Фейсбуктагы ыр берметтеринен

 

Фатима Абдалова
МЕН ДҮЙНӨНҮ АПАМ МЕНЕН ТААНЫГАМ

Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды көйнөгүнөн тааныгам.
Тирүү болчу көйнөгүнүн гүлдөрү,
Баскан сайын бажырайып ачылган.

Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды жыты менен тааныгам.
Жыттачу эле магдыратып жытына,
Чыкпачы эле, чыкпачы эле жаныман.

Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды колдорунан тааныгам.
Жылуу болчу, жумшак болчу колдору,
Кармашканда бала боюм балкыган.

Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды күлгөнүнөн тааныгам.
Күнгө окшошуп кетээр эле күлкүсү,
Күндүк жолдун ары жагынан чакырган.

Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды жоолугунан тааныгам.
Тирүү болчу жоолугунун гүлдөрү,
Баскан сайын бажырайып ачылган!

 

Олжобай Шакир
ОКШОШТУК

Тунжурап турат асман туман чалып,
бозоруп жер караган жетим сымал.
Теребел шамал дуулдап, улам чаңып,
от жанып коломтодо бийлейт цыган.

Отундан таштап коём. Чарт-чурт үндөн
жадабай. Жалын отко көздү кадап:
жалындын ортосундай дуулдап күйгөн
отурам тээ бир өткөн кезди самап.

Сырттагы шамал үнү аңылдаган
ыйындай Дон Хозенин кулагымда.
А Кармен маңдайымда жалындаган –
кызыл от бийлеп аткан. Дубалымдан

киралбай сырттан үйгө боздоп шамал
(Дон Хозе ойсокесин кысканып тур,
Карменин имерүүгө таппай амал)
жулкунат улам-улам кабагы сур.
Март, 2012-ж.

 

Калича Жакыпова
ШЫБЫРЛАР

Дагы айтышат далай күмөн кеп,
Дале жазып бүтпөс ырымды,
“Ушул кыздын муңу түгөнбөйт”,-
Угам дайым, “шыбыр-шыбырды”.

Ким бирөөнө айтып көп сырды,
Келбейт деле чындап кенешким.
Атайылап жазып муңдуу ырды,
“Акын болом!”- деген эмесмин!

Бүгүнкүмбү?.. Өткөн чактарбы?
Бугум айтпай жашайм, катып тим.
Балким, жазам шайыр саптарды,
Баркын билген кезде бакыттын.

Бирок, кутом ал күн келет деп,
Бир ирмемден карып кылымдар…
“Бактысын эле жаза берет”-деп,
Балким, ал кез айтаар шыбырлар?

Бүтпөй ээрчийт, бүтпөйт шыбырлар…

 

Жыпар Исабаева

* * *

Көзүмдө мөлтүлдөгөн
Көз жашты төгүш үчүн,
Көөдөндө көлкүлдөгөн,
Көп сырды бөлүш үчүн,
Көңүлүм сүйгөн жанды,
Көксөдүм көрүш үчүн…

Издеген өмүр бою,
Ишенген жазым болуп,
Ичинен көп адамдын,
Иргелип жакын болуп,
Ийменип тургум келди,
Ийниңе башым коюп…

Мээримсиз күндөр бирок,
Мезгилдин агымында,
Мелмилдеп агылууда…

 

Алтынай Темирова
КҮЗ

Оту чыгып бетинен
Сары көйнөк күз кыдырат
этектерде, тоолордо…
Дал-далынан кийимдери айрылган
алыс жолдо болгонго.
Аса-муса таягын
алган жонго асынып.
Шамал үзгөн жыртыгын
Желген туман жашырып,
Күйүккөнүн баса албай,
күйүп барат ашыгып…

 

Мелис Маматжанов
КӨК ЧЫБЫК

Тезек тербей чокту терген төрт жигит,
Тентектенип оюндардан өрт чыгып.
Милициянын таягындай сезилчү,
Апакемдин колундагы көк чыбык.

Балалык ай, кайдан бизди тындырмак,
Байласа да качар элем чынжырлап.
Так ошондо урбаганда, апаке,
Турмуш мени көк чыбыктай сындырмак.

Чаң буланган көйнөгүмдү кагындым,
Чуркайт жаштык көчөсүндө айылдын.
Чымчыңызчы жүрөгүмдү, апаке?
Чырпык тийген колуңузду сагындым,
Чымчып койгон колунузду сагындым…

Соц тармактар:

Добавить комментарий