Алыкул жана Сагымбай

Кыргыз адабиятынын классиги Алыкул Осмонов акын, котормочу гана эмес, эң мыкты публицист да болгон. Өз доорунун чыгаан инсаны катары ар түрдүү темаларда коомчулукту ойго салган публицистикалык макалаларды да жазган. Анын улуу манасчы Сагымбай Орозбаков жөнүндөгү макаласы күнү бүгүн да актуалдуу. “ХХ кылымда жашаган манасчылардын эң көрүнүктүүсү, эң күчтүүсү, эң улуусу Сагымбай Орозбак уулу болуп эсептелет. Биздин уятыбызга жараша ушул улуу киши жөнүндө бир да сөз жазыла элек”- деген Алыкул алп Сагынбайдын ким экендигин бул макаласында таамай ачып берген. Макаланын баалуулугу Алыкул Сагынбайды көзүн көрүп калган адамдардын айткандарынын негизинде жазгандыктан, кудум сөз менен сүрөтүн тарткандай улуу манасчынын келбетин даана берген. Ошондой эле Сагынбайдан манасты 4 жыл  жүрүп жазып алган, ошонусу менен кыргыз маданиятына эбегейсиз эмгек сиңирген Ыбырайым Абдрахманов (Ак молдо) жөнүндө да “Манастын мурасчысы” деген эң мыкты макаласын жазган. Аныгында бул кишинин эмгегине азыр да мамлекеттик деңгээлде баа берилбей келет. Айта кетүүчү нерсе бул макалалар Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына карата чыгарылган “Алыкул” аталган тандалма чыгармаларынын жаңы чыккан II томдугуна киргизилген.

САГЫМБАЙ ОРОЗБАКОВ

Кыргыз эли элдик чыгарманын дайрасы болгон “Манас” эпосу менен мактана алат. Жакында орус тилинде басылып чыккан (котормосу Пеньковский, Тарловский жана Липкиндики) ушул эпостун бир тому “Чоң казат” ого бетер эң жакшы иш болду. Муну окуган орус окуучулары кыргыз элин көз алдында: таланттуу, баатыр, ак көңүл эл катарында элестетип, аны кандайдыр сүйүүчүлүк менен карайт.

Биз, кыргыз эли, кыргыз интеллигенттери, айрым айтканда кыргыз жазуучулары менен кыргыз илимпоздору бул иште өз милдетибизди жакшы аткара албадык десек болот. Анткени, дүйнөлүк даражада турган улуу эпосубузду тийиштүү түрдө эл көзүнө көрсөтө албадык. Эпос жөнүндө илимий талдоолор, тарыхый изилдөөлөр ушул күнгө чейин ойдогудай жүргүзүлгөн жок. Булар болбой туруп, эпосубузду окууучуларга кургак сунуу уят иш.

Көп жолдоштор “Манасты” “редакциялоо”, “рецензиялоо”, “кыскарта коюу”, “либретто түзө коюу” менен чектелишип, колдорунан келе турган олуттуу иштерге чыгына алышпай жүрүшөт.

Албетте, эпосту түзгөн – эл, аны элге жеткирүүчү: анын айтуучусу, же жомокчусу – манасчы. Мындайча айтканда, эмгектин чоңу – акындыкы, манасчыныкы. Бизде кээ бир артта калган “Манасчы деген эмне, ал айта берет да” деген түшүнүк бар.

Жок, андай эмес. Менимче барлык касиет манасчыда. Манасчы ал, биринчиден, акын, тарыхты жакшы билген акылга бай адам. Экинчиден, тубаса элдик артист. Ошондуктан окуучуларыбызга манасчыларыбызды тааныштыруубуз биринчи парз болот.

ХХ кылымда жашаган манасчылардын эң көрүнүктүүсү, эң күчтүүсү, эң улуусу Сагымбай Орозбак уулу болуп эсептелет. Бирок, биздин уятыбызга жараша ушул улуу киши жөнүндө бир да сөз жазыла элек. “Манас” эпосунун 11001 жылдык юбилейине байланыштуу, мен бир-эки ооз сөз жазгым келет.

Кыргыз тили жана адабияты менен тарыхынын илим-изилдөө институту “Манас” эпосун жазууну 1922-жылдан баштап, ушул күнд да жүргүзүп жатат. Анын карамагында 13төн ашуун вариант болуп, 1000 басма табак ыр бар. Анын 400 басма табагы Сагымбай Орозбак уулунуку, калгандары Саякбай, Жаңыбай, Шапак, Байымбет, Ыбрайым жана башкаларыныкы.

Мен түздөн-түз муну айтар элем, эгер ушунун ичинде кокус Сагымбай Орозбаковдуку болбосо, анда калгандары биздин “Манас” эпосунун күчүнө мынчалык таң калтыра албас эле. Сагымбайдын сөздөрү башкалардыкынан бөлүнүп турат. Сагымбайды окуп туруп, башкаларыныкына келгенде төрт катар үйдөн бир катар үйгө түшкөндөй ылдыйлай түшөсүң.

Биздин кыргыз акындары айткандай: “Сагымбайдын бир сөзү – бир аттык”… Өзүбүздү көтөрбөй айтканда, орус классиктерин жана Күн батыш адабияты менен тааныш биз сыяктуу кишилерге: Сагымбай Орозбаков да Пушкин, Толстой, Данте, Шекспир сыяктуу таң калтыруучу күч болуп сезилет.

Биз орустун улуу чеберлерине баш ийгендей, Сагымбайга да баш ийебиз. Ал бирдемени үйрөнүп алып, же жаттап алып айткан жамакчы эмес, ал улуу акын. Ал улуу эпосту түзүүчүлөрдүн бири.

Аны кандай гана шартта окугун, баары бир сени өзүнө тартып алат да, укмуштуу жөнөкөйлүгүнө эркин күчүнө, айкалышкан сөз тизмегине, сонуне образдарына тамшандырып, баш чайкатат. Аны окуп олтурганда эриксизден: “Кайран Сакем” деп жибересиң.

ХХ кылымда Сагымбайдын күчүнө тете акын туула элек десек жаңылышпайбыз. Ал элдик адабияттын пири катарында сезилет да, улуу Гомердин элесиндей көрүнөт.

Сагымбай 1807-жылы Ысык-Көлдүн күңгөй тарабында “Кабырга” деген сууда (азыркы “Тору Айгырда”) туулган. Атасы Орозбак Ормон хандын кернейчиси болгон, агасы Алишер эл көзүнө көрүнгөн кадимкидей эле манасчы болгон. Кийин иниси атагып чыкканда, агасы “Манас” айтууну коюп койгон.

Сагымбай элдик легендада айтылгандай, 14, 15 жашынан эле “түш көрүп” жана Тыныбектен үйрөнүп манасчы болгон. Ал жаш кезинен эле оозго алынып Ысык-Көл, Тянь-Шань өрөөнүнө бүт айтып, анан Чүй, Талас, Кетмен-Төбө, Алайга чейин айткан. Ошол “Манас” айтып барган бир жылы Чүй өрөөнүнөн 400 кер кашка жылкы айдап келген эле дешет. Казак элине баргандагы сыйы да ушуга тете болгон. Отуз жашында Сары-Үйсүн, Кум казактарынын ырчылары менен жолугушканда, тигилер: “Биздин казак, кыргызда мындай олуя ырчы жок” дешкен экен.

Сагымбай өз доорунун барлык улуу кишилери менен байланыштуу болгон жана өз заманын жакшы тааный билген.

Кыргыздын улуу акыны Токтогул менен Кетмен-Төбөдөн кезигишкенде, Токтогул Сагымбайга баш ийген экен. Токтогул менен олтурганда бир күн, бир түн тынбай айтыптыр, ошондо Токтогул: “Кыргыздан мындай манасчыны эч көргөн эмесмин, эстен тандым” деген экен.

Эл артисти Молдобасан Мусулманкулов: “Акындык жагынан ага тең келген күчтү көргөн эмесмин, биз анчейин анын баласы катарындабыз” – деген.

Сагымбай 1916-жылы Кытайга эл менен кошо үркүп барып, ал жерде да “Манасты” айткан. Синь-Цзяндын кыргыздарынан да буга тең келген акын жана манасчы чыккан эмес.

Сагымбайдын вариантын жазуу Октябрь революциясынан кийин башталды. Аны жаздыруу орус илимпоздорунун демилгесинен болду.

Жазууну баштоонун жылдары (1922-жылы) советтик курулуштун балалы доору эле, кыргыз феодализминин такыр жоюлуп бүтө элек учуру болучу. Андыктан, ал кездеги тайкы адамдар, жек көрүндү улутчулдар бул ишке жакшы маани беришкен эмес.

Сагымбайга жардам берүүнүн ордуна: “Сен саяксың, андыктан манасыңды өрттөп салабыз” деп уулашкан. Улуу манасчы ага карабастан, жанына чын дили менен “Манаска” берилген Ак Молдону (Ыбрайымды) ээрчитип алып төрт жылы бою жаздырган. Ал эч кандай эмгек акы, калам акы да алган эмес. Бир күнү “Манасты” жаздырып жатып, Ыбрайымга: “Азыркыбызга кейибейли, кийинки укум-тукумубуз үчүн кейийли, жүр нарыга салбай жакшылап айтып, жакшылап жазалы, булар билбесе кийинки калыс өспүрүмдөр билер. Бизге ракмат айтышат” – деген экен.

Анын бул акылман сөзү айтканындай эле бар. Албетте, ал киши биздин күндө өзү айткандай бааланууда. Аны уулаган уруучулдар арабыздан алда качан тазаланган.

Сагымбай кийин колхоз курулушу доорунда да кыргыз жерин бүт кыдырып “Манасты” айтып жүрдү. Октябрь революциясы орнор замат революцияны жана Ленинди “Манас” күүсүнө салып… ырдап жүрдү. Кыргыз жеринин кай жерине барсаң да Сагымбай жөнүндө сөз кылышат. Ал өз элин баатырлыкка, эр жүрөктүүлүккө, адилдикке, биздин бактылуу болочогубузга жетелеген акын болгон. Анын “Манас” эпосунан башка биздин күндөр жөнүндө ырдаган сонун ырлары бар.

Эл аны жалаң гана акын, же манасчы катарында баалабай, аны көрөгөч касиеттүү киши катарында да баалашкан. Ошондуктан өз балдарынын атын Сагымбай деп койгондор да болгон.

Кээ бир учурларда (эл колхоздошкон учурларда) малга кырсык учурап, өлүм-житим болгон жерлерге: “касиети тиет” дешип Сагымбайды чакыртып барышып “Манас” айттырышкан. Ошол сыяктуу адамдын оорсуна, балдардын жайылма ооруларына “Манас” айттырышкан.

Ысык-Көл, Фрунзе, Талас, Тянь-Шань жана башка областтарга барып Сагымбай жөнүндө сурасаң, четтен чыгып айтып беришет. Элдин арасында анын образы мындай айтылат: “Жазы маңдай, жалын көз, бетинен ырыс тамган, ырына ооз ачкандан тең келбеген, жайкалган кара сакал, кара мурут, ак көңүл, кичи пейил, салабаттуу, чексиз адамкерчиликтүү, кыргызда чанда туулган бир адам эле”.

Кыргыз эли өзүнүн улуу манасчысын жанындай сүйөт. Анын түзгөн элдик образдары биздин социалисттик доордун баатырлары менен жана биз куруп жаткан коммунизмдин баатырлары менен байланыштуу.

Кыргыз жаштары Сагымбайдын “Манасын” окуу менен коркпостукту, болочокко жайдары кароону, жаңы доордун сонун иштерине ак ниет жана берилгендик менен кызмат кылуунун касиеттерин үйрөнүшөт.

Алдыбызда боло турган “Манас” эпосунун 1100 жылдык юбилейи, кыргыздын Гомери – Сагымбай Орозбак уулун да айрыкча белгилеп кетүү керек. Ал гана эмес, анын туулган жана өлгөн жылдары (ал 1930-жылы 63 жашында, Кочкор районунда “Кош-Дөбө” кыштагында өлгөн) улуу акындар катары эскертилип туруу керек.

______

1.“Манас” эпосу IX кылымда калыптана башатаган деген аныктама боюнча 1947-жылы эпостун 1100 жылдыгы белгиленмек болгон. Бирок тарыхый чындык жагынан эпостун чыгышы жөнүндөгү датанын аныктыгы такталбай жана “Манасты” бастыруу даярдыктары жетишсиз болгондуктан, юбилей өткөн эмес. – Ред.

13/XII – 1946, Чолпон-Ата

 

“МАНАСТЫН” МУРАСЧЫСЫ

“Мурасчы” деп, кыргыз элинин дүйнөлүк эпосу “Манастын” байлыгын, же мурасын сактаган адам жөнүндө айткым келет.

Биздин эл бул укмуштуу эпосту нечен жүз жылдар бою түзгөн. Анын нечен бир сонун айтуучулары, манасчылары болгон. Маселен, Акылбек, Тыныбек, Дыйканбай, Жандаке, Байжан, Отунчу, Балык, жана башка улуу акындар эл оозунда гана аталып, алардын “Манастары” жазылбай калган. Буга биздин таалайга каршы жаралган феодализм доору бир себеп болсо, ошонун негизинен келип чыккан нааданчылык, билимсиздик, маданиятсыздык экинчи себеп болгон.

Эгер Октябрь революциясы болбосо, басмабыз болбосо, биздин бул эпосу ошол улуу ысымдар менен бирге дайынсыз кошо жоголмок эле. Акыры формасы улуттук, мазмуну социалисттик маданияттын негизинде ал кайрадан көтөрүлүп, дүйнөлүк байлыктардын казынасына кирип олтурат.

“Манасты” жазуу мындан жыйырма беш жыл илгери башталган эле. Ал кезде азыркыдай “өзү жазуучу” машина, же стенография гана эмес, эпостун маанисин бузбай, тарыхый жана көркөмдүк сапатын ойдогудай сактап кол менен жаза билген сабаттуу адамдар да саналуу гана эле. Ошол кезде 1905-жылдан бери мугалимдик кылуучу жана сегиз жашынан “Манас” эпосун угуп аябай каныккан, ага кошумча орусча аздап түшүнгөн, чагатай тилин жана адабиятын билген Ыбрайым Абдырахманов (ылакап аты – Ак Молдо) Кыргызстан Тил, адабият жана тарых илим-изилдөө институтунда иштеди. Бул киши ошол күндөн баштап эле атактуу акын, манасчы Сагымбай Орозбак уулунун вариантын жазууга киришти.

Мындан мурдакы статьяда айтылгандай, ал кездеги тайкы адамдар бул эң маанилүү ишке баа беришкен жок. Айтуучу менен жазуучуга эмгек акы төлөө, турак жайы жана башка шарттарды түзүүнүн ордуна алардын шагын сындырып иренжитүү, ал гана эмес эпоско өздөрүнүн феодалдык чирик ойлорун жугузууга аракеттеништи.

Бирок бул акылдуу киши: “Элдик байлык өз кунунан бузулбоо керек, эч кандай жасалма ойлорду киргизбөөбүз керек” деген принцип менен Нарын жана Ат-Башы районундагы туугандарыныкына көчүп барып, ошол жакта төрт жыл бою жүрүп, Сагымбайдан 400 басма табак жазды. Бул мезгилдеги каражат өз эсебинен болду. Сагымбайдын: “Эл үчүн иштейли, өспүрүмдөр үчүн кызмат кылалы” деген осуятын толук кабыл алуу менен, бул кылган кызматы элдики экендигине түшүндү.

Ыбрайым ага өзү айткандай, “Манасты” жазып жатканда күн батып таң атканы билинбей жүрдү. Төрт жыл түгөнбөгөн сыяктанат, ал тамаша жана өзүнчө бир мектеп катарында өтүп кетти. Ал гана эмес, “Манастын” күчүнө багытгандыктан, көз алдына “Кырк чоронун жана Манастын элестери келип, кээде дүңгүрөгөн дабыштар, ал жазып жатканда артынан Алмамбет келип карап тургансыган” белгилер болуп турду.

Эгер Ыбрайым ага ошончолук абийирдүүлүк, чын берилгендик жана маданияттуулук менен бул эпосту ХХ кылымдын улуу манасчысы Сагымбай Орозбак уулунан жазып калбаган болсо, кыргыз эли чоң олжодон айрылган болор эле. Бул укмуштуу вариант институттун алтын казынасына кирбей калган болор эле. Бул кишинин бөтөнчө эмгеги мына ушунда!

Сагымбай Орозбак уулунун вариантына изилдөө, илимий жана көркөмдүк, тарыхый жагын текшерүү жагынан эч кол тие элек десек болот. Академик Ауэзов Мухтардын жана раматылык Калим Рахматулиндин эмгектери биринчи башталгыч иш катарында болуп, алар жалпы эпостун чыгышы жөнүнө айтылат.

Биздин болочогубуз, алдыдагы адабиятыбыздын өсүш жолунда Сагымбайдан жазылган вариант түгөнгүс мурас, көркөм сөз байлыгынын кенчи болоруна шек жок. Анын сөздөрүнө, образдарына, укмуштуу карапайымдыгына түшүнгөн адам ал акынды (айтуучуну) улуу акындардын катарына кошот. Менимче да ошондой болуу керек.

Ыбрайым ага Сагымбайдыкынан башка Саякбай Каралаевден 250 басма табак, Багыштан 100, Молдобасандан 20 басма табак жазып, өзүнүн 22 басма табак вариантын тапшырды. Бул киши Сагымбайдыкын бүтөр менен эле мугалимдик кесибин илимий кесипке алмаштырды. Ал ушул институттун “Манас” секторуна кенже илим кызматчысы болуп дайындалды. Ал “Манас” эпосунун барлык вариантын тартип келтирип, өз байлыгындай, өз казнасындай кылып сактады. Бул милдетти эң касиеттүү иш катарында эсептеп, бул улуу мурастын сактоочусу катарында болду. Ушул күндө да “Манасты” окуган кишилер Ыбрайым аганын эң кылдат, таза, чебер ишине таң калат. Анын колу тийбеген, жыртылганын жамап-жаскабаган бир да барак жок. Кимдин вариантын сурасаң да аны жатка айтып берет.

Өзүнүн “Манас” эпосу жөнүндө” деген илимий талдоо эмгегинде көп жаңы пикирлерди айтат. Эпостун жалпы сюжети кылымдар бою бир түрдө келе жаткандыгын ырастап, анын айтылуусу (сөздөрү) акындын күчүнө жараша бирде өйдөкү, бирде төмөнкү даражада болгондугун далилдейт. Маселен, “Көкөтайдын ашындагы” бир окуянын бөлүкчөсү мындай айтылат. 1896-жылы Жандаке деген манасчы:

“Көк ыргайды жонду дейт,
Капыр менен мусулман

Жүлүн жара конду дейт;
Көкөтай ашын сойду дейт,
Беш дөбөнүн түбүнө
Бээ байлатып Бокмурун,
Үч дөбөнүн түбүнө
Үй тиктирип Бокмурун;
Ботонун сазын бойлогон
Күндө кумар ойногон,
Күрсүлдөгөн Жолойго
Көкөтайдын Бокмурун
Ат жетелеп кирди дейт.
Алтындан күрмө кийди дейт,
Калдай менен дос болуп
Туз кайнатып алды дейт” — десе, ошол эле жерин Акылбек деген манасчы (1900-жылы):

“Каркыранын кара саз,
Бээ байлатып салды дейт.
Көкөтайдын Бокмурун
Калдай менен дос болуп,
Туз кайнатып алды дейт”…– деген.

Ал эми Сагымбай Орозбак уулу ошол эле жерди:

“Чабдарды ашып чаң кылып,
Көкөтай ашы болот деп.
Санатын журтка даң кылып,
Жылкыдан сексен миң кылып,
Кабарын калкка дүң кылып.
Үч каркыра жайлатып,
Мааникер атын байлатып,
Эсебин үч жыл айлантып,
Элин ашка шайлантып.
Үч-Булактын оюна,
Үйлөрүн тигип жайлантып.
Көкөтөйдүн көк туусун,
Көтөрүлтүп бийиктеп.
Көргөн душман ичине –
Көрүнө түшсүн күйүт деп”…– деп сүрөттөйт.

Буга караганда “Манас” эпосунун негизи чындык болуп, кийин кошумчаланып олтуруп, ошол болгон окуя такыр өз чегинен ашып чоңоюп кеткендиги талашсыз. Бирок жогоруда айтылгандай, анын сюжети бир калыпта сакталган. “Манас” деп аталган өзүнүн (баатырдын) аты эч кандай “Мухамбет Жунус”, же кээ бир илимий кызматчылар талдагандай “Манасса” деген европалык наамдан (немец драматургу Гуцковдун “Уриэл-Акоста” деген пьесасынын бир герою) чыккан деген болжолго туура келбейт. Кыргызда Манас өңдүү түшүнүксүз аттар толуп жатат. Балким тилдин жатыктыгына карай, ушул эле маанидеги ат кыскартылып ырдалууга мүмкүн.

Ыбрайым ага кыргыз элине миң басма табак көлөмүндө турган ушул эпостун бир канча түрүн өз колу менен жазып, иретке келтирүү менен бирге, “Кыргыз тарыхы”, “Калмак ханы Коңтаажы”, “Ылакап-макалдар”, “Шырдакбек”, “Жаңыл Мырза” жана башка, бардыгы он сонун эл байлыктарын чогултуп кыргыз тил, адабият жана тарыү илим-изилдөө институтуна өткөргөн.

Анын бул өңдүү эбегейсиз зор эмгегине кырк бир жылдык мугалимдик эмгеги да кошулуп кетет. Кыргыз Республикасынын илим жана акылдаарынын борбору болгон СССР Илимдер Академиясынын филиалы Ыбрайым ага өңдүү эң карапайым жана өз элинин маданияты үчүн күрөшкөн ак пейил сонун адамдарынын баркын билип, аны эң кымбат кишилер катарында сыйлайт.

Кыргыз эли өзүнүн улуу эпосу “Манастын” 1100 жылдык юбилейин майрамдоо менен Лениндик улут саясатынын сатанатын майрамдайт.

1/I – 1947-жыл, Чолпон-Ата

Даярдаган Темирбек Алымбеков, “Кыргыз Кабар”, 22-октябрь 2014-ж.

Соц тармактар:

Алыкул жана Сагымбай: 1 комментарий

Добавить комментарий