Алыкулов Болотбек, Эл агартуунун отличниги: «Ата-энемди багыш үчүн КТРКнын сунушунан баш тарткам»

Чыңгыз Айтматовдун «ааламга кетчү жол айылдан башталат» деп жөн жерден айтпаганы бүгүнкү каарманымдын маегинен дагы бир жолу байкалып турат. Бир кездерде улуттук университетти ийгиликтүү аяктап, көпчүлүк кыялданган жумушка тоскоолдуксуз өтүп, тилекке каршы айылдагы ата-энесин багыш үчүн туулуп өскөн жерден ɵз ырыскысын издөөгө туура келген, учурда  кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп эмгектенип аны менен катар музыкалык аспаптарда эркин ойноп ырларды жүрөктүн түпкүрүнө жеткире жазган бүгүнкү «элеттин эрке акыны» Нарын областына караштуу Кочкор районунун Кызыл-Дөбө айылынын тургуну, Эл агартуунун отличниги Алыкулов Болотбек мырзаны сɵзгɵ тарттык.

Жараткан бардык эле пендесине акындык өнөрдү бере бербейт. Ал эми эки сөздүн башын бириктирип акындардын аброюна шек келтирген замандаштар да жок эмес.  Андыктан ары татаал, ары түйшүктүү өнөргө кандайча аралашып калгансыз?

— Ыр жазуу ар бир адамдын колунан келе бербеген көп эмгектенүүнү жана изденүүнү талап кылган өнөр. Кудай Таала тарабынан бериле турган касиет болсо керек деп да ойлойм. Акындык өнөргө окуучулук кезимден белсенип алтынчы класс кезимде «Эне» деген ырымды жараттым эле. Балалык кезден аралашкан ыр жаратуу өнөрүнөн алыстабай ушул кезге чейин илхом келе калган учурда кагаз бетине чиймелеп калам. Ар бир ыр жаратуучулардын ырларынын маанисин карабай туруп акын деп айтуудан алысмын. Айрым акындар муунга карайбай ыр жаратып келүүдө, муунга каралбаган чыгармалар нотага түшпөй композиторлорду кыйнаары турган кеп. Ал эми акындык өнөргө аралашкан жаштар, көркөм ойго бай ар тараптуу болушу абзел.

Сөз багып, ыр жазып калууңузга ата-энеңиз түрткү болуп, чыгармачылыкка жакын инсандар болгонбу?

— Үй-бүлө мүчөлөрүндө ыр жазган киши болгон эмес. Бирок, апам сөздү кырааты менен сүйлөп ар бир айткан кебинде философиялык маани камтылганын байкаар элем. Кызыктуу аңгемелер, жөө жомокторду  чыгармачылык менен айткандыктан жанынан жылбай укчубуз. Балким ыр жазуумдун бирден бир себепчиси апамдын аңгемелери болгондур. Ал эми уул-кыздарымдын да улуу өнөргө белсинип сөз кадырлап турганы мен үчүн чоң кубаныч. Балким, келечекте мыкты чыгармаларды жаратып калаар деген үмүтүм бар.

Сиз жараткан ырларды окуп олтуруп китеп чыгарбаганыңызга эмнегедир таңгалып турам…

— Балким, тарбиянын күчтүүлүгүдүр же мүнөзүм ушундайбы, айтор, мансапка, мен-менсинүүгө кызыкпайм. Жана да калк кандай кабыл алат деген ойдун үстүндөмүн. Элге жакпай калып чыгарган китептеринин көчөдө калышын эч бир автор  каалабайт. Негизинен чыгармаларымдын көпчүлүгү мезгилдүү басмалардан чыккан. Ал эми китеп кылып 60 жашка чыкканда элге отчёт иретинде тартууласамбы деген ниетим бар.

Жогорку билим, көп кырдуу талантыңыз менен айыл жергесинде калышыңызга эмне себеп болгон?

— Улуттук университетин аяктаган соң бөлүштүрүүдө ошол эле университеттин адабият кафедрасына бөлүшкөн эле. Бирок айылдагы ата-энемди багыш үчүн туулуп өскөн жериме келе бергем. Улуттук телеканалдан бир топ чакыруулар түшүп, үнүңүз жакшы экен диктор болуп бериңиз деген сунуштардан ата-энемди караш үчүн баш тарткам. Азыркы жашообуз деле жаман эмес. Кудайга шүгүр, Кызыл-Дөбө орто мектебинде жубайым Таалайкүл экөөбүз 23 жылдан бери үзүрлүү эмгек кылып келе жатабыз.

Төмөндө каарманыбыздын калем учунан жаралган айрым ыр саптарына кезек бермекчибиз.

 

МАХАБАТЫМ, СЕНСИҢ ЖАЗЫМ

Жаз келсе да, кыш ызгаарын тебелеп,
Жалгыз мага жаздын жыты келелек.
Жан дүйнөмдү курчап турат сарсанаа,
Жөргөмүштөр кеткен сындуу желелеп.

Жашыйт асман, жамгыр кээде чубуруп,
Жаман болуп турсам эгер муң уруп.
Жамгыр суусу жууп кетип жаткандай,
Кир сезимим аппак болуп кубулуп.

Чыгып кетет жашыналбай жазында,
Көкөйдөгү бардык сырым көмүлгөн.
Туман түшкөн көңүлүмдү бир паска,
Айдап кетет күндүн нуру төгүлгөн.

Күтөмүн, сагынычым келчи бачым,
Көзүмдүн сүртүп кетчи аккан жашын.
Турмушту алсыраган күүгө салчу,
Ыйыксың, махабатым, сенсиң жазым.

 

ӨМҮР

Кыска ээ өмүр чынында,
Күтпөгөн сени тынымга.
Келген соң жарык дүйнөгө,
Турбайбыз неге кылымга?!

Жыйырма-отуз жашташтын ортосу,
Кылымдан узак болсочу.
Бөксөрүп кетпей, көл деңиз,
Күн өткөн сайын толсочу.

Ай кулайт жылга чалынып,
Анда да болот карылык.
Көөнөрүп кетпей өмүрлөр,
Турсачы улам жаңырып…

 

КЕЛЧИ ЖАЗЫМ, ЗАРЫКТЫРЫП КЕЧЕҢДЕБЕ

Күн жылып, чокудагы мөңгү эрип,
Көк кашка, арыктарда суулар желип.
Керемет, кандай гана жаз айлары,
Кулпурат, жан дүйнөгө сүйүү берип.

Кыз-жигит колтукташып күлүп жайнап,
Кубулжуп түркүн күүдө куштар сайрап.
Күн сымал же наристе бала сымал,
Көңүлдөгү капалыкты кетет айдап.

Каардуу кышты айдап мекендеген,
Кел, жазым зарыктырып кечеңдебе.
Таарынган кокусунан адамзатка,
Кайрадан кышка айланып кетем дебе!!!

 

ЭНЕ

Чачыңды бубак басып,
Калдыңыз өңдөн азып.
Канчалык кыйналсаң да,
Турасың мээрим чачып.

Жашоомо энчиленген,
Ыйыгым —  оо энекем,
Чыкпайсың түк эсимден,
Кай жакта жүрсөм да мен.

Жароокер пейили кенен,
Болбоско кейибеген.
Жашоодо бактылуумун,
Энекем сени менен.

 

КАСИЕТТҮҮ КАРА КОЧКОРУМ!

Бой балкытып сезим козгодуң,
Алга сүрөп мени коштодуң.
Киндик каным тамган өзүңдө,
Кереметтүү жерим Кочкорум.

Жашоо берген жарык күнүмсүң,
Жыты аңкыган жыпар гүлүмсүң.
Касиеттүү кара Кочкорум,
Түбөлүктүү өчпөс сүйүүмсүң,
Кычыраган аяз турбаган,
Тулуп өскөн бакыт үйүмсүң.

Малын айдап элим төрт түлүк,
Эмгек кылат эгин өстүрүп,
Калыгулдай алым олуя,
Хандар чыккан сенден көпчүлүк.

Жанып турсун өчпөй отторуң,
Бир керемет жайың соп-сонун.
Көк арчадай көктө түбөлүк,
Кар жатпаган кара Кочкорум.

 

ЭМНЕНИ КҮТСӨК БОЛОТ КЕЛЕЧЕКТЕН?!

Күндөн-күнгө чоңоюп жаракабыз,
Элим неге байлык, бийлик талашабыз.
Кылымдардан келаткан биримдиктен,
Кыргызым ай, неге оолактап баратабыз.

Жакшылардын жакшы жагын көралбадык,
Түлкүдөй шылуундарды не жандадык.
Бийлик элдин кадырынан артык бекен?
Бөлүнүшүп ынтымакка келе албадык.

Алтындын асылдыгын зергер билет,
Адамдын асылдыгын элдер билет.
Аңдабас маңыроо баш «мен кыйын»-деп,
Арабызда көөдөнү сокур көрлөр жүрөт.

Көбөйдү жетпей жатат, келе дешкен,
Жан сабап, чыгып кеттик неге чектен?!
Улуулар нарк-насилин сакташпаса,
Эмнени  күтсөк болот келечектен?!.

 

КАРЫЛАРЫМ КАЛКТЫН ЫРЫСЫ

Жароокер асыл жагы бар.
Жүзүндө кылым тагы бар.
Жүздөгөн жылдар эсен-соо,
Жүрсө деп тилейм карылар.

Жашоого бизди алпкелип,
Жарык күн, таалай бак берип.
Жазыксыз жүргөн карыга,
Жолобо ажал тап берип.

Алаарсың, кайда шашасың.
Кылымдан узак жашасын.
Кыйналып жүрүп өстүргөн.
Уул-кызы алсын батасын.

Чачы ак, куудай муруту,
Калган жок дебе жумушу.
Кадыр-барк, тынчтык алпкелчү,
Карылар калктын ырысы.

 

АКЫРЫ АРУУЛАНЫП ЫРГА АЙЛАНДЫМ

Көралбастар мейли булгап, жамандашсын,
Кайгы-муңду «ак сүйүүм» сага алмаштым.
Караан болуп, жаныңда жүрсөм сезбей,
Капилет өтүп кетсем таба албассың.

Шам болуп, «жан биргем» деп тынбай жандым,
Айтпадың, жүрөгүңө сыр байладың.
Сезбедиң, түн ичинде ай болсом да,
Акыры арууланып, ырга айландым.

Көралбастар көрөөрсүң, жазаланат,
Ак сүйүү эч булганбайт, тазаланат.
Кара кылды как жарып, калыс дайым,
Адамзат жүрсө кана, атаганат!

Маектешкен Руслан Байдылдаев, “Де-факто”, 14.10.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий