Улуу Британияда “Манас” айткан

Касмамбетов Сапарбек 1934-жылдын 30-майында кереметтүү Ысык-Көлдүн Корумду айылында туулган. Атасы Тынаев Касмамбет өз учурундагы билимдүү, комузду мукам черткен, өнөр адамдарын сыйлаган, нарктуу адамдардын бири болгон. Энеси Сайраке Сыдык кызы жомок, дастан айткан, тилге, сөзгө маани берген, макал-лакаптарды куюлуштура айткан, кыргыздын каада-салттарын урматтаган, түшүнүгү кенен адам болгон. Сапарбек кичинекей, 7-8 жаш кезинде эле алп манасчы Саякбай Каралаевди, белгилүү акын Чалагыз Иманкуловду көрүп, алардын Манасын, ырын угуп, сезимине жакын кабыл алган. Ал аксакалдардын азбы-көппү таасири тийип, кийин манасчы, акын болуп калышына шарт түзүлгөн.

Сапарбек Улуу Ата мекендик согуш жылдарында атасы каза болуп калгандыгына байланыштуу, турмуштун ыргагына көнүп, энеси менен барып, Кочкордогу таякелериникинде чоңоет. Бармактай кезинен, согуштун каат жылдарында өзү курлуу балдар көргөн жашоону көрүп, ач болуп, ток болуп, колхоздун чарбачылык жумуштарына жардам берип жүрүп, атактуу манасчы Шапак Ырысмендеевге жолугуп калат. Чоң манасчы жаш баланы үйүнө ээрчитип барып, түндүн бир оокумуна чейин манас айтып берет. Сапарбек да манасты билишинче айтат. Кыраакы карыя баланын идирегин көрүп, келечегинен үмүт кылып, кичине болсо да баланы сыйлап, жокчулук мезгил болсо да аянбай, улагын союп, батасын берет. Ошондон баштап Сапарбек “Манасты”айта баштайт.

 

Манасчы Сапарбек Касмамбетовдун айткандары

“Мындан 71 жыл мурда, 1943-жылдын март айлары, жазгы ала шалбыртта мага теңир өзү улуу манасчы Шапак Ырысмендеев менен жолугушуу тагдырын буюрган экен. Катаал согуштун азабынан биздин үй-бүлө Кочкор районундагы Көк-Жар айылындагы таякелердин арасында жашоого аргасыз болгонбуз. 3-класста окучу элем. Бешим ченде жалгыз торпогубуз үйгө келбей калып, энем мени торпокту таап кел деп жумшады. Мен үйдөн чыгып, Мыкан суусун бойлоп, Чекилдектин сазынан торпокту таап, айдасам баспай, аябай убара болдум. Ошентип келатып, калың токойдун четинде бир адам эки таңгак отунду атына арта албай жаткан экен. Мен барып, бир жагынан жөлөшүп, отунду артыштым. Ал киши сыпайы мамиле кылып, кимдин баласы экенимди сурады. Мен апамдын атын айтсам, “Ал байбичени тааныйм, сөзмөр жакшы адам. Азыр кеч болуп, күүгүм кирип калды. Жүрү, мени менен, торпогуң жоголбойт. Эртең жарыкта айдап кетесиң” деди. Мен апам урушат десем, “апаң урушпайт, мен жолугуп айтып коём” деп ээрчитип, эки кара суудан кечип өтүп, токойдун четиндеги жар түбүнө салынган кичинекей жалпак үйгө келдик. Үйүндө байбичеси бар экен, “байбиче, үйгө конок келди” деп карыя барбалактап жатты. Отунду түшүрдүк. Жар түбүндө тосулган тосмодо он бештей майда жандыгы бар экен.Карыя белиндеги кичинекей курч балтаны алып коюп койду эле, мен балтага кызыгып, баягы артынып келген отунду кыркып, баарын тыкандап, жыйып койдум. Ал кезде биз улууларга колдон келишинче урмат-сый көрсөтчүбүз.

Байбичеси бизди чай ичкиле деп чакырды. Нан жок экен, талкан менен чай ичтик. Карыя бир сары улакка бата кылып соё баштады, мен от жагып, улактын баш-шыйрагын куйкалап казанга салдым. Ошентип казанга эт түшүп, жылуу үйдө ырахаттанып олтурдук.

Бир кезде карыя: – Эмне өнөрүң бар? – деп суроо салды. Мен мектепте бир аз “Манасты” айтып жүргөнүмдү айттым. Ал кишинин өтүнүчү боюн­ча билишимче “Манасты” айтып кирдим. Канча айтканымды билбейм. Бир маалда байбиче эт бышты деп токтотту. Карыя ыраазы болуп, “бали балам, буюрса келечегиң бар экен. Мен манасчы Шапак атаң боломун, жакында Боронзодон келдим. Атаң сөзгө чебер адам эле, энеңдин сөзмөрлүгү атаңдан да өтөт, келечегиң кең болсун “ деп батасын берди эле. Шапак атам ошондо туура сексен жашта экен.”

Сексен жашка таяп калган Сапарбек манасчы Шапактын адамкерчилигин, он жашар баланы баласынтпай ага сый мамиле жасап, курсак нанга кенен тойбой жүргөн согуш маалында улагын союп сыйлаганын, жокчулукка карабай, үйүндөгү энесине Шапактын байбичеси улактын жамбашы менен кошо жүн жоолукту белекке берип жибергенин жетине албай, сыймыктануу менен айтып берди. Залкар манасчы Шапактын батасы тийип, ошондон тартып, Манасты берилип айта баштаганын да эскертип өттү.

 

Нарын театрында

Сапарбек жаш кезинде электрик-радисттин окуусун бүткөн. Бирок анын каны-жанына уялап калган манасчылык, акындык өнөрү алгачкы алган кесибинен алыстатып, Токмоктогу маданий-агартуу үйүнө алып келет. Окууну бүткөндөн кийин Нарын драма театрына жиберилет. Ал жерде кыргыз искусствосуна белгилүү адамдар: Ж.Шералиев, А. Айталиев, С Мамбетбаев, С. Түркмөнов, А. Абдыласов, К. Досманбетова, С. Чечейбаева, Т.Жумакаевалар менен чогуу иштешип, аларга өз өнөрүн көргөзүп, улуу муундагы өнөр адамдарынан таалим алган.Театрдын адабий бөлүмүндө иштөө менен, сахнада ар кандай ролдорду жаратып, Тойбаевдин “Жылдыз” пьесасында Дардаштын, Шүкүрбековдун жазган спектаклинде Бабыч деген революционер адамдын ролун аткарып, башка спектакл­дерде да ролдорду ойногон.

Анын “Асылкеч жандын эрмеги”, “Тракторчу жигитке” деген ырларына таланттуу обончу С.Мамбетбаев обон чыгарып, өзү ырдап чыккан.

 

Төкмө акын, педагог

Сапарбектин Таластан чыккан таланттуу ырчы “сологой ырчы” Сооронбек менен айтышканын ушул убакка чейин кеп кылып жүрүшөт. Ошондой эле кыргыздын белгилүү акындары Ашыраалы Айталиев, Эстебес Турсуналиев, Тууганбай Абдиев менен чоң айтыштарга катышып келгендиги көпчүлүктүн эсинде.

Сапарбек Касмамбетов 1972-жылы Каракол (мурдагы Пржевальск) шаарындагы педагогикалык институтту, 1982-жылы Бишкек (Фрунзе) шаарындагы искусство институтун сырттан окуп бүтүргөн. 40 жылдан ашык убакыт мектептерде жана мектептен тышкары мекемелерде мугалимдик кесипте иштеп, көптөгөн жаш муундарды тарбиялап чыгарган.

Азыркы аты жаңыдан чыгып, эл оозуна алынып келе жаткан жаш акындарга да тарбия-таалим берип, устаттык кылып келе жаткан жайы да бар.

С. Касмамбетов жазуучулар жана журналисттер союзунун мүчөсү. 1994-жылы “Эр Кошой”, 1995-жылы “Бала кыялы”, 1997-жылы “Балыкчы баяны”, 2003-жылы “Билерик”, “Балдардын бала Манасы”, “Асыл эне”деген китептери жарык көргөн. 80 жаш куракка келип калганда таланты ташкындап, көлөмдүү «Жарманас» эпосун жаратты. 1997-жылы “Башканы коюп Манасты айт” деген методикалык программасы чыккан. Кыргыз телесинен “Манас” айтып, радиодон “Эр Кошой”, “Билерик” деген чыгармалары толугу менен уктурулду. “Манас-1000” медалына ээ болгон. “Эл агартуунун отличниги”, “Балыкчы шаарынын ардактуу инсаны”. 2006-жылы «Даңк» медалына татыктуу болгон. Коомдук «Манас» академиясынын академиги.

Ал манасчылыктан сырткары “Акмөөр”, “Карагул ботом”, “Курманбек”, “Олжобай менен Кишимжан” сыяктуу залкар дастандарды аткарып келген. 1968-жылдан бери республикалык фестивалдарга, “Ыр кесе”, “Тогуз кайрык”. “Айтыш” телесынактарына дайыма катышып келди. Бир нече диплом, Ардак грамоталар менен сыйланган.

С. Касмамбетов жетинчи класста окуп жүргөндө, Фрунзеден академиядан барган кишилердин сунушу менен Манастан билген жерлерин дептерге түшүрөт. Анын бала кездеги жазгандары бүгүн да Кыргыз улуттук академиясынын кол жазмалар бөлүмүндө сакталып турат.

 

Англичандарды таңданткан манасчы

1995-жылдын 20-октябрында Улуу Британиядагы Лондон университетинин Борбордук Азия жана Кавказ институту жана Манчестер университети биргелешип уюштурган “Манас” улуу эпикалык поэмасынын майрамы” деген жолугушууга манасчы-дастанчы катары Сапарбек Касмамбетовду чакырышкан.

Манчестер университетинин Борбордук Азия жана Кавказ маселелери боюнча изилдөө тобунун координатору доктор Чильден Балим манасчынын кызы Гүлнара Касмамбетовага арнаган каалоосунда мындай деген:

“Урматтуу Гүлнара, “Манас” эпосуна арналып, 17-ноябрда өткөрүлгөн кеченин уюштурулушуна өзүмдүн ыраазычылыгымды билдирем. Ошондой эле сиздин атаңыз мырза Касмамбетовго “Манастан” үзүндүнү эң сонун аткаргандыгына алкыш айтамын.

Сиздер уюштурган кече бир нече себептер менен чоң мааниге ээ болду. Анткени, Кыргызстан жөнүндө Британияда маалымат аз. Улуу Британиянын эли ошондой эле “Манас” эпосу жөнүндө аз билишет. Ушул кечеде британиялыктар биринчи жолу “Манасты” угууга мүмкүнчүлүк алышты. Алар “манасчыны” билишчү эмес. Ушул кечеде чыныгы манасчыны көрүп, өз оозунан угушту.”

2004-2005-жылдарда С.Касмамбетов жубайы Асангүл эже менен Лондондо 6 айча жашап келди. Бул мезгилде анын “Эр Кошой” жана “Билерик” эпосторун 24 саат бою айттырып, радиого жаздырышты. Кызы Гүлнара англис тилине которуп, ал жердеги чоң окумуштуулардын кызыгуусун арттырып, китеп кылып чыгаруу боюнча бир катар аракеттер болгон. Китептин англис, кыргызча варианттары дискке жаздырылды. С.Касмамбетов Англияда уламыш катары айтылып келе жаткан, тоонун бооруна таш менен чегилип жасалган “Ак ат” деген жерде болуп, өз көзү менен көрүп, андан чоң таа­сир алып, видеотасмага түшүрүп, открыткасын, картасын алып, окумуштуу, түрколог Артур Хаттон деген адам менен С.Касмамбетов маектешип кайтты. Нечен кылымдар бою уламыш болуп келе жаткан Ак аттын Манастын Аккуласына тиешеси бардай. Бул уламыштын негизинде С.Касмамбетов ”Аккула” деген дастанды жазды.

Улуу Британиядагы Азия жана Африка изилдөө университети С. Касмамбетовдун вариантындагы “Манас” жана “Семетей” эпос­торунун негизинде компак-диск менен коштолгон англис тилиндеги китепти Лондон шаарында “Семар паблишерс” басмасы басып чыгарды.

 

Асангүл эже жөнүндө кантип айтпай коебуз

Сапарбек Касмамбетов жубайы Абдыгулова Асангүл эже менен баш кошуп, түтүн булатканына жарым кылымдан ашып, 55 жыл толуп олтурат. Асангүл эже агартуу тармагында 43 жыл эмгектенип, анын 33 жылын бир мектепте, Балыкчы шаарындагы Ж. Бөкөнбаев атындагы орто мектепте катардагы мугалимден баштап, окуу бөлүмүнүн башчысы, мектеп директорлугуна чейин көтөрүлүп, жаштарга татыктуу тарбия берүүдө бүткүл өмүрүн талантын, жөндөмүн, билимин арнап келди. Ал өзүнүн көп жылдык тажрыйбасынын негизинде 1996-жылы “Сахна сабактары” аттуу методикалык китебин жарыкка чыгарган. Эжеден билим алган көптөгөн окуучулар республиканын ар кайсы жеринде, ар кыл кесипте ийгиликтүү эмгектенип жатышат. Анын жупуну эмгеги бааланып, жергиликтүү кеңешке үч жолу депутат болуп шайланган. Эл агартуунун отличниги, 1999-жылы «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими» деген ардактуу наамга ээ болгон.

Асангүл эже чыгармачыл инсан. Жаш кезинен ыр жазып, алгач жергиликтүү гезиттерге, андан соң “Советтик Кыргызстан”, “Мугалимдер газетасы” сыяктуу республикалык гезиттерге анын макалалары үзбөй чыгып турган.

2003-жылы “Дилбаян” ырлар жана драмалар жыйнагы жарык көргөн. Ал эми “Салиманын бактары” аттуу драмасы 2004-жылы Балыкчы шаар­дык театрында коюлуп, бир катар жакшы пикирлерди калтырган. Мындан сырткары улуу инсандар: Айтылуу Бурулча эже, белгилүү илимпоз Карасаевдин өмүр жолуна арналып жазылган “Бурулча”, “Илимпоздун өмүрү” жана “Гүл” сыяктуу бир нече драмалык чыгармалары бар. Лондондо жүргөндө “Мен көргөн Лондон”, “Эркетай” аттуу китептерди жаратты. Мектепке чейинки балдар үчүн чыгарган “Эркетай” аттуу китеби кенже балдар үчүн баалуу китеп болуп калды. Бул китеп неберелери Эркетай менен Көкүтайга арналып, алардын эт-жүрөктү элжиреткен, жан жыргаткан кыял-жоругуна эзилип, аларга болгон чексиз сүйүүсүн жүрөгүнүн түпкүрүнөн чыккан ырлары менен баяндайт. Ар кандай теманы камтыган “Ой-толгоо” деген ыр китеби 2007-жылы жарык көрдү.

Сапарбек аба менен Асангүл эже бактылуу ата-эне. 7 уул-кызды тарбиялап өстүрүп, баарына жетиштүү тарбия-таалим, билим беришип, көңүлдөрү жайында.

Улуу уулу Сүйүнбек Кыргыз мамлекеттик университетинде окуп жүрүп, 1986-жылы Москва шаарында Бүткүл дүйнөлүк жаштардын жана студенттердин 12-фестивалын өткөрүүдө өзгөчө айырмалангандыгы үчүн «Ардак белгиси» ордени менен сыйланган. Карл Маркс стипендиаты болгон. Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин кызыл диплом менен аяктаган соң, бир катар жооптуу кызматтарда иштеген. 2007-жылы Кыргыз Республикасынын «Даңк» медалы менен сыйланган.Учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин аппаратынын башчысынын орунбасары болуп иштейт Сүйүнбек чоң энеси Сайракенин колунда өсүп, дайыма анын макалдаштырып, куюлуштура сүйлөгөн сөздөрүн, ыр-дастандарын угуп, таалим-тарбиясын алып өскөндүктөнбү, чыгармачылыкка жакын. Бош убактысы болуп калса комуз чертет, ырдайт, дастан айтат. Азыр эл арасында айтылып, теле-радиодон берилип жүргөн Корголдун “Ак бакай” күүсүнүн чыгыш себебин, маани-маңызын жогоруда аты аталган дастанды уккандан кийин гана толук, жетиштүү түшүнүүгө болот. Улуу Кызы Гүлнара Лондондогу БИ-БИ-СИ радиосунун кыргыз бөлүмүн бир топ жылдан бери жетектеп келе жатат.

Акчолпон да эжеси Гүлнара менен бирге эмгектенет. Айнара Би-Би-Синин Бишкектеги бөлүмүн жетектейт. Чынара Британияда иштейт. Динара болсо технолог.

Бактылуу жубайлардын он алты небереси, 2 чөбүрөсү бар. Алды жогорку окуу жайларын бүтүшүп, ар кандай кызматтарда иштеп жүрүшөт. Улуу небереси Эдил Сапарбеков Америкада окуйт. Эмил Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министрлигинде эмгектенет. Элдияр прокуратура тармагында иштейт. Неберелеринен чет мамлекеттин жогорку окуу жайларында окугандары бар. Эгиз кенже неберелери мектепте окушат.

Бактыбек МАКСҮТОВ, «Айкөл Манас баяны» фондунун төрагасы?
“Кыргыз туусу”, 17.10.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий