кезде экөөнү тең бир күйүт, Бекзаттын күйүтү бириктирип турганын жүрөгү менен сезди. Эриндери диртилдей тїштї. Демейден Зиректин кейпинен кєўїлї айнычу дүкөнчү аял эми аны бооруна кы¬са:
– Кечир мени, Бекзатым. Кечир мени, Зирек?! Убагында экөөңөр ме¬нин айымдан күкүк-зейнепке айланганыңар үчүн мени кечиргиле. Бул жалган дүйнөдө бирге өмүр сүрө албаганыңар үчүн кечиргиле! – деди да, Зиректин жашка чыланган кєздєрїнє тиктеди:
— Ыйлаба, кызым, эми экөөбүз бир үй-бүлөбүз. Неберемди табабыз.
Бири улуу, бири жаш эки аял кучакташып калышты.

 

jyparЖ.Исабаеванын башка чыгармалары

Соц тармактар:

Добавить комментарий